Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Депутаттарга атырылган Атазов


Шайлообек Атазов
Шайлообек Атазов

Жогорку Кеңеште депутат Шайлообек Атазовдун фракциялашы Айсулуу Мамашевага жасаган мамилеси талаш-талкуу жаратты. Алар "Ата Мекен" фракциясынын лидерин алмаштыруудан чыккан чырдан улам кайым айтышып, талашып тартышкан. Айрыкча социалдык тармактарда саясатка спорттон келген Атазовдун соңку жоругун айыптагандар, кесиптешинен кечирим сурашын талап кылгандар арбын.

Парламенттин 23-июндагы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко фракциянын лидери алмашканын маалымдап, Сайдулла Нышановго 11 депутаттын жетөө ишенбестик көрсөткөнүн, анын ордуна Шералы Абдылдаев дайындалганын жарыялаган.

Нышанов мындай өзгөрүүнү мыйзамсыз деп атап, фракция башчылыктан алууга сегиз добуш керектигин билдирип, бул жагдайды парламенттин юридикалык бөлүмү териштириши керектигин белгилеген.

Анда Шайлообек Атазов да чыгып сүйлөгөн. Депутат лидер алмаштыруу чырын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер сунуштоо менен байланыштырып, фракциялаштарын "ички интригадан" улам айыптаган.

"Борбордук шайлоо комиссиясына бир фракциядан үчөө коюп алып, мектепте окуп жүргөндөн тартып 70ке чыкканга чейин БШКга мүчө болууну эңсеп, анан алты орунга батпай калса аны интрига кылып, мамлекеттик маселелер чечиле турган жерде көтөрүүнүн кереги жок. Кыргызстандагы революциянын баары шайлоонун айынан болуп жатат. Фракция өзүнүн татыктуу талапкелерин тандап берип атат. Мамлекеттин жетекчилери "жашыңарды карагыла, бардык тармактарда энергиясы бар, билими бар адистер болсун" деп айтып жатат. Эми мектепте окуп жүргөндө сүйгөнүнө жетпей калгансып, БШКга мүчө болууга талапкер болбой калса эле интрига кыла бербеш керек да. "Ата Мекендин" алдыдагы ондугунун баары бизнесмендер, бензин саткандар, көмүр, отун саткандар экен. Бизнесмендей акча бөлүштүргөндөй "жети кошуу эки" деп эсептеп жатышпайбы. Өзү бул партиядан чыгып эле кетип өзүнчө депутат болуш керек болуп калды. Бир интригадан бошобогон партия экен. БШКсыз деле депутат болуп отурсаңар өмүрүңөр өтпөй калабы же ырысыңар токтоп калабы?",- деген Атазов.

Буга депутат Наталья Никитенко ошол жерден жооп кайтарып, интрига тууралуу дооматтарды четке каккан. Көп өтпөй эле Атазов менен Айсулуу Мамашева отурган жеринен кайым айтыша кеткен. Мындан улам атамекенчилер чырды өз ара чечип алууга убакыт сурап, парламент жыйыны кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учураган.

Айтор, Атазовдун бул жоругун социалдык тармактарда сындап, кесиптешинен кечирим сурашы керек дегендер да болду.

Шайлообек Атазовдун өзү 24-июнда "Фейсбуктагы" баракчасына парламенттеги талкууга түшкөн окуя тууралуу билдирүү жазып, Мамашова менен урушпаганын, аялдарды сыйлай турганын айткан.

"Айсулуу Турусбековна менен эч кандай урушкан жокмун!
Биздин ортобузда эч кандай талаш жок. Азыр да чоң сый- урматтамын! Кечээ парламентте биз урушуп жаткандай видео болуп калыптыр. Бул жерде Айсулуу Турусбековнанын артына бекинген депутаттар менен пикир келишпестик болуп кеткен. Ошол учурда бөлүштүрүү максатында мага келип колун булгап сүйлөп жаткан учуру видеого түшүптүр. Биз партиялаштар бир нече мүнөттөн кийин баарыбыз чогулуп чечишип, кечиришип алганбыз", - деген Атазов бул билдирүүсүнүн этегинде кээ бир бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү өзүн каралоо менен алектенип жатканын кошумчалаган. "Баарыңарга жагыш үчүн мен доллар эмесмин" деген пост калтырган.

Спорттон саясатка

Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Шайлообек Атазов март айында Өмүрбек Текебаевдин ордуна депутаттык мандат алган. Ал 2015-жылдагы шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде 25-орунда болгон жана "Улуттар Биримдигинин" квотасы менен кошулган.

Атазов "Улуттар биримдигинин" тизмеси менен 2010-2012 жана 2012-2015-жылдары Ош шаардык кеңешине депутат болгон. Ага чейин Ош шаарындагы муниципалдык кызматтарда негизинен жетекчилик кызматтарда иштеген.

Ал айрыкча Ошто 2013-жылдын аягында камактагы саясатчы Акматбек Келдибековду колдогон акциялардын биринде белгилүү болгон. Атазов ошондо жоон топ баланы баштап барып, ошол кездеги губернатор Сооронбай Жээнбековду топтолгон элдин алдында сүйлөтпөй, колунан микрофонун жулуп алган.


Атазов 2014-жылы Бишкекте Ак үйдүн алдындагы бийликке тезек тапшыруу акциясына катышкан. “Тезекпром” деп аталган акция эки айга жакын убакыттан бери уланып жаткан Оштогу газ маселесине бийликтин көңүлүн буруу жана “Кыргызгазды” сатуу чечимине каршы уюштурулганы айтылган.

Атазов коррупциялык аракеттерин моюнга алып, мамлекетке ири суммада айып төлөгөн Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын жакындарын бардык жерде ачык колдоп-коргоп келет. Былтыркы парламенттик шайлоого Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланышы бар делген "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Атазов 2018-жылдан тартып бир тууган Матраимовдорго таандык EREM спорт клубунда машыктыруучу болуп иштеген.


Үгүт маалында Атазов милицияга сурак берген жайы да бар. Буга анын "Фейсбуктагы" баракчасына "Биримдик" партиясынан талапкер Азамат Арапбаев тууралуу административдик ресурска байланыштуу айыптап жазгандары негиз болгон. Экспертиза Атазовдун билдирүүсүндө "калайман баш-аламандыкка чакыруунун белгилери бар" деген корутунду чыгарган.

Атайын кызмат Матраимовду бошоткондон кийин Атазов экс-бажычынын коррупциялык ишмердигин иликтеген журналист Али Токтакуновго “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кайрылуу жасап,"укуктук баа алышы керек" деп жазган.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова депутат Атазовдун жазганы манипуляция гана эмес, түздөн-түз коркутуу экенин эскерткен.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

"Бул манипуляция гана эмес, коркутуу. Атазов деген Матраимовдун “Эрем” спортканасында иштейт. Улуттук коопсуздук комитети Райым Матраимовдон 2 миллиард сом алганы - анын коррупционер экенин моюнуна алганы. Иликтөө жүргүзүү - журналисттин иши. Ал эми депутат коррупционерге болушпай, журналист көтөргөн маселеге көңүл бурушу керек".

Атазов социалдык тармактарда кыйла активдүү. Өткөн аптада парламент жыйында бир катар депутаттар соцтармактарда фейк-аккаунттардын чабуулуна, каралоосуна кабылганын айтып чыгышкан жана аларга каршы мыйзам кабыл алуу демилгесин көтөрүшкөн. Алардын арасында Атазов дагы болгон. Бирок депутат Бурул Аманова мындай демилгеге каршы чыккан:

“Чектөө коюу деген бир аз туура эмес. Биз элдин жүгүн көтөргөнү келдик. Ошондуктан сын айтылат. Ошол сынга чыдаган адам гана келе алат (ред: депутат болуп) болуш керек. Ооба, ачуу сөздөр айтылып жатат. Мен өзүм жөнүндө деле өтө көп нерселерди окуп, көрүп жатам. Сырткы келбетиме да кийлигишет. Бул маселеге өтө кылдат мамиле кылсак. Кесиптештер, “силер элдин ишенимин актайм” деп келдиңер. Алардын оозун жабуу канчалык туура?”.

Былтыр "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү" мыйзамды парламент экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган жана президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайра Жогорку Кеңешке кайтарган. Ушул айдын башында парламентте документтин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн топ түзүлгөн. Бул мыйзам долбоорду жарандык коом сындап чыккан.

Ушул айдын башында парламент жыйында Атазов менен санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев "Коопсуз шаар" долбооруна байланышкан мыйзам долбоорун талкуулап жатып кайым айтыша кеткен. Анда депутат өкмөт өкүлүнүн этика тууралуу эскертүүсүнө тырчый түшкөн.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев Атазов Ош шаардык кеңешинде депутат болуп турганда жыйындарда чыр-чатакка аралашпаганын белгиледи. Деген менен ал депутат коомду ирээнжиткен аракеттерден алыс болушу керек деп эсептейт:

Төлөгөн Келдибаев
Төлөгөн Келдибаев

"Атазов Ош шаардык кеңешинде депутат болуп отурганда негизинен өзүн жакшы жагынан көрсөткөн, патриот, мекенин, элин сүйгөндөй көрүнчү. Эл ошондой баалачу. Кайсы бир жаңжалдарга аралашып, ызы-чуу болгонун уккан эмесмин. Мен билгенден урушуп кеткендерди тартипке, сабырдуулукка чакырып жүргөн жигит болчу. Кечээги окуянын сүрөтүн көрүп калдым. Окуянын чоо-жайынан толук кабарым жок. Кандай болгон күндө дагы ачууга алдырбай, тынчтык жолу менен, сүйлөшүү жолу менен чечиши керек. Эгерде ушундай орой аракеттерин көпчүлүк көрө берсе, ирээнжип калышы мүмкүн. Мунун баары кайра депутат болуп келишине терс таасири тийиши мүмкүн. Депутаттар деле, чиновниктер деле, карапайым элибиз деле мыйзамды сыйлаганды, бири-бирин урматтоону эске албаган учурлары көбөйдү".

Жакында эле парламентте “Ата Мекендин” сунушу менен “түндүк-түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө тууралуу кызуу талаш-талкуудан кийин убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Кайсы бир депутаттар парламенттин бул чакырылышынын мөөнөтү аягына келгенин жүйө кылып, комиссия түзүүгө каршы чыгышкан. Жолдун курулушун депутаттар териштирсин дегендердин арасында Атазов болгон.

Апрель айында Кыргызстанда кумар оюндарын иштеткен административдик адистештирилген район түзүү тууралуу мыйзам долбоор даярдалып, коомдук талкууга коюлган.

Атазов документтин авторлорунун бири. Алар кумар оюндарына тыюу салуу менен Кыргызстан жылына 600 миллион сомдон ашуун кирешеден кол жууп, 11 миңден ашуун жумушчу ордун жоготуп жатканын жүйө келтиришкен. Бул коомчулукта талкууга жем таштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG