Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:20

Жарандык берүүдөгү мыйзамсыздыкка байланыштуу он чакты адам айыпталууда


Орхан Инанды баштаган ондой түркиялык адамга Кыргызстандын жарандыгын бергени үчүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече аткаминерге айып тагылды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы 18-сентябрда билдирди.

"Бишкек ШИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Түркиянын жарандары Орхан Инандыга жана башка он адамга кыргыз жарандыгы мыйзамсыз берилгенине байланыштуу "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Коррупция" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш аяктады. Натыйжада Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн тиешелүү документтер жасалган, бардык бланктар орой каталар менен түзүлгөн. Кыргыз жарандыгын алып жаткан үч түрк жараны ал кезде Кыргызстандын чек арасынан кирген эмес, жети адам кыргыз жарандык алуу үчүн гана Бишкекке келип, паспорт колуна тиери менен чыгып кеткен. Бул он адам кыргыз жарандыгын алганга чейин Түркияда ишмердигине тыюу салынган ФЕТО ("Фетхуллачы террордук уюм") кыймылынын мүчөлөрү болгон. Кыргызстандын жогорку бийлигинде турган жетекчилер түркиялыктарга кыргыз жарандыгын тездетип берүүгө буйрук берип, документтерге кол коюп беришкен", - деп жазылган.

Бишкек ШИИБнин маалыматына ылайык, Орхан Инандыга жана дагы он түркиялык адамга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү боюнча айып корутундусу Алмазбек Атамбаевге, Фарид Ниязовго, Тайырбек Сарпашовго, Дүйшөн Сатыбалдиевге, Сапар Исаковго, Бусурманкул Табалдиевге жана дагы үч кызматкерге берилген. Булардын ичинен Сапар Исаков менен Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланганы кошумчаланган.

Түрк жарандарына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Кылмыш кодексинин "Коррупция" беренеси менен шек саналганы тууралуу айып корутундусу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 15-сентябрда берилген. 16-сентябрда кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна өткөрүлгөн.

Түркиялык адамдарга жарандык берүүдөгү коррупция боюнча июль айынын башында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы Дүйшөн Сатыбалдиев камакка алынган. Ал Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү боюнча түзүлгөн коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп шек саналууда. Айып корутундусу колуна тийген айрым жетекчилердин бөгөт чарасы тууралуу маалымат берилген эмес.

Аталган кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго да айып тагылганы кабарланган. Алардын адвокаттары коюлган айыптарга макул эместигин билдирип келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG