Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Чүйдө камактагы депутат Жетигеновду колдогон акция өттү


Акцияга чыккандар.
Акцияга чыккандар.

Чүй облусунун Сайлык айылынын тургундары камактагы депутат Бакыт Жетигеновдун тарапташтары 12-декабрда нааразылык акциясына чыгышты. Ондогон айыл тургундары Жетигеновдун маселесин парламентте кароону, аны абактан бошотууну талап кылууда.

Талаптары аткарылбаса, акцияны Бишкекте улантарын билдиришти.

9-декабрда Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссия депутат Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген эмес. Комиссиянын корутундусу парламенттин 15-декабрдагы отурумуна чыгарылат.

Андан бир күн мурда Жогорку Кеңеш убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга макул болгон эмес. Алар абактан бошотулган. Жыйында Жетигенов боюнча корутунду даяр эместиги айтылган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процессуалдык кодекстин” талаптарына ылайык, үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн. 1-декабрда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

УКМК депутат Жетигеновду “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган эле. (TSh)

XS
SM
MD
LG