5-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз кээ бир райондордо маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 1…6;
Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 2…7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9;
Бийик тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;
Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 4…6 градус жылуу болот.
Facebook шеринеси