Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Багдад: америкалык аскерлер жайгашкан базага ракета атылды


Ирактын Багдад шаарындагы америкалык аскерлер жайгашкан база.
Ирактын Багдад шаарындагы америкалык аскерлер жайгашкан база.

Ирактын армиясы “Катюшадан” атылган ракеталар Багдаддын дипломатиялык колдоо борборунун аймагына түшкөнүн кабарлады. Окуядан жабыркагандар жок. Бул чабуулга эч ким жоопкерчиликти ала элек.

Ирак бийлиги ракета Багдад аэропортунун жанындагы райондон учурулганын билдирди. 3-январда бул америкалык аскердик жайга жакындап келген эки дрон атып түшүрүлгөн.

4-январда АКШ башында турган коалициялык күчтөр америкалык базага коркунуч жараткан Сириянын түндүк-чыгышындагы “кооптуу жерлерге” ракетадан сокку урган. Бул окуялар ирандык таасирдүү генерал Касем Сулейманинин киши колдуу болушунун 2 жылдыгын утурлай региондо чыңалуу күчөп турган учурда болду.

АКШнын демилгеси менен түзүлгөн Коалициялык күчтөр Ирактын аймагында жайгашкан. Аларды чыгарып кетүү маселеси 2020-жылдан бери каралып келет. Андан бери алар бир нече жолу жоочулардан куралган топтордун чабуулуна кабылышты. (KKs\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG