Көчөдө күйөөсү сабаган аял, зомбулукту тыя албаган мыйзам
Иллюстрация сүрөт.
Бишкекте аялын көчөдө сабаган кишини милиция жети суткага камакка алып, келинге коргоо ордерин берди. Аялдар менен иш алып барган уюмдар коргоо ордери аялдын коопсуздугун камсыздай албасын, бошонуп чыккандан кийин күйөөсү кайра эле зомбулукка барышы мүмкүн экенин айтууда.
Социалдык тармактарда арачалагандарга баш бербей, эркек киши бир аялды жыгылып калганына карабай башка-көзгө тепкилеп, сабаганы тартылган видео тараган. Окуя 30-январда түнгө жуук болгонун, алар жубайлар экенин милиция ырастады. Маалыматта сабалган келин милицияга арыз берүүдөн баш тартып, күйөөсүнө дооматы жок экенин айткан.
Ага карабай аталган фактынын милиция териштирип жатканын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) басма сөз катчысы Сайкал Садыбакасова "Азаттыкка" билдирди.
"Биздин бөлүмдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда жубайлар конокто отуруп, чырдашып, аялы көчөгө чыгып кеткени, жолдошу артынан келип, ага күч колдонуп, ур-тепкиге алгандыгы тууралуу алгачкы маалыматтар алынган. Аталган факт биздин бөлүмдүн автоматташтырылган маалымат системасына катталды. Аялын токмоктогон жаран Үй-бүлө кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук ) менен күнөөлүү деп табылып, сот чечими менен жети суткага камалды. Ал эми анын аялына коргоо ордери берилди".
Өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталган тарапка да коргоо ордери берилип, сотко жиберилет. Соттун чечими менен ал 3, 5 же 7 суткага чейин камакка алынат. Ошондой эле жабырлануучуга да коргоо ордери берилет. Ордер берилген убакта жабырлануучу менен запкы көрсөткөн тарапка байланышууга жана бир жерде болуусуна тыюу салынат. Бул аралыкта жоопкер тарап менен участкалык милиция кызматкери алдын алуу иштерин жүргүзөт. Эгер бир эле адам бир нече жолу зомбулук аракетин кайталаса, ал түзөтүү программасына жиберилет. Аны менен психологдор жана юристтер иштеп, аял-эркек, үй-бүлө мамилеси тууралуу кеңири маалымат берилет.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш алып барган активисттер убактылуу камоо менен маселе чечилбей турганын айтып келишет. Алар жазаны катаалдаштырууну талап кылууда.
"Кыз төрөгөнүм үчүн урчу". Кызыл камчы күйөөдөн качкан Асел
1/16"Экинчи кызым төрөлгөндө эле күйөөм менен ажырашкам. Кыздарымды бала багуучуга каратып, өзүм иштеп жаткам. Пандемия башталып, жумушум токтоп калганда ачка калдык. Айла жок күйөөмө кайтып келдим... Анан үчүнчү кызым төрөлдү...".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
2/16"16га жаңы чыкканымда күйөөм мени ала качып кетти. 9-классты жаңы эле бүткөн элем. Университетте окуп, биолог болгум келген. Чет өлкөгө барып окуйм деп кыялданчумун. Кыялдарым бир заматта талкаланды. Жашым жете элек болгондуктан расмий некеге дагы турган жокпуз".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
3/16"Күйөөм башында сылык-сыпаа, жакшы мамиле кылчу. Тогуз айдан кийин балалуу болдук.Тун кызым төрөлгөндө өзүнчө бактылуу элек. Анан эле атам каза болуп, апам түрмөгө отуруп калды. Атам апамды көп сабачу. Бир күнү экөө дагы уруша кетип, апам коргоном деп жатып атамды өлтүрүп алыптыр. Баары ошондон кийин башталды".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
4/16"Күйөөм көр жеме экен. "Бара турган жериң жок, сенин эч кимге керегиң жок, сенин апаң киши өлтүргүч" деп күн алыс жемелей баштады. Көп өтпөй сабаганга өттү".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
5/16Аселдин кыздарына даярдаган дастаркону.
Азыр Асел күйөөсүнөн качып үч кызы менен курбусунун үйүндө жашап жатат.
"Зордукчул күйөөдөн кетиш оңой, бирок кайтып барбай коюш кыйын... Анткени аялдарга сырттан колдоо жок. Бала менен кеткенде кимден жардам күтөм деп ойлошот. Ошондуктан баарына чыдап жашай беришет. Мен мисалы күйөөмден беш жолу качып кеттим. Бирок арга жок кайра эле кайтканга туура келет. Анткени бара турган үйүм, жардам берер жакыным жок" дейт Асел.
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
6/16"Күйөөм сабаган учурда көп эле жолу милиция чакырдым. Ишенесизби мындайда жада калса милиция жардам бербейт экен. Милиция келет, үч күнгө ордер жазып берет, болду. Үч күн урбаганы эле болбосо, көр жемеси токтобойт. Үч күн өткөндөн кийин кайра эле сабайт. Аялды сабаганы үчүн жок дегенде эки-үч күнгө камап койсо эсине келет беле... Анан милиция деле чакырбай калдым".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
7/16"Экинчи кызым төрөлгөндө күйөөм "эмнеге кыз эле төрөй бересиң" деп жаңжал чыгарчу болду. Эки кызымды алып үйдөн чыгып кеттим. Кризистик борборго барып жашадым. Жумуш таап, батирге чыгып жакшы эле иштеп жаткам... Пандемия башталып, карантинде жумушум токтоп калды".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
8/16"Пандемия болбогондо баары башкача болмок деп ойлой берем. Күйөөмө кайтпайт болчумун. Азыр эми үчүнчү кызым төрөлдү".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
9/16"Башкалар күйөөсү зөөкүр болсо "эмнеге кетип калбайт?", "эмнеге кайра-кайра эле төрөй берет?" деп айтышса керек. Бирок боюңа бүткөн баланы өлтүрүү өтө кыйын экен... Зөөкүр күйөөдөн кетип калыш өтө оңой, бирок кайра кайтып келбей коюш кыйын экен... Жок дегенде апам жанымда болгондо жеңил болмок".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
10/16"Күйөөмдөн качып кризистик борборлордо көп жашадым. Ал жакта күйөөсүнөн качкан аялдар абдан көп. Төрт-беш балалуу келиндер бар. Кризистик борбордо убактылуу гана жашап турасың. Өзүңдүн көйгөйүңдү өзүң гана чечип үйрөнүшүң керек".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
11/16"Мектепти толук окуп бүтпөгөндүктөн, жогорку билимди да алган жокмун. Азыр билимиң жок болсо жумуш табуу кыйын экен. Анын үстүнө балдарыңа каралашкан киши жок. Балалуу аялдарды көптөр жумушка алгысы келбейт. Жада калса батирге дагы чыгуу да оор. Балдары менен төлөй албай калат деп киргизишпейт".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
12/16"Кыздарым мага окшоп турмуштан сынбай, татыктуу билим алса экен дейм... Мен көргөн азапты алар көрбөсүн деп кудайдан суранам".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
13/16"Кичине кызыма төрт ай болду. Азыр жумуш издеп жатам. Жакшы жумуш чыгып калса, кыздарымды бала багуучуга калтырып, өзүм жумушка чыксамбы деп турам... бирок балалуу энеге жумуш табыш өтө кыйын тура".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
14/16"Өткөндө күйөөм үйгө келип ызы-чуу салганда, кыздарым менен түн ичинде үйдөн качып чыкканбыз.Эшикте каар жаап жаткан. Кыздарымдын кийимдерин алганга жетишпей калдым. Ошондо төрт айлык кызыма суук тийип калса керек. Ооруп жатат. Азыркы акыркы акчама дары алдым. Бүгүн кризистик борбордо түнөйбүз. Эртең кайда барарыбызды билбейм"
Асел бүгүн жумуш издеп чыгып, бирок таппай үйгө кайтты...
"Мамлекет жалгыз бой энелерге камкор болуп, колдоо көрсөтсө деп ойлойм. Ушундай жашоо башыма түшкөндө мендей балдары менен жалгыз калган энелер өтө көп экенин көрдүм... Эгер мамлекеттен колдоо болгондо, окуп, иштеп кыздарымды өзүм тарбиялап чоңойтот элем. Кыздарым атасы мени кантип сабап жатканын көрбөй чоңоюшса дейм".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
15/16"Балким мамлекеттен колдоо болгондо мен күйөөмө кайтпай өз алдынча кыздарым менен оокат кылып кетмек белем... Азыр эми үч бала менен кайда барарымды, кимден жардам сурарымды билбей. Крзистик борбордо эки ай жашайсың дешти. Эки айдан кийин кайра күйөөмө кайтып баргым келбейт".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
16/16Адистер абьюзер темасын ачык айтылып, коомчулукта байма-бай көтөрүлүп, аялдар зордук-зомбулукка чыдап жашай бербеши керек экенин айтышат. Тилекка каршы Кыргызстанда зөөкүр күйөөсүнөн качкан жалгыз бой энелерге кам көрүп, колдоо көрсөтө турган атайын мамлекеттик программалар жок".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
Артка
Алдыга
"Запкы көргөн келинди айыптагандар көп"
Юрист, аялдар менен балдардын укугун коргоп жүргөн Элвира Тилек токмок жеген аялдардын күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазбашынын бир нече себебин атады. Анын ичинде коомчулуктун айыптоосу да бар.
"Биринчиден, күйөөсү кайра эле бошоп келгенде зомбулук уланат деп коркот. Анткени, милицияга ишенбейт. Күйөөсү камалган күндө да кайра бат эле бошонот деп чочулайт. Экинчиден, балдарынын атасы, "эртең балдарым эмне дейт" деп ойлонот. Үчүнчүдөн, коомчулуктун басымы. Өзүңүз көрүп жатасыз, азыр соцтармакта аялын сабаган эркекти эмес, анын үстүнөн арыз жазбаган келинди көбүрөөк айыптап жатышат. Бул деген баары бир аял күнөөлүү дегенге алып келет. Эң башкысы - укук коргоо органдарына ишенич жок. Менин иш тажрыйбамда күйөөсүнөн запкы жеген аялдар кайрылып, милиция жардам берүүдөн баш тартканына көп даттанышкан. Аларга милиция коргоо ордерин да оңой менен бербей, качан юрист же адвокат келип, талап кылганда гана берген учурлар болгон".
Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук жыл өткөн сайын өсүп жатканын расмий маалыматтар ырастап турат. Башкы прокуратура 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турса, 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшпөгөнүн маалымдаган. Мындан 90% ашык учурда аялдар жабыр тартат.
Активисттер укук коргоо органдарында зомбулукка кабылгандар ишенип кайрыла турган аял кызматкерлер болушу зарыл деген пикирде. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги атайын алгоритм иштеп чыккан. Анын негизинде ИИМдин Коомдук коопсуздук башкармалыгы "Демократиялык жараяндарды изилдөө борбору" жана башка эл аралык уюмдар менен биргеликте жашы жете электер жана аялдар менен иштөө боюнча атайын нускамалар иштелген.
Анын негизинде жер-жерлерде кызматкерлерди, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар менен иштеше турган аял милиция кызматкерин даярдоо жүргөн. ИИМдин коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Нуржан Адылованын айтымында, мындай адистерге зомбулукка кабылган аялдар менен балдар ачык сүйлөп, ишеним артканы байкалды.
Нуржан Адылова
"Зомбулуктун формасы, түрү көп. Арыз же түшүнүк кат жазганда аялдар эркек кызматкерлердин алдында ачык айта албай тартынышат. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз ички иштер бөлүмдөрүндө, участкалык ыйгарым укуктуу инспекторлордун арасына кыз-келиндерди көбөйтүп, кошуп жатабыз. Өзүм иштеп жүргөндө да эркек кызматкерлерден тартынып, "мен тиги эжеге айтып берейинчи" деп суранышкан учурлар болгон. Көбүнчө балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерин да тартып, жумушту чогуу алып барабыз. Зомбулукка кабылган аялдарга аң-сезими менен тандоо шартын үйрөтөбүз. Аларды арыз жазууга же жазбоого мажбурлоо болбойт, өздөрү ойлонуп чечим чыгарышат".
Кыздардын укугун жаштайынан айтып-үйрөтүү жоктугунан, коомчулукта аялдардын күйөөсүнөн токмок жегени - кадыресе көрүнүш катары сыпатталарын адистер белгилеп жүрүшөт. Журналист Назира Аалы кызы эркектердин милдетин да бала кезинен ата-энеси, чөйрөсү өзүнүн жакшы жүрүм-туруму менен үйрөтмөйүнчө, зомбулук токтобойт деген көз карашта.
Назира Аалы кызы.
"Аялдын социалдык-экономикалык абалы, көз карандылыгы да роль ойноп жатат. Эң башкысы - үйдө атасы энесин сабаганын көргөн бала кийин келинчегин сабайт. Атасы энесин сыйлап, үйдө ынтымак болсо, балдар да агрессиядан алыс болот. Балага ар кайсыны айтып, лекция окуудан пайда жок. Ата-эне, жүрүм-туруму менен тарбиялашы керек".