Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Ак чардактарды ыйлаткан Бекин Сейдакматов

Бекин Сейдакматов. Сүрөт интернеттен алынды.
Бекин Сейдакматов. Сүрөт интернеттен алынды.

Нарын театрынын экинчи кабаты. 1985-жылы ушул театрда 200 орундуу кичи сахна жасалып, чакан спектакль даярдай турган болдук.

Ага таланттуу актер Бекин Сейдакматовдун "Ак чардактар ыйлайт" деген пьесасын окуп, бир добуштан жактырдык. Акелең Кускаков режиссерлукка бекитилип, даярдык башталды. Музыкасын Күмөндөр Абылов жаза турган болду.

Кичи сахна да спектаклге бап келди. Самолеттун салонун элестеткен сахнада стюардессанын ролу Ира Жуковага тийди. Ал кыргызча суудай сүйлөгөн, "Долон" ансамблинин ырчысы болчу.

Бекин байке менен режиссер Акелең Кускаков спектаклди бир топко чейин талкуулашты.

Күмөндөр "Сапарлашыма" деген ырын бат эле жазып келиптир. Аккордеонун ойноп, Ира Жукованы ырдата салды.

Бирге отуруп бирге учуп баратып,

Биз тааныштык сын көз менен карашып,

Сапарлашым сага арнап ыр окуйм,

Самолетто сапар тартып баратып, - деп жеңил ыргактагы авазда кубулжута созду.

Ыр баарыбызга жакты, ырдап бүткөндө шатыра-шатман кол чаптык...

Ошентип Бекин байке режиссер, музыкант, баш каармандар, баш режиссер менен кеңешип, "Ак чардактар ыйлашат" спектаклин "Сапарлашым" деп өзгөртүп коюшту. Бекин байкенин андан кийин "Энекеме" деген ыры жарык көрдү.

1986-жылы чыгармачылык сапар менен Ош облусунун Совет (азыркы Кара-Кулжа) районуна барып калдык.

Маданият үйүнө барганыбызда жыйырмадагы жигит жаш баладай кубанып тосуп алды. Моюну токтобой, оозу-мурду кыйшактап оңдуу сүйлөй албай жатты. "Б..Б..Бекин таш" башын койгулап ыйлаганын көрүп зээнибиз кейиди.

Эмне дээрибизди билбей карап турсак, маданият үйүнүн башчысы чыга калды кудай жалгап. Баарыбыз менен учурашып, ал-акыбалды сурап жылуу тосуп алды.

Ал бизге тиги жигит "Бөрү зынданда" Бекин Сейдакматов ойногон каарманды таш менен башка чаап өлтүргөнүн айтып жатканын түшүндүрдү. Кайран бала бизге "ошол кылмышкерлерди кармагыла" деп жаткан экен.

"Бөрү зындан" тасмасын көргөн сайын ошол оорукчан баланын күйүп-бышканы, юмор менен сүйлөгөн Бекин байкенин мээримдүү жүзү көз алдыма тартылат.

Бекин байке бир нерсе тууралуу айтканда көркөмдөп, сүрөттөп баяндап берген чебер аңгемечи эле. Ысык-Көлдө балыкка кайырмак салганын, бирөөлөр менен жолуккандагы окуяларды шөкөттөп айтканда уккуң эле келип турчу.

Бир нерсени адамдарга окшоштуруп, юморго айландырып жиберчү. Аз убакыт болсо да Нарында аны менен чогуу иштешкен күндөр жадымда калды.

Бир жолу тротуар жээгинде өсүп турган кара жыгачты көрсөтүп "Мамбетке окшош экен" деп калды.

"Кайсы Мамбет?" деп чочуп кеттим.

"Кыргыз драма театрындагы Мамбетчи, анын ачуусу келгенде ушул бактай түнөрүп калат. Айлык алганда тээтиги теректей зыңкыйып, шуудурайт. Ичкендин эртеси береги кайыңдай болуп ыргалат", - деп күлдүрдү эле.

"Мен өлгөндө ак чардактар ыйлайт, ага чейин сапарымды карытпай силер менен сапарлаш болуп жүрөйүн" деп оюн-чыны аралаштырып сүйлөгөн.

Кийинчерек "Мыскыл жана тамаша" берүүсү теледен көрсөтүлгөндө, улгайган аялдын тиши түшкөнүнө карабай чемичке чагып отурган образын келиштире аткарып, элди күлдүргөн.

Союз маалында көптөгөн актерлор Ташкент, Москвадагы театралдык окуу жайдан окуп келип чоң ийгиликтерди жараткан эмеспи. Бекин байке Ташкентте бир жыл, Алматыда бир жыл окуп, баса бериптир. Москвада да окуса керек.

- Окусаңыз болмок, эмнеге окубай койдуңуз? - деп көп сурадым.

- Турмуштун университетинен окуп жатам. Мына сен институттан, Константин Станиславскийдин "актердун өзү менен иштөөсү" дегенин окудуң беле? - деп мен учурунда окуп, маани бербеген көп нерсени түшүндүрүп койчу.

Актердук, театралдык өнөрдүн теориясын, театр этикасын өз алдынча окуп, турмуштук тажрыйба аркылуу өздөштүрүп жетишкенин белгилеп турчу.

Баса, Бекин байке легендарлуу актриса Жамал Сейдакматованын бир тууган иниси. Жамал эже бир интервьюсунда көлдөгү атасынын үйүнө айтылуу залкар Карамолдо, алп манасчы Саякбай Каралаев келип турганын, комуз күүсүн, "Манас" эпосун угуп таасирленгенин, Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов баштаган актерлор ата-энесинин кадырлуу коногу болгонун эскерген жайы бар.

Сахна ханышасы Жамал

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1986-жыл) Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көлдө туулган.
1/18 Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1986-жыл) Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көлдө туулган.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
1970-жылы ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисткасы, 1976-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти наамы берилген.
2/18 1970-жылы ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисткасы, 1976-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти наамы берилген.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
Жамал Сейдакматова театрга 1957-жылы келип, 60 жылдан ашуун өмүрүн кино жана театрга арнаган.
3/18 Жамал Сейдакматова театрга 1957-жылы келип, 60 жылдан ашуун өмүрүн кино жана театрга арнаган.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
Жамал Сейдакматова «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Отко таазим», «Мен - Тянь-Шань», «Эрте жаздагы турналар», «Ак илбирстин тукуму», «Толкундар жээкте өлүшөт», «Курманжан датка» жана башка жыйырмага чукул кинотасмада, Кыргыз драма театрынын жана "Тунгучтун" сахнасында жүздөн ашуун ар түрдүү образдарды жараткан.
4/18 Жамал Сейдакматова «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Отко таазим», «Мен - Тянь-Шань», «Эрте жаздагы турналар», «Ак илбирстин тукуму», «Толкундар жээкте өлүшөт», «Курманжан датка» жана башка жыйырмага чукул кинотасмада, Кыргыз драма театрынын жана "Тунгучтун" сахнасында жүздөн ашуун ар түрдүү образдарды жараткан.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
5/18
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
6/18
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
7/18
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, актриса Даркүл Күйүкова менен. 
8/18 Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, актриса Даркүл Күйүкова менен. 
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
Сейдакматова 1957-жылы Улуттук кыргыз драма театрына кызматка алынып, чыгармачылык чыйырын баштайт. Алгач 1958-жылы тартылган “Алыскы тоолордо” деген кино тасмада Зиягүлдүн ролун аткарып, кино өнөрүндө тушоосу кесилет.
9/18 Сейдакматова 1957-жылы Улуттук кыргыз драма театрына кызматка алынып, чыгармачылык чыйырын баштайт. Алгач 1958-жылы тартылган “Алыскы тоолордо” деген кино тасмада Зиягүлдүн ролун аткарып, кино өнөрүндө тушоосу кесилет.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
10/18
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
1989-жылы он чакты чыгармачыл адамдан топ кыргыз драма театрынан бөлүнүп топ түзүп, алгачкы жолу жеке менчик “Тунгуч” жаштар театрын түптөйт. Мына ошондон бери Жамал Сейдакматова аталган театрды жетектеп, жаш актерлерду тарбиялап келген.
11/18 1989-жылы он чакты чыгармачыл адамдан топ кыргыз драма театрынан бөлүнүп топ түзүп, алгачкы жолу жеке менчик “Тунгуч” жаштар театрын түптөйт. Мына ошондон бери Жамал Сейдакматова аталган театрды жетектеп, жаш актерлерду тарбиялап келген.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
Бул сүрөттө айтылуу режиссерлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов да бар. 
12/18 Бул сүрөттө айтылуу режиссерлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов да бар. 
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
13/18
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
14/18
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
15/18
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
16/18
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
Кино жана жана театр ханышасы Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
17/18 Кино жана жана театр ханышасы Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
<br />
&nbsp;
18/18
 
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
Артка
Алдыга

Бекин (Бекбоосун) Сейдакматов актер, драматург 1947-жылы Ысык-Көлдүн Темир айылында төрөлгөн. Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында, Токтоболот Абдымомунов атындагы Академиялык кыргыз драма театрында эмгектенген.

Ош кыргыз драма театрында коюлган "Курманбек" спектаклинде - Кара баатыр, "Күнөстүү аралда" - милиция, Нодар Думбадзенин "Мен күндү көрүп турам" спектаклинде Бижандын кулк-мүнөзүн (образын) чебер ойноп эсте калган.

"Кыргыз фильм" киностудиясында да иштеп, бир нече эсте калчу ролдорду жараткан. Таланттуу актер 2002-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайтып, сөөгү туулуп-өскөн Темир айылына коюлган.

Бекин Сейдакматов тууралуу драматург, прозаик Жаныш Кулмамбетовдун эскерүүсү.

Куржундар
XS
SM
MD
LG