Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:40

Долларды банкта арзан, базарда кымбат кылган жагдай


Доллардын курсу. 22-апрель, Бишкек
Доллардын курсу. 22-апрель, Бишкек

Кыргызстанда валюта базарындагы олку-солкулук уланууда. Ушу тапта Улуттук банк койгон сомдун расмий курсу менен коммерциялык банк жана акча алмаштыруучу жайлардагы баанын айырмасы чоң.

Кыргызстанда Улуттук банк аныктаган АКШ долларынын расмий курсу төмөндөп жатат. 23-апрелге карата курс боюнча 1 доллар 80 сом 86 тыйын болду.

Соңку эки айда Украинадагы согуш жана Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга санкцияларынан улам орус рублинин куну болуп көрбөгөндөй түштү. АКШ валютасынын курсу олку-солку болуп жатат.

Март айынын ортосунда доллар 105 сомго чейин жетсе, апрелдин башынан бери 81 сомго түшүп кеткен. Андан кийин америкалык валюта 92 сомго чейин өсүп, акыркы бир аптада кескин арзандады. Улуттук банк валюталык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн акча базарына долларды интервенция кылып чыгарса, кийинчерээк аны сатып алууга өттү.

Бирок доллардын расмий жана базардагы курсунун ортосундагы айырма 10 сомго чейин жетүүдө. Маселен, 22-апрелде башкы банктын расмий сайтында бир доллар 80 сом 86 тыйын деп көрсөтүлсө, Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 85-86 сомдон сатылды. Коммерциялык банктарда деле ушул баа менен сатылып жатат.

Кыргызстанда буга чейин сомдун расмий курсу менен акча алмаштыруучу жайлардагы баа бир аз айырмаланса да, мынчалык чоң ажырым байкалчу эмес.

Дал ушул валюта базарындагы соңку кырдаал айрымдарды тынчсыздандырууда.

Бул маселени өткөн аптада парламентте Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев көтөрүп, Улуттук банктан түшүндүрмө талап кылган.

"Көчөдөгү акча алмаштыруучу жайлардагы жана Улуттук банктын расмий курсунун ортосунда айырма 5 сом болууда. Мунун себеби эмнеде? Коомчулукта Улуттук банк курс менен атайын ойноп жатат деген пикирлер айтылууда. Ал эми аймактардагы ишкерлер эмне кыларын билбей жатат", - деп билдирген.

Улуттук банк доллардын курсундагы кескин өзгөрүүлөр геосаясий абал жана дүйнөлүк каржы базарындагы олку-солкулукка байланыштуу деп түшүндүрүүдө.

Муну аталган банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев парламентте билдирип, мекеменин соңку кырдаалда пайда табуу максаты жок экенин белгиледи:

"Мындай айырмачылык саясий, геосаясий белгисиздик учурунда жаралат. Албетте көчөлөрдө курсту көтөрүп жиберген кызыл кулактар да бар. Биз аларга каршы чара көрүп жатабыз".

Улуттук банк акыркы абалда финансылык жана банк системасынын туруктуулугун камсыздоо үчүн бир катар чечимдерди кабыл алды. Финансылык-кредиттик мекемелерге долларды накталай түрдө алып чыгууга убактылуу тыюу салынды, орус рублинин курсун аныктоо боюнча жаңы ыкма колдонулду.

Учурда сомдун расмий жана базардагы курсунун айырмасы дагы көбөйүп, айрым өлкөлөрдөгүдөй көмүскө валюта базары пайда болбойбу деп чочулагандар арбын.

Алардын бири экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров.Ал Улуттук банк валюта базырындагы кырдаалга азыртадан абай салып, тиешелүү чараларды көрүшү керектигин белгиледи.

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

"Доллардын курсун көтөрбөгөнгө аракеттер болуп жатат. Бирок кандай жол менен? Банктарга төмөнкү курс менен сатуу тапшырмасы берилсе керек. Бирок банктарга барып, доллар алайын десең жок. Доллар акча алмаштыруучу жайларда гана бар. Курсту жазып коюшкан, бирок ал курс менен реалдуу акча берилбейт. Ошондуктан, буга чейин Өзбекстандагыдай "көмүскө валюта базарлары" пайда болбосо болду".

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева мындай чочулоого эч негиз жок экенин белгиледи. Анын айтымында, буга чейин деле расмий курс менен акча алмаштыруучу жайлардагы баада айырма болуп келген.

Аида Карабаева
Аида Карабаева

"Бул жерде кандайдыр бир жашыруун схема жок. Азыр акча алмаштыруу жайлар жана банктар сатып жаткан курсту базар баасы деп атасак болот. Эгерде бизде акча алмаштыруучу жайлар жок болуп, тартыштык жаралса, көмүскө базар тууралуу айтсак болот эле. Азыр андай абал жок".

Карабаева учурда валюта базарын туруктуу кармоо үчүн тиешелүү чараларды кабыл алып жатканын айтууда.

Алардын бири -Улуттук банктын Кыргызстандын аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча талаптары. Ага ылайык, акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында алса болот. Которулган акчаны башка валютага конвертациялоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүрөт. Которулган акчаны алып же жөнөтүп жаткан учурда ал Кыргызстандын аймагында турган алуучунун же жөнөтүүчүнүн макулдугу менен нак эмес ыкма түрүндө алмаштырылышы мүмкүн.

Ал тапта жарандар чет өлкөдөн которгон акчасын, өзгөчө доллар менен ала албай жатканын айтышууда. Алардын айтымында, бир топ банктар чектөө киргизип, 500 доллардан ашык акча ала албай жатат. Бирок Улуттук банк мындай расмий түрдө чектөө жок экенин, айрым банктар бардык кардарларга жеткирүү үчүн ушундай чаралар кабыл алынышы мүмкүн экенин четке каккан жок.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG