Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:00

"Кайра куруу тажрыйбасын Латвиядан көрүп келгенбиз"


"Акаев кокусунан президент болуп шайланган"
please wait

No media source currently available

0:00 0:49:20 0:00

"Акаев кокусунан президент болуп шайланган"

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу коомдук ишмер, профессор Алмазбек Акматалиев болду. Ал маегинде СССРдеги “кайра куруу” саясатынын Кыргызстанга келиши, алгачкы бейформал уюмдардын пайда болушу, алардын демократиялык кыймылга айланышы, Масалиевдин бийлигинин алдырышынын себеби, Акаевдин президент болушу, ал жараяндарга республикалык бийликтин мамилеси тууралуу айтып берди.

- Алгачкы бейформал уюмдар түзүлө баштады, алар бийликке кандай талаптарды коюп жатышты, республикалык бийликтин, асыресе КГБнын аларга карата мамилеси кандай болгон?

- Ал учурдагы жаштар койгон талаптардын бири - улуттук тилди өнүктүрүү, улуттук майрамдарды калыбына келтирүү. Тарыхый окуяларды таануу маселелери көтөрүлүп жатты. Ошолордун ичинен кыргыз жаштарынын Бишкектин айланасынан жер алуу талаптары катуу коюлуп келди. Ал учурдагы республикалык бийлик, КГБнын өзү, милиция ж.б. деле чоң өзгөрүүлөрдүн болушун туура түшүнүп калган. КГБ бейформал уюмдардын иштерине көз салып, байкоо жүргүзүп жатканын байкап эле жүрдүк. Бирок, анчалык куугунтуктар, же кысымдар болгон эмес. Тескерисинче, жаштар арасында түшүндүрүү иштери жүргөн. Мисалы, мен Илимдер академиясында иштеп жатканда жеке документтеримди КГБ алып кетип, текшерип, талдаган учурлар болгон.


- Ошол кездеги бир топ демилгелүү жаштар Балтика боюндагы республикаларга каттаган учурлар болгон, ал жакка эмнеге бардыңыздар эле?

- Аларда “кайра куруу” аң-сезими бизге караганда эрте башталды, аларда “эгемендүү мамлекет болушубуз керек” деген ойлор башталып калган эле. Ошентип бизге алардын таасири көп болду. Мисалы, Латвияда “Саюдис” элдик фронту түзүлүп, чоң саясий күчкө айланып калган эле. Ошолорду өз көзүбүз менен көрүп келели деп Латвияга барганбыз, алардын тажрыйбасын үйрөнгөнбүз, телеберүүсүндө чыгып сүйлөгөнбүз. Кызык маселе, ал жакка биз Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинин каржылоосунун эсебинен барганбыз. Ал кездеги комсомолдордун лидери Тынычбек Табалдиевге кирип, “биз жаштардын тажрыйбасын үйрөнүп келели деп жатабыз” десек, колдоп берген. Кийин ал киши “көрсө силер СССРди кулатканы барган турбайсыңарбы” деп тамашалап жүрдү. Биздин жетекчилер деле жаштардын аракеттерин ичинен колдогон дегеним ошол.

- Ал учурдагы Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы Медеткан Шеримкулов дагы бейформал уюмдардын лидерлери менен байма-бай жолугушуп турчу деп калышат. Ушундай болгонбу?

- Ооба, мен ал киши менен жолугушууга 5-6 жолу катышкам. Мисалы, кийин белгилүү саясатчыларга айланган Эмил Каптагаев, Сүйүнбек Касмамбетов, раматылык Мелис Эшимканов ж.б. жооп топ жаштар Медеткан Шеримкуловдун Ак үйдүн 7-кабатындагы кабинетине өзүбүздүн үйүбүзгө киргендей эле кирип-чыгып калганбыз. Кээде ал киши өзү чакырат, кээде биз суранып киребиз. Азыр ойлосом ал киши бизди ачууга алдырбай, акыл менен чечүүгө багыттап, бийликтин жазалоочу тузагына түшүп калбай, радикалдык жолдон алыс болууга үндөгөн экен. Бирок, биз “СССРдин келечеги жок, Компартиянын күнү бүтүп баратат, көп партиялуу демократиялуу коом келет, эгемендүү Кыргызстан болот” деген ойлорду ачык эле айтчубуз. Көрсө биздин ортобузда интеллектуалдык талкуу-талаш болгон экен.


- 1990-жылдардын орто ченинде бир нече бейформал уюмдардын баштары кошулуп, Кыргызстан демократиялык кыймылын түзүштү (КДК. Ал саясий уюмдун ролу, орду кандай кандай болду?

- Мен эки факторду бөлүп айтар элем. Биринчиден, КДК Кыргызстанда коммунисттик режимдин аброюн кетирүүгө, аны кулатууга чоң салым кошту. Экинчиден, Масалиев баштаган коммунисттик бийликти кулатып, илимпоз Акаевди президент кылып шайлоого чоң роль ойногон, Кыргызстандын демократиялык жолго түшүшүндө эмгеги чоң десем болот.

- Бирок, арадан эки жыл өтпөй, бир нече саясий партиялар түзүлүп, КДК саясий кыймыл катары жоюлууга аргасыз болду. КДКнын таркашы табигый көрүнүш болдубу же бийлик кийлигишип, бөлүп-жарды десек болобу?

- КДК башында эле ар кандай багытты көздөгөн ондогон уюмдардын башын кошкон саясий кыймыл болгон. Ал ошол боюнча сакталып көпкө жашай албайт болчу. КДК эки жылдын ичинде СССРди кулатуу, Компартияны жоюу деген өз тарыхый миссиясын, милдетин аткарып бүткөн болчу.


- Аскар Акаевди бийликке ким алып келген деп ойлойсуз? Горбачевбу, Айтматовбу, КГБбы, же демократиялык күчтөрбү?

- Мен жеке пикиримде, Аскар Акаевичтин президент болуп калышына ошол кездеги Жогорку Кеңештеги 114 демократ-депутаттардын демилгеси, аларды колдогон Чыңгыз Айтматовдун таасири да себеп болгон. Эң негизгиси Аскар Акаев ал кездеги бийликтегилер менен салыштырганда таза, белгилүү окумуштуу, СССР эл депутаты катары союзга таанылып калган адам эле. Масалиев баштаган мурдагы бийликтегилер президент шайлоодо “ит жыгылыш” болуп калганда Аскар Акаевдин талапкерлиги баары үчүн идеалдуу болчу. Кыскасы, ал кишинин Кыргызстандын биринчи жетекчиси болуп калышына кимдир бирөөнүн жардамы болгон деп кесе айтууга айтууга болбойт, жөн эле кокустук...

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG