Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Президент өз тарапташтарын чогултту


Президент Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактарда бийликтин саясатын колдоп жүргөндөр менен жолугуп, интернетте маалымат таратуу тууралуу баарлашты. Президент жолугушууга катышкандарды социалдык тармактарда саясатчылардын тарапташтары менен кайым айтышпоого чакырган.

Президенттик аппарат 23-майдагы жолугушууга кимдер катышып, кандай форматта өткөнү жөнүндө расмий маалымат жарыялай элек.

Президентке жолуккандар

Катышкандардын айрымдары гана социалдык тармактарда жолугушуу жөнүндө жазышты. Алардын бири Бактыгүл Иманбек кызы Садыр Жапаровдун саясий ишмердүүлүгүн он жылдан ашык убакыттан бери колдоп жүргөндөр барганын жана президент жолугушууда социалдык тармактарда терс пикир жазгандар менен айтышпоого, коомчулукту ынтымакка үндөөгө чакырганын билдирди. Иманбек кызы жолугушуу жөнүндө Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Баарыңар дебейин бирок, көбүңөргө тийиштүү. Социалдык тармактарда, кайсы бир саясатчыны, депутат, журналист, айтор сын айткандардын, негатив жазгандардын баары менен эле урушуп, аларды сөгүп, кагып жатасыздар, ошол адатты токтотсоңуздар, сураныч. Айрыкча, Мадумаров менен Атамбаевди жамандоону жана алардын тарапташтары менен чабышып алышканды... Мейли, алар жамандаса дагы, алар тилденсе дагы аларга жооп берип убара тартпагыла да. Ынтымакка чакыргыла, жаман сөз айтса жакшы сөз менен жооп бергиле. Алар негатив жазса, силер позитив жазгыла. Урушунуп, сөгүнүп, бөлүнүп эч пайда таппайсыңар. Бул менин жеке суранычым жана өтүнүчүм” – деди”, - деп жазды Бактыгүл Иманбек кызы.

Садыр Жапаров менен жолугуп чыкты дегендердин көпчүлүгү буга чейин Фейсбукта президенттин саясатын колдогондор. Алардын бири Исмат Бегжанов “Азаттыкка” буларды айтып берди.

“Ал жерде жашыра турган деле эч нерсе жок. Президент 10-15 жылдан бери колдоп жүргөн тарапташтарын чогулткан экен. Мен дагы барып катыштым. "Бөлүнүп жарылбайлы, мамлекетибиз туура жолго багыт алды, ынтымакка чакыралы" деди. Мага каршы чыккан саясатчылардын тарапташтары менен силер социалдык тармактарда көңүлүңөрдү оорутпагыла деген сыяктуу сөздөр болду. Ал жерде эч кандай бөлүнүү жок. Жолугушууга блогер, журналисттер келген жок. Жыйын жабык өттү”, - деди Бегжанов.

"Эмнеге маалымат ачык айтылбайт?"

Садыр Жапаров менен жолугушууга канча киши келгени жөнүндө расмий маалымат жок. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 24.kg сайтына жолугушуу болгонун гана ырастады.

Президенттин тарапташтары менен жабык жыйыны, ал жөнүндө маалымат айтылбай жатканы ар кандай талкууга жем таштады. Жарандык активист Эржан Сулайман жолугушуунун максатын түшүнбөй жатканын жана маалымат ачык айтылбаганын сындады.

“Жакында Борбор Азия, Кытай мамлекеттеринин башчылары менен жолугуп келип, анан блогер деген тарапташтары менен жолукту. Президенттин элге, коомго жакын болгону жакшы. Бирок, мындай өңүттө эмес. Бул - диалог эмес, бул - жашыруун жолугушуу. Ошол жолугушууга катышкандар чыгып алып ката жазып, тамаша кылып отурушат. Ал жолугушуунун максаты эмне болгон? Бирөөлөр айтып жатат, позитивдерди жазгыла, сындабагыла дегендей багыт берген деп. Кыргызстанда бийлик корко тургандай жагдай барбы?”, - деди ал.

Ал эми эркин журналист Перизат Сайитбурхан президент жылына бир жолу маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер менен ачык форматта кездешсе туура болот деп эсептейт. Ал мындай жабык жолугушуулар ар кандай күмөн ойлорду жаратарын айтып, бийликтин социалдык тармактарды көзөмөлдөө аракети катары баалады.

“Социалдык тармактардын, блогерлердин күчүн түшүнүп жатат. Ошол платформаларды көзөмөлдөө аракети. Алар тандап чакырып жатышпайбы. Негизи президент жөн эле жолукпашы керек. Эгерде жолуккусу келсе, дүйнө жүзүндөгү тажрыйба көрсөткөндөй жылына бир жолу маалымат жыйын берсе болот. Ал жерге бардык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн жана блогерлерди чакырса калыс болот”, - деди.

Жапаров 2022-жылы журналисттер үчүн маалымат жыйын берген эмес. Мамлекеттик медианы кошпогондо жергиликтүү эркин медиага маек кура элек. Жакында эле Бишкектин Ленин шайлоо округунан парламент депутаттыгына талапкерлер менен жолугуп, коомдогу айрым актуалдуу суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Соңку учурда президент айрым конуштарды, мамлекеттик мекемелерди кокустан кыдырганы жөнүндө маалыматтар байма-бай чыгып келет.

Иликтөөчү журналисттер өлкөдө бийликтин же кайсы бир саясий күчтөр социалдык тармактарда маалымат тараткан, каршылаштарын каралаган "фейк фермалар" иштеп жатканын аныктап чыгышкан. Анда иликтөөлөрдө Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун дагы аты аталган. Ал өзү мындай сындарды четке кагып келет.

2022-жыл аяктап жатканда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айрым блогер, журналисттер менен "Дасмия" ресторанында бейформал жолугушуу өткөргөн. Анда айрым блогерлер бийликтин салык, кадр саясаты жөнүндө сын айтышкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG