Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Кемпир-Абад ишине бир жыл: "Биз идея үчүн күрөштүк"


Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активист жана коомдук ишмерлердин бир бөлүгү. Архивдик сүрөт. Сүрөттөгүлөрдүн көбү камакта, айрымдары үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активист жана коомдук ишмерлердин бир бөлүгү. Архивдик сүрөт. Сүрөттөгүлөрдүн көбү камакта, айрымдары үй камагына чыккан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана укук коргоочулардын жапырт кармалганына толук бир жыл болду.

Сегиз ай дегенде иш сотко өткөнү менен дале баштапкы соттук угуу аяктай элек. Кармалгандардын көбү үй камагына чыкканы менен дагы ондон ашык киши камакта отурат. Укук коргоо органдары аларды “бийликти басып алууга” айыптаса, аны камактагылар “саясий куугунтук” деп четке кагат.

Кармоонун төркүнү

Кыргыз бийлиги Өзбекстан менен чек арасын тактоо иштерин жандантып, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу өлкөгө берилери айтылган 2021-жылдан тартып Бишкекте жана Өзгөндө ар кандай формадагы нааразылыктар чыгып турду. 2022-жылдын сентябрында жана октябрында суу сактагыч караган Өзгөндө катар акциялар өттү.

Былтыр 15-октябрда Өзгөн районунда бул маселеге байланыштуу курултай болуп, 21-октябрда ал жүрүш менен коштолот. Ага катышкан саясатчылар 22-октябрда Бишкекте чогулуп, Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүшөт. 23-октябрда чогулушка катышкандардын дээрлик баары кармалат. Тагыраагы алгач 23 киши кармалып, кийин алардын саны 27ге жеткен.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, үй камагына чыккан саясатчы Улукбек Маматаев "Азаттыкка" 22-октябрдагы жыйында эмне сөз болгонун айтып берди:

Улукбек Маматаев
Улукбек Маматаев

“Ал жерде “биз Жогорку Кеңештен талап кылалы”, “элге кайрылуу жасайлы” деген эле сөздөрдү сүйлөшкөнбүз. Эч кандай "бийликти басып алалы", "курал менен чыгалы", же "бирөөнү кууп чыгалы" деген сөз болгон эмес. Демократиялык коомдо биз өзүбүздү демократ деп эсептейбиз. Жаран катары ошол жерде өзүбүздүн позициябызды гана билдирдик. Президент жабык жолуккан, бирок ал жерден өз суроолорубузга жооп ала алган эмеспиз. Ошондуктан президент биз менен түздөн-түз жолуксун деген кайрылуу таратканы жатканбыз. Ошентип, макул деп эле тараганбыз. Бирок тилекке каршы ошо 23-октябрда баарыбызды басып алып, камады. Ушул камоо канчалык зарыл болчу?”.

ИИМдин Тергөө башкармалыгы кармалгандарга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активист жана коомдук ишмерлердин бир бөлүгү. Архивдик сүрөт.
Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активист жана коомдук ишмерлердин бир бөлүгү. Архивдик сүрөт.

Бирок кармалгандардын бири да күнөөсүн мойнуна алган эмес. Алардын баары муну “саясий куугунтук” дешет. Тергөө абагында саясатчы, активисттер жана укук коргоочулар ачкачылык жарыялап, бийликтен аларды бошотууну талап кылышкан.

“Кемпир-Абад иши” деп аталып калган иштин алкагында кармалгандардын бир бөлүгү 5-6 ай отуруп, айрымдары 9-10 айдан соң үй камагына чыгарылды. Жалпы 27 кишинин ону ушул күнгө чейин тергөө абагында жатат.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кайра үй камагына чыккан экс-судья Клара Сооронкулова алардын чогулушу өткөн Бишкектеги “Casa Italia” кафесинде отурган жеринен мындайча комментарий берди:

“Момундай коомдук жайда, кафенин ичинде кайсы келесоо төңкөрүш жасоону сүйлөшмөк эле? Баары ушул жерден башталган, ошого ушул жерге байланып калдык окшойт. Жума сайын эле ушул жерден жолугуп калабыз. Биз кылмыштуу аракет үчүн абакта отурган жокпуз, биз идея үчүн отурдук. Негизги мүдөө – мамлекеттин көз карандысыздыгы, суверенитети жана аймактык бүтүндүгү. Биз мына ушул идея менен чыктык да. Кемпир-Абад деген бул бир гана кейс, жалпысынан биз улуу идея үчүн күрөш жүргүздүк”.

Кемпир-Абад иши: Абактан коркпогон аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:47 0:00

Кыргыз бийлик өкүлдөрү ар кайсы билдирүүлөрүндө Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандарды айыптаган риторикасын кайталады. Президент Садыр Жапаров да, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев да аларды “чагымчы” деп атап, "суу сактагычты шылтоо кылып тополоң уюштурууга аракет кылган" деген мааниде сөз сүйлөшкөн.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын декабрында "Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде мындай деген:

"Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90% жабык эшик артында өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен. Күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. "Төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине "чыгарып кой" деп буйрук бере албайм", – деген президент.

Белгилүү болгондой, ушул тапта Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Айбек Бузурманкулов, Бектур Асанов, Илгиз Шаменов жана Тимур Махмудов тергөө абагында отурат.

Ал эми Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Талантбек Эшалиев жана Мамбетжунус Абылов үй камагында. Булардын ичинен Нарматова менен Эшалиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Канат Исаев да булар менен чогуу кармалып, бирок ага башка берене менен айып тагылган. Ал да үй камагына чыккан.

Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин Кемпир-Абад ишин адилет териштирүүгө чакырган.

“Жашыруун” грифи жана иштин тарыхтагы орду

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө иштери алгач кадимкидей шартта жүрүп баратып, быйыл январда “жашыруун” грифи ыйгарылган. Айыпталуучулар да, адвокаттар да буга каршы чыгып, иште жашыра турган нерсе жок экенин, коомчулук билиши үчүн ишти ачык алып барууну талап кылышкан. Сот адвокаттардын бир нече жолку өтүнүчтөрүн канааттандырган эмес.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Жеңиш Молдокматов менен Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев процесстеги жагдайлар тууралуу кеп салды:

Кантемир Турдалиев
Кантемир Турдалиев

“Биз башында эле “жашыруун” деген гриф жөнүндө маселе көтөрүп, иштин бардыгы мындай ыкма менен каралбаш керек деп айтканбыз. Куду ушундай мааниде Конституциялык соттун да чечими бар. Ошону үчүн жок дегенде иштин кайсы бир бөлүгүн жашыруун кылып, кайсы бир бөлүгүн ачык кылышы керек болчу. Тергөөчү да, сот да мындай кылган жок. Териштирип отурбай эле, баарын жабык кылып коюшту. Иш качан жабык каралат? Кандайдыр мамлекеттик сыр болсо, же кызматтык сыр деп коёт, ошондой болсо отурумдар жабык өтөт. Зордуктоо, же жашы жете электердин ишине байланыштуу болсо да жабык өтөт. Бул жерде эч кандай негиз жок. Ошондуктан биз Кемпир-Абад ишине “жашыруун” деген гриф коюлушун мыйзамсыз деп келатабыз”.

Кандай болгон күндө да Кемпир-Абад иши боюнча тергөө кылмыш иши козголгондон сегиз ай өткөн соң гана аяктап, иш июнь айында Биринчи май райондук сотуна берилген. Бирок дээрлик төрт айдан бери процесс ар кандай себептер менен улам создугуп, алигиче баштапкы соттук угуу да аяктай элек.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активист жана коомдук ишмерлердин бир бөлүгү. Архивдик сүрөт.
Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активист жана коомдук ишмерлердин бир бөлүгү. Архивдик сүрөт.

Бардык айыпталуучуларга айыптары угузулуп бүтсө гана иштин мазмуну каралат, бирок ал качан башталары белгисиз. Негизги иш боюнча келерки соттук процесс 25-октябрда болот.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 2022-жылдын 23-октябрында кемпирабадчылар камалганын биринчилерден жазып, тизмектеп, маалымат таратып турган.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

“Мен башынан эле айтып келатам, азыр да айтам, бул саясий куугунтук. Кармалгандар өздөрүнүн мекенин сүйгөнү үчүн, суу сактагыч кандай чечим менен кетип жатканына кабатыр болгону үчүн чыгышкан. Алар “протоколдорду ачыктагыла”, “биз документтер менен таанышалы” деген талабы үчүн гана камалып турат. Эгерде булар маселе көтөрбөгөндө Кемпир-Абад маселеси таптакыр унутулуп калышы мүмкүн эле. Ошондуктан Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар өздөрүнүн тарыхый миссиясын аткарышты деп ойлойм. Кыргызстандын тарыхында Кемпир-Абад унутулбай, улам эскерилип турарына салым кошушту. Айталы, убагында биз дагы, башка укук коргоочулар да, Аксы окуясында курман болгондор, Шералы Назаркулов жана башкалар да Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы чыгып, тарыхый миссиясын аткарганбыз. “Үзөңгү-Кууш кыргыздын жери болчу, Кытайга туура эмес берилди” деген эс-тутум элдин эсинде калды. Менимче азыркылар да камакта канчалык узак отурса Кемпир-Абад иши да калктын эсинде ошончо узакка кала берет”.

2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган. Эки өлкөнүн президенттери келишимше ошол эле жылдын 29-30-ноябрларында кол коюшкан.

Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн. Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG