Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Согуштан кайткандар: Борбор Азияга жеткен коркунуч

«Хочу жить» долбоорунун эсебинде, Орусия согушка Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын 20 миңден ашуун жаранын тартты.
«Хочу жить» долбоорунун эсебинде, Орусия согушка Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын 20 миңден ашуун жаранын тартты.

Тажикстанда эки кишинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө мурда Орусияда эмгек мигранты болуп жүрүп, кийин Украинадагы согушка орус аскерлеринин катарында катышып келген адам шектелүүдө. Бул окуя согуштан кайтып келгендердин тагдыры боюнча маселеге көңүл бурдурууда.

Борбор Азия өлкөлөрү согуш тажрыйбасы бар, арасында психикасы жабыркаган жана зомбулукка жакын болушу ыктымал жарандардын көбөйүшүнө канчалык даяр? Бул жалпы коом үчүн кандай коркунуч жаратышы мүмкүн жана зомбулутун көбөйүшүнө жол бербөө үчүн бийлик кандай чараларды көрүшү керек? "Азаттык Азия" мына ушул маселенин айланасында талдоо жүргүздү.

Тажикстандын түндүгүндөгү чакан Исфара шаарында акча алмаштыруучу болуп иштеген эки адамдын киши колдуу болушу коомчулукта чоң резонанс жаратты. «Эркин Европа/Азаттыктын» тажик кызматы "Озодинин" маалыматына караганда, бул мыкаачылык менен жасалган, алдын ала пландалган кылмышка Орусиянын Украинага каршы согушуна катышып, жакында эле мекенине кайтып келген адам шектелүүдө.

Окуянын күбөлөрү жана иштин жагдайын билген адамдардын айтымында, шектүү жергиликтүү тургундар Ойбек Отабеков менен Фирдавсжон Савриддиновду үйүнө чакырган. Ал аларга чоң суммадагы акчасын америкалык долларга алмаштыргысы келерин айткан.

"Озодинин" маектештери айтып бергендей, шектүү бул кылмышка 60 миң доллар алуу үчүн барган.

Ойбек Отабеков жана Фирдавсджон Савриддинов. Экөө тең 10-октябрда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Ойбек Отабеков жана Фирдавсджон Савриддинов. Экөө тең 10-октябрда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Маалыматтарга караганда, шектүү акча алмаштыруучулардын бирин аңчылык мылтык менен атып, экинчисин муунтуп өлтүргөн. Андан кийин алардын сөөгүн өз үйүнүн короосунда алдын ала казылган чуңкурга көмгөн. Кармалган адамдын аты-жөнү ачык айтылган жок. "Озодинин" колуна анын милицияда тартылган болушу мүмкүн делген сүрөтү тийген.

Бул окуя согуш көрүп келген адамдар, анын ичинде Орусия армиясына алынган мурдагы соттолгондор мекенине кайтып жаткан учурда Борбор Азия өлкөлөрүн кандай көйгөйлөр күтүп турганы тууралуу суроону кайрадан күн тартибине чыгарды.

Аймактан Орусияга иш издеп кеткен миңдеген мигранттар согушка аралашып калды. Айрымдары орус жарандыгын алуу же акча табуу үмүтү менен аскердик келишимге кол койсо, укук коргоочулардын маалыматы боюнча, башкалары түрмөдө кысымга кабылып, согушка тартылган учурлар да болгон.

«Аймактагы өлкөлөр өз жарандарынын согушка катышуусуна жол бербеши керек»

Борбор Азия өлкөлөрү Орусиянын Украинага каршы согушуна карата бейтарап позицияны карманууга аракет кылып, өздөрүнүн өнөктөшү саналган Москваны ачык сындагандан карманып келишет.

Украинанын мамлекеттик «Хочу жить» долбоорунун маалыматына караганда, 2026-жылдын 1-октябрына карата Орусия Украинага каршы согушка Борбор Азиядагы беш өлкөнүн - Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын 20 миңден ашуун жаранын тартты. Долбоордун авторлору мындай деп белгилешет: «Бул Орусия армиясындагы аныкталган чет өлкөлүк жалданмачылардын жалпы санынын 44 пайызын түзөт. Башкача айтканда, Орусия армиясындагы дээрлик ар бир экинчи чет өлкөлүк жалданма жоокер Борбор Азия өлкөлөрүнүн жараны. Салыштыруу үчүн айтсак, учурда Орусия армиясынын катарында согушуп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын саны Тажикстандын армиясындагы аскер кызматкерлеринин жалпы санынан (9,5 миң) көп».

Ошол эле учурда аймактагы өлкөлөрүнүн Орусия тарапта согушка катышып келген жарандарына карата мамилеси ар башка. Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан аларга каршы кылмыш ишин козгойт. Көпчүлүк учурларда төрт-беш жылдын айланасында эркинен ажыратуу жазасы берилет. Айрым учурда шарттуу жаза же түрмөгө камоону карабаган башка чаралар колдонулат.

Экономикасы негизинен Орусияда иштеген мигранттардын акча которууларынан көз каранды болгон Тажикстанда болсо жалданма жоокерлерге байланыштуу бир дагы кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат жок. 2023-жылы Душанбе Орусиянын түрмөлөрүндө жаза өтөп жаткан тажик жарандарынын жүзгө жакыны согушка тартылганын ырастаган. Бирок бийлик мындайга жол бербөө боюнча кандайдыр бир чара көрүп жатабы же жокпу, билдирген эмес.

«Украина - Борбор Азия» Telegram каналынын автору, украиналык журналист Григорий Пырлик аймактагы өлкөлөр биринчи кезекте өз жарандарынын согушка катышуусуна жол бербеши керек деп эсептейт.

«"Хочу жить" долбоорунун маалыматы боюнча, кеңири масштабдагы баскынчылык башталгандан бери Украинага каршы согушка Тажикстандын 5,3 миңден ашуун жараны катышты. Путин Орусияда Тажикстандан келген бир миллиондон ашуун эмгек мигранты бар экенин айткан. Бул согушка тартылышы мүмкүн болгон адамдардын саны мындан да көп экенин көрсөтөт», - дейт журналист.

«Хочу жить»: Каждый второй наемник на войне — выходец из Центральной Азии
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:00 0:00

Пырликтин пикиринде, согуштан кайтып келген адамдар көзөмөлдө болуп, мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышы керек.

«Тажикстандан айырмаланып, өкүм чыгарылып жаткан Өзбекстандын өзүндө деле көп учурда адамдар жеңил жаза алышат. Мисалы, эркинен ажыратуунун ордуна эркиндигин чектөө жазасы колдонулат», - дейт ал.

Журналисттин айтымында, Орусия тарапта согушка катышкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартпоо Борбор Азия өлкөлөрү жарыялап келген бейтарап саясатка каршы келет. Анын пикиринде, Тажикстанга байланыштуу бул жагдай Орусиянын агрессиясына кыйыр түрдө жол берүү катары бааланышы мүмкүн.

Пырлик согушка катышкандар жазадан кутулабыз деп ишенсе, бул башкаларды да фронтко барууга түртүшү мүмкүн экенин эскертет.

«Бул адамдар жазаланбайбыз деп ишенип, маселесин кан төгүү аркылуу чечсе болот деп ойлошот. Орусияда мыйзамдашып, жоопкерчиликтен качып кетүүгө болот деген ишеним менен Украинага келип, адамдарды өлтүрө беришет», - дейт ал.

Григорий Пырлик
Григорий Пырлик

Мисал катары журналист 2024-жылдын аягында Өзбекстанда жалданмачылык беренеси боюнча соттолгон жарандын ишин келтирет. Ал сотто Украинанын ондон ашуун аскер кызматкерин өлтүргөнүн мойнуна алган. Бирок бул үчүн өзүнчө жоопкерчиликке тартылган эмес. Сот айыпталуучунун үч баласы бар экенин жана күнөөсүн мойнуна алып өкүнгөнүн жеңилдетүүчү жагдай катары карап, ага эркиндигин чектөө жазасын берген. Мындай жаза адамды коомдон обочолонтпойт. Башкача айтканда, ал үйүндө жашап, ишке же окууга бара алат.

«Эгер баргандардын саны дагы көбөйсө, анда абал мындан ары да курчуй берет», - дейт Пырлик.

Ошол эле учурда журналист мамлекеттердин жоопкерчилиги согуштан кайтып келгендерди жазалоо менен эле чектелбеши керек экенин белгилейт. Анын айтымында, бийлик органдары, министрликтер жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр Орусия менен иштешип, мажбурлоо жана алдоо фактыларына реакция кылып, эмгек мигранттарын согушка тартуудан коргошу зарыл.

«Тажикстандын, Өзбекстандын жана аймактагы башка өлкөлөрдүн консулдук кызматтары жарандары согушка тартылып же жөнөтүлүп жаткан учурларга активдүү кийлигишиши керек. Азыр болсо эмгек мигранттары өзү менен өзү калгандай», - деп белгилейт Пырлик.

Григорий Пырликтин пикиринде, Орусия тарапта Украинага каршы согушка катышкан Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын мекенине кайтып келиши аймактын коопсуздугу үчүн тобокелдик жаратат. Мисалы, зомбулукту кадыресе көрүнүш катары кабылдоо башталат, жазадан качып кетүүгө болот деген түшүнүк калыптанат, бийликтин бул маселе боюнча ырааттуу позициясы жоктугу да кесепетке алып келет.

Казакстан менен Кыргызстандын бийлиги колуна курал алып, согушка катышуу тажрыйбасы бар адамдардын кайтып келишинен кооптонобу же жокпу, белгисиз. Бирок акыркы убактарда Астана менен Бишкек жарандарынын согушка тартылышына байланыштуу маселелерди тышкы иштер министрликтери аркылуу көбүрөөк көтөрө баштады. Буга Орусия армиясына алынган казакстандыктар жана кыргызстандыктар тууралуу чыгып жаткан улам бир жаңы маалымат да себеп болду.

Октябрдын башында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы айрым кыргызстандык мигранттар Украинадагы согушка катышууга мажбурланып жаткан учурлар тууралуу маалыматы бар экенин билдирген. «Хочу жить» долбоорунун эсебинде, азыр Орусия тарапта болжол менен 2,2 миңдей кыргызстандык согушуп жүрөт.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мекеме мындай жарандардын үйүнө кайтып келишине жардам берүүгө аракет кылып жатканын, бирок согушка тартуу тууралуу маалыматтар дайыма эле өз убагында түшө бербесин айткан.

«Эгерде биз убагында билип калсак аларды токтотуп калып жатабыз. Аскер комиссариаттарында же чакырып, тергөө изоляторуна алып барып кол койдуруп алып кетип жатышпайбы. Эгер ошону билип калсак, биз көптөгөн мигранттарды токтотуп калдык. Бирок кээ бир мигранттар айтпай кетип калып, баргандан кийин ата-энелери билип бизге кабар берип жатышат. Эгер ошондойлор болсо бизге арыз жазса биздин Украинада элчилик аркылуу аларга чыгып, чыгарганга аракет кылып жатабыз. Көптөрү айтпай жатышат, жарадар болгондо же каза болуп калганда эле билип калып жатышат. Ата-энелери деле билбей калып жатат. Согушка кетип калгандан кийин чыгаруу бир топ оор болууда. Эгер кайсы аскер бөлүктө, кайсыл жерде экенин билсек аракет кылабыз», - деген министр.

Ал канча адам мекенине кайтарылганын же согуш аймагына жөнөтүлүүдөн сактап калынганын тактаган эмес.

Украинадагы согушка тартылган мигранттар кантип кайтарылат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:32 0:00

Буга чейин Казакстандын бийлиги да Орусиянын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, орус армиясында жүргөн өз жарандарынын мекенине кайтып келишине көмөк көрсөтүүнү суранган.

22-октябрда Орусияга иштегени барып, кийин мажбурлоо жолу менен орус армиясына алынганын жана Украинадагы согушка жөнөтүлмөк болгонун билдирген бир нече казакстандык мекенине кайтып келгени белгилүү болду. Буга чейин алардын ата-энелери казак дипломаттарына кайрылып, уулдарын мекенине алып келүүгө жардам сурашкан.

«Хочу жить» долбоорунун маалыматына караганда, учурда Орусия тарапта болжол менен 3,8 миң казакстандык согушуп жүрөт.

Согуштан кайткандар жана кылмыштуулуктун көбөйүшү

Орусияда журналисттик иликтөөлөр Украинадагы согуштан кайтып келген аскер кызматкерлери, анын ичинде мурда соттолуп чыккан адамдар учурунда жүздөгөн адам өлтүрүү жана ден соолукка оор залал келтирүү кылмыштарына кириптер болгондор экенин аныктаган. Айрымдары тынч жашоого кайткандан кийин дагы оор кылмыштарды жасаган.

2024-жылдын октябрында «Вёрстка» басылмасы кеңири масштабдагы согуштун алгачкы эки жарым жылында кан майдандан кайтып келгендер кеминде 242 адамды өлтүрүп, дагы 227 адамды оор жарадар кылганын билдирген.

Көпчүлүк учурда кол салгандардын жакындары жана тааныштары жабыркаган. Кылмыштардын көбү үй-бүлөдөгү же тааныштар арасындагы чыр-чатактан кийин, ошондой эле ичимдик ичкен учурда жасалган.

2025-жылдын декабрына карата согуштан кайтып келгендердин колунан каза болгондор менен оор жараат алгандардын саны миңден ашкан. Бул коомчулукка белгилүү болгон учурлар гана. «Вёрстка» менен германиялык Die Welt басылмасынын биргелешкен иликтөөсүндө кеминде 551 адам каза болуп, 465 адам оор жараат алганы айтылган.

Ал тапта согуш дагы эле уланып жатат жана Орусия бийлиги армиянын катарын толуктоо аракетин көрүүдө. Бул согушка катышкандан кийин жарандык жашоого кайта турган адамдардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн дегенди билдирет.

2022-жылы Москва «жарым-жартылай мобилизация» жарыялап, болжол менен 300 миң адамды аскер кызматына чакырган. Ошол эле маалда укук коргоочулар менен көз каранды эмес маалымат каражаттары Орусиянын абактарында соттолгондорду согушка тартуу жүрүп жатканын билдиришкен. Алгач муну жалданма аскерлердин «Вагнер» жеке компаниясы жүргүзсө, кийинчерээк соттолгондорду жалдоону Орусиянын Коргоо министрлиги колго алган.

2024-жылдын март айында Орусия парламенти Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, аскер кызматына барган соттолгондорду кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга мүмкүндүк берген мыйзамды жактырган. Бир нече айдан кийин орус президенти Владимир Путин кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан же соттолгон адамдарды аскер кызматына тартууну жеңилдеткен мыйзамга кол койгон. Натыйжада адамдар менен аскердик келишимдерди сотко чейинки териштирүү маалында эле түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болгон.

«Важные истории» басылмасынын маалыматына караганда, Москва камактагылардын 40 пайызга чейинки бөлүгүн согушка жөнөтүүнү көздөгөн.

Укук коргоочулар жана БУУ өкүлдөрү мындай саясат зомбулук кылмыштары үчүн соттолгон көптөгөн адамдардын согушка жөнөтүлүшүнө алып келгенин эскертип келишкен. «Вёрстка» басылмасынын иликтөөсү көрсөткөндөй, алардын айрымдары согуштан кайткандан кийин кайрадан түрдүү зомбулукка барган.

2024-жылы БУУнун Орусиядагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Мариана Кацарованын эсебинде, зордук-зомбулук кылмыштары үчүн соттолуп, кийин согушка тартылган адамдардын саны дээрлик 170 миңге жеткен.

«Кайтып келгендердин көбү жаңы кылмыштарды жасап жатат. Бул көрүнүш барган сайын көбүрөөк байкалууда. Алар аялдарга, кыздарга жана балдарга каршы кылмыштарга, анын ичинде сексуалдык зомбулукка жана адам өлтүрүүгө барууда», - деген Кацарова 2024-жылдын сентябрында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынында.

Мындай окуялардын эң резонанстууларынын бири Киров облусунда 85 жаштагы пенсионер аялдын өлтүрүлүшү болгон. Буга чейин адам өлтүргөнү үчүн соттолгон, кийин «Вагнердин» курамында согушка катышкан Иван Россомахин 2023-жылдын мартында туулуп-өскөн айылына кайтып барган.

Жергиликтүү тургундар полицияга ал мас абалында көчөдө балта жана бычак көтөрүп жүрүп, адамдарды өлтүрөм деп коркутуп жатканын айтып кайрылышкан. Жергиликтүү полициянын башчысы тургундар менен жолугушууда мурдагы жалданма жоокерди изоляциялай турганын айткан, бирок мындай чара көрүлгөн эмес.

Бир жумадан кийин Россомахин мас абалында 85 жаштагы аялдын үйүнө кирип барган. Ал аялды бычак менен көп жолу сайып, зордуктаган. 2024-жылдын апрелинде Киров облустук соту аны өзгөчө тартиптеги колонияга 22 жылга камаган.

Дагы бир окуя Карелияда болгон. Мурда уурулук, талап-тоноо жана каракчылык үчүн соттолгон Игорь Софонов абактагылардан түзүлгөн «Шторм-Z» бөлүгүнүн курамында согушка кеткен. Жараат алгандан кийин мекенине кайтып барган.

2023-жылдын августунда Софонов шериги менен чогуу кандуу кол салуу жасаган. Экөө тең мас абалында Деревянное айылындагы эки коңшу үйгө киришкен. Биринчи үйдө эки бир тууганды, алардын карындашын жана конокко келген адамды өлтүрүп, андан соң изин жашыруу үчүн үйдү өрттөп жиберишкен. Экинчи үйдө улгайган киши менен анын уулун өлтүрүп, ал жакта да өрт чыгарышкан. Шектүүлөр кийин кармалып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

2023-жылдын октябрында «Вагнердин» мурдагы жоокери Денис Степанов дагы эки аялды өлтүргөн. Ал мас абалында мурдагы жарандык жубайынан өч алууну чечкен. Түн ичинде бензин куюлган идиш көтөрүп барып, 35 жаштагы аял менен анын 68 жаштагы апасы жашаган үйдүн жалгыз чыга турган жерине күйүүчү май төгүп, үйдү өрттөп кеткен. Экөө тең оор күйүктөн каза болушкан. Сот Степановду өзгөчө мыкаачылык менен эки адамды өлтүргөн деп таап, аны 19 жылга эркинен ажыраткан.

Улуу Британиядагы Бирмингем университетинин SOC ACE (Serious Organised Crime & Anti-Corruption Evidence) программасы жүргүзгөн изилдөө көрсөткөндөй, Украинага каршы кеңири масштабдагы согуш башталгандан кийин Орусияда оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны кескин көбөйгөн.

2024-жылы өлкөдө 617 миңден ашуун оор жана өзгөчө оор кылмыш катталган. Бул 2010-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Изилдөөдө аскер кызматкерлерине байланышкан адам өлтүрүү жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу фактылары боюнча айыптоо өкүмдөрү дагы кескин өскөнү айтылат. Мындай иштердин саны 2021-жылдагы 21 фактыдан 2025-жылы 350дөн ашкан фактыга жеткен. Ошондой эле аскер сотторунда каралган сексуалдык зомбулук, анын ичинде зордуктоо боюнча иштер тогуз эсе көбөйгөн.

Изилдөөдө Борбор Азия өлкөлөрү өзүнчө каралган эмес. Бирок аймактын миңдеген жараны да Орусия армиясынын курамында согушуп жатканын эске алганда, алардын айрымдары мекенине кайткандан кийин тынч жашоого көнүүдө кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн деген божомол айтылат.

АКШнын Улуттук коргонуу университетинин профессору жана Борбор Азия боюнча адис, изилдөөнүн авторлорунун бири Эрика Мараттын айтымында, мындай көрүнүштөр аймак өлкөлөрүндө дагы байкалышы мүмкүн.

«Кыязы, мындай көрүнүштү Украинадагы согушка катышып, кийин Орусияга же өз мекенине кайтып келген Борбор Азиянын аскер кызматкерлеринин арасында да көбүрөөк көрө баштайбыз. Бул мыйзам ченемдүү тобокелдик. Согуштун кесепети зомбулукка алып келиши мүмкүн, анын ичинде үй-бүлөдөгү зомбулукка да себеп болушу ыктымал», - деген ал "Азаттык Азияга" курган маегинде.

«Алар маселени күч менен чечүүгө көнүп калышат»

Эксперттердин айтымында, согушка катышып келген адамдар менен иш алып барган өлкөлөр коомдук коопсуздукка байланыштуу олуттуу тобокелдиктерге туш болушат.

Травма менен иштөөгө адистешкен чехиялык психотерапевт Элина Антонованын айтымында, согуштун эң оор кесепеттеринин бири адам зомбулукту кадимки көрүнүш катары кабыл алып калышы мүмкүн экенинде.

«Тынч жашоодо адамдарга кичинесинен эле башкаларга зыян келтирүүгө болбой турганы, бул үчүн моралдык да, юридикалык да жоопкерчилик бар экени үйрөтүлөт. Ал эми согушта баарына уруксат берилет. Андан да маанилүүсү, согуш мындай зомбулукту колдойт», - дейт ал.

Антонованын айтымында, агрессияга жакын адамдар мындай тажрыйбадан кийин маселелерди күч менен чечүүгө ого бетер көнүп калышы мүмкүн. Ал эми мурда зомбулукка жакын болбогондор оор психологиялык жаракат алып, кийин ар кандай кырдаалдарга согушта өздөштүргөн коргонуу ыкмалары аркылуу реакция кылышы ыктымал.

«Мунун бирин да актоого болбойт», - деп баса белгилейт психотерапевт.

Бирок, анын пикиринде, мурда зомбулукка жакын болбогон адамдарга башынан өткөргөн окуяларды жеңүүгө жана кадимки жашоого кайтып келүүгө жардам берүү өзгөчө маанилүү. Мунун ичине согуштан кийинки стресстик абалга каршы иштөө дагы кирет.

Журналист Григорий Пырлик да согуш адамдарды зомбулукка көндүрүп, айрымдарында жоопкерчиликтен качып кетсе болот деген түшүнүк пайда болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Алар Орусия армиясынын согуштагы кылмыштарын көрүп, маселелерди күч колдонуп чечүүгө көнүп калышат. Бир маекте Өзбекстандын согушка тартылган жараны согуш маалында сөөктөрдүн үстүнөн басып жүргөнүн айтканын эстейм. Мындай адамдар силер менен бизге өтө коркунучтуу көрүнгөн жагдайларга көнүп калышат. Ал үчүн бул кадимки көрүнүш болуп калат. Ошондуктан мекенине кайткандан кийин дагы кылмыш жасашы мүмкүн экенин жокко чыгарууга болбойт», - дейт Пырлик.

Украиналык аскер психологу Андрей Козинчук согушта аскер кызматкери аман калуу үчүн күч колдонууга аргасыз болорун айтат. Эгер адамга коркунуч жаралса, ал коркунучтун булагын жок кылууга аракеттенет. Ушундайча белгилүү бир жүрүм-турум калыптанып, ал тынч жашоого кайткандан кийин да сакталып калышы мүмкүн.

«Мисалы, ардагер көчөдө кетип баратып, өзүнчө күлүп сүйлөшүп отурган кыздарды көрүп, алар мени шылдыңдап жатат же баркымды түшүрүп жатат деп ойлоп калышы мүмкүн. Мындай учурда ал качып кетиши, аларга кыйкырышы же чаап жибериши ыктымал. Бул анын согушта калыптанган аман калуу механизми», - деп түшүндүрөт Козинчук.

Андрей Козинчук
Андрей Козинчук

Ардагерлер арасында үй-бүлөлүк жана башка зомбулук түрлөрүнүн көбөйүшү АКШда, Украинада жана мурдагы Югославия өлкөлөрүндө да байкалганын эксперттер айтышат. Дагы бир коркунуч - согуштан кайтып келген адамдар көп учурда башынан өткөргөн психологиялык оор абалы менен жалгыз күрөшүп калышат.

Психотерапевт Элина Антонованын айтымында, мындай адамдарга коомго кайра көнүүгө жардам берилбесе, алар көйгөйүн өздөрү көнүп калган жолдор менен чечүүгө аракет кылышы мүмкүн.

«Эгер социалдык адаптация болбосо, алар башынан өткөргөндөрдү жеңүүнүн өздөрүнө тааныш жолдорун издей баштайт. Бул алкоголду же баңгизатты ашыкча колдонууга, коомдон обочолонууга жана акырындап психикалык оорулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн», - дейт ал.

Козинчук дагы бир коркунуч катары адамдын өзүнө каршы багытталган зомбулукту белгилейт.

«Бул сөзсүз түрдө өзүнө залака келтирүү дегенди билдирбейт. Мисалы, аракечтик, ашыкча тамактануу, жетишсиз тамактануу жана башка өзүнө зыян тийгизген жүрүм-турум болушу мүмкүн», - дейт ал.

Ошол эле учурда Антонова согуштан кайтып келген адамдардын баары эле согуштан кийинки оор стресстик абалга кабылат деп айтууга болбой турганын белгилейт. Бирок мындай көйгөйгө туш болгондордун саны аз эмес. Айрым кесепеттер дароо эмес, бир нече жылдан кийин гана билиниши мүмкүн.

«Ар бир адам согуштан биротоло сынган абалда кайтып келбейт», - дейт психотерапевт.

Анын айтымында, дал ушундай кеч билинген кесепеттер көп учурда адистердин жана уюмдардын көңүл сыртында калып кетет. Анткени негизги көңүл көбүнчө адам жаңы кайтып келген учурга гана бурулат.

Антонова зомбулукка жакын адамдар эртеби-кечпи мыйзам бузууга барышы мүмкүн экенин эскертет.

«Мамлекет үчүн бул узак убакыт көңүл бурулбай калган жара сыяктуу. Ага көңүл бурулбаса улам чоңоёт да, акырында көбүнчө кандайдыр бир зомбулук менен жарылып чыгат», - дейт ал.

Психотерапевттин айтымында, дагы бир коркунуч - мамлекет эмгекке жөндөмдүү, мыйзамды сыйлаган, иштеп, үй-бүлөсүн багып, өлкөсүнө пайда алып келе турган жарандарын жоготуп алышы мүмкүн.

Колдоо болбосо, коркунуч күчөйт

Согуштан кайтып келген адамдар туш болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн бирин-серин аракет жетишсиз, мамлекет да системалуу чара көрүшү керек. Психотерапевт Элина Антонованын айтымында, мындай көрүнүштөр буга чейин башка өлкөлөрдө да болгон.

Ал АКШда Вьетнам согушунан кийин стресс абалда жана башка психологиялык көйгөйлөрү бар көптөгөн аскерлер мекенине кайтып келген учурларды мисал келтирет. Ушундай эле абал Советтер Союзунда Ооганстандагы согушка катышып келген жоокерлер кайткандан кийин да байкалган.

Антонованын пикиринде, мындай жагдайлардын кесепети мамлекет көйгөйдү канчалык эрте байкап, ага узак мөөнөттүү көз караш менен мамиле жасай аларына түздөн-түз байланыштуу.

«Мунун баары мамлекет бул көйгөйдү канчалык деңгээлде таанып, алдын ала чара көрүүгө даяр экенине жараша болот», - дейт ал.

Элина Антонова
Элина Антонова

«Мамлекеттин жардамы болбосо үй-бүлөлөргө жакындарын кадимки жашоого кайтаруу өтө кыйын», - деп эскертет ал.

Психотерапевт мамлекет жүргүзүшү керек болгон бир нече негизги багытты белгилейт. Алардын бири - жумуш менен камсыз кылуу. Адам мурдагы кесиби боюнча иштебей калса да, туруктуу жумуш жана күнүмдүк тартип анын кайсы бир мыйзам бузууга баруусунан сакташы мүмкүн.

Мындан тышкары, окшош тажрыйбасы бар адамдар чогулуп сүйлөшө турган колдоо топтору да маанилүү. Андай жерлерде алар жакындарына же досторуна айтуу кыйын болгон ойлорун жана сезимдерин бөлүшө алышат. Антонованын айтымында, туугандары көп учурда адамдын башынан эмнелер өткөргөнүн толук түшүнө албайт.

Ошондуктан үй-бүлөлөргө да согуштан кайткандар менен кантип туура мамиле кылуу керектигин түшүндүрүү зарыл. Согуш адамды өзгөртөт, ал эми жакындары аны мурдагыдай эле көргөндүктөн эмне болуп жатканын түшүнбөй калышы мүмкүн. Бул үчүн психологиялык жараатка жана согуштан кийинки стресске каршы иштей алган адистер керек.

«Адам өзүн жалгыз эмес экенин, анын көйгөйүн көрүп жатышканын жана жардам берүүгө даяр экенин сезсе, бул мамлекет үчүн эң туура жол болот», - дейт Антонова.

Анын айтымында, реабилитациядан өткөн адам кадимки жашоого кайтып, коомго пайда алып келе алат. Ал эми мамлекет колдогон комплекстүү программалар жок болсо, муну ишке ашыруу кыйыныраак болот. Болбосо агрессия менен жек көрүү сезимдери топтолуп, анын кесепети кандай болорун алдын ала айтуу кыйын.

Аскер психологу Андрей Козинчук коркунучтарды азайтуу үчүн мамлекет биринчи кезекте согушка катышкан адамдардын санын так билип, аларды тынч жашоого кайтаруу боюнча иш жүргүзүшү керек деп эсептейт.

«Мамлекет үчүн эң маанилүүсү - алдын алуу, башкача айтканда, көйгөйдү алдын ала токтотуу», - дейт Козинчук.

Анын айтымында, Украинада, АКШда жана башка өлкөлөрдө бул ишке өкмөттүк эмес уюмдар да катышат. Согуштан кайткандар үчүн дрон башкаруу боюнча машыгуулар, спорттук мелдештер, мушташ өнөрү, ок атуу, балык уулоо, йога, ат минүү жана бий сыяктуу иш-чаралар уюштурулат.

Мындай иш-чаралар адамдардын бири-бири менен аралашып, акырындык менен кайра коомго аралашуусуна жардам берет. Бирок мындай иштерди алардын өздөрү уюштура албайт, ага жарандык коом да катышышы керек.

Козинчуктун айтымында, алдын алуу чаралары көрүлбөсө бул коопсуздукка эле эмес, экономикага да таасир этиши мүмкүн. Козинчук мисал катары Албанияны келтирет. Айтымында, согуштан келген айрым ардагерлердин үй-бүлөдөгү зомбулугу жумушта да көйгөй жараткан. Маселен, сабалган аялдар жумушка чыкса да денеси ооруп, жаны кыйналып тургандыктан ишин толук аткара албай калышкан.

Психолог ошондой эле зомбулукту алдын алуу жана ардагерлерди тынч жашоого кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлбөсө бул коомдогу коопсуздук сезимине да олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн экенин эскертет.

Борбор Азия өлкөлөрүндө Украинадагы согушка катышкан жарандардын саны боюнча мамлекеттик органдар ачык статистика жүргүзбөйт. Ошондой эле куралдуу жаңжал аймагынан кайтып келген адамдар арасында мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча кандай иштер жасалып жатканы тууралуу расмий маалыматтар жарыяланган эмес.

Макаланын түп нускасы бул жерде

Куржундар
​
XS
SM
MD
LG