Алардын абалы негизинен кайнатасынын бийлигинен көз каранды. Тажрыйба көрсөткөндөй, жубайынын туугандары менен мамилеси бузулганда же өлкөдө бийлик алмашканда, алар байлыгынан да, таасиринен да ажырап калышы мүмкүн.
Быйыл октябрь айынын аягында Өзбекстандын Корпоративдик маалыматтардын бирдиктүү порталында «Rubicon Wireless Communication компаниясынын мүлкүн үчүнчү жакка - Ойбек Батирович Турсуновго жалпы суммасы 98 374 503 360 сум болгон эки сатып алуу-сатуу келишими аркылуу сатууга байланыштуу ири бүтүмдү жактыруу» деген билдирүү жарыяланды.
Өзбекстандын саясатына анча аралашпаган адамдар үчүн бул кадимки эле коммерциялык маалыматтай көрүнүшү мүмкүн. Бирок өлкөнүн саясий турмушун жакшы билгендер сөз президент Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы, анын тен кызы жана президенттик администрациянын жетекчиси Саида Мирзиёеванын күйөосү тууралуу болуп жатканын дароо түшүнүшөт.
Ал эми бийликтин жогорку эшелонундагы окуяларга кылдат көз салып жүргөндөрдө "Турсунов Ташкенттин борборундагы кыймылсыз мүлктү базар баасынан төмөн наркта кантип сатып алды жана мамлекет башчысынын күйөө баласы болуу кандай артыкчылыктарды берет?" деген башка суроо жаралышы мүмкүн.
Бүгүн төрдүн адамы, эртеңчи? Өзбекстандын күйөө балдары
Өзбекстандын саясий системасында президенттердин күйөө балдары адатта таасирдүү орун ээлеп, ири активдерди көзөмөлдөп келишкен. Бул көрүнүш өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун тушунда да, азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин доорунда да байкалат.
Каримовдун кыздары Гүлнара жана Лоланын күйөөлөрү негизинен ири бизнес менен алектенип, ачык саясаттан жана мамлекеттик кызматтан оолак болушкан.
Гүлнара Каримованын күйөөсү Мансур Максуди АКШнын жараны, ишкер жана Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү болгон. Ал 1991-жылы Өзбекстандын президентинин улуу кызына үйлөнгөндөн кийин Coca-Cola Uzbekistan биргелешкен ишканасынын негизги акционерлеринин бири болуп калган. Ошондой эле соода жана телекоммуникация тармактарында бизнес жүргүзүп, анын ичинде Кайман аралдарында катталган Rose Trading Ltd компаниясы аркылуу иш алып барган.
2001-жылы Каримова менен Максуди ажырашып, бул окуя узакка созулган эл аралык жаңжалга айланган. АКШда алардын балдарына камкорчулук маселесине байланыштуу соттук териштирүү жүргөн.
Андан кийин Өзбекстанда Максудилердин үй-бүлөсүнө каршы кеңири өнөктүк башталган. Бийлик президенттин күйөө баласын салыктан качуу, алдамчылык, паракорлук жана кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоо деген негизде айыптаган. Анын бизнес активдери мамлекетке өткөрүлүп же башка жактарга бөлүштүрүлгөн. Натыйжада Максудинин үй-бүлөсү Өзбекстандан кетүүгө аргасыз болгон.
Өз кезегинде Мансур Максуди мындай мамилени президенттин кызы менен ажырашкандан кийинки кысым жана куугунтук катары баалаган.
Мансур Максуди Гүлнара Каримова менен ажырашкандан кийин АКШда туруктуу жашап келет. Ислам Каримов көз жумуп, анын кызы Гүлнара түрмөгө камалгандан кийин Максуди швейцариялык Der Bund жана Tages-Anzeiger басылмаларына маегинде бир тууганы Фарид экөө 2012-жылы Швейцарияда камакка алынган 800 миллион франктын 100 миллионун алууну көздөп жатканын айткан. Ал каражат Гүлнара Каримовага акчаны адалдаган деген айып коюлган иштин алкагында камакка алынган болчу.
Максуди бул акчаны Өзбекстанда мыйзамсыз тартып алынган мүлкү үчүн төлөнө турган компенсация катары эсептей турганын билдирген.
«Үй-бүлөм мунун жазасыз калышына жол бербейт. Бул окуяга аздыр-көптүр тиешеси бар адамдардын баарына оңой болбойт», - деген Максуди.
Ачык булактарда Швейцариянын соттору Максудинин талабын канааттандырганы же ага бул каражаттын кандайдыр бир бөлүгүн өткөрүп бергени тууралуу маалымат жок.
Ислам Каримовдун дагы бир күйөө баласы, кызы Лоланын күйөөсү Тимур Тилляев кайнатасынын тушунда Өзбекстандагы эң ири дүң жана чекене соода жайларынын бири болгон «Абу Сахий» базарын көзөмөлдөп турган. Калк керектөөчү товарлардын негизги импорту ушул базар аркылуу өткөн. Мындан тышкары Тилляев чет өлкөлөрдө да бизнес жүргүзгөн.
Лола Каримова менен Тимур Тилляев 2000-жылдары эле чет өлкөгө көчүп кетип, көп жылдар бою АКШ, Франция, Швейцария жана Бириккен Араб Эмирликтеринде жашап келишкен.
Экөөнө тең АКШдагы жана Европадагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлкүнө байланыштуу Батыштагы маалымат каражаттарында эл аралык иликтөө жүрүп, чуулгандуу материалдар жарыяланган. Журналисттер президент Каримовдун тушунда жүздөгөн миллион долларга сатылып алынган мүлктүн каражаты кайдан келгенине байланыштуу суроо көтөрүп келишкен.
Каримов 2016-жылы көз жумгандан кийин Тимур Тилляев Өзбекстандагы бизнесин азайта баштаган. Ал өзүнүн бизнес империясынын негизги активи саналган «Абу Сахий» базарын саткан. Ага чейин базарда салык жана бажы органдары текшерүү жүргүзүшкөн.
Ушул жылдын июнь айында Лола Каримова 27 жылдан ашык чогуу жашагандан кийин Тимур Тилляев менен ажырашканын билдирген.
«Коррупция да, үй-бүлөнүн таасири да өзгөргөн жок»
Эгер Ислам Каримовдун тушунда анын туугандары, өзгөчө күйөө балдары, негизинен финансылык агымдарды көзөмөлдөп, бийлик түзүмдөрүндө расмий кызматтарды ээлебеген болсо, анын мураскери Шавкат Мирзиёев башкача моделди көрсөттү. Мындай пикирин Лондондо жайгашкан Central Asia Due Diligence борборунун директору, саясат таануучу Алишер Илхамов билдирди. Анын айтымында, азыркы президенттин күйөө балдары мамлекеттик кызматта да, бизнесте да көрүнүктүү орундарды ээлешкен.
«Коррупция жана ага президенттин үй-бүлөсүнүн аралашуусу жагынан алганда Ислам Каримовдун доорунан бери Өзбекстанда көп нерсе өзгөргөн жок. Болгону анын мүнөзү өзгөрдү. Өзбекстанда иштеген эл аралык компаниялардан көп миллиондук пара талап кылуу сыяктуу өтө одоно көрүнүштөр азайды. Бирок кызыкчылыктардын кагылышы, тууганчылыкка таянган кадр саясаты жана непотизм азайган жок», - дейт Илхамов "Азаттык Азияга" берген комментарийинде.
Шавкат Мирзиёев президент болуп турган алгачкы жылдары бир катар эркин басылмалар президенттин улуу кызынын жолдошу Ойбек Турсунов президенттик администрация жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштегенин жазышкан. Бирок жарлыктарда жана администрациянын расмий сайтындагы жетекчилердин тизмесинде анын аты көрсөтүлгөн эмес. Ал эми жубайы Саида Мирзиёева 2025-жылдын жай айларында атасынын администрациясын жетектөөгө келген.
Ойбек Турсунов адатта коомчулуктун назарынан алыс жүрөт, социалдык тармактарда активдүү эмес жана дээрлик эч кандай билдирүү жасабайт. Ошентсе да анын ысымы ири мамлекеттик активдерди бөлүштүрүү, банк тармагы жана кыймылсыз мүлккө байланышкан иликтөөлөрдө бир нече жолу аталган.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өзбек кызматы "Озодлик" жазгандай, кайнатасы бийликке келгенден кийин Ойбек Турсунов кеминде тогуз компания түзүп, Ташкенттеги жана өлкөнүн башка аймактарындагы жер тилкелерин көзөмөлүнө алган.
Мирзиёевдин президенттигинин алгачкы жылдарында Турсуновдун ысымы көбүнчө Uzcard төлөм системасына байланыштуу айтылып келген. 2020-жылдын май айында ал Uzcard бренди менен иштеген «Бирдиктүү республикалык процессинг борбору» компаниясынын 75 пайыз үлүшүнүн расмий ээси болгон. Ал кезде бул система рынокто дээрлик толук монополияга ээ болуп, 17 миллиондон ашык банк картасын тейлечү. Бул үлүштү сатып алуу бийлик пенсияларды Uzcard карталары аркылуу төлөөгө өткөрүү чечимин кабыл алган учурга туш келген.
Бирок бир нече айдан кийин, 2020-жылдын августунда Uzcard компаниясынын менчик ээлери алмашкан. Турсунов уюштуруучулардын катарынан чыгып, анын үлүшү өлкөдөгү ири мамлекеттик банктарга өткөн. Кийин бул пакет Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттигине өткөрүлгөн.
Турсуновдун коомчулукка белгилүү болгон негизги финансылык активи узак убакыт бою Өзбекстандагы эң ири жеке банктардын бири саналган «Капиталбанк» болуп келген. Ал бул банктагы көзөмөл үлүшүн 2022-жылдын аягында башкаларга өткөрүп берген.
Жакында белгилүү болгондой, президенттин улуу күйөө баласы Ойбек Турсунов Ташкенттин эң белгилүү коммерциялык аймактарынын бири болгон Мирабад районунда жайгашкан Perfectum мобилдик операторунун башкы кеңсесин сатып алууда. Жалпы аянты 10 миң чарчы метрден ашкан төрт имарат жана 0,7 гектар жер тилкеси 98,37 миллиард сумга же болжол менен 8,2 миллион долларга бааланууда.
Бул бүтүмдү Perfectum бренди менен иштеген Rubicon Wireless Communication компаниясынын акционерлери 16-октябрда жактырган. Бул VEON эл аралык тобу Perfectum операторун сатып аларын жарыялагандан үч күн мурун болгон. Beeline Uzbekistan операторуна ээлик кылган VEON Rubicon компаниясынын акцияларынын 100 пайызын 207 миллион долларга сатып алуу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирген.
Ошентип, операторду сатуу жана анын башкы кеңсесин өзүнчө сатуу боюнча эки бүтүм дээрлик бир убакта ишке ашкан. Корпоративдик документтерде алар өз-өзүнчө келишимдер катары көрсөтүлгөн.
Озодлик VEON жана Rubicon компанияларынан эмне үчүн бул имараттар операторду сатып алып жаткан VEONго эмес, Ойбек Турсуновго сатылып жатканын түшүндүрүп берүүнү суранган. Бирок жооп болгон эмес.
Ошол эле учурда риелторлор бүтүмдүн баасы рыноктук нарктан төмөн экенине көңүл бурушкан. Эсеп боюнча, Турсунов бир чарчы метрди 529 доллардан сатып алууда.
«Биздин эсебибиз боюнча, бул көчөдөгү эң кымбат объектилердин бир чарчы метринин баасы 10 миң долларга чейин жетет», - деген Ташкенттеги кыймылсыз мүлк боюнча аты-жөнүн атагысы келбеген адис.
Саясат таануучу Алишер Илхамовдун айтымында, Өзбекстандын президентинин күйөө баласынын ири бизнес активдерин көзөмөлдөшү кызыкчылыктардын кагылышы жана эң жогорку деңгээлдеги непотизм тууралуу суроолорду жаратат.
«Кызыктуу жагдай түзүлүп жатат. Бир караганда Мирзиёевдин кыздары, Ислам Каримовдун кыздарынан айырмаланып, ири бизнес активдерине ээлик кылганы менен көп көзгө уруна беришпейт. Бирок алардын күйөөлөрү башка кеп. Басылмалардагы жана журналисттик иликтөөлөрдөгү материалдар алар кандай ири бизнес активдерин көзөмөлдөп жатканын көрсөтүп турат. Бул Өзбекстанда жогорку деңгээлде кызыкчылыктардын кагылышы жана непотизм системалуу көрүнүшкө айланган деген суроону жаратат. Болбосо президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эбегейсиз байлыгынын келип чыгышын түшүндүрүү кыйын», - дейт Илхамов.
Ойбек Турсуновдун ишмердигин же анын капиталынын келип чыгышын мамлекеттик органдар текшербейт. Анткени ал жакында эле кол тийбестик укугуна ээ болду. Бул макамды мамлекет башчынын күйөө баласы катары эмес, президенттик администрациянын жетекчисинин жолдошу катары алган. Быйыл август айында Шавкат Мирзиёев президенттик администрациянын жетекчилигине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө өзгөчө кепилдик берген мыйзамга кол койгон. Президенттик администрацияны Саида Мирзиёева жетектегендиктен анын күйөөсү Ойбек Турсунов да расмий түрдө корголгон адамдардын катарына кирет. Мыйзам боюнча, администрациядагы саясий кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата мекеменин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүгө тыюу салынат.
Өзбекстандын президентинин дагы бир күйөө баласы, кичүү кызы Шахнозанын жолдошу Отабек Умаров башынан эле элдин көзүндө. Ал көп жылдар бою Instagram баракчасын жүргүзүп, өзүн өзүнчө таанымал фигура катары көрсөтүүгө аракет кылган. Умаров социалдык тармактардагы активдүүлүгүн мамлекеттик органдардагы жана спорттук уюмдардагы жетекчилик кызматтар менен айкалыштырып келген.
2018-жылдын январынан 2024-жылдын ноябрына чейин ал Президенттин мамлекеттик коопсуздук кызмат жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ошол эле учурда Триатлон федерациясын, Борбор Азиянын MMA конфедерациясын жетектеп, кийин Азия Олимпиадалык кеңешинин вице-президенти жана Өзбекстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин биринчи вице-президенти болгон.
Бирок акыркы жылдары Отабек Умаровдун аты коррупция, жашыруун активдер жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу тууралуу эл аралык журналисттик иликтөөлөрдө байма-бай атала баштады.
Быйыл октябрь айында OCCRP менен "Озодлик" жүргүзгөн биргелешкен иликтөөдө Отабек Умаров 2023-жылдын апрелинде кайнатасынын коопсуздук кызматында иштеп жүрүп, жашыруун түрдө Бириккен Араб Эмирликтеринин жарандыгын алганы айтылган. Өзбекстандын мыйзамдары боюнча атайын кызматтагы жогорку кызматкердин чет өлкөнүн жарандыгын алышы мыйзамды жана аскердик антты одоно бузуу катары каралат. Ошондой эле маалымат базалары көрсөткөндөй, Умаров 2025-жылдын башында Дубайдан жалпы баасы 7 миллион долларга жакын 13 кымбат батир сатып алган.
2024-жылдын аягында анын ысымы дагы бир чоң саясий жаңжалдын чордонуна чыккан. Президенттин мурдагы маалымат катчысы Комил Алламжоновго кол салуу аракетинен кийин күч түзүмдөрүндө масштабдуу кадрдык өзгөрүүлөр жүргөн. "Озодликтин" иликтөөлөрүндө Умаров «Офис» деп аталган бейрасмий түзүмдү көзөмөлдөгөнү айтылган. Бул түзүм ири бизнес активдерин кайра бөлүштүрүү жана ишкерлерге басым көрсөтүү менен алектенген деп сүрөттөлөт. Басылманын булактары Комил Алламжонов бул түзүмдүн иши тууралуу президентке маалымат берип турганын, ошондуктан ортодо чыр чыккан болушу мүмкүн экенин айтышкан.
Мындан тышкары, Отабек Умаровдун аты Ташкенттин борбордук аймактарындагы курулуш долбоорлоруна байланыштуу дагы бир катар иликтөөлөрдө аталган. Анда ири курулуш компаниялары өзгөчө укуктарга ээ болуп, шаар тургундарынын жер сатуу мүмкүнчүлүктөрүнө таасир эткени айтылган. Өзбекстандын бийлиги бул айыптоолор боюнча комментарий берген эмес.
Умаров дагы бир резонанстуу окуяга байланыштуу да сынга кабылган. Аны борбор калаанын Мирзо-Улугбек районунда кымбат турак жай комплексин жана жеке хан сарайын жашыруун куруп жатат деп айыпташкан. Болжол менен 1,5 гектар аянтты ээлеген жер тилкесинин баасы 20 миллион доллардын тегерегинде деп бааланган.
Бул окуя 2022-жылы ташкенттик блогер Шохида Саломова курулуштун мыйзамдуулугу жана Умаровдун байлыгынын булагы тууралуу суроо көтөргөндөн кийин коомчулуктун көңүлүн бурган. Көп өтпөй блогер кармалып, «психикалык абалы туруксуз» деп табылып, мажбурлап психиатриялык ооруканага жөнөтүлгөн. Саломова быйыл октябрь айында «дарыгерлердин көзөмөлүндө болуу» шарты менен ооруканадан чыгарылган.
Казакстандын «күчтүү» чыккан күйөө балдары
Казакстандын саясий тарыхындагы «күчтүү күйөө балдар» феномени көбүнчө өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсүнө байланыштуу айтылат. Анын башкаруусу учурунда күйөө балдары саясатта, бизнесте жана күч түзүмдөрүндө маанилүү кызматтарды ээлеп турушкан.
Мурдагы президенттин улуу кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы күйөөсү Рахат Алиев 1990-жылдары жана 2000-жылдардын башында Казакстандагы эле эмес, бүт Борбор Азиядагы эң таасирдүү жана эң белгилүү күйөө балдардын бири болгон. Мындай таасир абалынын туу чокусунда турганда Алиев Улуттук коопсуздук комитетинде (КНБ), Салык полициясында жана Тышкы иштер министрлигинде жогорку кызматтарды аркалаган.
Ал жубайы менен бирге Казакстандагы ири телеканалдарды жана гезиттерди көзөмөлдөп турган. Ошондой эле анын карамагында «Нурбанк» жана кант өндүрүүчү ишканалар болгон.
2007-жылы Рахат Алиев кайнатасы Нурсултан Назарбаевдин ишениминен чыгып калган. Бул окуя анын жашоосун түп-тамырынан өзгөртүп, саясий жана бизнес карьерасынын толук кыйрашына алып келген.
Казакстандын бийлиги Рахат Алиевди өзүнө таандык болгон «Нурбанктын» жетекчилерин уурдоого айыптап, ага каршы кылмыш ишин козгогон. Ал эми Алиев өзү мындай куугунтукка кабылуусунун чыныгы себеби Казакстандын президенттигине талапкер болуу ниети экенин айткан. Анын пикиринде, кайнатасы Нурсултан Назарбаев муну өзүнө каршы чакырык катары кабыл алган.
Назарбаев менен тирештин күчөшүнөн улам Алиев Европага чыгып кеткен. Көп өтпөй ал жубайы менен ажырашып, президентке каршы оппозицияга өткөн. Кийин Казакстанда аны "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган жана адамдарды уурдаган" деген айыптар менен сыртынан соттошкон. 2015-жылы Алиев Вена шаарында түрмөдө сот жараянын күтүп жаткан учурда каза болгон. Австриянын прокуратурасы ал өз жанын кыйган деп билдирген.
Дарига Назарбаеванын кийинки күйөөсү деп айтылып жүргөн Кайрат Шарипбаев 2014-жылдан тартып QazaqGaz улуттук компаниясын жетектеген. 2022-жылдагы Назарбаевдин таасирин алсыраткан кандуу Январь окуясынан кийин ал компаниядан кеткен.
Назарбаевдин дагы бир күйөө баласы, ортончу кызы Динаранын жолдошу Тимур Кулибаев Казакстандагы эле эмес, бүтүндөй Борбор Азиядагы эң бай жана ийгиликтүү күйөө балдардын бири деп эсептелет. Forbes журналынын баамында анын байлыгы 5,4 миллиард долларды түзөт. Ушундай эле көлөмдөгү байлык анын жубайы Динара Назарбаевага да таандык.
Кулибаев кайнатасынын бийлиги тушунда ири капитал топтогон. Ал көп жылдар бою өлкөнүн мунай-газ тармагын көзөмөлдөп, «КазМунайГаздын» биринчи вице-президенти болуп иштеген. Ошондой эле «Самрук-Казына» фонду менен «Атамекен» ишкерлер палатасынын жетекчилигинде болгон. Жубайы экөө өлкөдөгү эң ири банк болгон «Халык банкка» ээлик кылышат.
Январь окуяларынан кийин Кулибаев да Назарбаевдин башка туугандары сыяктуу расмий кызматтарынан кеткен. Бирок ал өлкөдөгү эң бай адамдардын бири макамын сактап келатат.
Казакстандык эркин журналист Лукпан Ахмедьяровдун айтымында, 2022-жылдын январынан кийин Назарбаевдин үй-бүлөсүнөн айрым активдер алынганы тууралуу маалыматтар айтылганы менен Тимур Кулибаевге келгенде олуттуу өзгөрүү байкалган жок.
«Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн активдери кыскартылып жатат деген сөздөр чыккан. Бирок Тимур Кулибаев боюнча андайды байкаган жокмун. Ал мурда "Халык банктын" негизги бенефициары болсо, азыр да ошондой бойдон калды. Компаниялардын ири тармагын көзөмөлдөсө, азыр да ошол активдердин ээси болуп турат. Ошондуктан Кулибаевдин таасири да азайды деген сөздөргө ишене бербейм. Муну тастыктаган ишенимдүү документтерди көрө элекмин. Балким, жаңы бийлик менен кандайдыр бир өз ара түшүнүшүү болгон чыгар», - дейт Ахмедьяров.
Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин кыздары жок, бир уулу бар. Бирок анын дагы бир таасирдүү тууганы бар. Ал карындашынын күйөөсү Темиртай Избастин.
Избастин көп жылдар бою Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин системасында иштеген. Бул мекемени Касым-Жомарт Токаев жетектеп турган мезгилде да кызматта болгон. 2009-жылдан 2022-жылга чейин ал Казакстандын Болгариядагы элчиси болуп иштеген. Бирок Токаев 2022-жылы непотизмге каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган реформа жарыялагандан кийин кызматынан бошотулган. Анын азыркы ишмердиги тууралуу ачык булактарда маалымат жок.
Казакстандык эркин журналист Лукпан Ахмедьяровдун айтымында, Назарбаевдин тушунда президенттин күйөө балдарынын ролу ачык көрүнүп турган.
«Назарбаевдин доорунда баары аздыр-көптүр түшүнүктүү болчу. Рахат Алиев, Тимур Кулибаев сыяктуу күйөө балдар бар эле, алардын таасири жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу көп жазылган, маалыматтар да жетиштүү болчу. Азыркы абал бир аз башкача. Токаев бийликке келгенде анын негизги убадаларынын бири "бир дагы тууганым, жакын адамым же үй-бүлө мүчөм бийликте болбойт" деген сөзү болгон. Бирок азыр парламентте анын жээни бар экенин көрүп жатабыз. Ошондой эле анын жээндери катышкан айрым бизнес долбоорлор тууралуу маалыматтар чыгууда. Эмне үчүн биз президенттин үй-бүлөсү тууралуу көп укпайбыз? Балким аларды кызматтан көрө акча жана бизнес көбүрөөк кызыктырат. Ошондуктан алардын аты-жөнү көп аталбайт. Анткени акча, белгилүү болгондой, тынчтыкты жакшы көрөт», - дейт Ахмедьяров.
Аркадаг жана анын үй-бүлөсү
Түркмөнстанда да туугандык байланыштар экономикалык ресурстарды көзөмөлдөөнү бөлүштүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Мамлекет башчысынын күйөө балдары да бул көрүнүштөн тыш эмес. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, азыркы президент Сердар Бердымухамедовдун үч кызы жана бир уулу бар. Бирок алардын жашоосу тууралуу маалымат абдан жашыруун. Ал эми мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун кыздарынын күйөөлөрү тууралуу маалыматтар эркин басылмаларга жарыяланып турат. Гурбангулы Бердымухамедов президенттик кызматтан кеткенине карабай Халк маслахатын жетектеп, «Аркадаг» («колдоочу») титулун сактап келет.
Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердардан тышкары Огулжахан жана Гүлжахан аттуу эки кызы бар. Алар тууралуу дээрлик эч кандай маалымат жок болчу. Экөө тең чет өлкөдө жашап, коомчулуктан оолак жүрүшкөн.
Огулжахан Атабаева тууралуу ал жолдошу Довлет Атабаев менен Лондондо жашаганы гана белгилүү болгон. Ал кезде Довлет Атабаев Түркмөнстандын Улуу Британиядагы элчилигинде кеңешчи болуп иштечү. 2019-жылы Лондондо жол кырсыгына байланыштуу окуядан кийин ал эркин басылмалар аркылуу кеңири тааныла баштаган.
Ошол учурда жол коопсуздугу эрежелеринин сакталышын видеого тартып жүргөн британ велоблогери дипломатиялык номер тагылган машинаны айдап бара жаткан Атабаев рулда отуруп телефон колдонуп жатканын байкаган. Бул, Улуу Британиянын мыйзамдары боюнча, эреже бузуу болуп эсептелет. Блогер эскертүү бергенде Атабаев орой жооп кайтарганы айтылган.
Кийинчерээк Огулжахан Атабаева менен жолдошу Түркмөнстанга кайтып барышкан. Гурбангулы Бердымухамедовдун улуу кызы атасынын атындагы кайрымдуулук фондунун вице-президенти болуп дайындалган.
Turkmen.news басылмасынын негиздөөчүсү жана башкы редактору Руслан Мятиевдин айтымында, учурда Довлет Атабаев жаңы Аркадаг шаарындагы курулуш долбоорлорун көзөмөлдөйт.
«Биздеги маалымат боюнча, Огулжахан атасынын атындагы фонддун вице-президенти болгондон кийин Довлет да Түркмөнстанга кайтып келген. Азыр ал Аркадаг шаарындагы медициналык кластерлердин курулушун көзөмөлдөйт. Бирок мунун баары расмий маалымат эмес. Анын так эмне менен алектенип жатканын жана жоопкерчилиги кайсы тармакты камтарын эч ким билбейт. Медициналык кластерлер абдан кирешелүү тармак болуп эсептелет. Шаардын курулушуна миллиарддаган каражат бөлүнүп жатат жана чечимдерди жеке өзү Гурбангулы Бердымухамедов кабыл алат. Бул жерде жөн гана байып кетүү эмес, кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу сөз болуп жатат. Ал ири келишимдерди кайнатасынын аркасы менен алып жатат», - дейт Мятиев.
Мурдагы президенттин экинчи кызы тууралуу ачык маалыматтар дээрлик жокко эсе. Мятиевдин айтымында, анын аты Гүлжахан жана ал дипломатка турмушка чыккан.
«Биз Гүлжахандын Түркмөнстанда эмес, Дубайда жашарын так билебиз. Ал улуу эжесине караганда коомчулукка көп чыкпайт. Гүлжахандын өзү эмне менен алектенерин билбейбиз, бирок жолдошунун ишмердиги белгилүү. Ал Түркмөнстандын Дубайдагы башкы консулу. Ал өтө бай адам экенин билебиз. Дубайда кымбат кыймылсыз мүлктөрү бар. Мен анын негизги иши дипломатиялык маселелерди чечүү деп ойлобойм. Бердымухамедовдун күйөө баласы мындай иштер менен гана алектенбейт. Менимче, ал кыймылсыз мүлк, компания ачуу жана банктык эсептер боюнча маселелерди жөнгө салган байланыш түзүүчү адамдын ролун аткарат. Эмирликтердин саясий жана бизнес элитасы менен байланыштарды түзүп, үй-бүлөнүн Дубайдагы кызыкчылыгын көздөйт», - дейт Мятиев.
Оппозициялык эркин түркмөн медиасынын иликтөөлөрүндө айтылгандай, Гурбангулы Бердымухамедовдун беш карындашы бар жана алардын айрымдарынын күйөөлөрү Түркмөнстандын экономикасындагы маанилүү тармактарды көзөмөлдөп алышкан.
Улуу карындашы Дурдынабаттын күйөөсү Аннаназар Режепов Гурбангулы Бердымухамедовдун эң таасирдүү күйөө баласы катары саналган. Ал өзүнө таандык «Нусай Ёллары» сыяктуу компаниялар аркылуу ири мамлекеттик долбоорлорду көзөмөлдөп, анын ичинде баасы 2,3 миллиард долларга жеткен Ашхабад - Түркмөнабат автожолунун курулушуна байланышкан келишимдерди алган.
Бердымухамедовдун дагы бир карындашы Гүлнабаттын күйөөсү Ибабекир Бекдурдыев болсо мамлекеттик сатып алуулардагы ири келишимдери жана бай жашоо образы менен белгилүү болгон.
Түркмөнстанда маалымат каражаттары катуу көзөмөлдөнүп, көз карандысыз интернет булактары бөгөттөлгөндүктөн, өлкө жарандарынын көбү бийликтеги адамдардын туугандарынын байлыгы жана бизнеси тууралуу маалыматка жете албайт. Журналист Руслан Мятиевдин айтымында, жаратылыш газынын ири запастарына карабастан, калктын басымдуу бөлүгү күнүмдүк тиричилик түйшүгү менен алек.
«Түркмөнстанда элди эттин баасы качан түшөрү көбүрөөк кызыктырат. Ким күйөө бала экени, кимдин эмне бизнеси бар экени көпчүлүк үчүн маанилүү эмес. Адамдардын түйшүгү башка: азык-түлүктүн кымбатташы, үй алууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу, эң жөнөкөй керектүү нерселердин жетишсиздиги. Ошондуктан эл президенттин күйөө баласы Дубайда эмне менен алектенип жатат деп эмес, өзүнүн күнүмдүк көйгөйлөрү тууралуу көбүрөөк ойлойт», - дейт Руслан Мятиев.
Күйөө балдар ич ара "бөлүп алган" өлкө
Тажикстанды дээрлик 35 жылдан бери башкарып келе жаткан Эмомали Рахмондун жети кызы бар.
Көз карандысыз жана оппозициялык маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, Рахмондун күйөө балдарын кошкондо үй-бүлө мүчөлөрү да ири бизнес тармактарын көзөмөлдөйт.
Учурда Варшавада жашаган тажикстандык көз карандысыз журналист, оппозициялык маалыматтык-аналитикалык Azda TV долбоорунун негиздөөчүсү Мухаммаджон Кабиринин айтымында, президенттин төрт улуу күйөө баласынын ишмердиги коомчулукка көбүрөөк белгилүү.
«Улуу кызы Фирузанын күйөөсү Махмадзоир Сохибов ири бизнес жана соода тармагында чоң таасирге ээ. Экинчи кызы Озоданын күйөөсү Жамолиддин Нуралиев Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп көп жыл иштеген. Андан тышкары, ага офшордук аймакта катталган Road Solutions компаниясы таандык болгон. Бул компания мамлекеттик бюджеттен курулган жана Кытайдан алынган насыянын эсебинен каржыланган акы төлөнүүчү автожолду тейлеген», - дейт Кабири.
2022-жылы Нуралиев Улуттук банктагы кызматынан кеткен. Андан кийин кайсы кызматка дайындалганы тууралуу маалымат чыккан эмес жана анын коомчулуктагы активдүүлүгү да байкалбайт. Ошол эле учурда Озода Рахмон президенттик аппаратты мурдагыдай эле жетектеп келет. Кабири финансист күйөө бала кайын атасынын ишениминен чыгып калган болушу мүмкүн деген божомолун айтат.
«Төртүнчү кызы Рухшонанын күйөөсү Шамсулло Сохибов көп жылдар бою Тажикстандын Улуу Британиядагы соода өкүлү болуп иштеген. Анын жубайы азыр ошол өлкөдөгү элчи. Ошондой эле Сохибов “Фароз” аттуу көп тармактуу холдинг аркылуу экономиканын монополиялашкан тармактарын көзөмөлдөйт. Мисалы, Тажикстанда айдоочулук күбөлүк берүү системасы толугу менен “Фарозго” байланышкан компаниялар аркылуу жүргүзүлөт. Өлкөдө айдоочулук күбөлүк бере турган мамлекеттик мекеме жок. Жакында болсо чет өлкөдөн автоунаа сатып алгандар үчүн келечектеги утилизация боюнча милдеттүү төлөм киргизишти. Эми бажы төлөмүнөн тышкары, бул үчүн да ири сумма төлөө керек», - дейт Кабири.
Рахмондун дагы бир кызы Парвинанын күйөөсү Ашраф Гулов мамлекеттик кызматта калууда. Ал учурда Тажикстандын Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчиси.
«Ал эмгек жолун Экономика министрлигинен баштап, кийин Тажикстандын Орусиядагы консулу болгон. Андан соң Түркияда элчи болуп иштеп, эки жылдай мурун БАЭдеги элчи кызматына дайындалган. Биз OCCRP менен бирге жүргүзгөн иликтөөдө Гулов мамлекеттик кызматта жүргөндө тогуз жаштагы уулунун атына Дубайдан баасы 1,3 миллион доллар турган кымбат батир сатып алганы аныкталган», - дейт Кабири.
Мурдагы энергетика жана өнөр жай министринин уулу Ашраф Гуловдун аты 2023-жылы дагы маалымат каражаттарына чыккан. Анда “Азаттыктын” тажик кызматы жүргүзгөн иликтөөдө анын жубайы Парвина Рахмон медициналык жана аскердик форма тиккен «Сифат саноат» компаниясынын негиздөөчүсү экени аныкталган. Миллиондогон долларлык мамлекеттик келишимдердин эсебинен бул компания өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы эң ири ишканалардын бирине айланган.
Мухаммаджон Кабиринин айтымында, Эмомали Рахмон президент болуп жаңы келген кезде туугандарын бийликке жолотпой турганын айтып, «Менин бир эле агам бар, ал дагы тракторчу» деп билдирген. Бирок журналист белгилегендей, 30 жылдан ашуун убакыттан кийин президент жана анын көп сандаган туугандары өлкө экономикасынын чоң бөлүгүн көзөмөлдөп калышты.
«Күйөө балдар бизнести өз ара бөлүп алышкан. Бирөө дан тармагын, экинчиси кумшекерди, дагы бири унду, дагы бири дизелди көзөмөлдөйт. Баары бөлүштүрүлгөн. Атаандаштык башка, бизнести өз ара бөлүп алуу башка нерсе. Импорт менен экспорттогу монополияларды да негизинен күйөө балдар көзөмөлдөйт. Өлкөдө мунай да, газ да жок, бирок улам жаңы төлөмдөрдү ойлоп табышат», - дейт ал.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендик алганына 35 жылга жакын убакыт болду. Бул мезгил аралыгында президенттердин күйөө балдары аймактагы саясий жана экономикалык системанын өзүнчө бир бөлүгүнө айланып калганы байкалат. Өлкө башчысы менен туугандык байланыш ири бизнеске, каржы агымдарына жана жогорку мамлекеттик кызматтарга жол ачат. Бирок мындай таасир үй-бүлө ичиндеги же саясий өзгөрүүлөргө жараша тез эле жоголуп кетиши да мүмкүн.
"Азаттык Азиянын" бул макаласынын түп нускасы бул жерде