Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Тышкы саясатка «2»


6-мартта Кыргызстан парламенти 30 маселенин катарында «Манас» абамайданындагы антитеррордук күчтөрдү жайгаштыруу боюнча 11 өлкө менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарды. Ошону менен террорчулукка каршы эларалык күчтөрдү Кыргызстандан чыгаруу боюнча мыйзамдык жөрөлгөлөр аягына чыкты. Анын алдында президент К.Бакиев маселе азырынча ачык калып жатканын билдирген.

Кыргызстандын 11 өлкөнүн тышкы иштер министрликтери менен ортолук байланыштын негизинде ырасталган келишимдерин жокко чыгарууга кыргыз парламентине 2 саатка жетпеген убакыт кетти.

Ал арада кыска талкуу жүрүп, коммунисттер менен “акжолчулар” өкмөт сунушун жактыра тургандыктарын билдиришип, жалпы колдоонун арасында жалгыз депутат, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаеванын сөзү кызуу талашка “жем” таштады. Террорчулукка каршы күрөшүү демилгесин башында колдоп келген өлкөнүн орто жолдон айнып кетиши анын тышкы саясаты кандай абалда экенин көрсөтөрүн белгилеген депутат, андай саясат кандай баага арзый турганын минтип билдлирди.

- Биз азыр ар бир өлкө өз ордун издеп, таап алып жатышканын көрүп жатабыз. Ушундай жагдайда Кыргызстан жээкке сүрүлүп, четте калууда. Бул абдан өкүнтчү нерсе. Мен азыркы президенттин тышкы саясатына “2” деген баа коюш керек, деп эсептейм.

Алдагыдай баага макул эместигин парламенттеги талкууда президент менен өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлдөрү бирооздон билдиришип, айрым эл өкүлдөрү өз кесиптешине биртоп кинелерди коюуга үлгүрүштү. Атүгүл саясаттагы алдагыдай ахывалга бир кезде тышкы иштер министрлигин жетектеп келген Роза Отунбаеванын өзүнүн да тиешеси бар экендигин айтып өтүштү. Көпчүлүк дуулдап колдоп жаткан маселеге башкача өңүттөн баа берүүгө батынган депутатка жооп бериш үчүн сөз да берилген жок.

Роза Отунбаева: - Сиз мага сөз берем дебедиңиз беле, 2 мүнөт берип койсоңуз, мен сөзүмдү айтып коеюн.

Айтибай Тагаев: - Азыр... урматтуу депутаттар, берем-берем азыр, бүтөбүз эмес, дагы 6 маселебиз бар. Мына муну бүтүрүп коелу, анан сөз берем. Баяндамачы баяндасынбы? (Жок!) Суроолор барбы? (Жок!)

Роза Отунбаева: - Жок эми, силерде көпчүлүк да...

Айтибай Тагаев: - Урматтуу депутаттар, аталган мыйзам долбоорун добушка коем. Добуш бериңиздер!

Террорчулукка каршы эларалык аскер аба күчтөрүн Кыргызстандан чыгаруу маселеси мурда эле бышып жетилгенин, аны өкмөт менен президент убагында туура чечишкенин өкмөттүн парламенттеги өкүлү Мурза Капаров белгиледи.

- Бул маселеде президент, мен ойлойм, туура мамиле жүргүзүп жатат. Туура чечим кабыл алып жатат. Кайсы жерге барсаң ушул “Манас” абамайданы жөнүндө сөз болот. Бул бизде жалгыз эларалык аэропорт. Ошол жерде базанын турганы, канча кемчиликтер болду, канча кырсыктар болду, ал жөнүндө айтпай эле коеюн,- деп айтты Мурза Капаров.

“Манас” абамайданындагы террорчулукка каршы күчтөрдүн турушуна кыйла жылдардан бери эрикпей каршылык билдирип келген Кыргызстан коммунисттеринин жолбашчысы Исхак Масалиев Ооганстанда болуп ал жердеги абал менен жакшы тааныш экенин маалымдады.

- Ал эми ошол жердин элинин жыргалчылыгын биз көргөн жокпуз. Ошондуктан бул жерде саясат деп, пайда көрөбүз, деген сөзгө мен кошулбайт элем. Бирок түшүнөм. Бул турмушта ошондой экен да. Куралды ким чыгарат? Бирөө чыгарат, сатат. Бирөө окторду чыгарып сатып, акча табат. Менин оюмча, бул жерде денонсацияны көп деле талкуулаштын кереги жок. Биз “А” деп айткандан “Б” деп айтышыбыз керек. Биз өкүнөбүз, муну мурдараак чечим кабыл алыш керек эле.

Исхак Масалиев өкүнүч менен белгилеп жаткан маселени “Акжол” фракциясынын өкүлдөрү президент К.Бакиев Москвадан туруп “Манастагы” аскерий база чыгарылышын билдиргенге чейин колдобой келишкен. Анткен менен эларалык коалиция күчтөрүн Кыргызстандан чыгарууга байланышкан укуктук жөрөлгөлөр аягына чыкканы менен маселеге дагыле чекит коюла элек. “ВВС” корпорациясына берген маегинде президент К.Бакиев маселе ачык калганын, ал жөнүндө сүйлөшүүлөргө Кыргызстан даяр экенин билдиргенден бери саясий оюн дагы уланарын айрым серепчилер ачык эле айтууга өтүштү.

XS
SM
MD
LG