Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Обаманын эңсегени - атомсуз дүйнө


Казакстан - Семейдеги биринчи атом сынагы. 29-август,1949-жыл.
Казакстан - Семейдеги биринчи атом сынагы. 29-август,1949-жыл.

Бейшембиде (24-сентябрда) Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болот. Ага тарыхта биринчи ирет АКШ президенти төрагалык кылат.

Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон ырастагандай, президент Барак Обама төрагалык милдетти дүйнөдө ядролук куралдардын жайылышын ооздуктоо канчалык маанилүү экенине БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүн ынантуу үчүн пайдаланат.

"Атом куралы жок эле дүйнөдө тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылса болорун" Обама быйыл Прагада сүйлөгөн сөзүндө биринчи мерте оозанып, "Америка буга изден тайбай умтуларына" ишендирген.

Ошол эле учурда ал: "Мен кыялкеч эмесмин. Бул максатка тез эле, балким, менин өмүрүм өткөнчө деле жетише койгонго болбосун билем", - деп моюнга алган. Буга дагы көп чыдамкайлык жана көшөлгөн аракет керек. Дүйнөнүн өзгөрүшүнө ишенбегендерге аны өзгөртсө болот деген ишенимди каршы коюу зарыл болот.

"The New York Times" гезитиндеги макалада Обама сексенинчи жылдары Рейгандын "жылдыздар согушу" жарыяланган кездерде Колумбия университетинде окуп жүрүп,андан соң журналист иретинде атом куралдарынын коркунучу,аларды жок кылуу жолдору жана ыкмалары туурасында бир нече ирет макалалар жазганы айтылат. Президенттин азыркы идеялары анын жаш кезинен көкүрөк-көңүлүндө баккан ойлору экени талашсыз.

"Апааттуу куралдардын таркалышын ооздуктап, атом жарагы жок дүйнөгө умтулушубуз керек,эгер аракеттенбесек бардык аймактарда ядролук жарыша куралданууга, согушка жана кеңири масштабдагы терроризмге жол ачылат", - деп эскертти Обама бүгүн (23-сентябрда) БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө.

Атом куралдарына каршы күрөшүү корунун президенти Жозеф Сиринсионе бейшембидеги жыйынга Обаманын атайын төрага болуп жатканын анын өз мүдөөсүн жүзөгө ашыруу жолундагы алгачкы конкреттүү аракети катары баалады. Анын үстүнө Обамага дагы бир ишенимдүү иркектеш табылды – Британия жыйында сунуш кылына турган демилгени толук колдогону жатат.

"Орустар да буга даяр", - дейт Сиринсионе. Алар америкалыктар менен англистердей өз мүдөөсүн бийик апазда билдиришпесе да президент Дмитрий Медведев, премьер Владимир Путин атом куралынан арылган дүйнөгө кызыкдар экенин, ядролук дүрмөттөр менен ракеталарды кыскартуу жагынан АКШ менен жаңы келишим түзгөнгө ыкыласын ырасташты.

Коопсуздук Кеңешине сунуш кылынганы жаткан резолюциянын долбооруна атом куралдарынын жалпы бардык түрүнөн баш тартуу идеясы кошумчаланышы ыктымал.

АКШ ядролук сыноолорго жалпы бирдей тыюу салган келишимге кошула элек. Обама аны конгресстен ратификациядан өткөргөнгө убада берди.

Мындан тышкары атом куралдарына жарактуу материалдар өндүрүшүнө байланыштуу да ушундай эле маанидеги келишим түзүүнү, бу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону, апрелде АКШда атайын саммит өткөрүүнү сунуш кылды. Коопсуздук Кеңешинин бейшембидеги жыйынында Обама ушул демилгелерин кең-кесири өнүктүрмөкчү.

Дүйнөдө азыр сегиз өлкө - АКШ, Россия, Британия, Кытай, Франция, Түндүк Корея, Индия жана Пакистан өзөктүк куралга ээ болушкан. Израилде атом энергетикасы бар, ал эми курал-жарак чөйрөсүнө байланышкан иштерди жөөт өкмөтү эч качан ачыкка чыгарган эмес.

Ирандын атом программасы болсо ушу тушта эл аралык коомчулукту шек санаткан башкы маселеге айланды. Бейшембидеги (24-сентябрдагы) жыйынга улай эле Кеңештин туруктуу беш мүчөсү жана Германия Ирандын өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү башташат.

XS
SM
MD
LG