Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Адвокаттар басымга даттанышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда адвокаттарга карата басым жөнүндө камтамачылык бир учурда үч жактоочу Аскер прокуратурасына суракка чакырылган соң жаралды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан Сергей Слесарев жана Замир Жоошев, мурдагы президенттин жансакчысы Канат Сагымбаевдин жактоочусу Бакытбек Автандил уулу Аскер прокуратурасына акыркы күндөрү суракка чакырылды.

Адвокат Сергей Слесаревдин айтымында, аны прокуратура ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш иши боюнча чакырган:​

- Чакыруу кагазында көрсөтүлгөндөй Курсан Асановго козголгон кылмыш иши боюнча чакырышкан экен. Мен аларга атайын кат жазып, адвокат айыпталуучуларга карата укуктук жардам көрсөткөндүктөн суракка алынбашы керектигин түшүндүрдүм, - деди Слесарев.

Ал эми калган эки жактоочу Замир Жоошев жана Бакытбек Автандил уулу кайсы иш боюнча чакырылганы өздөрүнө да беймаалым.

Алар да Слесарев сыяктуу эле суракка баруудан баш тарткан. Өз кадамын Замир Жоошев төмөнкүчө түшүндүргөн:

Замир Жоошев
Замир Жоошев

- Кайсы маселе, кайсы иш боюнча чакырып жатканы түшүнүксүз. Ал жерде мындай жазып коюптур, «сизге тиешелүү суроолор боюнча» деп. Эми мага көп нерсе тиешелүү да. Мен барбайм. Бул чакыруу жарабайт. Кандай болгон күндө да мен коргоп жаткан жарандар боюнча маалымат бере албайм.

Дал ушундай кырдаалда Кыргызстандын Адвокаттар кеңеши жактоочулардын суракка чакырылышын сындаган билдирүү таратты.

Аталган кеңештин төрагасы Билим Райымкуловдун айтымында, адвокаттарды суракка чакыруу Конституция баштаган бир нече мыйзамга каршы келет:

- "Адвокаттык ишмердиктин көз карандысыздыгын кепилдиктери жана адвокаттын кол тийбестиги жөнүндөгү" мыйзамдын 29-беренесинде бир катар нормалар камтылган. Алардын ичинен эң маанилүүсү "адвокат укуктук жардам көрсөтүп жаткан учурда билген маалыматтары боюнча суракка чакырылбайт жана суралбайт" деп жазылган.

Буга байланыштуу Адвокаттар кеңеши адвокаттар туш болгон акыркы окуялар боюнча өлкөнүн тиешелүү органдарын мыйзамды так сактоого чакырды.

Бирок Башкы прокуратура адвокаттарга карата мыйзам бузулбаганын билдирүүдө.

Башкы көзөмөл органдын расмий өкүлү Наргиза Куватованын айтымында, адвокат Бакытбек Автандил уулу буга чейин өзү жактоочу болгон ишке байланыштуу күбө катары чакырылган. Тагыраагы, анын акыркы саясатчылардын ишине таптакыр тиешеси жок.

Куватова ошондой эле адвокаттар Слесарев менен Жоошев да мыйзамга ылайык чакырылганын кошумчалады:

- Автандил уулу бир канча убакыт мурда Өзбекстандын жаранынын укугун коргогон экен. Кийин ал жаран башка адвокат алыптыр. Жаңы адвокат ишти тергеп жаткан тергөөчүнүн үстүнөн "адвокаттын жана кылмышка шектүүнүн кол тамгасын жасалма түрдө оңдогон" деп арыз жазыптыр. Мына ушул иш боюнча соттук кол тамга экспертизанын жыйынтыгы менен таанышуу үчүн гана чакыртылды. Ал эми Слесерев менен Жоошев да Кылмыш кодексинин алкагында чакырылган, - деди Куватова.

Ал арада адвокат Нурбек Токтакуновго жана укук коргоочу Динара Ошурахуновага карата коркутуп-үркүтүүлөр болгону маалым болду.

Замир Жоошев
Замир Жоошев

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кызыкчылыгын сотто коргогон Нурбек Токтакуновдун алгач айдоочусун сабап кетишсе, кийинчерээк белгисиз адам телефон чалып коркуткан.

Ушундай эле коркутуу укук коргоочу Динара Ошурахуновага да болгон.

Бул эки укук коргоочу акыркы учурда коррупцияга каршы митингдерге активдүү катышып, бийликтин дарегине сын айтып келе жатышат. Алар коркутууларды кесиптик ишмердигине байланыштырууда.


Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков Токтакуновдун айдоочусунун сабалышы жана Ошурахуновага карата коркутуулар боюнча арыз түшүп, учурда тергелип жатканын билдирди.

Кыргызстанда оппозициячыл саясатчылардын укугун коргогон адвокаттарга карата ар кыл чара көрүү аракети буга чейин да катталган. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Таалайкүл Токтакунова жана Канат Азизге акчалай айыппул салынса, дагы бир адвокат Икрамидин Айткуловду белгисиз адамдар сабап кеткен.

Буга чейин бир катар саясатчылардын адвокаты болгон Икрамидин Айткуловго быйыл "алдамчылык" беренеси боюнча иш козголуп, учурда териштирилүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG