Бала комуз черткенди билчү эмес. Баарын баласын учкаштырып үйүнө келген карыядан көрүп, атасынын комузчулук өнөрүн билди, анын жалгыз күүсүн да ошол чоочун адам чертип берген. Дүйнөдөн эрте өткөн Окин Кулматовдун кырчын курагында жазган “Жалгыз күү” аңгемеси 1963-жылы “Жаш ленинчи” журналына жарыяланган экен.
Бир түп кара жыгач, терек
Окин Кулматовдун аңгемеси балдар журналына жарыяланганын уулу Алмаз билгендерден угуп кыйла жыл издеген, таберик чыгарма акыры табылды. Социализм заманында балдардын “Жаш ленинчи” деген жайдары журналы чыгар эле, ошондо жарыяланыптыр. Учурда басылма “Кырчын” деген ат менен чыгат.
“Жалгыз күү” - муундар байланышы, ата өнөрү, өткөндү унутпай, ортолук карым-катыш токтолбой жүрүп турушу керектигин баяндаган чыгарма. Журналдын редакциясы аңгемени жарыялап жатканда баш сөз жазып, анда:
“Жалгыз күүнү” жазган автор ушул аңгемеси жарык көрүп, окурман колуна тие турган жападан-жалгыз чыгармасы болуп каларын боолгобосо керек. Калеминен дагы чыгармалар жаралар деп үмүт кылгандыр. А балким, ушуну менен башка жазылбасын билгендир же жазбай турган болуп чечкендир. Биз аны билбейбиз. Чыгарма жарык көргөндө балдары жарык дүйнөгө жарала элек болчу. Автору Окин Кулматов. 22 жашында, студент кезинде жазган экен. А балдары эс тартканда автор дүйнө салган болот”, -деп маалымдаган.
Чыгармада автордун өз башынан өткөн окуя, атасынан артында калган жалгыз күүсүнүн чоо-жайы баяндалган. Өкүнүчкө, кызыктуу аңгемеси автордун жалгыз чыгармасы болуп каларын эч ким ойлобосо деле керек.
Тоо арасында көчүп-конуп жүргөн калк отурукташып айыл түшүп, бирок да ал нукура кыштак кейпине келе электиги аңгемедеги балык жон төрт терезелүү тамдын артындагы чоң түп кара жыгач менен бир түп теректен билинип турат.
“Кыштакты кайдан карасаң да, кайсыл убак болбосун адегенде ошол бак даана көрүнүп турат. Анан ошол бак боюнча “бактан бешинчи, бактан алтынчы, бактын бет маңдайындагы” деп өз үйлөрүн ажыратышат. Кызык! Эмнегедир ушул айылда ушул эки түп бактан башка бир да бирөөнүн бактары жок. Кыштакта ар түрдүү, ар жаштагы адамдар болсо деле бак жагына келгенде биздин үй гана айырмаланат.
Бул бакты атам Мамбет кыштак ушул жерге орношкон жылдарда калемче кылып сайган экен. Эмнегедир ушул эки түп бак – мага бардыгынан кымбат. Мен атамды көрсөм да толук ажырата албай калдым. Бар болгону атамдын күзүндөгү ушул биздин теректин жалбырактарындай сейрек сакалы гана көз алдымда турат. “Бала ата-эненин өмүрүнүн уландысы, алардын ишинин улантуучусу дейт. Сен атаңдын толуп жаткан өнөрүнөн кур кол калдың, кур десе колуңдан келгени ушул атаң тиккен бакка кошумчалап, бирдеме өстүрсөң боло” деген апамдын сөзүнөн кийин мектепке жаңы алып келген өрүктүн жыгачынан беш-алтысын отургузгам. “Жаңы өстүргөн бак тежемел баланы баккан менен бирдей” деген атамдын сөзүн айылдагылар көп эскертчү. Ошентип, быйыл жайлоого барбай эртели кеч ушул өрүктөрдүн жанындамын”.
Өрүктөрдүн жанында бала сабагын окуп, көк шибер үстүндө китеп кызыгына батып отурса эшик алдындагы итти үрдүрүп сырттан бирөөнүн дүпүрөтө бастырып келгенин эшитти. Ат үстүндөгү аксакал “үйдө мен бармын” деген баланы жанына чакырды.
“Артына бала учкаштырган, торала ат минип көз айнек тартынган бир чал эшиктин алдына токтоптур.
- Мамбеттин үйү ушулбу?
- Ооба, түшүңүз.
- Байбичеси кайда экен?
Анын салмак менен чыккан бул сөзүнөн кийин эки жактан апамды издеп:
- Эми эле үйдө эле. Келип калар.
- Сен Мамбеттин уулусуңбу?
- Ооба, - өмүрүмдө көрбөгөн адамдын мени билишине бир таңыркадым. Ал артындагы учкашкан балага кайрылып:
- Кана уулум, кожоюнум, чекке жеттик ко, – деди.
Ушул сөздү күткөнсүп бала аттан секирип түшүп:
- Байкебай, атамды түшүрүп алсаңыз, атамдын...
- Ал жалооруй мага карап өзүнүн эки көзүн басып койду. Мен нес болгондой туруп калдым. Баланын муңайым чыккан сөзү абышканын көзү көрбөй тургандыгынан да оор тийди: үйгө кирели деген өтүнүчүмө:
- Шашпа, байбиче келсин. Теректин түбүнө барып бир аз отуралычы. Көптөн бери сагынбадымбы... уулум. Кайран гана теректер, таранган кыздардай жазгы желге шуудурап турган тура!”.
Апасы бир жакка басып кеткен окшойт, көрүнбөдү. Чалды атынан түшүрүп атканда колунда комузу бар экенин көргөн. Чертеби деген, бирок ал комузун учкаштырып келген баласына сунуп, “кана кожоюн, бир аз эрмек болуп берчи, – деди".
Балага мунусу табышмак эле, кичинекей бала кантип комуз черте алсын. Комуз чертүү оңой-олтоң нерсе эмес.
Комуз
Бала комузду колуна алып Алымкулдун жай обонун черте баштады. Аны биринчи көрүп аткан балага “комузду кармашы, колду ташташы, кадим эле үйрөнгөн, машыккан комузчулардай” таасир калтырды. Мына кызык, тырмактай деген балада чоң өнөр жаткан турбайбы. Кайрууларын так келтирип, колу жеңил ойноп, эки-үч обонду чертип берди. Анан бир убакта чал балага бурулуп “комуз билесиңби” деп сурап калды. Бала комуз черткенди билчү эмес, атасынын комузун бир киши берип кеткени менен айылда комузчу жоктугунан үйрөнө албай таберик буюм үйдө жөн эле дубалда илинип турчу.
Комуз күүсүн угуп ал кызыкча абалда отурду. Атасы комуз черткен, элге таанылган өнөрпөз адам болсо баласынын андан чет калышы биралдын уялтып, ичинен кызыкча абалда отурду. Аксакал киши баланын аты Омор экенин да билет экен. Баланы кичине кезинен көргөн адам окшойт. Болбосо кайдан билмек? Баласынын обондорду кайрып черткени көңүлүнө төп келбедиби же отура бергенден эриктиби, иши кылып, аксакал комузду колуна алып күүгө өттү:
“Анан чал уулунан комузду алды да “эмесе угуп тур” дегендей черте баштады. Комузга жан кире баштады. Күү жай башталып, анан улам шаңкылдап көңүлдү карк кыла берди. Күү кулакка кандайдыр жаккан сезилди. Бир паста ошончолук кайгылуу, ошончолук муңдуу бир ыргакка өттү.
Менин көз алдыма күү ыргактарынан кең адырлуу тоо, колот, шаркырап аккан суу, мемиреген айлана; арышын салмак менен таштап ошол кең өрөөндөрдүн биринде бийикке өрдөп бараткан түйшүкчүл адамдын кебетеси тартылат, артынан карап калгандай болом. Балким, күү бир аз созулганда мен “Оо, адам, токтой тур, мен да сен бараткан бийиктикке чыгам!” деп кыйкырат белем. Айтор күү токтоп, мен ал өйдөгө тырмышкан адамга “кош” кете бер деп шаша айткандай селдейе түштүм. Бул күү атамдын күүсү. Ооба, менин атамдын “Өмүр” деген күүсү.
Ушул мүлжүлгөн аркадай куу сакал чалдын өзүнөнбү же анын жүрөк титиреткен күүсүнөнбү, айтор өткөндөгү бир окуя мени өзүнө сүйрөдү”.
Бала шамал жүрүп боз үйдүн туурдуктарын желпилдеткенинен, керегенин кыйчылдаганынан, анан ысыкта уйлардын сайгактаганынан коркчу. Комуз күүсү аны өзү жакшы билген кыялый дүйнөгө алып кирип кетти. Ошол ысыкта сайгактаган уйларды кайтарып жүрчүдө жайык сайдагы көк майсаңга тигилип калган боз үйгө баш бакса төрдө бир чал жанаякка асмай ийлеп отуруптур. Улуу кишиге сөзсүз салам айтуу жөрөлгөсүн жасап учурашып иреге жакка отура калган баладан кимдин баласы экенин сураган. Атасы Мамбет, өз аты Омор экенин айткан. Аксакал укканын кайра тактап “алиги комузчу Мамбетпи?” деп сурады. Атасын айылдагылардын бир да бирөө комузчу дешчү эмес эле. “Уста Мамбет”, “уйчу Мамбет” дешчү. Мамбеттин колунан чыккан боз үйлөр айылдагылардын көбүндө бар эле, Москвадагы көргөзмөгө тигилген Абдыразак агайдын боз үйүн Мамбет уста жасаган. “Кара-Колдогу үйлөрдүн чоңу ошол Абдразактыкы”.
Уруш
Бул бала жаңы төрөлгөндө атасы согушка кеткен. Үч жылдан кийин жарадар болуп майдандан кайтып келген. Госпиталда жатканда кат жазып: “Жаратым жакшы, барганда баарыңарды бирден үйлүү кылам” дептир. Айылдагылар ошол сөзгө эле ыраазы болуп сүйүнүп жүрүштү. Кайдан, согуштан кайтып келгенден бир жарым жылдан кийин алган жараатынан оңоло албай каза болду. Ошол боз үйдөгү чал атасы мыкты комузчу экенин, касиеттүү өнөрдү андан үйрөнгөнүн айтып, анан керегеде илинип турган комузду алып ушул күүнү чертип берген. Бала анда күүнү анча жакшы түшүнө албаптыр:
“Бирде аттын таскагындай шайбырлап чыкса, бирде жамгыр жаагандай шыбыргактайт. Аяк жагы күңгүрөнөт. Мени өзгөчө ушул аяк жагы кызыктырды: эмнегедир бир жери жетпей жаткансыйт. Башталганы шаңдуу, бийик чыгат да бир паста жарыштан озгон күлүктүн капысынан буту сынгансып, жай термеле түшөт. Бирок күүнүн аягы өкүнүчтүү бүтпөйт: кайра элпек лепилдеп жүрөккө от жагып каныңды кызытат. Кандайдыр бир жакка, алыска чакырат. Карыянын колу комузда ойноктогон жок, комузу деле ордунда турду. Тек гана күнгүрөнүп олтуруп, макул дегендей башын силкилдетип, комуздун боорун “эзип”, “мыжыгып” чертти.
Чал менен андан кийин көрүшкөн эмесмин.
Жыл айланган соң анын баягыда байбичеси өлүп, Жумгалдагы кыздарына кетиптир деген сөздү ар кимден уктук. Ошондогу анын “ата ушундай жакшы адамдардын артындагы туягына өнөрү калбаганын карачы” деп каңырыгы түтөп айткан сөзү алигиче көңүлүмдө. Ошондогу чертилген күү мени арбап алганбы, ар дайым кулагыма угулуп турчу. Чал менен коштошуп үйдү көздөй басканымда, ал мага “ме, атаңдын комузу эле, үйрөнүп ал” деп комузун берди да уйларды сайдан чыгарышып, суудан өткөнчө карап турду".
Ошол комуз үйүндө илинип турат. Атасынын күүсүн элес-булас эстеп калган чакта мына бул киши атасынын үйүн өзү издеп таап келип жалгыз күүсүн чертип берип жатпайбы. Келген адамдын аты Самсаалы экен, күүлөрү радиодон угузулуп, көпчүлүк эл берилип турган сыйкырдуу өнөрдүн ээси экенин кийин билди.
Мамбет комузчунун жалгыз “Өмүр күүсүн” билген комузчулар унутпай чертип, чоо-жайын айтып, угармандардын кулагына куюп, кийинки муун унутпай жүрсүн деп баласын такай жанында ээрчитип жүрүп, өнөрдүн барк-баасын кулагына куюп, дилине уютуп кетишет тура.
Айыл азыр бак-шактуу, баланын тиккен өрүктөрүн улай үй сайын мөмө-жемиштер көбөйүп жашоо-турмуш өзгөрдү. Бала атасынан калган күүнү кары кишилер гана чертет, алдан-күчтөн тайып бараткан карылардын күүсү болсо керек деп ойлоп жүрүптүр. Андай эмес экен, өмүр күүсү кары-жаш дебей жашоо-тирдик, өмүр-өлүм, көбөйүү-кемүү, бирде басаңдап, кайра күчөп акчу өмүр тууралуу көркөм туюму зирек өнөр адамынын дилинен сызылып чыккан сыры, арманы, өкүтү, кубанычы-кайгысы экен. Андайда күү унутулбайт тура.
Окин Кулматовдун жалгыз күүсү – атасы Мамбеттин өмүр күүсү тууралуу чын дилден баяндаган аңгемесинин журналдык вариантын айтылуу сүрөтчү Белек Жумабаев кооздогон. Кыргыз сүрөт өнөрүндө ополтоо из калтырган таланттуу сүрөтчүнүн каламынан чыккан ар бир сүрөт ушу тапта таберик, “Жалгыз күүнүн” жасалгасы да ошондой.