Орусия Украинага кандуу согуш ачкандан бери Кемеров облусунун 600 киши жашаган Усть-Кабырза айылында мобилизацияга тартылган үч кишинин сөөгү жерге берилди. 2022-жылы Никита Корольковду акыркы сапарга узатышса, быйыл шор элинин өкүлдөрү Игорь Тепчегешев жана Владимир Шипеев менен коштошту.
"Сибирь.Реалии" долбоорунун журналисти Усть-Кабырзага барып, жергиликтүү тургундар менен Украинадагы согуш, мобилизация тууралуу баарлашкан.
Айылды Мрасс-Су дарыясы экиге бөлүп турат. Бир тарабында турак үйлөр, суунун аркы өйүзүндө көрүстөн бар. Эки жээкти байланыштырган көпүрөнүн иштен чыкканына көп болду. Аны калыбына келтирейин деген деле киши жок. Каза болгондордун сөөгүн аркы өйүзгө кайык менен алып өтүшөт.
"Ак көңүл, адамга зыяны жок жигит өлдү"
Усть-Кабырзадагы дарыянын оң тарабында бир нече көчө, мектеп, бала бакча, почта, администрация, дүкөндөр, "Z" пропагандасы бар көрнөк-жарнактарды көрүүгө болот.
Алтургай жергиликтүү тургундар да "Z" белгиси бар футболкаларды кийип алган.
Суунун башка тарабында бир нече гана үйдү көрүүгө болот. Бул жакка дарыядагы суу толгуча айылдыктар кайык менен катташат. Талкаланган көпүрөдөн өтүүдөн кооптонушат.
Ушул эле жээкте көрүстөн бар. Маркумдардын сөөгүн ага эки жол менен алып келсе болот.
"Жерде-сууда жүрө ала турган "Уралды" арендага алса болот. Бирок аны менен дарыяны жайында гана кесип өтө алабыз. Кышында Мрасс-Cу тоңгондо анын үстүнөн чоң машине деле эч маселесиз өтөт. Калган убакта моторлуу кайыкты колдонобуз, ал баарында бар. Дарыядан табытты кайык менен өткөрүп алып, мүрзөгө колго көтөрүп барабыз. Кантебиз анан? Бирок жол деле кыска, көп болсо 5-10 мүнөт тоого карай жүрөбүз. Ал эми жерде-сууда жүрө ала турган "Урал" менен мүрзөгө чейин жетсе болот. Болгону кышында кар көп жааганда кол менен тазалоого туура келет",- дейт шор коомунун башчысы Анатолий Судочаков.
Көрүстөндө жакында эле Украинадагы согушта каза болгон үч жигиттин мүрзөсү көзгө дароо көрүнөт.
Владимир Шипеевдин эжеси Ирина Величутина учурда Новокузнецкиде чач тарач болуп иштейт. Инисин сөөгүн жерге берүүгө жергиликтүү администрация жардам бергенин айтты.
"17-август Вованын туулган күн болчу. Эми инимди 1-июлда эскеребиз. Ушул күнү набыт болгон. Шор салт-санааларына ылайык, арбактардын урматына от жагабыз. Байыртан келаткан айрым жөрөлгөлөрдү сактап калганбыз, бирок тарсалардай крест тагынабыз. Биз, Шипеевдер толук кандуу шорлорбуз. Тегибиз Бугзас айылынан болот. Үй-бүлөдө менден башка эки иним бар. Володя кичүүсү болчу", - деди Ирина.
30 жаштагы Шипеев согушка 2022-жылдын күзүндө, мобилизация башталганда тартылган. Быйыл 3-июлда эс алууга чыкмак, бирок үлгүрбөй калды. 1-июлдагы атышууда далысына ок тийип, талаа госпиталына жетпей жан берген. Сөөгү туулган айылына 14 күндө араң жеткен. Иринанын айтымында Владимирди акыркы сапарга узатууга 200дөй киши чогулган. Көбү тууган-уруктары болгон.
"Усть-Кабырза айылынан согушка көптөрдү алып кетишти. Вова атайын операциядан (Орусиянын бийлиги согушту "атайын аскердик операция" деп атайт) корккон эмес. Чакыруу алары менен дароо жөнөдү. Октябрда фронтто болду. Бирок үй-бүлөбүз менен абдан сарсанаа болдук. Үй-бүлөбүздөгү эки бала тең согушка кетти. Экинчи иним келишим менен кызмат өтөп жаткан. Оң колун ок жулгандан кийин кайтып келди. Азыр Таштоголдогу келишим менен кызмат өтөгөндөр менен иштешет", - дейт Величутина.
Владимир Шипеев мектептен кийин армияга барып, танк башкаруу жаатында кызмат өтөгөн. Армиядан кийин айылында калып, анда-мында Новокузнецкиде айдоочу болуп акча таап келчү.
"Айылдагы балдардай эле балык улаганды жакшы көрчү. Мени да үйрөткөн. Үйдүн кенжеси болгондуктан баарыбыз жакшы көрчүбүз. Аябай мээримдүү, "жок" дегенди билчү эмес. Көп иштерди акысына эмес, жөн эле бүтүрүп берчү. Азыр иним абдан жетишпей турат", - деди Ирина.
"Жаштар чоң шаарларга кетет же аракечтикке берилет"
1960-жылы Мрасс-Су дарыясындагы суу нугунан чыгып, айылды каптап кеткен. 1962-жылы ушул эле дарыяга сегиз мектеп окуучусу чөгүп кеткен.
Жергиликтүү № 26 мектептин короосунда ошол окуучулардын элесине арналган эстелик турат. Имараттын дубалына учурда Никита Корольковдун сүрөтү илинген.
Мектептин кире беришинен мемориалдык тактаны көрүүгө болот.
"Мектептин тышына сүрөтүн илүү - классташымдын демилгеси болду. Ал азыр өзү мугалим болуп иштейт. Корольков анын уулу. Жети жыл келишим менен Псков дивизиясында кызмат өтөп келген. Согуш башталганы аларды биринчи алып кетишти", - дейт Анатолий Судочаков.
Корольковдун апасы алгач "Сибирь.Реалии" долбоорунун журналистине маек курууга макул болуп, кийин себебин түшүндүрбөстөн баш тарткан.
"Жакында дагы бир жигит Украинадан кайтып келди. Ал дагы бир классташым Галины Шуртрекованын уулу. Анын өз эрки менен кеткенин билген да эмеспиз. Колун алдырып келди. Питерде дарыланыптыр. Эми протез коюшат. Согушту көп кеп кылбайт. Тыюу салынган го, ал жоокер эмеспи", - деди Судочаков.
Усть-Кабырза - 29 чакан кыштакты бириктирген административдик борбор. Бул жактагылардын көбү жумушсуз.
"Биз, шорлор, абдан аз санда калдык. Биздин эл жоголуп баратат. Жаштар шаарга кетет. Же болбосо аракечтикке берилип кетишет. Бизде спирт ичимдиктерине иммунитет жок да. Жумуш жок, ичип кетишет. Мына жаңы эле айылды кыдырып келдим, жердин баары жайнаган бөтөлкө. Булар акчаны кайдан алат? Бизде азыр электр жарыгы, байланыш бар. Эптеп жашаса болот. Бир нече жыл мурун телефон чалуу үчүн мен Таштаголго барчумун. Иш болсо жаштар калат эле да. Жергиликтүү тургундарга улуттук паркта аңчылык кылууга тыюу салып коюшту. Буга каршы күрөшүп жатабыз. Федералдык мыйзамдарга жазылгандай, тарыхый аймактарда биздин аңчылык кылып, балык улоого укугубуз бар. Бирок Шор улуттук паркы бизге аңчылыкка тыюу салууда".
Шор улуттук паркы 1989-жылдын 27-декабрында негизделген. Анын аймагы Таштагол районунун төрттөн үч бөлүгүн ээлеп, 414 миң гектар. Айланасында отурукташкан түпкүлүктүү элге парктын дирекциясынын уруксаты жок аңчылык кылып, балык улоого, отун жарууга, картөшкө айдоого, чөп чабууга тыюу салынган.
"Айылдарды кыдырып, кимди тапса баарын алып кетишкен"
Украинада набыт болгон шор жигити Игорь Тепчегешевдин энеси Елена Судочакова жергиликтүү "Трёхречье" музейинде эмгектенет. Ал маек берүүдөн баш тартты. Ал эми музей өзүнчө кеп кылууга татыктуу. Андагы экспозициялардын бири "Шор ГУЛАГЫ" деп аталат.
1938-жылы Темиртоо айылында Горшорлаг деген лагерь пайда болгон. Ал жакта камалгандардын саны 12 миңге жакын киши камалган. Алар темир жолдун курулушунда иштеп, кен казууга тартылган.
Экспозициянын тегерек-чети бийик жыгач дубал жана тикенек зым менен курчалган. Ар кайсы жеринде бийиктиктен байкоо салган бекеттер орнотулган. Ичинде мончо, кир жуучу жай, ашкана, клуб, фельдшердин бөлмөсү, жаза изолятору бар. Азыр музейдин коноктору ашканадан тамак ичип, камерага отуруп чыгышса болот. Горшорлаг 1953-жылы жоюлган.
Усть-Кабырзанын борборунда Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун элесине арналган эстелик турат. 2022-жылдын күзүндө мобилизация жарыяланганы аскердик комиссариаттардын өкүлдөрү 80 жыл мурункудай эле алыскы айылдарды кыдырып жөнөштү.
"Мобилизацияга тартылгандардын арасында көпчүлүгү— шорлор. Муну Шерегеш менен Таштаголдо илинген сүрөттөрдөн эле санап койсо болот. Болгону аларды айдоо оңой, айылдарды кыдырып эле кимди тапса баарын алып кетишкен. Алар жөнөкөй, тилалчаак эмеспи. Бийлик эмне десе, ошону аткарат", - деди Таштаголдун тургуну Павел Поляков.
Таштаголдогу 30 айыл дээрлик цивилизациядан алыс калган. Жайында жергиликтүү тургундар кайык же ат менен жүрөт. Кышында аптасына бир жолу тик учак каттайт. 200-300 рублга райондун борбору Таштаголго барып келсе болот. Мобилизация маалында каттамдар көбөйтүлгөн.
"Аскер комиссариатынын өкүлдөрү армияга эркектерди тартыш үчүн алыскы, жолу жок айылдарга тик учак менен барып жатышты. Эгер 100 киши жашаган айылдан ондогон эркектерди алып кетсе, бул бир гана айыл эмес, бүтүндөй шор элин жок кылууга барабар. Анткени алардын саны 12 миңди гана түзөт. анын үстүнө мобилизациялангандарды дароо өлүмгө жөнөтүшөт",-деди жоголуу коркунучунда турган улуттар коомунун БУУдагы өкүлү Яна Таннагашева.
Жаз айларынан бери Таштагол районуна шор элинин уулдарынын сөөгү салынган табыттар келе баштады.
"Согушта шор улутундагы канча жигит өлгөнүн айта албайм. Социалдык тармактарда "атайын операцияда" набыт болгон тиги же бул адам менен акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт деген маалыматтарды көрүп калам. Көчөлөрдө Украинада мүрт кеткендердин сүрөттөрү менен көрнөк-жарнактар илинип калат. Шор тилинде армияда келишим боюнча кызмат өтөөгө чакырган жарнамаларды көргөн жокмун. Бирок бул жерде шорлордун 99% өзүнүн тилин билбегендиктен андай жарнама деле маанисиз деп ойлойм. Ал эми "атайын операцияны" колдогон шор коомунун өкүлдөрү телеканалардага байма-бай чыгып турушат", - деди Шор коомунун өкүлү Наталья Чудоякова.
Ачык булактардагы маалыматтарга таянуу менен "Сибирь.Реалии" долбоорунун журналисттери согушта каза болгон шор коомунун алты өкүлүн аныктаган. Дагы бирөөнүн дайыны белгисиз. Аларды баары Таштагол, Шерегеш жана Усть-Кабырзанын тургундары.
"Усть-Кабырзадан 10 киши мобилизацияланды. Биз Орусияда жашагандыктан, барыбызга мыйзам бирдей. Айылдардан албетте көп алып кетти. Жакында эле Таштаголдон бирөө келип, алардын районунан 24 киши согушта өлгөнүн айтты. Расмий айтышпайт да. Мен Таштаголдон төрт киши набыт болгонун билем. Согуш шорбу же башкасыбы ылгабайт. Албетте, жаман эле иш болуп жатат", - дейт Анатолий Судочаков.
2022-жылдын июнь айында шор шамандары Таенза дарыясында согушка тартылган орусиялык аскерлерди колдогон жөрөлгөлөрдү өткөргөн. Алар арбактарга аскерлерди коргоо үчүн сыйынган. Бул маалда чымчыктар сайрабай калышкан. Шамандар табият аларды укканын, бул жакшы жышаан экенин, жакында согуш токторун жарыялашкан. Күзүндө мобилизация жарыяланып, согуш ушул күнгө чейин уланууда.
Макаланын түп нускасы "Сибирь.Реалии" долбоорунун сайтына жарыяланган.
Тофалар – Сибирде калган бир ууч эл