Бишкекте коронавируска байланыштуу ачылган күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жаткан 22 жаштагы студент кыз каза болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аны менен чогуу иштеген ыктыярчы, өзүн Бекзат Абдрахманов деп тааныштырган бала билдирди.
Абдрахмановдун айтымында, Адинай Мырзабекова да ал сыяктуу Медициналык академиянын 5-курсунун студенти болчу. Бишкектеги стационарлардын бириндеги абалы орто жана жеңил бейтаптар тейленүүчү “кызыл зонада” аны менен бир команданын курамында иштегенине 11 күн болгон.
14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин Мырзабекова эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза болгон. “Тез жардам” кызматына алып барышса, ал жакта реаниматолог жок болгондуктан жардам көрсөтүлгөн эмес. (Толугу менен бул жерден окуңуз)
Ага чейин социалдык тармактын колдонуучулары 27 жаштагы кардиолог каза болгонун жазышкан.
Кыргызстанда бир суткада эки мектеп директору каза болду. Бул маалыматты "Азаттык" радиосуна Билим берүү жана илим министрлиги тастыктады.
Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Элнура Музаева 14-июлга караган түнү ооруканада каза болгонун анын жакындары кабарлашты.
Маалыматка караганда, 12-июлда Музаеванын күйөөсү Уранбек Кубатбеков өпкөсү сезгенип, мурдагы “Ганси” базасындагы стационарда каза болгон.
Музаева ошондон кийин өзү инсульт болуп, шейшембиге караган түнү реанимациядан үзүлгөн. Өпкөсүн рентгенге тарттырганда 80% пневмония экени аныкталган.
Бишкек шаарынын мэриясы Музаеванын жакындарына көңүл айтып, “Биз үчүн оор жоготуу...” деп билдирди:
“Элнура Турдукуловнанын жетекчилиги менен Көлмө конушундагы мектеп аккредитациядан кийин гимназия макамын алган. Өтө жоопкерчиликтүү, ишин мыкты билген, даанышман, адамдык сапаты жогору жетекчи эле”.
54 жаштагы Музаева 1966-жылы Талас облусунда туулган. Эмгек жолун азыркы Бишкек мамлекеттик университетинин педагогика жана психология кафедрасында баштаган. 1995-жылдан бери борбор калаанын билим берүү тармагында эмгектенип келген. Орус тили жана адабиятынан сабак берчү. Жакындарынын айтымында, мурда Бишкектеги №5 гимназияны да жетектеген.
14-июлда Ош шаарынын Киров атындагы №4 орто мектебинин директору, 61 жаштагы Гүлнара Туташева ооруканада каза болду. Шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, ал эки өпкөсүнөн пневмония болгон, ага чейин кант диабети бар болчу.
Туташева 1959-жылы Өзгөн районунда туулган. 1982-жылы Ош мамлекеттик педагогика институтунун филология факультетин аяктаган. Орус тили жана адабияты, кыргыз тили боюнча сабак берчү. Мектепке директор болуп 2010-жылы дайындалган. Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын отличниги болгон. Өлкө президентинин ыраазычылык каты, Ош мэринин Ардак грамоталары менен сыйланган.
7-июнда Нарын шаарындагы Чкалов атындагы №2 орто мектептин директору 67 жаштагы Айчүрөк Самакова COVID-19 инфекциясынан көз жумган.
Кыргызстанда март айынан бери коронавирустан 149, пневмониядан 497 адам каза болду.
Коронавирустан же пневмониядан каза болгон адамдын сөөгүнөн ооруну жуктуруп алуу коркунучун азайтыш үчүн адистердин айтканын так аткаруу керек. Бул тууралуу 14-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб билдирди.
Штаб тараткан эскертүүдө вирус абада кеминде 3-4 саат жашай алары, эгер тийиштүү эрежелер так сакталса зыянды азайтса болору белгиленди.
Ооруканада үзүлгөн бейтаптын сөөгү өлүкканадан жуулары, кепинделип, полиэтиленге оролуп, зарыл болсо ошол жердин короосунан эле жаназасы окулары жана аны дароо көрүстөнгө алып кетүү зарыл экени айтылды.
Сөөктү ачып, кармап, өбүүгө тыюу салынары эскертилди. (Толук маалымат бул жерде)
COVID-19: Соңку кабарлар
- Чүйдө коронавирусту жана пневмониянын алдын алуу максатында үймө-үй кыдыруу уюштурулат.
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Семетей” госпитал жайында (мурдагы «Ганси» авиабазасы) тиричилик жана медициналык таштандыларды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
- Түркиядан кыргызстандык дарыгерлер келет. 18 дарыгердин бешөө гана өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен уруксат алган жана 15-июлда Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен кеткенге даяр экендигин "Азаттыкка" билдиришти.
- Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, сырттан келген каражаттар COVID-19 илдети менен гана күрөшүү эмес, пандемиядан улам пайда болгон өлкөдөгү каржылык кыйынчылыктарды жоюу үчүн берилген.
- Өкмөт "жакынкы күндөрү өлкөдө дары тартышыгы жоюлат" деп убада берди. Кыргызстандын өзүндө жетишпей жатканына карабай дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу, ташуу боюнча 27 факт катталганы маалым болду.
- Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы Абдыкайым Оморов 63 жаш курагында пневмониядан көз жумду.
14-июлда коронавирус 421 адамдан катталды. Ушуну менен бул инфекцияны жугузуп алгандардын саны 11 538 адамга жетти.
Бишкек шаарында 5 382, Чүй облусунда 2192, Ош шаарында 1112, Ош облусунда 699, Жалал-Абад облусунда 682, Нарын облусунда 653, Ысык-Көл облусунда 368, Баткен облусунда 355, Талас облусунда 95 адам.
Булардын ичинен 4 995 адам айыкты, 149у каза тапты.
Ал эми март айынан бери өпкө кагынынан (пневмония) 497 адам кайтыш болду. Адистер бул ооруну COVID-19 инфекциясы козгоп жатканын айтышууда.