Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Мамтил өлкөсүндө


Петр Кокайсл менен Амирбек Усманов чех тилинде жарыялаган "Кыргызстан тарыхы" китеби.
Петр Кокайсл менен Амирбек Усманов чех тилинде жарыялаган "Кыргызстан тарыхы" китеби.

Сан жагынан салыштырмалуу чакан болгон эл байырлаган бул Мамтил өлкөсү эмне сапаты менен өзүнө кызыгуу жаратат?

“Мамтил өлкөсү” (бул “мамтил” сөзү тууралуу макала соңундагы түшүндүрмөнү караңыз) — бул жомоктогу өлкө эмес. Европанын чордонунда жайгашкан демократиялуу мамлекеттердин бири.

Расмий түрдө “Чех Республикасы” (“Чешска Република”) деп аталган жана биз шарттуу түрдө “Мамтил өлкөсү” деп атап жаткан бул өлкө орто кылымдардан бери кыйла убакытттар латын тилдүү жана немис тилдүү ири падышалыктардын курамында калып турган. Ошого карабастан анын азыркы расмий чөйрөсү дипломатиялык тил катары өз эне тилин гана колдонот. Маселен, чех мамлекет башчысы же өкмөт башчысы алыскы Кытайдан, Индиядан, Канададан же Кубадан келген өкүлдөр менен баарлашууда чех тилин таштай салып, мурдагы оторчулардын немис тилине өтүп кетпейт.

Бизде болсо, маселен, ханзуча эң мыкты билген кыргыз тилдүү котормочу жанында турса да, төбөлүң Кытайдын расмий өкүлүнө орусча кайрылып шорду катырып жатпайбы!

“Мамтил өлкөсүндө” чехтерин арасында ар башка этностордун өкүлдөрү да байырлашат. Алардын арасында немистер, словактар, болгарлар, ромалар (бизче “сыгаандар”), социализм доорунан бери байырлап калган вьетнамдар, арабдар, оогандар, улам саны көбөйгөн украиндер, аз санда болсо да кыргыздар, казактар, өзбектер, англистер ж.б. бар. Алардын бардыгы тең мамтилде эркин сүйлөшөт.

Бул келгин улуттардын өкүлдөрү “Мамтил өлкөсүнүн” атуулдугун алышса, чехтерден эч айырмалуу болбогон атуулдардан болушат жана ушул улуттун нагыз өкүлүнө айланышат. Аларды эч ким “тогузунчу бабаң (чоң атаңдын чоң атасынын чоң аталары”) таза чех эмес болгон окшойт” деп санжырага такап кодулап отурбайт.

Кээде кызык окуяларга да кезиктим. Түпкү теги казак болгон бир айым бул Мамтил өлкөсүндө мамлекеттик тилде шакылдап сүйлөп, министр кызматына чейин жетти. Түпкү теги жапон болгон дагы бир саясатчы болсо чехтерден да ашынган улутчул болуп кетти. Жириновскийге, албетте, жеткен жок деңизчи.

Кээ бир өлкөдө мамлекеттик тилди сыйлоого милдеттүү деп эки тарапты гана билишет: мамлекеттик бийлик жана үй-бүлө. Бул өлкөдө болсо бардык коомдук уюмдар, мекемелер жана кайдыгер эмес атуулдар мамлекеттик тилди кадырлап турушат.

Мамлекеттик тилде тамтаңдатып сүйлөсөң да, аракетиң үчүн ыраазы болушат. Адатта, чең сөзүндө басым алгачкы муунга коюлат, бирок келгиндер басымды туура эмес койсо еле, эч ким аларды кодулабайт.

Бейтааныш имаратка, лифтке кирип баратсаңыз, сөзсүз түрдө (сизди жекече тааныбаса да) “Кутмандуу күн!” (Dobrý den!) деп сылык учурашып турушат. Лифттен же кайсы бир имараттан чыгып баратсаңыз да, артта калган киши “Кезигишкенче!” (Na shledanou!) деп айтып, жылуу коштошот.

Мурда, 23 жыл илгери алгач келгенимде, бул жердин башкалаасында метродо баратып китеп окуп отургандарды көп учуратчумун. Азыр интернет доорунда китеп кармагандар азайды, бирок санарипке китеп жүктөп алып окугандар көбөйдү.

Каякка барсаң да, китеп дүкөнгө жолугасың. Дүйнөдө эмне кызык роман же башка мыкты сатылчу китеп чыкса, дароо мамлекеттик тилге которуп алышат. Балдар үчүн чех тилиндеги кооз китептердин түрлөрүн көрүп, өзүң да бала болуп кеткиң келет.

Албетте, бул улут орто кылымдардан бери латын жазмасын колдонот (христиан дини алгач таркалып жаткан доордо кирил жазмасын да колдонушкан экен). Бир кездери католик чиркөөсүндө латын тилинде сыйынуулар жүргөн. Өз эне тилинде сыйынууну талап кылган Европадагы алгачкы улуттук кыймылдардын бири — дал ушул чех жергесинде орун алган.

Прага университетинин ректорлорунун бири болгон профессор Ян Гус (Jan Hus; 1369—1415) диний реформа аракети үчүн католик чиркөөсү тарабынан “жолдон адашкан” деп жарыяланып, өрттөө жолу менен өлүм жазасына кыйылган.

Профессор Ян Густу Констанц шаарында отко жагып өлүм жазасына тартышууда. 1415-ж.
Профессор Ян Густу Констанц шаарында отко жагып өлүм жазасына тартышууда. 1415-ж.

Ал өз эне тилинин чыңдалышы үчүн зор салым кошкон, латын алфавитинде чех тыбыштарын даана чагылдыруу максатында бир катар латынча тамгалардын үстүнө кошумча белги (диакритикалык белги) жазууну сунуштаган.

Айтмакчы, бизде да ушул жол турат: кирил жазмасында реформа жүрүп, каткалаң К, Г үчүн кошумча тамгалар киргизүү, кыргыз тилине зарыл эмес Ъ, Ь, Щ сыяктуу тамгаларды кыргызча кирил жазмасынан чыгарып салуу зарыл. Бул тамгалар орус тили үчүн кала берт, бирок орус тилинен кирген сөздөрдү кыргызча жазганда өзүбүзгө ылайыктап жазышыбыз керек. Мисалы, “медаль” эмес, “медал” десек, “щи” эмес, өзбектер жазып жүргөндөй “шчи” десек, кыргыз тилиндеги дүйнөнүн асманы түшүп кетпейт. Ошону менен катар эле кыргызча латын алфавитин да (Ян Гус өз доорунда жүзөгө ашырган сыяктуу) тартипке салып алуу керктигин мурда бир нече жолу жазган элек.

Мамтил — бул жалаң гана шаан-шөкөт тили эмес. Чехиянын коомдук унааларында ар кандай чөнтөкчүлөрдөн этият болууну эскерткен жазууларды окудум. Бул — өлкөдө чөнтөкчүлөр биздегиден да көбүрөөк жайнап кеткендигинин көрсөткүчү эмес. Бул — ууру-кескиге каршы өз эне тилинде эскертүү жасоо, бир чети, ошол сыяктуу кылмыштын алдын алуу. Мунун да тарбиялык мааниси барбы деп калдым.

Мамтил өлкөсүнүн калкы технологияга да ийкемдүү келет. Англистер “компүтер” (computer) сөзүн чыгарды эле, чех илимпоздору аны элге жөнөкөй кылып “эсепкер” (чехче “ почитач”) деп которуп сунушташты.

Аба майданы – “летиште”;

Автобус – “бус”;

Аялдама – “заставка”;

Темир жол бекети – “надражи”;

Учак – “летадло”.

Албетте, эл аралык жаңы сөздөр да мүмкүн болушунча чех тилине ылайыкташтырылып берилет. Маселен, Ян Густун доорунда Wi-Fi болгон эмес. Бул терминди англичандар “вай-фай” деп окушса, чехтер тамгасын кубалап “ви-фи” деп гана окушат.

"Англисчесинен оолактап кеттиң!" деп аларды эч ким жемелебейт. Бизде "Орусия", "Ооганстан", "Маскөө", "Бээжин" деп жазып койсоңуз, тээ 1950-жылдардагы орус сөзү эч өзгөртүлбөй жазылсын деген эреже таңууланган орфографияда "Россия", "Афганистан", "Москва", "Пекин" деп жазылган болчу, кыргызча текстиңди кайра оңдо" деп чыккандар бар.

Чет өлкөдөн келгендер бул өлкөдө көп жылдык виза алуу үчүн мамлекеттик тилди билээрин тастыктаган сынактан өтүүгө тийиш. Албетте, алардан Карел Чапек билген деңгээлдегидей жогорку серени талап кылышпайт, бирок келгин өз талабын мамтилде кадыресе айтып, өз укугун коргоосу, маданий кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруусу үчүн жана атуулдук коомдо обочодо калбоосу үчүн бул — зарыл шарт.

Мамтилди чыныгы эне тил деп кадырлаган мындай мамлекетти мен ыраазылык менен “Мамтил өлкөсү” деп атаганымдын жөнү бар экенин окурман баамдаган чыгаар. Бул өзгөчө макамдагы тилдин кадырын төбөлдөр гана эмес, карапайым кишилер, бардык мамлекеттик жана коомдук институттар бирдей көтөрө алганда гана өлкөбүз "Мамтил өлкөсүнө" айланат.

Түшүндүрмө

“Мамтил” – мамлекеттик тил.

“Мамтил өлкөсү” — өзүндө байырлаган түпкү улуттун тилин мамлекеттик тил деп жарыялаган өлкө.

Улут — мамтил өлкөсүндөгү атуулдардын жалпы биримдиги.

Этнос – мамтил өлкөсүндө жашаган ар кыл этностук топтордун өз ара айырмалуу тилдик-маданий тобу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG