Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:26

ВИЧ жуккан балдарга кенемте төлөнөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ВИЧ илдетин ооруканалардан жугузуп алгандарга акчалай кенемте төлөп берүүнү караган мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

Атын атагысы келбеген эне 2006-жылы бир айга толо элек кызы тумоолоп ооруканага жаткан. Ал жерден чүрпөсүнө "ВИЧ илдетин жугузуп алам" деп үч уктаса түшүнө кирген эмес.

«Кызым 17 күндүк кезинде дене табы көтөрүлүп ооруканага жаттык. Кадимкидей эле дарыланып чыкканбыз. ВИЧ илдетин жугузуп алганыбызды үч жылдан кийин билдик. Ошондон бери күн сайын дары ичет. 14 жашка чейин бир күндө эки маал дары иччү. Азыр бир маал ичет. Мындай баланы багуу эне үчүн оңой эмес. “Ачуу дарыны качанкыга чейин ичем” деп ыйлайт. Дарылар күчтүү болгондуктан тамакты да ошого жараша берүү керек. Жалпылап айтканда өзгөчө мамиле кылуу керек. Кызымдын ойлонгону да башкача».

Наристе кезинде ВИЧ илдетин жугузган кыз азыр 14 жашка чыгып, бой тиреп калды. Ага илдети тууралуу ата-энеси эки жыл мурда айткан. Учурда эне-бала психологго такай каттап, дарыгерлердин кеп-кеңешин угуп турат. Антпесе өткөөл курактагы секелектин көңүлүн жубатуучу сөздөрдү айтуу да кыйынга турат эмеспи.

Өлкөдө ВИЧ тууралуу маалыматтар кеңири эле айтылып, маалымат каражаттары аркылуу көрсөтүлүп келгени менен коомчулукта аны кабыл алуу, түшүнүү бир кылка эмес. Айрымдары бул илдетти алып жүргөндөрдөн оолак болууну туура көрүшөт. Мындай мамилеге каарманыбыз да туш болуп жатканын белгиледи.

«"Дары ичпейм” деп үйдөн качып кеткен күндөр болду. Андайда аркасынан барып алып келем. Чыр салат. Өзүн башка балдарга салыштырып ыйлайт. Эне болгондон кийин баарына чыдадым. Менин кызымдай болуп ооруган балдардын ата-энелери менен байланышып, кеп-кеңеш алып турам. Алардын айрымдарынын балдары өз өмүрүнө кол салып, асынып алышкандарын уктум. Үйүнөн качып, таптырбай кеткендер да бар. Айла жок, тагдырга моюн сундук. Анын үстүнө азыр кызым чоңоюп, өткөөл куракка келип калды. Тил табышып сүйлөшүү оор экен».

ВИЧ илдетин алып жүргөндөрдүн дарысын өкмөт акысыз берет. Мындан сырткары 18 жашка чыга элек балдарга 4000 сом жөлөкпул чегерилген.

Учурда Кыргызстанда мындай жөлөкпул алган 500гө жакын бала бар. Балдарынын дартка чалдыкканы тууралуу маалыматты жашыруун сактоо максатында жөлөкпул алуудан баш тарткан ата-энелер да жок эмес.

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-августта «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ\СПИД жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Документке ылайык, ооруканадан бул вирусту жугузуп алганын далилдеген документи бар, 18 жаштан өткөн жарандарга жана балакатка жете элек балдардын ата-энелерине бир жолку кенемте берилет. Бир жолку акчалай кенемтенин өлчөмү 100 миң сомдон кем болбошу керек. Бул үчүн кеминде 38 млн. сом керек.

Мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет. Мыйзамдын демилгечилери – Жогорку Кеңештин депуттары Дастан Бекешев менен Бактыбек Турусбеков.

Дастан Бекешев “мыйзамга мындай башка да толуктоолор болушу керек болчу” деп эсептейт.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Бул маселеге байланыштуу ВИЧ/СПИДге каршы күрөшкөн уюмдар мага бир топ сунуштарды берген. Бирок аларды ишке ашыруу үчүн башка мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Алардын айрымдары “эгер балага ВИЧ дарыгерлердин айынан жукса, ал бала жогорку окуу жайында бекер окушу керек жана аларга берилген жөлөкпул 18 жашка чейин гана эмес, өмүр бою төлөнүшү керек" деген сөздөр болгон. Мен бул мыйзамды аягына чейин жазып бүткөнгө үлгүрбөй калдым. Бирок бул маселени дагы көтөрөм».

Расмий маалыматтарга ылайык, 2005-2020-жылдары Кыргызстанда ВИЧ илдети бар 693 бала аныкталган. Алардын 391ине илдет ооруканада медиктердин шалаакылыгынан жуккан. Ушул күнгө чейин 50гө жакын бала көз жумган.

Ошол эле кезде ВИЧ инфекциясын жуктургандар соңку эки жылда эле 2000 адамга көбөйдү. Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморованын айтымында, Кыргызстанда жылына 800дөн ашуун жаңы учур катталып, ай сайын бир-эки киши ВИЧтен каза болууда.

Үмүткан Чокморова.
Үмүткан Чокморова.

«2020-жылдын август айына карата Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 10 миңден ашты. Анын ичинен 9 535 адам Кыргызстандын жарандары. Калганы чет өлкөлүктөр. Илдеттин 49% жыныстык жол аркылуу жуккан. Мындан тышкары кан аркылуу 43%, энеден балага жуккандардын көрсөткүчү 3%. Көбүнчө чаржайыт жыныстык катнаштан жугузгандар көп. Анткени 20 жаштан 35 жашка чейинкилер жалпы сандын жарымынан көбүн түзөт».

2020-жылдын август айына карата Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 10 миңден ашты. Көбү эркектер. Анын арасында 600дөн ашуун бала бар, теңинен көбү илдетти 2007-2008-жылдары ооруканадан жуктуруп алган. Илдет катталган 1996-жылдан тарта Кыргызстанда бул оорудан 2123 киши каза болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG