Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 15:47

Тил билген баланын дүйнө таанымы кеңейет


Немис тили.

Кыргызстанда эрте жашынан эле балдарын чет тил курстарына берген ата-энелер көбөйдү. Логопед, психолог жана невролог адистер арасында бул демилгени колдогондор да, ага каршы чыккандар да жетиштүү.

Баш калаа Бишкекте эки-үч жаштан эле «кошумча катары англис тилин үйрөтөбүз» деп ачылган бала бакчалар, атайын тил курстары көбөйүүдө. Ал арада бир тилде тың сүйлөй албай, сүйлөө жөндөмүнүн өнүгүшү кечеңдеген балдар да арбын. Ушундан улам ата-энелер жана адистер арасында «Чет тилдерди канча жаштан үйрөтүш керек?» деген талаш-тартыштар уланып келет.

Үч тилде эркин сүйлөгөн Адам

Айсулуу Кожомкулова уулуна үч жашынан тартып эле англисче сүйлөй баштаган. Көргөн мультфильмдерин англис тилинде коюп берип, уулу Адамдын орус, кыргыз, англис тилинде эркин сүйлөп, ой жүгүртүүсүнө шарт түзгөн. Азыр ал орус тилдүү бала бакчага барат, чоң апасы менен кыргыз тилинде сүйлөшүп, бакчада орусча таалим алып, үйүндө апасы, атасы менен англисче сүйлөшөт.

Айсулуу уулундагы бул өзгөчөлүккө кантип жетишкендигин мындайча айтып берди:

Айсулуу Кожомкулова уулу менен.
Айсулуу Кожомкулова уулу менен.

«Биз уулубузга англисче үч жашынан тартып үйрөтө баштадык. Күйөөм менен кеңешип, уулубузга үйдө жалаң англисче сүйлөйлү дедик. Анан улам эле унутуп кала берип, орусча сүйлөп жиберчүбүз. Бирок акыры эркибизди жыйып, тынымсыз бул ишти колго алдык. Азыр Адам англис тилинде акценти жок, аябай жакшы сүйлөйт.

Кээ бир биз айта албаган сөздөрдү кадимки англичандардай айтып коет. Маселен, «man» деген сөздү туптуура айтат. Тыбыштарды англис тилдүү балдардай эле колдонот. Грамматикасы да биздикинен жакшы. Кээде «as far as I know» деген сыяктуу биз билбеген сөз айкаштарын айтып, таң калтырат».

Айсулуу Адамга азыркы тапта «YouTube» көрүүгө уруксат бербейт. «Нетфликстеги» нукура англис тилинде сүйлөгөн мультфильмдерди коюп берип, англисчесин өнүктүрүүдө. Айрым учурда Адам ата-энесинен да ашып түшүп, бул тилди мыкты өздөштүргөнүн байкап жатышат.

Эне-кыздын аракети

Дагы бир каарманыбыз Мавлюда Жапарова Лондондогу Вестминстер университетинде балдардын өнүгүүсү жаатында билим алган.

Ал алты жаштагы кызы Софияны азыр орус жана англис тилинде тарбиялоого аракеттенүүдө.

Мавлюда Жапарова кызы менен.
Мавлюда Жапарова кызы менен.

«Биринчиден, бала чөйрөсүндөгү эң татаал тилди үйрөнүшү керек. Дал ошол тил баладагы ой жүгүртүүнүн, лингвистикалык түшүнүгүнүн пайдубалы болуп берет экен да. Анан ошол система боюнча башка тилдерди үйрөнсө болот. Англис, орус жана кыргыз тилдерин салыштырсам, эң татаалы орус тили экен. Ошондуктан Софияны орус тилдүү бала бакчага берип, ушул тилге басым жасадым. Анткени мен деле орус тилиндеги мектепти бүтүп, орусча университетте окуп, бирок магистратурада англисче жактай алдым да. Демек, биз бардык тилдерде сүйлөй алабыз деп ойлодум. Азыр үйдө Софияны англис тилин унутуп калбасын деп өзүм сүйлөшүп турам, китептерди окуп берем».

Мавлюда үч жашар кызын Лондонго алып кеткен. Кичинекей София ал кезде орусча сүйлөчү. Англис бала бакчасына барар замат орус тилин унутуп, англисче гана сүйлөп калган. Кыргызстанга кайткандан кийин эми эне-кыз орус тилин тереңдетип үйрөнүү менен алек.

«Баланын башы айланбайт»

Германияда 12 жылдан бери жашап, үч баласын чоңойтуп жаткан Аксана Исмаилбекова балдарды бир эле тил менен чектөө туура эмес деген ойдо.

Ал балдары менен үйүндө кыргызча сүйлөшөт, мектепте немисче окушат, буга кошумча үйүнө жумасына эки жолу орус тилчи келип, аларды окутуп кетет. Балдар немис мектебинде кошумча чет тил катары англис, испан тилдерин да өздөштүрүүдө.

Аксана Исмаилбекова.
Аксана Исмаилбекова.

«Улуу балам 13 жашта, экинчи кызыбыз жети жашта, жана кенжеси 2,5 жашта. Биз алар менен үйдө өзүбүздүн эне тилибиз - кыргыз тилинде сүйлөшөбүз, башка тилди кошпойбуз. Чоң апасы Кыргызстандан келгенде балдар кыргызча баарлашат жана ага баарын которуп берип турушат. Биздин үйгө мугалим келип жумасына эки жолу балдарыбызга орус тилин үйрөтүп кетет жана балдарды орусча мультфильм көргөнгө үгүттөйбүз, кээде өзүбүз да алар менен чогуу көрөбүз. Быйыл уулумду АКШга алып барып келдим, англис тилин кандай өздөштүргөнүн байкадым. Германияда балдар да экинчи чет тилин тандап алышат, мисалы, биздин уулубуз испан тилин тандап алды. Испан тилин биз билбегендиктен, тилекке каршы жардам бере албай жатабыз, бирок Германия Испанияга жакын жайгашкандыктан буюрса жайында алып барып келели деген ойлорубуз бар. Болбосо Латын Америкасынан келген досторубуз бар, "ошолор менен баарлашып үйрөн" деп жатабыз»​, - деди ал.

Баланын нерви чарчабайбы?

Мындай өзгөрүүлөрдүн баары баланын неврологиялык өнүгүшүнө кандай таасир этет? Психикалык жактан жабыркабайбы, акыл саламаттыгына кандай таасир этиши мүмкүн? Бул суроолорду Энени жана баланы коргоо коргоо боюнча улуттук борбордун балдар неврологу болуп иштеген дарыгери Саламат Мурзабаевага узаттык.

«Азыркы тапта биздеги балдардын көбүнүн сүйлөө жөндөмүнүн өнүгүшү начар болуп жатат, - деп жооп берди ал. - Эгерде аял кош бойлуу кезинде экиден ашык тилде сүйлөсө, кийин бала төрөлгөндө да бул практиканы улантып, баланын кош тилдүү же полиглот болушуна шарт түзө алат. Бирок көпчүлүк балдарда көп тилдүүлүктүн айынан толук өнүгүү болбой калып жатат. Кээ бири орус тилдүү бала бакчага барат да, кечинде үйүндө жалаң кыргыз тилдүү чөйрөдө жашайт. Тескерисинче, үйүндө орусча сүйлөп, кыргызча бакчага баргандар бар. Бала өзү ой жүгүртүү, пикир алышуу тилин толук түшүнүп, тандап алмайынча эрте эле чет тилди үйрөтүү аракети туура эмес деп ойлойм. Бир эле маалда үч-төрт тилде ата-энеси жакындары сүйлөгөн балдардын тили кеч чыккан учурлар көп. Бала жок дегенде биринчи 10 сүйлөмдү бир тилде түзө баштамайынча, чет тилдерди үйрөтүүнү токтото турууну сунуш кылат элем».

Акыркы он жылда балдардын эрте жаштан өнүгүшүнө, айрыкча тил үйрөнүшүнө байланыштуу нейрологиялык бир топ изилдөөлөр жүргүзүлдү. Кош бойлуу кезден эле бала менен сүйлөшүү, бир нече тилде жаш баланын тилин чыгаруу сыяктуу бир топ кеңештер айтылып келет. Баланын лигнвистикалык өнүгүүсү анын мээсинин кийинки калыптанышына эбегейсиз таасир этери билинди.

Гүлнара Касиева.
Гүлнара Касиева.

Бишкектеги балдардын «Росток» аттуу сүйлөшүн жана угушун оңдогон логопедиялык борбордун жетекчиси Гүлнара Касиева тилдик өнүгүшү кечеңдеген балдарды бир эле тилде сүйлөөгө чектөө туура эмес деген көз карашта.

«Бала тилдик өнүгүшүндө, психологиялык жактан кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылганда гана кандайдыр бир чектөө коюш керек деп ойлойм, - деп түшүндүрдү ал. - Биз кээде аймактардан келген балдарга «орусча түшүнө албай жатат, кыргызча тили чыксын» деген учурларыбыз болот. Бирок алар деле окуу процессине аралашканда орусча тез эле үйрөнүп алышат. Андыктан аларды чектөө туура эмес. Өнүгүшү начар болуп, кечеңдеген балдар деле тил үйрөнүүгө шыгы болсо тез эле орусча, кыргызча сүйлөп кетишет. Болгону аларга туура мамиле кылыш керек».

Көп тил билгендердин мээси картайбайт

Эдинбургдагы философия мектебинин профессору, окумуштуу Томас Бэк 1947-жылы 11 жаштагы 853 балага байкоо жүргүзгөн. Аларды 2008-жылга чейин, башкача айтканда, 70тен ашкыча карап, арасынан чет тилдерди үйрөнгөндөрдүн акыл-эс саламаттыгы, эстутуму мыкты экенин аныктаган. Ошондой эле бир нече тилди билгендердин мээси картайбай турганы маалым болду.

Гүлжамал Шерипканова.
Гүлжамал Шерипканова.

Шотландияда жашаган кыргызстандык Гүлжамал Шерипканова кош тилдүүлүк адамдын акыл-эсинин саламаттыгы үчүн өтө маанилүү экенин айтат:

«Билингвисттиктин көптөгөн жакшы тараптары бар. Биринчиден, мээнин иштөө жөндөмүн арттырат, себеби, жаңы тилди үйрөнүү мээнин саламаттыгын чыңдап, эстутумду курчутат. Кош тилде сүйлөгөн бала бир учурда бир эле жумушту аткарып чектелбей, көп функцияларды аткаруу жөндөмүнө ээ болот. Бир нерсеге көңүл бурушу күчтүү болот. Кандайдыр бир көйгөй чечүүдө артыкчылык көрсөтүшөт. Экинчиден, бир нече тилди сүйлөгөн балдар билимди да жакшы алышат, башка тилди үйрөнүп жатканда тил үйрөнүү ыкмасын да өздөштүрүшүп, чыдамкай, сабырдуу болуп чоңоюшат. Башка жактарга баруу, оңой жумуш табуу да көп тилдүү адамдар үчүн жеңил. Маселен, азыр англис тилин билгендер айлыгы жакшы жумушту таап алып жатышпайбы. Анан ар кайсы тилдеги адабий китепти окууга мүмкүнчүлүк ачылат. Себеби, кыргызчаны алсак, илимий ачылыштардын көбү которулган эмес, баары англисче. Ошондуктан англисче, французча билгендердин билими жогору болот. Эки тилден ашык чет тилде сүйлөгөндөр деменция оорусуна чалдыкпайт. Акыл-эси улгайгыча курч бойдон турат. Башкаларды уга билет»​.

Ал эми италиялык окумуштуу Агнес Ковач ата-энеси кош тилде сүйлөгөн жети айлык балдарды изилдеп, алар чоңойгондо ата-энеси бир эле тилде сүйлөгөн балдарга салыштырмалуу билим деңгээли, кабыл алуусу мыкты болорун билди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG