Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 6-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 05:04

Ысыкты тоготпогон күлүк кумурска


Тарпка чогулган күмүш кумурскалар. Сахара.

Дүйнөдөгү эң күлүк кумурска Сахара чөлүндө жашайт. Климат канаттуулардын жумурткаларынын түсүнө таасир этет. Ден соолукка пайдалуу тамак жаратылышка да пайда. 10 мүнөттө заряддалчу аккумулятор.

Жумурткалар эмне үчүн түркүн түстүү?

Канаттуулардын жумурткаларынын өңү, формасы жана чоңдугу дүйнөнүн чар тарабында ар кыл болот. Эмне үчүн?

Арийне мындай көп түрдүүлүккө парандалардын генетикалык өзгөчөлүктөрү, байырлаган чөйрөсүнө ыңгайлашуусу, чөлкөмдүн климаты таасир этет деңизчи.

Деген менен жаңы изилдөө көпчүлүк жумурткалардын түсү, формасы, чоңдугу жөнөкөй эрежеге баш ийе турганын айкындады. Атап айтканда, жердин климаты канчалык суук болсо, жумуртканын түсү ошончолук күңүрт болот. Анткени каралжын өң жумуртканы сууктан сактайт.

“Куштардын өсүп бараткан эмбрионунун жашап кетүүсү - жумуртканын кайсы бир температуранын чегинде туруктуу калуу жөндөмүнө көз каранды. Суук жерлерде жашаган, айрыкча, уясына күн нуру чанда бир тийген куштардын жумурткаларынын өңү алда канча каралжын болот. Күндүн нуру тийгенде каралжын жумурткалар агыш жумурткаларга салыштырганда тез жылыйт”, - деп айтылат АКШнын Лонг-Айленд университетинин (Long Island University) окумуштууларынын жаңы жарыяланган изилдөөсүндө.

Изилдөөчүлөрдүн бири, доктор Даниэл Хэнлинин (Daniel Hanley) түшүндүрүшүнчө, тропиканы көздөй жылган сайын, атүгүл мелүүн алкактарда тандоо мүмкүнчүлүгүңүз көбөйүп, ар түркүн өңдөгү жумурткалар көбөйөт.

Себеби, кара тактар күндүн жарыгын аз чагылдырат. Демек жылуулукту өзүнө көп тартат. Суукта бул абдан маанилүү.

Жумуртканын кабыгы кара болгондо, ал зыяндуу ультракырмызы нурларды фильтрлеп ичкери өткөрбөйт. Ультракырмызы нурлар жылуу чөлкөмдөрдө суук аймактарга караганда кыйла күчтүү болот.

Андан тышкары кара тактар айрым учурда, антимикробдук өзгөчө, жылуу жана нымдуу жерлерде бактериялар менен аны буза турган грибоктон коргоочу касиетке ээ.

Жылуу жана нымдуу жерлерде микроорганизмдер жумурткаларды бузуп, сасыткы кылып коюшу ыктымал.

Мындай бүтүм куштардын белгилүү 40 топтомунун (англис тилинде orders of birds, орусчада - отряды птиц) 36 топтомуна кирген 634 түрүнө таандык жумурткалардын үлгүлөрүн жана өңдөрүн анализдеген соң жасалды. Жумурткалар өңү-түсүнө жана куштардын географиялык бөлүнүшүнө ылайык, табигый чөйрөдөн жана музейлерден чогултулган.

Окумуштуулар тооктун, өрдөктүн жана бөдөнөнүн жумурткаларга күндүн нурун түрдүү деңгээлде берип, жарыкты аз көргөн жана суук жердеги жумуртканын түсү бир кыйла каралжын болорун көрүшкөн. Бул терморегуляция жумуртканын кабыгынын өңүн аныктайт деген кеп.

Изилдөөчүлөр жумуртканын өңүнө жана түзүлүшүнө жырткычтар да олуттуу таасир эткенин белгилешет. Ысык аймактарда жырткыч куштар бийик учушат жана өңү агыш жумурткаларды тез байкашат. Кээде тропикалык алкакта өңү каралжын, суук аймактарда агыш жумурткалардын кездешкени жогорку жагдай менен түшүндүрүлөт.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.nature.com)

Пайдалуу диета табиятка пайда келтирет

Тамак-аш, ден соолук жана экологиялык туруктуулук арасындагы байланышты изилдеген окумуштуулар ден соолукка пайдалуу азык-түлүк айлана-чөйрөгө аз зыян келтире турганын кызыл эт сыяктуу азык-түлүк ден соолук да, туруктуулук үчүн да өзгөчө зыяндуу экенин аныкташты.

- Биздин диетаны түзгөн азык-түлүктөрдүн таасири бизге жана айлана-чөйрөгө чоң. Бул изилдөө пайдалуу азык-түлүк алда канча рационалдуу азык-түлүк дегенди билдирет. Демейде кишинин бир салаасы үчүн пайдалуу азык-түлүк саламаттыктын башка салаалары үчүн да пайдалуу. Экологиянын пайдасы да ошондой эле, - деди изилдөөнүн авторлорунун бири Дэвид Тилман.​

Д. Тилман жана окумуштуулар тобу азык-түлүктүн 15 түрүнүн ден соолукка тийгизген беш таасири жана айлана-чөйрөнүн начарлашынын беш аспекти менен болгон байланышын изилдешкен соң ден соолукка пайдалуу азык-түлүктү көп пайдалануу экологиялык туруктуулукту жакшыртат деп тыянак чыгарышты.

Кызыл этти көп колдонуу 2-типтеги диабет, инсульт жана жүрөк оорулары менен көп ассоциация болот. Кызыл этти өндүрүү өсүмдүк азык- түлүктөрүн өндүргөнгө караганда айлана-чөйрө үчүн 10-100 эсе жаман. Анткени күнөсканалар газ бөлүп чыгарат, жер пайдаланылат, кычкылдануу жана эвтрофикация жүрөт.

Ошол эле учурда кант кошулган, газы бар (soda) лимонаддар жана мөмө ширелери сыяктуу суусундуктардын экологияга зыяны аз болгону менен ден соолукка зыяндуу деп табылган. Сүт азыктары, жумуртка же тоок этинен кошумча порция жеген кайсы бир ооруга себепчи болбой турганы жана айлана-чөйрөгө да үзалака тийгизбеси белгиленет изилдөөдө.

- Ден соолукка жана айлана-чөйрөгө пайдасы тийчү азык-түлүктү тандоо жана керектөө ден соолукка жана жаратылышка болгон зыянды жеңүүдө чечүүчү мааниге ээ. Алдагыдай зыяндан дүйнөдөгү бардык элдер жабыр тартууда, - деп эскертет илимпоз Майкл А. Кларк (Michael A. Clark).

Жаңгактын түрлөрүн, акталбаган (whole grain, цельнозерновые продукты), мөмө жана жашылча-жемиштерди, буурчактарды, зайтун майын жана балыкты күн сайын жеген, Жер ортолук деңиз диетасын карманган ден соолук үчүн да, айлана-чөйрө үчүн пайдалуу да экени белгиленет.

Ошол эле учурда карамдын (капуста) түрлөрү тейдеги жалбырактуу жашылчалар 2-типтеги диабет болуу коркунучун азайтса, балыкты кууруп жеген анын пайдасын жокко чыгарат. Жер үчүн колдо өстүрүлгөн балыктан көрө жапайы балыктын пайдасы көп экени белгиленет.

БУУнун өкмөт аралык эксперттер тобу август айында жарыялаган докладында өсүмдүктү тамак-ашка көп колдонуу климаттын өзгөрүүсүн ооздуктаганга көмөктөшкөнү белгиленген.

(Булагы: https://www.ncbi.nlm.nih.gov, https://www.zmescience.com)

10 мүнөттө заряддалчу аккумулятор

Жакынкы бир-эки жылда электрокөлүгүңүздүн аккумулятору сиз бир пияла чай же кофе ичкенче заряддалчу болот.

- Биз 10 мүнөт ичинде электрокөлүктү 200 - 300 миль (1 миль=1 609 метр) аралыкка жүргөндөй кылып заряддай алганыбызды көргөздүк. Биз муну (аккумуляторду) 2500 жолу заряддаганга жеткендей же жарым миллион миль (804 672 км) жүргөндөй кылабыз, - дейт Пенсильвания мамлекеттик университетинин Механикалык жана өзөктүк инженерия факультетинин профессору Чао-Ян Ван (Chao-Yang Wang, Penn State University).

Жаңы аккумулятор 10 мүнөттө 60 градус цельсияга чейин кызыйт да, андан кийин чөйрөнүн температурасына чейин сууйт. Ошол учурда литий тикенеги пайда болбойт, аккумулятордо жылуулук деградациясы жүрбөйт. Аккумулятор автокөлүктүн муздатуу системасынын жардамы менен ылдам муздатылат. 60 градус менен айлана-чөйрөнүн орточо температурасы (24С0) ортосундагы чоң айырма муздоо процессин тездетет.

Жаңы жабдыктын никелден жасалган жука фольгасынын бир учу аккумулятордун терс полюсуна кошулса, чөнөктөн сыртка чыккан экинчи учу үчүнчү полюсту жаратат. Которгучка (переключатель) кошмоктолгон температуранын сенсору зарыл маалда чынжырды тизмекти (чынжырды) туташтырат дагы никель аркылуу өтө баштаган ток фольганы тез ысытат. Анан аккумулятордун ички бөлүгүн ысытат. Температура 60 градуска чыгайын деп калганда, батареянын элементтери электрокөлүктүн муздатуучу системасы муздай баштайт.

Профессор Вандын түшүндүрүшүнчө, батареянын элементтери үчүн 60 градус температура зыян. Себеби, материалдарга залал келтирип, аккумулятордун жашоо мөөнөтүн кескин кыскартат.

- Келечекке эсептелген 10 мүнөттүк тренд абдан маанилүү, - деди илимпоз-инженер.​ Анткени, электрокөлүктү кеңири колдонууга байланыштуу күдүк ойлордон айрылганга көмөктөшөт.

Айдоочуларда электрокөлүктүн аккумуляторунун кубаты мерчемдеген жолго жетпей калат, аны кызытып (заряддап) алганга убакыт тар болот деген сыяктуу тынчсыздануулар болбос үчүн АКШнын аймагында 2800 кызытма станция курулат.

Бул каражат, "Reuters" агенттигинин маалымдашынча, "Volkswagen" компаниясы дизелдик автокөлүктөрү бөлгөн зыяндуу заттардын чыгындысын жашырганы үчүн төлөгөн 2 миллиард доллардан ашык айып пулдун эсебинен каржыланат.

(Булагы: https://news.psu.edu, https://www.sciencedaily.com)

Дүйнөдөгү эң күлүк кумурска

Сахарада жашаган күмүш кумурсканын (Cataglyphis bombycina) буттары чөлдү байырлаган башка боордошторунукунан (C. fortis) 18% кыска. Бирок күмүш кумурскалар буттары узун башка туугандарына салыштырганда эки эсе ылдам басат.

Германиянын Ульм университетинин нейробилогия институтунун нейроэтологу, доктор Сара Пфеффер (Sarah Pfeffer, University of Ulm) жана кесиптештери супер ылдам видеокамеранын жардамы менен алардын ысык кум үйүндөгү жорго жүрүшүнө мониторинг жүргүзүшкөн.

Күмүш кумурскалардын денесин каптаган күмүш чырымталы күндүн шооласын чагылдырып, жылуулук бөлөт. Доктор Пфеффердин айтышынча, алар уюгунун ичинде көлкүлдөп, “сымаптай” көрүнөт.

Күмүш “тону” алардын түнкүсүн уктап, чак түштө мештей ысык кумга чыгып, тамак – аш чогутканы үчүн абдан ыңгайлуу. Кумдун бетинде температура 60 градустан өйдө көтөрүлөт. Мындай ысыкта оокат издеп чыгып, алар эки нерседен утушат. Биринчиден, күнгө какталып калган жаңы олжону ысыкка чыдамы жок тарп жегичтерден мурда таап, курсактарын кампайтышат. Экинчиден, ысык аптапта кумурска жегичтер көбүнесе жабытында далдоодо жаткандыктан аларга жем болушпайт.

Доктор Пфеффер күмүш кумурскалардын кыска буттары чоктой ысык кумда кандай кыймылдаганын көрүү үчүн кумду шилеп, туникеден ноо - жол курган. Макулуктарды жүгүртүү үчүн алар жакшы көргөн ун куртунун личинкаларын жолдун баш жагына жайнатып койгон. Алар максималдык ылдамдык менен жүгүргөндө секундасына 47 кадам жасаса, буту-колу узун туугандары секундасына 36 кадам жасашкан, же ылдамдыгы 855 мм/секундага жеткен. Бул кумурскалар арасындагы дүйнөлүк рекорд. 855 мм күмүш кумурсканын денесинен 108 эсе узун. Ушинтип, күмүш кумурскалардын кыска буттары чоктой ысык кумдун бетине тийип-тийбей, өзү абада калкып бараткансып зымырайт деп сүрөттөйт нейроэтолог.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://jeb.biologists.org/)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG