Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Моссад Нетаньяхуга караганда Иранга аз тынчсызданган


АЭСтеги диспетчердик пункт. Иран. 2009-жыл.
АЭСтеги диспетчердик пункт. Иран. 2009-жыл.

Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга караганда өлкөнүн чалгын кызматы - Моссад Ирандын өзөктүк программасынан азыраак тынчсызданганын күбөлөндүргөн жашыруун маалымат ачыкталды.

Нетаньяху Ирандын шектүү өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн алты державасы, анын ичинде АКШ учурда Тегеран менен жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөргө кескин түрдө каршы чыгып келет.

Моссаддын жашыруун телеграммаларынын мазмунунан алынган маалыматын британдык “Гардиан” (Guardian) басылмасы менен баш кеңсеси Катарда жайгашкан “ал-Жазира” телеканалы жарыялап жиберди.

2012-жылдын сентябрында Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурунда байытылган уран жетиштүү көлөмдө топтолгондуктан Иран өзөктүк бомба жасай аларына бир нече айдан бир жылга чейинки гана убакыт калды деп ырастаган эле.

Нетаньяху анын мындай баамы “аскерий чалгынга эмес”, Улуттар уюмунун коомчулук үчүн ачык баяндамаларына негизделгенин кошумчалаган.

Моссаддын “Гардиан” гезити жана “ал-Жазира” телеканалы мазмунун ачыктаган жашыруу телеграммалары Израилдин өкмөт башчысы БУУда эскертүү жасаган учурга туш келет.

Моссад ошол эле 2012-жылдын октябрь айында Түштүк Африка өлкөсүнө берген жашыруун катта Иран “өзөктүк курал жасоо үчүн зарыл ишмердик менен алектенген жок”, ал аз байытылган урандын корун топтогону менен “кыйла жогорку деңгээлде байытууга даярдай турган абалда экени көрүнбөйт” деп белгилеген. Жогорку деңгээлде байытылган уран өзөктүк бомба жасоодо талап кылынган зат.

Биньямин Нетаньяху
Биньямин Нетаньяху

“Гардиан” басылмасынын пикиринде, алардын колуна тийген документ израилдик саясатчылардын риторикасы жана ырастоолору менен өлкөнүн аскерий жана чалгын кызматтарынын баалоолору ортосундагы ажырымды көргөздү.

Басылма Моссадын 2010-жылы кызматтан кеткен мурдагы башчысы Меир Доган кезинде Нетаньяхунун Иранга аскерий сокку уруу сунушуна каршы чыкканын эске салат.

Израилдин премьер-министри дүйнөнүн алты державасы Тегеран менен азыр жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрдү сындап жүрөт.

Нетаньяху үч күн мурда (22-февраль) Иерусалимде, жөөт өкмөтүнүн жыйынында сүйлөп жатып:

- Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин соңку баяндамасы Иран өзөктүк программасынын аскерий компонентин жашырууну улантканын аныктагандан кийин да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы таң калычтуу. Сүйлөшүүлөр улантылып гана тим болбостон, жакынкы күндөрдө, апталарда макулдашууга жетүү аракети күчөдү. Иран менен дүйнөнүн ири өлкөлөрү ортосунда түзүлүп жаткан келишим Израил үчүн коркунучтуу. Андыктан анын тагдырына таасир көргөзүүсү мүмкүн болгон америкалык Конгресске келишим Израилге, аймакка, бүткүл дүйнөгө эмне үчүн коркунучтуу экенин түшүндүрүү максатында Кошмо Штаттарга барам, - деп айтты.

Нетаньяху бул ирет Кошмо Штаттарга Конгресстин чакыруусу менен бара жатат. Конгрессти болсо азыр оппозициядагы республикачылар көзөмөлдөйт.

Мындай кадам “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги жазгандай, Обама администрациясынын нааразылыгын жаратты. Анткени Нетаньяхунун визити жана 3-мартта Конгрессте сүйлөсү Ак үй менен макулдашылган эмес. Мындан улам Обама Израил өкмөт башчысын кабыл албайт. Буга протоколдун жол-жобосу шайлоосу жакындап калган өлкөнүн лидери менен кездешүүгө жол бербей турганы да жүйө болууда. Марттын ичинде Израилде мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтөт.

Дүйнөнүн алты державасы Тегеран менен буга чейин макулдашкандай 12 жылдык талашты жөнгөрүүгө саясий негиз болуучу келишим 30-мартка чейин, ал эми июндун аягына чейин негизги келишим түзүлүш керек.

АКШ менен Ирандын дипломаттары, анын ичинде Мамлекеттик катчы Жон Керри, тышкы иштер министри Жавад Зариф Женевада бул аптада да кездешти, сүйлөшүүлөрдө прогресс бардыгы айтылды.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест Вашингтондогу басма сөз жыйында сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн комментарийлеп:

Жош Эрнест
Жош Эрнест

​- Сүйлөшүүлөр бир нече ай эмес, бир жылдан ашуун мезгилден бери жүрүп жатат. Президент (Барак Обама) айткандай, биз анын ишениминде, келишим жетишилиши мүмкүн же жоктугун биле турган учурга келдик, - деди.

Иран талаштуу өзөктүк программасынан баш тартканын текшерүүгө мүмкүн болгудай келишимге көнөр-көнбөсү жакын арада билинерин соңку сүйлөшүүлөрдөн кийин Мамлекеттик катчы Жон Керри да айтты.

Ирандын лидерлери болсо алар келишим өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына жооп берсе гана кабыл аларын билдирип жүрүшөт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG