Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Казакстан чет элдиктерге жер берүүнү чектеди


Казакстанда жер сатууга каршы акциялар, апрель 2021-жыл
Казакстанда жер сатууга каршы акциялар, апрель 2021-жыл

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жерди чет өлкөлүктөргө сатууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул мыйзам долбоору өлкөдө бир нече жылдан бери талкууланып, нааразылык акциялары менен коштолуп келген.  

13-майда президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон мыйзамга ылайык, чет өлкөлүктөр, жарандыгы жок адамдар, чет элдик ишканалар, чет өлкөлүк үлүшү бар ишканалар, эл аралык уюмдар жана илимий топтор Казакстандын аймагындагы айыл чарба багытындагы жер тилкелерин сатып же ижарага ала албайт.

Буга кошумча 2016-жылдын 1-июлуна чейин ижарага берилген жерлердин келишими да узартылбайт.

Казакстанда чет элдиктерге жерди сатууга жана ижарага берүүгө каршы митингдер 2016-жылы башталган. Бир нече шаарларда ири акциялар өтүп, анын жүрүшүндө бир нече активисттер кармалып, айрымдары абакка кесилген. Мындан кийин жерди чет өлкөлүктөргө сатууга беш жылдык мораторий киргизилген. Мораторийдин мөөнөтү быйыл жайында бүтмөк.

2020-жылы сентябрда Караганда шаарында өткөн акция
2020-жылы сентябрда Караганда шаарында өткөн акция

Буга байланыштуу Касым-Жомарт Токаев быйыл февралда жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. Бирок мыйзам долбоордун ал үлгүсүндө чет өлкөлүктөргө жерди токой чарбасын уюштурууга ижарага берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Бул мыйзам долбоорду мажилисте депутаттар колдоп бергенде, коомчулукта нааразылык жаралып, каршылык жүрүштөрү кайрадан жанданган.

«Мен чет өлкөлүктөргө же башкаларга жерди токой өстүрүүгө берүүдөн эч кандай зыян көрбөйм. Алар токойду чөнтөгүнө салып алып кетишпейт. Ижарага алынган жерди катып же өрттөп жиберишпейт», - деп түшүндүргөн анда депутат Айдос Сарым мажилистин чечимин.

Анткен менен кийин коомдук нааразылыктан улам мыйзам долбоордогу бул пункт алынып, 5-майда парламент Токаевдин демилгесин колдоп берген.

Алматыда жер сатууга каршы акциялар, апрель 2021-жыл
Алматыда жер сатууга каршы акциялар, апрель 2021-жыл

Чет өлкөлүктөргө жер сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамдын кабыл алынышын ушу тапта Казакстанда көпчүлүк колдоп-коштоп турганы менен айрым эксперттер жана юристтер жер маселесиндеги коррупцияны жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдарды буйтап өтүү амалдарын айтышып, коомчулукту кулак түрүп турууга чакырып жатышат.

«Президент кол койгон мыйзамда кайсы жана кандай максаттагы жерлер чет өлкөлүктөргө берилбей турганы так көрсөтүлгөн эмес. Ошон үчүн жер берүүнүн жолдору пайда болушу мүмкүн. 20 пайыз эмес, бир пайыз эле жер чет өлкөлүктөргө берилерин ойлоп көрөлүчү? Бир пайыз Казакстандын аймагында 28 миң чарчы километрди түзөт. Израил 22 миллион калкы менен 22 миң чарчы километр аймакта жашайт. Казакстандын бир үлүш жери дагы эч ким берилбеши керек», - дейт коомдук ишмер Марат Уаткан.

Ал эми жер маселелери боюнча юрист Бакытжан Базарбек бул мыйзам мамлекеттин карамагындагы жерлерди чет өлкөлүктөргө же чет элдик компанияларга берүүгө эч кандай тоскоолдук жаратпай турганын белгилейт.

«Коррупция. Жер-жерлердеги бийликте коррупция гүлдөп кеткен. Канча деген жерлер мыйзамсыз эле бирөөлөргө берилип кеткен. Мен бул мыйзамдан кийин эртең аймактардагы акимдер жеке кызыкчылыктары үчүн бирөөлөргө жер бербей калат деп айта албайм. Буга жол берген көптөгөн процедуралар бар», - деди Бакытжан Базарбек.

Апрелде Алматыда жана башка бир катар шаарларда чет өлкөлүктөргө жер сатууга каршы акциялар өткөн. Уюштуруучулар чет өлкөлүктөр менен компанияларга жер берүү улуттук коопсуздук менен өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетире турганын, өлкөнүн ичинде өзүнчө корулган аймактар пайда болорун айтып, бийликти мындай кадамдардан баш тартууга чакырышкан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG