Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Бүгүн, Биринчи апрелде, азилиң жок болсо келбе!


Биринчи апрелдеги тезистерден: "Дүйнө - биздин чеңгелибизде!" (азербайжандык Рашид Шериф тарткан азил сүрөт). 01.4.2011.
Биринчи апрелдеги тезистерден: "Дүйнө - биздин чеңгелибизде!" (азербайжандык Рашид Шериф тарткан азил сүрөт). 01.4.2011.

“Күлкү кербендин” кезектеги чыгарылышы 1-апрел – “Аңкоолор күнүнө” же "Күлкү күнүнө" арналган дүйнө элдеринин ар кыл тамашалуу окуялары менен көп түстүү кубулжуган азилдерине арналат.


* * * * * * *

— “Биринчи апрелде өкмөттүк маалымат каражаттары бир күнгө эс алсын!” деген буйрук чыгаралы.
— Эмнеге?
— Ансыз деле башка күндөрү алардын маалыматына эл ишенбейт. Тыныгып алышсын.

* * * * * * *

— Саша, Саша!.. Беларуста ыңкылап башталды!
— О кудай ай! Курманбек, деги эмне балакетти айтып жатасың!
— Коркпо!.. 1-апрелде тамашалап жатам.
— Жо-ок, мен Урицкий экөөң үчүн коркуп жатам. Өзүм Акаевдин жанына кете берем.

* * * * * * *

— Урматтуу агайым, сиз азыркы өкмөттү жактырбайсызбы?
— Көп деле жактыра бербейм.
— Кечээ аны сыналгыда маек курганда мактап жатып калдыңыз го, чек ара маселесин чечти, суу маселесин тактады, башмыйзамды баптады, дедиңиз эле го?
— Кечээ 1-апрел болчу да...

* * * * * * *

— Жогорку Рада үчүн өтө татаал окуя болду.
— Айтсаңыз, анчалык эмне болуп кетти?
— Жогорку Рада бул маселе боюнча мыйзам кабыл алышы керек болду: 1-апрелди “Аңкоолор күнү” деп жарыялаш керекпи, же “Депутаттар күнү” деп жарыялаган түзүкпү? Баштары катып жатат...

* * * * * * *

2017-жылы 1-апрелде “Фарда” үналгысы сатиралык сүрөт жарыялады. Анда айатолла Али Хаменейи өзүнө ишенээр-ишенбестигин билбеген эки кишиге айтып жатат: “Мен чын эле кышкы эң узун түндү, жылдын акыркы шаршембисин, өзгөчө алганда, нооруз майрамы менен нооруз дасторконун жакшы көрөм”. (1-апрелдеги “Аңкоолор күнү” Иранда нооруз майрамынын 13-күнүнө туура келет. Салт боюнча бул күнү ирандыктар жалган айтып азилдешет).
2017-жылы 1-апрелде “Фарда” үналгысы сатиралык сүрөт жарыялады. Анда айатолла Али Хаменейи өзүнө ишенээр-ишенбестигин билбеген эки кишиге айтып жатат: “Мен чын эле кышкы эң узун түндү, жылдын акыркы шаршембисин, өзгөчө алганда, нооруз майрамы менен нооруз дасторконун жакшы көрөм”. (1-апрелдеги “Аңкоолор күнү” Иранда нооруз майрамынын 13-күнүнө туура келет. Салт боюнча бул күнү ирандыктар жалган айтып азилдешет).

* * * * * * *
— Эгерде 1-апрелде тамашалабай калсаң, анда аңкоолордун акыркысы болосуң. Эгерде жөндөп тамашалай албасаң, анда ошолордун эң биринчиси болосуң.

* * * * * * *

— Урматтуу Бажы Биримдигине мүчө өлкөлөр! Биз сиздердин ынтымактан чыгабыз.
— Эмнеге?
— Парламентибиз 1-апрелде тамашалап эле мүчөлүгүбүздү ратификациялап салыптыр.

* * * * * * *

Ошентип, акыры бул күн да келди: Орусия коронавирусту жеңип, мунай кайрадан кымбаттап, доллар кулады. Рубль дүйнөлүк валютага айланды, ардагерлер кайрадан жогорку пенсияга марып, урматтала башташты, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системалары кептелген жардан чыгып кетишти... Анан... кайрадан жаңы күн келип, 2-апрель сергитип салды...

* * * * * * *

1933-жылы 1-апрелде “Капитал Таймс” (Capital Times) гезити өзүнүн башкы бетинде Седрик Паркер тарткан азил сүрөттү жана тамаша текстти жарыялаган. Анда мыйзамчылар өтө эле көп сандагы ысык бууну чыгаргандыктан, Капитолийдин төбөсү урап түшкөндүгү тууралуу “расмий түшүндүрмө” да берилген.
1933-жылы 1-апрелде “Капитал Таймс” (Capital Times) гезити өзүнүн башкы бетинде Седрик Паркер тарткан азил сүрөттү жана тамаша текстти жарыялаган. Анда мыйзамчылар өтө эле көп сандагы ысык бууну чыгаргандыктан, Капитолийдин төбөсү урап түшкөндүгү тууралуу “расмий түшүндүрмө” да берилген.


* * * * * * *

— Биринчи апрелде мен жетекчимди өтө тамашалап салдым.
— Кантип?
— Аны көзүнө карап туруп айкөл, иш билги, кесипкөй, кеменгер деп мактап салдым.

* * * * * * *

1-апрелге байланыштуу азилдер кылтагына кээде саясатчылар өздөрү да түшүп калат.

АКШнын Өкүлдөр үйүнүн мурдагы спикери, саясатчы жана публицист, республикачы Ньют Гингрич (англисче Newton Leroy "Newt" Gingrich) 2015-жылы 1-апрелде “Твиттердеги” барагында президент Барак Обаманы мактап жазган.


Демократиялык партиянын өкүлү болгон президент Обаманы ырааттуу түрдө сындап жүргөн бул саясатчы өз жарыясында: “Узакка ойго чөмүлүп, мен өз көз карашымды өзгөрттүм. Президент Обама биз бардыгыбыз тең колдошубуз керек болгондой кубаттуу, бекем, акылман тышкы саясатка ээ экен”, – деп билдирген.

Бир саамдан соң Гингрич мырза “Твиттердеги” барагында бул сөзүн төгүндөгөн башка жарыясын сунуштаган: “Президент Обаманын тышкы саясаты жөнүндө буга чейинки (мен жарыялаган) твит – бул Апрель – Аңкоолор күнүнүн ишаарасы болчу”.

Айтмакчы, Гингричтин “Твиттердеги” Обаманы колдогон жарыясы окурмандары тарабынан кийинки төгүндөгөн сөзүнө караганда андан ары көбүрөөк таркатылып жарыялангандыгын сандык көрсөткүч өзү айгинелеп турат. Мунун өзү да тагдыр тамашасы.

* * * * * * *

— Гэрр Штирлиц, сиздин арызыңыз орусча жазылыптыр. Сиз – советтик тыңчы экенсиз!
— Арызда эмне деп жазыптырмын?
— Мени анда “аңкоонун аңкоосу” деп жазып салыптырсыз го!
— Гэрр Мүллер, 1-апрелде Сизди мат кылдым ээ!

* * * * * * *
— Эне үчүн Сиз салык декларациясын дайыма 1-апрелде гана толтурасыз?
— Анткени тамашалаган болчумун деп кутулуп кеткенге болот да.

* * * * * * *

— Эмнеге менин 1-апрелдеги тамашамды аңдабай коюшту?
— Анткени алар сенде юмордук сезимден ныпым да жок деп ойлошкон да.

* * * * * * *
(Ар кыл интернеттик ж.б. булактардан жыйналды).
(TT)

XS
SM
MD
LG