Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Өкмөткө кулак кагыш: Интернетте түз добуш берүүгө өтсө болот


Татар тектүү Рамил Беляев Хелсинки университетинде докторлук диссертациясын коргоодо. Финляндия. 27.11.2017.
Татар тектүү Рамил Беляев Хелсинки университетинде докторлук диссертациясын коргоодо. Финляндия. 27.11.2017.

Диссертациялык кеңештерде жана башка отурумдарда интернет аркылуу тикелей жана кыйыр добуш берүү мүмкүнчүлүгүн колдонуу абзел. Илимпоздун Кыргызстандын Жогорку аттестация комиссиясына заманбап добуш берүү усулдарын чыңдоо тууралуу сунушу башка тармактардын өкүлдөрүн деле кайдыгер калтырбас.

Бир саамга космос мейкиндигине сүңгүйлү

Тээ алыстагы Марс планетасына жеткен кыргыз илимпозу эгемен Кыргызстандын Жогорку аттестация комиссиясынын (ЖАК) диссертациялык кеңешинин мүчөсү катары Бишкекте өтүп жаткан отурумга интернет аркылуу түз катышып, илимге кадам шилтеген инсандын эмгегине баа бере алабы?

Заманбап байланыш технологиясын түшүнгөн киши “ооба” деп жооп берээри шексиз. Албетте, сигналдын Жерге жетүү тездиги да эске алынат деңизчи.

Кудайга шүгүр, азырынча эч ким Марска уча элек (мындайча айтканда, кыргыздар бул жагынан артта калган жокпуз, астыга да кете элекпиз).

Эми көйгөйү көп Жерге кайра түшөлүк

Деги, планетанын чар тарабында туруп, Бишкектеги диссертациялык кеңештин отурумуна интернет аркылуу түз катышууга Кыргызстандагы ЖАК уруксат береби?

Билбегендер үчүн дароо айталык: АЛБЕТТЕ, УРУКСАТ БЕРЕТ!

Вау (Wow)! – дейт америкалык.

Машалла! – дейт түркиялык.

Ого! – дейт орусиялык.

Ой бай-ау! – дейт казагым.

Мына, баракелде! – дейт кыргызым.

Андан ары...

Андан ары ЖАКтын тиешелүү жетекчи өкүлдөрү баш шылкыйтат (ушул мүнөттөрдө).

Себеби ЖАК диссертациялык кеңештин кайсы бир мүчөлөрүнө башка шаарда же чет өлкөдө жүрүп, кеңештин отурумуна интернет аркылуу түз (онлайн) катышууга уруксат бергени менен, андай сырттагы катышуучунун добуш берүүсүнүн усулдары тууралуу өкмөттүк тиешелүү токтомдун же буйруктун токулушун былтыртан бери сабыр кылып күтүп жатыптыр.

Жемкорлукка каршы күрөш, МАИ үчүн ачык-айкын иш-аракет механизмин түзүү сыяктуу олуттуу иш-чаралар менен алек болгон Кыргыз Өкмөтү ЖАКтын өтүнүчүн тез арада аткарууга колу бошобой кармалып жатканын уктук. Балким, башка да жүйөөлүү себептер бар чыгаар?

Дегиңкиси, онлайн добуш берүүнү тактап алуу – ЖАК үчүн гана эмес, Кыргыз Өкмөтү үчүн да кирешелүү: мындай шартта, маселен, Бишктектеги жыйынга келе турган ЖАКтын диссертациялык кеңешинин мүчөсү Баткен, Жалал-Абат, Ош, Каракол, Талас, Нарын, Чаткалдан же башка сырткаркы мамлекеттеги шаарлардан чыкпай туруп эле жыйынга иштиктүү катышып, алардын унаа акысы, конок үйүнүн, тамак-ашынын төлөмү сыяктуу маселелерде коротула турган акча каражаты “Нөл” деген сан менен гана өлчөнүп калат.

(Көмүскө жагын айтсак, ушулардын бардыгы чынында бечара диссертанттын мойнуна бейрасмий жүктөлүп келе жаткандыгы, айрым дисскеңештин ачкөз, жемкор мүчөлөрү кээ бир диссертанттардан беш жылдыздуу конок үйүнө жаткырууну, беш маал ысык тамакты жана башка жосунсуз иш-аракетти талап кылгандыгы тууралуу аңыз кептерди чогултсак, тим эле бир нече сатиралык чыгармага жетет. Эгерде бул каражаттык жүк бечара диссертанттын эмес, Өкмөт башчынын чөнтөгүнө байланган болсо, анда ал интернет аркылуу түз добуш берүү маселесин алеки заматта чечээр беле, ким билсин?)

Интернет аркылуу добуш берүү

Кыргыз Өкмөтүнүн чечимин ЖАК күтүп жаткан маалда биз да кайдыгерленип жөн отурбастан, азыноолак сунуштарыбызды айтууга үлгүрүүнү эп көрдүк.

Биринчиден, диссертациялык кеңештин (ДК) мүчөсү тиешелүү диссертацияга карата өз баасын электрондук катта же СМС аркылуу ачык билдире алат.

ДКга жалаң гана кыргызстандык илимпоз кирип чектелбестен, чет мамлекеттеги баалуу адисти да камтуу мүмкүнчүлүгү ачылып жаткан соң, интернет жана СМС аркылуу добуш берүүнү төмөнкүдөй бир нече үлгүдө сунуштаса болот:

А. ДК мүчөсү өзү электрондук катта жазуу түрүндө же СМС аркылуу тиешелүү санды жазып добуш бере алат.

1. (бул “Макул” дегенди туюнтат; Да; Yes)

2. (бул “Каршымын” дегенди туюнтат; Против; No)

3. (бул “Калыс” дегенди туюнтат; Воздержался (-лась); Abstained)

Чет жактан добуш берүүчү мүчө мындагы сандардын бирин гана жазып койот.

Б. ДК мүчөсү атайын электрондук кат жана СМС аркылуу өзүнүн добуш берүү укугун ДКнын катышып жаткан кайсы-бир мүчөсүнө тиешелүү отурум үчүн тапшыра алат.

Мындай шартта “ДК мүчөсү өзүнөн башка экиден ашык кишинин добуш берүү укугун ала албайт, ал эми ДКнын төрагасы менен төрагасынын орун басары ДКнын башка мүчөсү үчүн добуш бере албайт” дегендей чектөө киргизүү ылайык болушу мүмкүн. Ошондо ДКнын иши бейтарап жүргүзүлүп кетет.

Зарыл учурда ДКнын сырткарыдагы мүчөсү үчүн отурумдун жүрүшүн онлайн которуп туруу жагы уюштурулушу керек. Буга бүгүнкү техникалык каражаттар жана синхрондук котормочулардын молдугу мүмкүндүк берет.

В. Алыскы болочокто жүзөгө ашырылаар бул мүмкүнчүлүк – добуш берүүнү электрондук кол тамга (сырсөз) аркылуу түздөн-түз ЖАКтын тиешелүү интернет барагында атайын ДКнын тиешелүү отуруму үчүн ачылган куржунга электрондук добуш берүү аркылуу жүргүзүлгөн учурга таандык.

Бул үчүн кайсы шаарда же өлкөдө жүргөнүнө карабастан, ДКнын ар бир мүчөсү тиешелүү добушту маңдайындагы компүтер (эсепкер) аркылуу ЖАКтын интернет барагынын тиешелүү отурум үчүн ачылган куржунундагы добуш берүү терезесине өз алдынча жиберет да, ДКнын отурумунун добуш берүү жыйынтыгы атайын комиссиясыз эле автоматтык түрдө экранга чыгып калат.

Андан соң бул жыйынтык ДКнын отурумуна катышып жаткан башка кишилерге (изденүүчүгө, башка конокторго) расмий жарыя кылынат. Изденүүчү бул жыйынтыкка макул болбосо, албетте, ЖАКка өз диссертациясын аты-жөнү белгисиз илимпоз адистердин кошумча талдоосунан өткөрүү өтүнүчү менен арызданып кайрыла алат.

Мындай интернеттик добуш берүү диссертацияларды тармактар аралык жана эл аралык деңгээлде коргоону уюштуруунун мүмкүнчүлүгүн да кескин жогорулатаар эле.

Маселен, Новосибирск шаарындагы археолог, профессор Юлий Худяков, Бонн шаарындагы манас таануучу, профессор Карл Райхл, Абакандагы этнограф, профессор Астайбек (Виктор) Бутанаев, Бээжиндеги кыргыз таануучу профессорлор Адыл Жуматурду, Лаң Йиң, Ху Чжэнхуа, бээжиндик тарыхчы Жаркын Турсун, Үрүмчү шаарындагы адабият таануучу, фолклор таануучу Мамбеттурду Мамбетакун, Түркиядагы түркологдор Решат Генч, Гүлзура Жумакунова, Женгиз Алйылмаз, Олжобай Каратаев, Гүлниса Айнакулова, Абдырасул Исаков, Майрамкүл Дыйканбаева, Динара Иманова, Шурубү Кайхан, АКШда иштеп жаткан илимпоздор Анара Табышалиева, Уран Ботобеков, Бакыт Бешимов, Улуу Британияда байырлаган Арслан Капай уулу, Базбек Давлетов, ошондой эле Жапония, Индия, Корея, ж.б. өлкөлөрдө жана Борбордук Азиянын коңшу мамлекеттеринде байырлап жаткан илимпоздор өз шаарларындагы кабинеттерде же үйлөрүндө отуруп эле Кыргызстандагы ДКлар менен тыгыз кызматташа алмак.

Электрондук (интернеттик) ыкмалар аркылуу добуш берүүнүн эң жөнөкөй (көп акча каражатын талап кылбаган) түрлөрүнө өтүп алсак, андан кийин калган маселелер деле четинен чечиле берээр деген тилектебиз.

Керек болсо интернет кафеге кирип алып, онлайн иштөөгө болот.
Керек болсо интернет кафеге кирип алып, онлайн иштөөгө болот.

Онлайн отуруму өрнөгү

ЖАКтын интпернеттеги бул багыттагы саамалыктары башка тармактарга да өрнөк болоору шексиз.

Маселен, өлкөдөгү ар кыл тармактардагы Коомдук кеңештердин бир кыйласы дал ушундай интернет аркылуу катышуу жана добуш берүү механизми чечилбегендиктен өз иштерин алгылыктуу жүргүзө албай жатышат.

Бир мисал күнү бүгүнкүдөй жадымда: КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы курамы 2016-жылдын декабрынын соңунан өз мөөнөтү аяктаган 2017-жылдын апрелине чейин кворум болбой калып, эч чогула албай койду. Кворум болтурбоонун тымызын айлалары да жүргөндүгүн эске алуу керектир (кворум болсо эле көпчүлүк мүчөлөр ошол кездеги КТРКнын жетекчисине ишеним көрсөтпөө маселесин колдоп чыгышмак). Арийне, интернет аркылуу отурумга түз катышууну мыйзам (токтом, жобо) кворум үчүн жетиштүү деп тапкан учурда, албетте, жыйындар, отурумдар үзгүлтүккө дээрлик учурамак эмес.

Кыргыз коомун илимсиз элестете албайсыз. КР УИАнын маңдайы. 2016.
Кыргыз коомун илимсиз элестете албайсыз. КР УИАнын маңдайы. 2016.

Ала-Тоодо маалымат технологиясы – ачык коомдун кепилдиги

Марс планетасында, ошондой эле Түндүк Корея сыяктуу жабык өлкөлөрдө жүргөндөр менен Бишкекте туруп интернет аркылуу байланышуу – Жерден аркы дүйнөгө телефон чалгандай эле болсо керек, бирок илим жаатында кыйла секириктер жасап жаткан өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын ар кыл шаарларынан Бишкекке интернет аркылуу чыгуу – бүгүнкү күнү ыракаттын ыракаты болуп калды.

Муну биз ар кыл чет мамлекеттерге чыгып, салыштырып байкадык. Маалымат эркиндиги – кыргыз атуулдук коомунун азыркы тапта жан жыргатып турган айырмалуу жетишкендиктеринин жана заманбап кутунун бири.

Кыргызстандын ЖАКы аздыр-көптүр ийгиликтер жаратууда. Тажикстан менен Кыргызстандын илимпоздору так илимдердин бири боюнча орток ДК түзүп, алар иштерин онлайн уюштурууда. Бирок алардын ишинин айырмасы – тажиктер өздөрүнүн ДКсы үчүн бишкектиктердин көзүнчө добуш берсе, кыргыздар өздөрүнүн ДКсы үчүн дүйшөмбүлүктөрдүн көзүнчө добуш беришет (демек, булар – күзгүнүн аркы-берки бетиндей өз алдынча дисскеңештер).

Эмки кадам – Кыргызстандагы (маселен, Бишкектеги) ДК өзүнүн чет өлкөлүк жана башка шаардык мүчөлөрүнүн интернет аркылуу добуш берүүсүнүн механизмдери жаатында Кыргыз Өкмөтүнүн кайсы бир аткаминеринин үстөлүндө бир нече айдан бери козголбой жаткан сунушуна тез арада расмий жооп алуусуна жетишүү.

Бул жерде биз ЖАКты андан ары реформалоо, адистик шифрлерди совет доорундагыдан айырмалап, ийкемдүү кылып, кош шифр берүүнү жеңилдетип өзгөртүү, PhD жаатында жактоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, Илимий шилтемелердин кыргызстандык көрсөткүчүн (ИШКК, орусча КИНЦ) түзүү, бардык диссертацияларды интернетте илимпоздор үчүн ачык “илип коюу” сыяктуу маселелерге кайрылып отурбадык.

Бул жаатта да ЖАКка албан ийгиликтер каалайбыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG