Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 21:56

Түгөнүш тилди жоготуудан башталат


Иллюстрациялык сүрөт.

Азамат Омош – жаңы муундун өкүлү, социалдык тармакта чет жерде иштеп жүргөн улутташтарынын көйгөйлөрүн козгоп келаткан активдүү авторлордун бири.

Кыргыз аңгемесинин классикасынан жазуучунун “Орус” деген баянын сунуш кылабыз.

Орус болуп калган небере

Социализм заманында өз эне тилин билбеген, кыргыз турмушунан окчун өсүп калган өзүнчө бир муун пайда болду. Анын себеп-жөнү деле белгилүү болчу.

Айылынан алыс чыккысы келбеген кыргыздар ири шаарларда акыйкатта азчылыкты түзчү. Шаардагы окуу жайларда окугандар, анан кызматтагылар гана болбосо жайнаган завод-фабрикаларда иштеген кыргыздар аз эле. Тейлөө тармагында, жадесе базар-учардан ал учурда улутташтарыбызды табыш кыйын болчу.

Борбор калаа, анан да ири өнөр жай өндүрүшү бар аймактарда ал кезде орус тилинин ооматы жүруп турчу. Кийин заман өзгөрүлүп, айылдыктардын көбү шаарга ооду, иш издеп чет жерлерге кетишти.

Ушу таптагы баш калаанын демографиялык абалын карап туруп, бул жерде кыргыз тили толук үстөмдүк кылып, анын бирди-жарым проблемасы чыкпашы керек эле деп ойлойсуң. А бирок реалдуу турмуш көпчүлүктүн көйүндөгү проблеманын чечилиши кыйын, атүгүл мүмкүн эместигин көргөзүүдө.

Эне тилин билбеген орус тилдүү кыргыздар соңку жылдары кайра арбыды. Бул жагдайга ичи чыкпаган айрым интеллигенция өкүлдөрү совет заманында улутчул атка конуп, бир тобу куугунтук, басым-кысымга кабылып келсе, азыр ал маселени алдыга сууруп чыккандар “жармач патриот” аталып, дагы эле катаал сынга кабылууда.


Азамат Омоштун “Орус” деген аңгемесинде мына ушул кытыгылуу маселе козголгон. Болгондо да негизги көйгөйдүн тамыры бир үй-бүлөнүн мисалы аркылуу чечмеленген.

Чет жерде иштеген кыргыз жигиттин жалгыз уулу эне тилин билбей, орусча сүйлөп калыптыр. Ата-энеси да аны менен орусча гана сүйлөшөт. Андай балдар миңдеп эмес, миллиондоп саналгандыктан баласынын кыргызча билбей калышына ата-энеси деле анчалык кайгырган түрү көрүнбөйт.

Чет жерде жашаган кыргыз баласына дүйнөлүк тилдердин бирөөн үйрөтүүгө жан үрөйт, анын келечеги үчүн ушинтип кам көрөт. Шаардык небересинин быдылдап таптаза орусча сүйлөп калганы жалгыз чоң атага гана жакпайт. Ал кишини деле түшүнсө болот, кыргыз баласы болгон соң өз эне тилинде гана сүйлөшү керек деген түшүнүк кан-жанына бекем сиңип, андан башкача болбош керек деп бекем ишенип алган да жарыктык.

Кыргыз деп жазылганы менен кыргызча эки ооз сөз билбей, анысы үчүн эч уялбай-этпей турмуш арабасын тартып келаткандар канча... Ушинтип ал тилеп алган баласы чоң атасы түшүнбөгөн тилде сүйлөп калганына биралдын таң калып, экинчи жагынан ачуусу келип туру. Мындайда ачуусун чыгарчу бир гана кишиси бар, ал – кемпири ошонун кулагынын кужурун алды.

«— Атаңдын оозун урайын, тигини кара, — деди.

— Эмнени? — деди кемпири.

— Эмнени эмес, кимди дейт.

— Оп-поо! И, кимди?

— Тиги орусту.

— Эмне болуптур? Балдар менен ойноп жүрөт.

— Эй, сасык кемпир! Ошону айтып жатам мен дагы. Буларың бирин-бири кандай түшүнүп ойноп жатышат, ыя?

— Оюндун да тили болчу беле? — деди кемпири жөн салды эле.

«Чын эле, — деп ойлоду, — оюндун да тили болчу беле?»

— Эй, кайдагыны айтпачы акылдуусунуп. Бирин-бири түшүнбөсө кантип ойномок эле?

— Тигине, ойноп жатышпайбы жакшы эле.

— Кызык, бул орусуң орусча ойлонобу, ыя?

— Обу жоктонбочу, орусча ойлонбогондо анан кыргызча ойлонмок беле?

— Анда мунуң кыргыз эмес го, ыя?

— Дөөрүбөчү, ботом, кыргыз болбогондо орус дейсиңби?

— Эй, кемпир, мунуң орусча ойлонсо, анан кантип кыргыз болмок эле?

— Ой, ботом, атасы кыргыз, апасы кыргыз, мына, чоң атасы сен кыргыз, чоң энеси мен кыргыз, тиякта... таятасы менен таенеси кыргыз болсо, кыргыз болот да».

Эне тилин көбү эле билбейт

Небересине Самаган деп өзү ат койгон. Чоң атасы да кызык, тырнактай баланын орусча сүйлөгөнүнө эмне мынча күйүгөт? Баласы орус болуп калбасын десе айылдан чыгарбай, жанында алып жүрүшү керек эле. Эми минтип орусча ойлонсо, орусча сүйлөсө бу баланын келечеги кандай болот деп башын катырып олтурат.

Жалгыз эле анын небереси орус болуп калыптырбы?! Өңү кыргыз өзү орустар жүрү го толтура. Чоң атасы кыргыз тилин билбеген кантип кыргыз болсун дейт. Атаңгөрү, жетишкен экенбиз. Минтип неберең тилди билбей калса, андан кийинкилери деле билбейт калат да. Аксакалды күйгүлтүккө салганы ушул болду.

Эне тилин билбей калган жалгыз эле Самаган эместир, ушул эле айылдан кеткендердин балдары орустун шаарында ишин кылып, сөзүн сүйлөп жүрүшөт го. Анан ошолордун бала-чакасы аз-аздан башка элге жуурулушуп, сиңип, кыргыз экенин унутуп калат да. Чоң атаны күйгүлтүккө салып аткан маселе ушул болчу. Баары заман-шартка жараша болот экен. Айылдагы үйүндө отуруп алып абышкасынын ар кыл суроолорунан тажаган байбичеси аны алжып баратыптыр деп койду. Ботом, кайдагы суроолорду берет. Чоочун шаарда төрөлгөн небереси көпчүлүк сүйлөгөн тилде сүйлөп, буюрса эми орус мектепке окууга барат. Кийин эс тартканда балким өзүнүн кыргыз экенин билер.


Чоң атасына караганда кемпири жаңы турмуш агымын жакшы билет тура. Ишке жарамдуу кыргыздын көбү жумуш издеп орустун шаарына толуп алса алар үчүн кыргыз мектеп ачып, бала бакчаларды салып беришмек беле деп отурат.

“— Ой, абышка, ушу сен карыган сайын алжып баратасың. Ал жакта деле мусулмандар бар да. Анан өзүң көрүп, айылдын жаштары бүт эле ошол жакта болсо. Аты эле орус болбосо, бүт эле кыргыз көчүп барып албадыбы. Айттырды да.

«Чын эле, — деди ичинен, — Айылдын жарымы ошол жакта эмеспи. Анын үстүнө тиги Саматтын молдо баласы да Маскөөдө деген. Айттыргандыр...»

— Эй, кемпир, кемпир дейм.

— Ой, эмне?!

— Жакшы көрөсүңбү?

— Карыганда калжыңдабачы эми.

— Эй, тоок мээ, мен тигини дейм...

Ээги менен небереси жакты ымдап койду. Самаганды дегиси келсе да, дебеди. Тигини деп койду. Небереси келген күнү эле чулдурап орусча сүйлөп турса, өөн учурады бейм. Сиңире албай койду. Ушундан көрө келбей койгону деле жакшы окшойт эле. Алыстагы небересине кагылып жүрө берет эле. Эми минтип кыргызча бир сөз билбей быдылдаган небересин же жакшы көрөрүн, же жаман көрөрүн билбейт. Анан кантсин, тукумумду улайт деген небереси минтип орус болуп өсүп жатса...”

Бул жагдайдан чыгуунун бир гана жолу бар эле. Небересин шаарга жибербей айылда алып калуу керек. Ошондо гана небереси эне тилинде сүйлөп, чал-кемпирдин оюндагыдай айылдык бала болуп чыга келет. Бирок ага ата-энеси макул болор бекен. Алар ушу балдарыбыз кыйналбай жашаса экен деп азап-тозогуна кайыл болуп ата-энеси көрбөгөн алыскы жерде мусапырчылык күнүн көрүп жүрүшпөйбү.

Чоң атасына небересинин кайсы тилде түш көрүшү деле кызык. Аны сурай коём деп кемпиринен каккы жеди “эмне деп дөөрүп калгансың, кыргызча билбесе кантип кыргызча түш көрсүн” деди. Туура да, кыргызча билбесе, ошо билген тилинде түш көрөт, ошол тилде ойлонот. Чал эмне демек, түгөнгөн экен да баарысы, деп шалдайып отуруп калды. Түгөнүш тилин жоготуудан башталат экен.

Мына эңсеп, күткөн Самаганы ата-энесинин тилин билбейт. Анан анын балдары кыргызча сүйлөшмөк беле. Акыры чыдамы түгөнгөн белем ачуусу келген чал кемпирине бакырды:

“— Эч нерсе! Чакырчы бери!

— Тек кой, ойной берсин эми.

— Чакыр дейм!

Чыдабай кетип өзү чакырды.

— Эй, бала! Бери кел! Уулум!

Небереси эч нерсе укпагандай ойноп жүрөт.

— Сынок! Дед зовёт! Подойди к нему! — деди ар жакта отурган уулу.

— Щас, пап! Вот доиграю, и подойду!

— Мына, сага! —деп уулуна карап кыйкырды да, муштумун түйүп, турмугун көрсөттү (баш бармагын салаасынын арасынан чыгарды). — Айдай баланы айып кылып! Кетсең өзүң кеткин! Самаганды таштап кетесиң! Катының дагы тууп берет! — деди баятан берки көкүрөгүн өрттөгөн ачуусун эми баласынан чыгарып...”.

Байкалып калгандыр, чоң атанын ачууга алдырып айтып ийген сөзүнө уулу жооп бере элек. Ал эмне деп жооп берет? Келинчеги чуурултуп төрөй турган болсо эмдигиче төрөмөк. Анан чоочун шаардагы үйүнө кубаныч-шаттык тартулачу жалгыз уулун кемпир-чалга таштап кетишеби. Таштаганда алар баланы бага алышабы?


Самаганды атасы макул көрүп айылда калтырса аз убакыт ичинде эне тилинде түш жоруп, мал карап, отун-сууга жарап, анткен менен билим жагынан өксүбүрөөк калышы ыктымал. Ага атасы макул болор бекен? Ал ушул балам жакшы билим алсын, окусун, жашоо-турмуштан кыйналбай жашасын деп алыскы жерде кыйынчылыктарга карабай иштеп жүрбөйбү. Анысы ушул уулу үчүн. Чал-кемпирге көп нерсенин деле кереги жок. Атасы ачуу менен небересин бербейм десе эле уулу таштап кетсе жакшы, таштабай койсочу. Ушундай коллизия. Анын жандырмагын автор окурманга койгон.

Айылга баласын таштап кетүү же алып кетүү учурдагы миграциялык олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Канча балдар ата-энесин сагынып айылдагы чал-кемпирлердин колунда жүрүшөт, канчалары тигинтип тилин унутуп орус болуп улуттук кыртыштан алыстап баратышат. Глобалдык дүйнөнүн олуттуу маселелеринин бири ушул.

Кеп соңунда белгилей кетчү бир жагдай. "Википедия" маалыматына ынансак, “2009-жылы өткөн элди жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында кыргыз тилин 3 830 556 адам өз эне тили катары көрсөтүшкөн жана 271 187 адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган. Бул Кыргызстандагы калктын 76% кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Кыргыз тилинде 1 720 693 адам орус тилин да билише тургандыгын көрсөтүшкөн. Бул 2 109 863 адам кыргыз тилинде гана сүйлөй билишет дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 5 100 000 адам сүйлөйт”.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (18)

XS
SM
MD
LG