Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Үч медианын соту Свердлов районунда калды


Коллаж
Коллаж

Бишкек шаардык соту Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн үч медиага каршы арызы боюнча ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү боюнча өтүнүчүн четке какты. Буга чейин «Азаттык» радиосу менен «Kloop.kg» сайтынын юристтери ишти Свердлов райондук сотунан Ленин райондук сотуна которууну суранышкан.

Шаардык сот буга мыйзамдык негиз жок деп тапты. Адвокаттар Свердлов райондук соту ишти калыс карай албай турганын айтып, күмөн санап жатышат. Доогер тарап болсо тескерисинче «жалпыга маалымдоо каражаттары ишти атайын создуктурууда» деп эсептейт.

Бишкек шаардык соту «Азаттык» жана «Kloop.kg» сайтынын юристтеринин Свердлов райондук сотунун аныктамасына каршы берген жеке арызын канааттандырган жок.

Адвокаттар шаардык сотко Свердлов райондук сотунун ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берүүдөн баш тарткан аныктамасына каршы февраль айында арыз жазган. Арызды 12-мартта Бишкек шаардык сотунун судьялары Гүлмира Садыкова, Ирина Скрипкина жана Азизбек Досмамбетов карады.

Бишкек шаардык сотунун судьялары Ирина Скрипкина, Гүлмира Садыкова жана Азизбек Досмамбетов.
Бишкек шаардык сотунун судьялары Ирина Скрипкина, Гүлмира Садыкова жана Азизбек Досмамбетов.

«Бишкектин Свердлов райондук сотунун 29-январда чыгарган аныктамасы өзгөртүүсүз калтырылсын. «Азаттыктын» өкүлдөрү Алагушевдин, Исаеванын жана «Kloop.kg» сайтынын өкүлү Якупбаеванын арызы канааттандырылган жок. Аныктамага каршы Жогорку сотко арызданууга болот. Соттук коллегия жеке арызды канааттандырыш үчүн мыйзамдуу негиз тапкан жок», - деди сотко төрагалык кылуучу Гүлмира Садыкова.

«Kloop.kg» менен «Азаттыктын» юристтери Свердлов райондук соту Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн үч медиага каршы арызын калыс карашына көзү жетпей турат. Буга алар бир нече мисалдарды келтиришти.

Маселен, Матраимовдор былтыр декабрь айында үч медиага каршы арызданары менен аталган райондук соттун төрайымы Жылдыз Ибраимова дароо эле медиа каражаттарынын банктагы эсептерин камакка коюу жөнүндө чечим чыгарган. Жактоочулар судья мындан кийин ишти калыс карашына ишенишпейт.

Экинчиден, Ибраимова Матраимовдордун арызын кайсы судья карашы керек экенин ишти автоматтык негизде бөлүштүргөн система аныктаганын, жыйынтыгында бул иш анын кароосуна түшкөнүн айткан. Жоопкер тарап: «Система муну кантип аныктады, аны кантип далилдесе болот?» деген суроону берип жатат.

Үчүнчүдөн, Матраимовдордун үй-бүлөсү «24.kg» сайтына койгон 15 миллион сом доодон баш тарткан. Учурда аталган сайтка карата формалдуу гана доо калды. Матраимовдор койгон материалдык доонун негизги бөлүгү «Азаттык» радиосуна туура келет. Ал эми «Азаттык» Ленин районунда жайгашкан. Иш мекеме жайгашкан аймактагы сотто каралышы керек. «Kloop.kg» сайтынын адвокаты Фатима Якупбаева Бишкек шаардык сотунун аныктамасы боюнча комментарий берди:

Фатима Якупбаева.
Фатима Якупбаева.

«Бул иш боюнча эки жоопкер («Азаттык» жана журналист Али Токтакунов) Ленин районунда катталган. Ал эми «Kloop.kg» Октябрь районунда. Материалдык доо алып салынган «24.kg» гана Свердлов районунда жайгашкан. Бирок иш эмнегедир Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Менин кесиптештерим бул райондук соттун бардык соттук коллегиясына ишенбестик көрсөткөнүн айтышты. Бишкек шаардык сотунун бүгүн чыгарган аныктамасынан кийин ишти кароо Свердлов райондук сотунда эле уланганы калды. Биз бул аныктамага каршы Жогорку сотко арызданабыз».

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы арызы Свердлов райондук сотунда 20-январда карала баштаган. Доогер тараптын өтүнүчү менен сотту фотого жана видеого тартууга тыюу салынган. Сот башталгандан бери жоопкер тараптын дээрлик бир да өтүнүчү канааттандырыла элек.

Матраимовдордун жактоочулары башынан эле ишти башка сотко которууга каршы болуп келишет. Ошол эле учурда кайсы гана сотто болбосун өз чындыгын далилдей алаарын айтышкан. Доогер тараптын жактоочусу Татьяна Карыжинская сотту алмаштыруу боюнча юристтердин өтүнүчүн мындай баалады:

Татьяна Карыжинская.
Татьяна Карыжинская.

«Бул жерде ишти создуктуруу айласы гана болуп жатат. Эгерде жоопкер тарапта далилдер болсо кайсы гана сотто болбосун аны көрсөтө алат. Далил жок болсо ушинтип ишти создуктуруу аракети боло берет».

Медиа каражаттардын адвокаттары Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты аталган журналисттик иликтөөлөрдө айтылган маалыматтар боюнча жетиштүү фактылар бар экенин айтышат. Иликтөөнүн авторлору да иликтөөдөгү маалыматтар кылдат текшерилип, бир нече булактардан такталганын билдиришүүдө.

Сотто «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушев доогерлердин айыптоосуна жооп берди:

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

«Доогерлер «иш кайсы сотто каралары бизге маанилүү эмес» деп айтып жатышат. Андай болсо ишти Ленин райондук сотуна өткөрүү боюнча биздин сунуш менен макул болуп коюшпайбы? «Ишти кароону созуп жатышат» деп айтышты. Эгерде доогерлер биздин сунушка макул болгондо биз шаардык сотко арызданмак эмеспиз. Иш болсо Ленин райондук сотунда эбак карала баштамак. Азыр эми шаардык сотто бир ай жүрдүк. Кайра арыз берсек Жогорку сотто да ушунча убакыт жүрөбүз. Ушул керек беле? Доогерлер атайын эле Свердлов райондук сотуна кайрылып, ушул сотто эле калгысы келип жатат».

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы саясатчылар сотко кайрылып, миллиондогон сом доого жыккан учурлар аз эмес. Коррупцияга каршы «#REакция» митингдеринин жигердүү катышуучусу, бир нече жыл журналист болуп иштеген Азият Жекшеев Матраимовдор менен медиалардын соту тууралуу оюн ортого салды:

Азият Жекшеев.
Азият Жекшеев.

«Жоопкер тараптын өтүнүчү четке кагылып, ага кош көңүл мамиле болуп жатканы каралып жаткан иш кимдер-бирөөдөн көз каранды экенин билдирет. Бул медиаларга кысым кылуунун бир жолу. Адвокаттар да Свердлов райондук сотунда кызыкчылыктар бар экенин көрүп турушат. Ишти жөн гана башка райондук сотко которуу тууралуу өтүнүч четке кагылып жаткандан кийин чечим да бир тараптуу чыгат дегенди билдирет».

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG