Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Бир манжанын оорусу бүткөн бойду сыздатат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Мират Алчикенов жиберген сунуш.

Азыркы убакта коррупция, жемкорлук деген нерсе мамлекеттик институттун бүт баскычтарын каптап, чекесинен жеп, мите куртка окшоп жок кылганы калды окшойт.

Эгемендик алгандан тартып туңгуч президентибиз Кыргызстанды Швейцарияга айланткысы келди, бирок ишке ашкан жок. Андан соң «Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз» деп, чет жактагы шылуун компанияларга кең байлыктарды, кошуналарга ата-бабадан калган жерлерибизди тарттырып отуруп калдык. Дагы калган эл башчыларын айта берсек өксүктөн чыга берчү кептер көп. Акыр-аягы азыр эмне күндү өткөрүп жатканыбызды баарыбыз билебиз.

Ал мезгил өттү-кетти, аккан суу агып кетти дегендей сынактын шартына жараша кыска жана нуска сунуштарымды жазууга өтөйүн.

Биринчи сунуш

Мамлекеттин кайсыл тарапка, кандай жол менен кетүүсүн аныктаган документи Конституция. Ал башкы документ болуп эсептелинет. Ошол документтин авторлорунун бири «120 депутат бизге оптималдуу, биригип кетишине, ич ара ымалалашып маселелерди чечишине бөгөт болот» деген, бирок реалдуулук башка болуп чыкты. Коррупцияга аралашкан чуулгандуу окуяларда ошол «элитанын» арасынан улам жоон топ аткаминердин баштары кылтыйып чыгып олтурат.

Мейли эми, шайланып келип алышты, жок дегенде мыйзамга добуш берип жатканда кичине тизгиндөө максатында ушул сунушум бар эле.

Акыркы чакырылыштын депутаттары Интернеттин, технологиялардын өнүккөн учуруна туш келгендиктен акыркы убакта чуулгандуу окуяларга көп кабылып жатышат. Себеби дүйнө аябагандай бат өнүгүп жаткандыктан эл өкүлдөрү көп учурду ММКнын жана жөнөкөй жарандардын чөнтөк телефондоруна тартылып калган видеолордун баш каармандары болуп калып жатышат. Бул нерсенин да, албетте, жакшы жактары бар. Демек бизде аткаминерлердин мурдун балта кеспей калган заман келе элек дегенди билдирет. Кайсы жерде жарандык коом күчтүү болсо, ошол жерде демократия өкүм сүрөт дегендей, биздин кыргыз жергебизде кошуналарга салыштырмалуу Кудайга шүгүр эле экен.

Ошол эле учурда ошол эл өкүлдөрүнө жарандар өз укугун өткөрүп берип жатканда «шайлоо технологиясынын акыркы жетишкендерин колдонуп жатабыз» деп, биздин манжалардын эн белгилери менен шайланып келип жатышат.

Бирок өз учурунда мени өтө терең ойлондурган нерсе бар. Эмне үчүн ошол жалпы элдин атынан шайланып келген депутаттар мамлекетке керектүү, орчундуу маселелерге келгенде жана башка учурларда жалпы жыйынга катышпай туруп эле добушун берип коюп жатышат? Математиканы эзели үч деген баага окубаган мектеп окуучусу же болбосо 120га чейин санакты билген бала бакчанын тарбиялануучусу «жалпы катталды» жана «макул» менен «каршынын» ортосундагы айрыманы так айтып берип коёт. Кандайдыр бир кызыкчылыгы бар күчтөрдүн аркасы менен же болбосо аз эле депутаттардын жеке кызыкчылыгын коргогон мыйзам долбоорлору бат эле эки-үч тепкичти аттап-буттап кабыл алынып калып жатат.

Кичине болсо да ошону ооздуктоо жана жөнгө салуу үчүн мен тараптан жупуну бир сунуш бар эле. Аны ишке ашырууга эч кандай каражат жана анча деле көп убакыт талап кылынбайт.

Болгону МККнын (ГРС) кампасында катылып турган 120 даана манжалардын тактарын тактоочу сканерлерден ар бир депутаттын алдына орнотуп коюш керек. Качан кана добуш берүү мезгили келгенде ар бир депутаттын алдында турган сканер аркылуу добуш берип жаткан депутатты идентификациялап, анан добушун бергендей система орнотуш керек.

Эмне себептен ар бир жаран эл өкүлүн шайлап жатканда манжалардын терисинин жардамы менен шайлаш керек, ал эми ошол эле учурда мыйзамдарды кабыл алып жатканда эл өкүлдөрү ошол жол менен добуш бербеши керек деген суроо пайда болот.

Лирика. Карапайым элди кара булут каптап кыйналып турганда «аттиң ай» деп баш бармагын тиштеп, «шайлоодо добуш берип жатканда болгону ушул бир манжанын териси менен шайладым эле, эми болсо кыйынчылыкты минтип жон терим менен сезип жатам» деп, акчасын алып добуш бергендер бармагын тиштеп олтура беришсин.

Экинчи сунуш

Баарыбыз билгендей эле, акыркы жылдары Жазык жана Жоруктар деп илгерки Кылмыш-жаза кодекси алмашты. Илгерки Кеңеш доорунан мурас болуп келе жаткан, азыркы заманага ылайыгы келбеген өтө эле аша чапкандык, алабармындык менен кирген беренелер кичине басаңдады окшойт. Анча-мынча иштер менен камалып, соттолуп кылмышкерлердин саны көбөйө берчү. Негизи эле дүйнөлүк тажрыйбада бир жолу кылмыш кылган адам экинчи жолу да кылмышка барат деген байкоо кеңири таралган. Ал маселени бизде илектип көрүштүбү, статистикалык маалыматтар бар болду бекен?

Илгертен кошуна болуп келген Кытай мамлекети кийинки убакта аябай катуу өнүгүп жатат. Эл арасындагы ой-пикир, айтылып жаткан кептерди уксаң эле, «оор кылмышка жана пара корчулукка өлүм жазасын киргизсе эле өнүгүп кетебиз» деген бүдөмүк ойлор кеңири тарап кеткен. Алыскы Европа өлкөлөрү деле өлүм жазасы жок эле өз жолунда өнүгүп жатышпайбы. Дүйнөдө өлүм жазасы 54 мамлекетте бар экен. Ар кыл мамлекет ар кандай жолдор менен ишке ашырат экен. Бирок өлүм жазасы бар өлкөлөрдүн баары дүңгүрөп өсүп жаткан жерин деле байкаган жокмун.

Менин сунушум болсо «үч эсе айып» деген система иштей баштаса дурус болот эле. Албетте бул айып майда жана жеңил кылмыштарга кана колдонулмак.

Мисалы:

Бир адам бир тоок, кой уурдаса же болбосо кандайдыр бир өлчөмдө зыян келтирсе (телефон, дүкөндөгү майда товарлар, мамлекетке же болбосо жеке адамга чоң эмес майда зыян келтирүү ж.б.у.с) ошол нерсени үч эсе төлөп берүү же болбосо ордун тургузуу.

Бирөөнү бир койго азап чектирсең ордуна 3 кой бересиң. Экөөнү ээсине, себеби бир коюн уурдадың, ал жаран зыян тартты жана жапа чекти. Ал эми бирөөсү кайда дей турган болсоңуз, аны мамлекеттин эсебине төлөп берет. Албетте, «өзү ууру же кылмышкер болсо кайдан төлөмөк эле» деген ой кетиши мүмкүн. Колуң менен кылган ишти мойнуң менен тартасың демекчи, ишке иштетип, айлыгы ошол «үч эсе айып» төлөгөнгө жумшалмак.

Муну менен жеңил кылмыш кылган адамдарды түрмөгө камап, аларды кайра мамлекеттик казынадан каржылап каражат коротпой эле күчүн колдонуп түрмөдө отургандардын санын азайтса болот.

Бул ой пикир да идеалдуу эмес, албетте. Бирок эки жакты карап алып эле «тигилер минтип жатат, булар тигинтип өнүгүп жатат» дей бербей Кыргызстанды өз жолу менен өнүктүрсөк болот.

Мират Алчикенов

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG