Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Талапкер-спикерди талкууга түшүргөн сүйүнчү


Спикер Дастанбек Жумабеков Таласта сүйүнчү берип жатканы тартылган сүрөт. Интернетке 14-сентябрда жарыяланып, кайра өчүрүлгөн. Аны алып баруучу Айзада Жамгырчиева «Фейсбукка» койгон.
Спикер Дастанбек Жумабеков Таласта сүйүнчү берип жатканы тартылган сүрөт. Интернетке 14-сентябрда жарыяланып, кайра өчүрүлгөн. Аны алып баруучу Айзада Жамгырчиева «Фейсбукка» койгон.

Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп аттанган спикер Дастанбек Жумабековдун Таласта жаңы көз жарган келинге сүйүнчү катары акча бергени талкууга жем таштады.

Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү бергени тартылган сүрөттөр 14-сентябрда Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарады. Эртеси өчүрүлгөн сүрөттөр учурда талкууга жем таштаган башкы темалардын бирине айланды.

Спикердин басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков Дастанбек Жумабеков келинге акчаны 14-сентябрда Таластагы жумушчу сапарынын алкагында бергенин «Азаттыкка» ырастады:

«Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аткара берет. Таласта спикер катары иш сапарында жүрөт. Уулдуу болгон келин ымыркайына Дастанбек Артисбековичтин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү».

«Спикер өзүнүн талапкер экенин унуткан жокпу? Төрөт үйүнө баргандагы соңку жосуну менен шайлоо мыйзамдары бузулуп жатканын билеби?» - деген суроого Жоомарт Максатбеков: «Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөбүз», - деп жооп кайтарды.

Спикердин аракетин административдик ресурс колдонуу катары баалагандар бар. Маселен, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова парламент төрагасы кызмат абалынан пайдаланып, шайлоо мыйзамынын эрежелерин бузган деп эсептейт.

«Мамлекеттик функцияны өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу менен спикердин фондунун эсебинен акча берген болсо, муну административдик ресурс катары баалайм, - деди ал. - Эгерде үгүт өнөктүгүнүн маалында өз чөнтөгүнөн акча берген болсо, анда добуш сатып алуу болот».

Атыр Абдрахматова спикердин кадамынан улам БШКга «Кыргызстан» саясий партиясынын жоопкерчилигин жана аны парламенттик шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды.

Ушул эле күнү Абдрахматова сунуш Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) колдоо таппай калганын «Фейсбукка» жазды. Ал өз демилгесин комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдобогонун, ошол себептүү шаршембидеги жыйындын күн тартибине кирбей калганын кабарлады.

Спикердин сүйүнчү беришине байланышкан маселе каралаарын ага дейре БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов да маалымдаган эле.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы «төрага акчаны үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берген» деген таризде маалымат таратты.

Буга чейин БШК 4-сентябрда башталган бир айлык шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн учурунда талапкерлер кайрымдуулук иштер менен алектенбеши, жарандарга акчалай жардам бербеши керек экенин эскерткен. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, үгүт маалында кимдир-бирөөгө берилген материалдык жардамдын баары добуш сатып алуу болуп эсептелет.

Буга чейин «Factcheck.kg» сайты парламент спикери Дастан Жумабеков тарабынан жарыяланган маалыматтарды изилдеп, шайлоо боюнча бир топ эреже бузулганын жарыялаган. Сайттын негиздөөчүсү, журналист Болот Темиров төраганын аракеттерине баа берүүгө тиешелүү органдарды чакырды:

Болот Темиров.
Болот Темиров.

«Спикердин «Фейсбуктагы» расмий баракчасындагы жарыяларын текшерип чыкканбыз. Ал расмий талапкер катары катталган «Кыргызстан» партиясынын жыйыны өткөн күндөн баштап (Ред.: партиянын курултайы 20-августта болгон) ушул кезге чейинкилерин текшердик. Жалпысынан тогуз билдирүү таптык. Ал үгүт жүргүзгөн билдирүүлөр болуп чыкты. Биз БШКга да кайрылганбыз. БШК мүчөлөрү мыйзам бузулганын айтышкан. Ал эми төрөт үйүнө барып, акча бергени менимче принципке туура келбейт. БШК жана укук коргоо органдары буга баа бериши керек».

Негизи, «балага сүйүнчү азыркы төрт миң сомдон 50 миң сомго көтөрүлөт» деген убаданы «Кыргызстан» партиясы үгүт иштериндеги негизги чакырыктардын бири катары колдонуп келет.

Үгүт өнөктүгү башталганда партиянын дал ушул урааны ар кандай талкууларга жем таштап, сынга алынган. Өткөн аптада БШК балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн «Кыргызстан» саясий партиясына эскертүү берген. Дастанбек Жумабеков 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен депутат болгон, 2017-жылдын 25-октябрынан бери спикерлик кызматты аркалап келатат.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

XS
SM
MD
LG