Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Кыргызстан Казакстанга сугат суу берүүнү убактылуу токтотту


Киров суу сактагычы. Архивдик сүрөт.
Киров суу сактагычы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан Казакстанга Таластагы Киров суу сактагычынан суу берүүнү токтотту. Расмий Бишкек муну келишимге ылайык лимит бүткөнү жана Кыргызстандын өзүндө да суу аз болуп жатканы менен түшүндүрүүдө.

Мунун алдында негизинен кыргыз тараптан суу алган Жамбыл облусундагы дыйкандар миңдеген аймак суусуз калуу коркунучуна кептелгенин айтып чыгышкан эле.

"Киров суу сактагычында чогулган суу түгөндү"

Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен Жамбыл облусунда сугат суу тартыш болуп жатканы августтун башында белгилүү болгон. Дыйкандар маселе көтөрүп, өкмөткө кайрылып, эгин талаалары кургап калып жатканына даттанышкан.

Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги жагдайга байланыштуу 11-августта кенен билдирүү таратып, муну Кыргызстандын Талас дарыясындагы жана андагы Киров суу сактагычындагы суунун аз болуп жатканы менен түшүндүрдү. Коңшу өлкөнүн аталган мекемеси Кыргызстан ушул кырдаалга байланыштуу Казакстанга суу сактагычтан суу берүүнү токтотконун маалымдады.

"Талас дарыясындагы Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү 9-августта 32,48 млн куб метрди түздү. Былтыр ушул убакта суу сактагычта 177,28 млн куб метр суу болгон, башкача айтканда, быйыл андан 144,8 куб метр аз болуп жатат. Былтыркы жылдын августундагы графикке ылайык, Казакстандын керектөөсү секундасына 45 куб метр суу болчу, иш жүзүндө суу берүү азыр секундасына нөл куб метр болуп турат. Учурда Кыргызстандын Талас суу чарба бассейндик башкармалыгы менен суу сактагычтан жок дегенде секундасына 5 куб метр суу берип туруу боюнча сүйлөшүү иштери жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин билдирүүсүндө.

Киров суу сактагычы. Архивдик сүрөт.
Киров суу сактагычы. Архивдик сүрөт.

Бул жагдайга байланыштуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги эки-үч күндөн соң маалымат берип, Киров суу сактагычында чогулган суу дээрлик түгөнгөнүн, казак тарап мындан кабардар экенин билдирди.

Мекеме кабарлагандай, Кыргызстан менен Казакстандын Чу-Талас суу чарба комиссиялары суу берүү графиктерин жыл сайын сугат мезгили башталганга чейин тактап алышчу. 2023-жылы аба ырайына байланыштуу мөңгүлөрдүн эриши жайлап, Кыргызстандын суу сактагычтары кеч толгондуктан, тараптар графиктерди июнда гана такташкан.

Мындан соң 17-19-июль күндөрү Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын суу маселеси боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Ошол учурда казак тарап сууну графиктен көбүрөөк берүүнү өтүнгөн экен:

“Казак тарап Талас дарыясынын бассейнинде суу жетишсиздигинен Жамбыл облусундагы эгин талааларын сугаруу оор болуп жатканы тууралуу кабарлаган жана 18-июлдан 31-июлга чейинки аралыкта Киров суу сактагычынан сууну мурда макулдашылгандай секундасына 40 куб метрден эмес, 45 куб метрден коё берүүнү сурашты. Кыргыз тарап бизде да эгин талаалары куурап жатканын себеп кылып, суунун агымын көбөйтө албай турганын билдирген. Ошондой эле казак тарапка эгер сууну секундуна 45 куб метрден коё бергенде Казакстандын жалпы 3,54 млн куб метр лимити 4-августта аягына чыгары эскертилген. Ага карабай, казак тарап өтүнүчүнөн баш тарткан эмес. Жыйынтыгында эки тарап августтун 2-декадасынан тартып Казакстанга суу берилбей турганын ачыктаган протоколго кол коюшкан", – деп жазылган маалыматта.

Кыргыз тарап кабарлагандай, августтун экинчи декадасынан баштап суу токтотулары тууралуу протоколго казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Галидулла Азидуллин менен Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев кол койгон экен.

Казакстандын тиешелүү министрлиги тараткан маалыматта айтылгандай, Жамбыл облусундагы сугат маселелери менен так ушул Галидулла Азидуллин алектенип жүрөт.

Киров суу сактагычы. Архивдик сүрөт.
Киров суу сактагычы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги билдиргендей, Казакстанга суу кеп болгон көлөмдө берилип жаткан маалда Кыргызстан өзүндө суу лимитин чектөөгө аргасыз болгонун жана ошол учурда кыргыз фермерлери сууга зар болуп турушканын белгилеген.

Мекеме сугат суу маселеси Таласта бүгүнкү күндө да курч бойдон турганын, Киров суу сактагычына секундуна 1,3 куб метрден гана суу агып кирип жатканын маалымдоодо. Былтыр ушул күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундуна 13,7 куб метрге жетип атканы айтылат.

Үч багытта тең суу тартыш

Казакстан Кыргызстандан сууну негизинен үч дарыя аркылуу – Чу дарыясы, Талас дарыясы жана Нарын дарыясы аркылуу алат. Иш жүзүндө коңшу өлкөнүн бүт түштүк облустары, анын ичинде Жамбыл облусу 80% кыргыз тоолорунан аккан суудан көз каранды.

Мунун ичинен Чу же, Чүй дарыясы суу менен толтурган Нарындагы Орто-Токой суу сактагычында да суу кескин азайып кеткени өткөн айда белгилүү болгон. Бул жагдай “мындагы суунун баары Казакстанга берилип кетти” деген өңдүү күмөн ойлорду жаратып, коомчулукта сын-пикирлерди туудурган. Аталган маселе азыр да күн тартибинен түшө элек.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 14-августта Орто-Токой суу сактагычынын жанынан видео тартып, Кыргызстандын бийлигине жолдогон кайрылуусунда да ушул темага токтолду:

Темирлан Султанбеков
Темирлан Султанбеков

“Биз азыр Орто-Токой суу сактагычында турабыз. Мында жыл сайын мына ушул жерге чейин суу толуп турчу эле. Азыр өтүп баратып карасам, азыр суу таптакыр жок экен. Суу кана? Бул жагдай биздин айыл чарбага абдан чоң залакасын тийгизет. Биздин өкмөт, муну карап, тез арада көзөмөлгө алыш керек. Мындай саясат такыр туура эмес. Ушуга улай эле айта кетчү нерсе, азыр Ысык-Көл жыл сайын соолуп баратканынан кабарыбыз бар. Мен билгенден бир-эки метрге тартылып кетти. Биздин окумуштуулар, экологдор быйыл өзгөчө катуу эскертишти. Ошондуктан так ушул Орто-Токой суу сактагычынан чыккан сууну Ысык-Көлгө бурууну сунуштайм. Мурда Турдакун Усубалиевдин тушунда пландаштырылган долбоорду кезинде Казакстандын жетекчиси Кунаевдер Москвага айтып жатып токтотуп калышкан экен. Өкмөттөн мына ошол идеяны кайрадан алып чыгып, Ысык-Көлдү суу менен байытуу саясатын карап көрүүнү өтүнөм”, – деди ал.

Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев 3-августта Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы кырдаалга түшүндүрмө берген учурда, жаан-чачынга байланыштуу анда негизи эле суу аз топтолгонун маалымдаган. Анын айтымында, быйыл суу сактагычта 470 млн куб суу топтолсо, суу сугат иштери үчүн апрелдин ортосунда коё берилген. Ошондо августтун башына болгону 8,6 млн куб суу калган.

Орто-Токой суу сактагычы. Архивдик сүрөт.
Орто-Токой суу сактагычы. Архивдик сүрөт.

Бул 2014-жылдан берки эң төмөн көрсөткүч. Анда сугаттан кийин 15,61 млн куб суу калган экен. 2020-2022-жылдары керектөө бүткөн соң суунун көлөмү 34 млн куб көлөмдөн 45,68 млн кубга чейин суу сакталып калчу. Азыркы көлөм болсо мындан кыйла эле аз экени көрүнүп турат.

Сокеев социалдык тармактарда талкууланып жаткан “Орто-Токой суусунун Казакстанга берилип жатканы” жөнүндө маалыматка комментарий берип, “суу товар катары таанылбагандыктан, коңшу мамлекетке бир литр дагы суу сатылбай турганын” айткан.

Алмазбек Сокеев
Алмазбек Сокеев

“25 млн сомго же 179 млн теңгеге казак тарап жумуш жасап берип жатат. Казак тарапка вегетация учурунда 20% сууну Чу дарыясынан беребиз. Ал эми жалпы жыл ичинде Казакстандын үлүшү 42%, Кыргызстандыкы – 58%”, – деди Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев 3-августтагы басма сөз жыйынында.

Токтогулда да жылдагыдан суу аз

Казакстан Өзбекстан менен чогуу суу алып жаткан Нарын дарыясындагы жагдай деле жеңил эмес. Ушул күндөрү Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 126 млн куб метрди түздү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2-3 млрд кубга аздык кылат.

Баса, Кыргызстан Өзбекстан менен Казакстандан 2021-жылы кышкы сезондо 1 млрд 650 миллион кВт/саат электр энергиясын сатып алып, аны кайра үч жыл бою жайкысын электр катары кайтарып бермек болгон. Иш жүзүндө аны кайтаруу үчүн ошондон бери жай айларында сууну агызууга туура келип жатат.

“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.
“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.

Токтогул суу сактагычынан суу коё берилгени менен, ал Өзбекстанга кирип, андан ашканы Казакстанга жетет. Бирок Кыргызстандын өзүндө тартыш болуп жатса, суу баары бир аз барары айтпаса да түшүнүктүү. Ага карабай кыргыз бийлигин коңшуларга сууну “итбекер” берип жатат деп айыптагандар арбын.

“Легендарлуу парламенттин” депутаты, мурдагы айыл чарба министри Жамин Акималиевдин ушул жөнүндө ой-пикирин сурадык:

Жамин Акималиев
Жамин Акималиев

“Советтер Союзу учурунда бир өлкө болгонубуз үчүн, Чу дарыясы аркылуу Орто-Токойдон 48% Казакстанга, 52% гана Кыргызстанга деп белгиленген. Киров суу сактагычынынан болсо суунун 80%дан көбү Казакстанга кетет. Токтогул суу сактагычындагы суунун 97% өзүбүздө пайдаланылбай, Өзбекстан менен Казакстанга кирип кетет. Бирок ал кезде биз утулчу эмеспиз, анткени Москва башка каражат менен, башка товарлар менен баланстап, ырааттуу саясат жүргүзүп турчу. Көз карандысыздык алган соң “сууну кандай пайдаланабыз” дегенди тактап, чечип алышыбыз керек болчу. Ошентип турган кезде, “Легендарлуу парламенттин" депутаты катары мен, Турдакун Усубалиевич жана башкалар болуп, “сууну товар деп эсептейли, өзүбүздүн ичибизде да, сыртыбызда да саталы” деп, мыйзам кабыл алып бергенбиз. Акаев көп көп көңүлдөнбөй, коркоктугунан улам, Казакстан менен Өзбекстандын президенттеринен чочулап эле, жакшы талап коё албай койду. Силер газды бизге сатып атасыңар, суу деле жаратылыш байлыгы деп, “соода-сатык кылалы, алсаңар да акчасын төлөп алгыла” деген талап коё алган жок. Кийинки бийликтердин тушунда да ушундай саясат кармалып келди. Эми азыр маселе койсоң башкача кабылданып, саясат кылып жатышат. Мына эми климат өзгөрүп, мөңгүлөр азайып, суу тартыш болгон учурда туңгуюкка кептелдик. Быйыл ошонун азабын көрүп жатабыз”.

Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу соңку жылдары дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда сугат суу тартыш болууда. Быйыл да сугат мезгили башталгандан тартып эле жергиликтүү дыйкан-фермерлер суунун тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүп, көптөгөн эгин талаалары кургап кеткенине даттанышкан. Сугат суунун жетишсиздиги өзгөчө Чүй жана Талас облустарында курч болуп турат.

Июнь айында Бишкекте президенттик администрациясынын имаратынын алдына Ысык-Ата районунан келген 30дай фермер сугат суунун тартыштыгына нааразы болуп, акцияга чыгышкан. Алар менен Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жолугуп, суу жеткирүү маселесин чечип берүүгө убада кылгандан кийин чогулгандар тарап кеткен.

Айыл чарба министрлиги айдоо жерлерин сугат суу менен камсыздоо боюнча жылдын алгачкы жарымына карата жыйынтык чыгарып, 1-августка чейин “Кыргызстандагы сугат 92% аткарылды” деген маалымат берген. Бул аралыкта айдоо жерлерине 4 млрд 155,7 млн куб метр суу менен камсыздоо планы коюлса, иш жүзүндө 3 млрд 822,9 млн куб метр суу жеткирилиптир.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG