Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Бишкектин экс-мэри камакта калды


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок.

Шаардык соттун 17-сентябрдагы чечими менен мурдагы мэр Албек Ибраимов 28-октябрга чейин камакта калды. Сот жараяны жабык өтүп, ага адвокат Сергей Слесарев гана катышты. Буга нааразы болгон Ибраимовдун 50дөн ашуун тарапкери шаардык соттун имаратынын алдына чогулуп, митинг өткөрүштү:

- Эмне үчүн элге ачык кылбай жатат? Күнөөсүз эле камап коюшту. Күнөөсү болсо, ачыгын айтпайбы. Булар атайын коркуп эле сотту жабык өткөрүп жатат деп ойлоп жатабыз, - деди Ибраимовдун тууганы Сүйүмкүл Жантөрөева.

Албек Ибраимовду колдогон акция.
Албек Ибраимовду колдогон акция.

Камактагы мурдагы мэрдин дагы бир тарапкери Кыяс Исмаилов сот чечимин түшүндүрүп берүүнү талап кылды:

- Ушуга чейинки отурумдарга да келгенбиз. Бир да мыйзам бузуу болгон жок. Үстөлүн же калемин сындырган жокпуз. Тынч отурабыз. Сот кандай болуп жатканын аягына чейин көрөлү десек киргизбей жатышат. Өткөндө да ушундай кылышкан. Же бул чечимге эмне негиз болгонун айтышпайт. "Жабык сот болот" дешти. Бүттү, башка эч нерсе түшүндүрүшпөйт.

Бишкек шаардык соту Албек Ибраимовго байланышкан ишти жабык кароо тууралуу чечимди 12-сентябрда чыгарган.

Соттук коллегиянын мындай чечимине Ибраимовдун тарапкерлери нааразы болуп, адвокатты сотко киргизбей, жараян 17-сентябрга жылган. Ал кезде сот бул чечимине түшүндүрмө берген эмес.

Албек Ибраимовду колдогон акциядан бир көрүнүш.
Албек Ибраимовду колдогон акциядан бир көрүнүш.

Соңку жараяндан кийин Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева бардык чечим мыйзам чегинде кабыл алынды деп "Азаттыкка" билдирди:

- Отурумдун башында адвокат Сергей Слесарев сотту ачык өткөрүү жөнүндө өтүнүч келтирген. Сот тергөөнүн кызыкчылыгы жана мамлекеттик сырды жайылтпоо максатында жараянды жабык өткөрүү чечимине келген. Бул тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн. Ал жерде мамлекеттик сыр деген да бар. Ушунун баары эске алынды.

"Дастан” ишканасын жетектеп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп айыпталып жаткан Албек Ибраимовду Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) быйыл 19-июлда кармап, тергөө бүткүчө камакка алган.

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-августта анын камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узарткан. Адвокат Сергей Слесарев Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, шаардык сотко даттанган. Эми ал жогорку инстанцияга кайрылууну көздөп жатат:

- Ибраимовдун бөгөт чарасы кароо учурунда сотто көптөгөн процессуалдык каталар болгонун бүгүнкү сотто айттым. Аны Биринчи май райондук соту да, шаардык сот да көргөн жок. Же алар аны көргүсү келген жок. Мындай каталар үчүн жок эле дегенде кызматтан алыныш керектигин белгиледим. Эртеби-кечпи бул каталар ачыкка чыгат. Алдыда беш күн ичинде бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко арыз жазабыз. Жогорку сот кандай чечим кабыл алаарын ошондо көрөбүз.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнүн бири делген Албек Ибраимов ушу тушта УКМКнын тергөө абагында. Бул жайда андан тышкары коррупцияга айыпталган ондон ашык мурдагы чиновниктер кармалууда.

XS
SM
MD
LG