Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Мурат Суталинов үй камагына чыкты


Апрель окуясы боюнча башкы айыпталуучулардын бири саналган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Мурат Суталинов үй абагына бошотулду.

Айыпталуучу Мурат Суталиновдун оор абалына байланыштуу Бишкек аскер гарнизондук сотунун судьясы Дамир Оңолбеков төмөнкүдөй чечим чыгарды:

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 112, 125 жана 267-беренелерине ылайык сот өкүм кылат: айыпталуучу Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокат Ташбалтаевдин өтүнүч арызы канааттандырылсын жана баш коргоо чарасы катары үй камагы тандалсын.

Мурат Суталинов тергөө абагына алынып, бирок оорусуна байланыштуу дарылоочу камакта болчу.

Бакиев учурундагы УКМКнын төрагасы, апрель окуясында ок атууга буйрук берген деп айыпталып жаткан Мурат Суталинов рак оорусуна чалдыгып, бир бөйрөгүн алдырган. Жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев анын абалын дарыгерлер оор деп жатканын билдирди.

- Соттук жараяндын жүрүшүн талкуулап, чечип алган соң албетте мен Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча маселени койдум. Анын азыркы абалын эске алдык. Соттук жараян уланат, токтото турууну эми эч ким суранбайт, анткени азырынча ага негиз жок.

Эки жылдан бери уланып келаткан сот иши ушул жайдын башында Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу токтоп калган. Анын дарылануусу 2013-жылдын июнь айында бүтөөрү айтылган.

Ал эми бүгүнкү сот отурумунда жабырлануучулар да, алардын жактоочусу Осунбек Жамансариев да Суталиновдун үй камагына чыгарылышын колдоду.

- Сотту бүтүрүшүбүз керек. Биз ак-караны ошондо айырмалап алат элек. Ага чейин сот бүтпөй, биз жөн эле туңгуюкта болуп жатабыз. Азыр "Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртсүн" дегенибиз айла жоктун иши болуп жатат. Мындай жоопкерчиликти алып айтуу бизге деле кыйын. Унчукпай отура берсек, бир жыл өтүп кетет.

Суталинов эми ар бир сот отурумуна келип турмай болду.

Апрель окуясында набыт болгон 77 адамдын жакындары толугу менен, жарадар болгон 306 адамдын 200дөн ашууну жана 117 күбөнүн 100ү суралып бүткөн. Жабырлануучу тараптын калгандары жана кошумча күбөлөрү азырынча жок болуп жаткандыктан бул жолку отурумда сот жараянынын кийинки баскычына өтө берүү чечимин да кабыл алышты.

Мамлекеттик айыптоочу Худайберди Чыраков мындан кийинки иштин жүрүшү боюнча буларды билдирди:

- Келбегендер келип калса, сурай беребиз. Мыйзам боюнча келбегендердин көрсөтмөлөрүн окуп, угузса болот. Соттук отурумдун да баскычтары бар, азыр эксперттерди сурайбыз, анан соттолуучуларды, кийин алардын күбөлөрүн сурайбыз. Эң аягында соттук материалдарды окуп угузуш керек. Ошондо келбей калган жабырлануучулар, күбөлөрдүн көрсөтмөсү угузула берет.

Соттун чечими боюнча кылмыш катталган жайлар, Ак үйдүн айланасы, чатыры текшерилмей болду. Бирок текшерүү убактысы, экспертизаны уюштуруу, адистерди тартуу сыяктуу маселелер талаш жаратты.

Экспертизаны уюштуруу маселесинин көтөрүлүшүнө ок Ак үйдү көздөй сырттан атылган деген билдирүүлөр негиз берип, бирок анын мөөнөтү белгисиз бойдон калды.

2010-жыл, апрель окуясындагы ок атуулар боюнча 28 адам айыпталууда. Алардын ичинен ошол кездеги президент Курманбек Бакиев баштаган 6 адам качып жүрүшөт.

Ал эми жооптуу кызматтарды ээлеп келишкен Нурлан Темирбаев, Данияр Дунганов тергөө абагында. Андан тышкары "Альфа" отрядынын, мамлекеттик кайтаруу кызматынын 18 кызматкери суракка келип жатат.

XS
SM
MD
LG