Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Атамбаевдин командасы кайда?


Экс-президент Алмазбек Атамбаев мурдагы кадрлары менен.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев мурдагы кадрлары менен.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясаттагы жакын адамдары тууралуу ар кандай маалыматтар тарап жатат.

Атамбаев президент болуп турганда анын ишенимине кирип, жооптуу кызматты аркалагандардын азыркы абалы ар кандай. Айрым маалымат каражаттары экс-президенттин жанында кеңешчиси Фарид Ниязовдон башка жакын адамы калбаганын жазып чыгышты.

Жолдубаева жок, Илмияновдун "изи"...

"Азаттыктын" “Атамбаев ишенген жетекчи кадрлары азыр кайда?” деген суроосуна экс-президент жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева минтип жооп берди:

Кундуз Жолдубаева
Кундуз Жолдубаева

- Индира Жолдубаевадан башкасынын баары Алмаз Шаршенович менен байланышка чыгып турат. Ошол эле Сегизбаев, Илмиянов Атамбаев менен такай байланышта. Икрамжан Илмиянов умрадан келди, азыр Кыргызстанда. Ал эми Алмаз Үсөнов саясаттан чарчаганын айтып, бизнеске кетти. Азыр ал ишкерлик менен алек болууну чечти.

Айтмакчы, буга чейин Атамбаевдин мурдагы айдоочусу жана кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун кичи ажылык сапарга кеткени айтылган. Ал арада айрым маалымат каражаттары Илмиянов умрадан түз эле АКШга өтүп кеткенин кабарлашкан.

Бул маалыматты такташ үчүн Мамлекеттик чек ара кызматына кайрылганыбызда Илмияновдун кайда экени тууралуу маалымат тиешелүү органдарга гана берилерин билдирди.

Ал эми УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Илмияновго байланыштуу кылмыш иши жок болгондуктан анын кайда экени атайын кызматты кызыктырбасын айтты.

Илмияновдун жакындары ал АКШда эмес, апасы ооруп Орусияда жүргөнүн айтышты. Алар анын эки кызы АКШда окуй тургандыгын бышыктап, бирок "ири суммадагы контракт төлөйт" деген сөздөрдү төгүндөштү.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков жакында эле АКШга барганда Илмияновдун ал жакта жеке менчик мектептерде окуган эки кызы тууралуу мекендештерден маалымат алганын айтты.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Илмияновдун эки кызы эки жылдан бери Америкада окуп жатканын ал жактагы мекендештерибиз айтышты. Өзүнүн деле ошол жакта жүргөнүнө ишенем. Анткени ата-эне бала кайда болсо, ошол жакка барат да.

Атамбаевдин жалгыз калары мурда эле белгилүү болчу. Анткени ал саясий үзөңгүлөштөрүнөн кол үзүп, катчы, айдоочуларына ишеним артты. Техникалык кызматкерлерди жогорку кызматтарга коюп, алар таасирдүү фигура болгондой элес калтырды. Бирок алар эч качан саясий, коомдук күч боло албайт. Атамбаевдин трагедиясы – катчы, айдоочулары менен мамлекетти башкарам деп, саясий өнөктөштөрүнөн жүзүн үйрүгөнүндө.

Жээнбеков Илмияновдун өмүр бою айдоочу, кеңешчи болуп иштегенин эске салып, "Америкада жеке мектепте эки кызын бирдей окуткудай акчаны кайдан тапты?" деген суроону кабыргасынан койду. Айрым эсептер боюнча Кошмо Штаттарда эки баланы жеке менчик мектепте окутуунун бир жылдык акчасы тамак-аш, кийим-кече жана башка чыгымдарды кошкондо 100-150 миң доллардын тегерегинде.

"Атамбаевдин командасы чоң болчу..."

Атамбаевдин доорунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) жетектеген Абдил Сегизбаев жана мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да кызматтан алынгандан кийин чет өлкөгө чыгып кеткени айтылып келген.

Бирок Сегизбаевге окшош адамдын Бишкекте жүргөн сүрөтү Интернетке тарады. Жолдубаева менен байланышканыбызда “экинчи тынчын албашыбызды” өтүнүп, жооп берүүдөн баш тартты. Анын эмне үчүн Атамбаев менен катташпай калганы азырынча белгисиз.

Парламенттин мурдагы төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков экс-президент Атамбаевдин жанынан Фарид Ниязовдон башкасын көрө элек экенин айтууда.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Убагында Атамбаевдин командасы чоң болчу. Сооронбай Шарипович баш болгон көптөгөн жакын адамдары минтип мамлекетти башкарып жатат. Эң жакын адамдары түрмөдө отурат. Мен Алмазбек Атамбаевдин жанынан Фарид Ниязовду эле көрүп калып жатам. Калгандары кайда, эмне кылып жүргөнүн ал өзү эле билсе керек.

Турсунбеков КСДП фракциясында да "атамбаевчил", "жээнбековчул" деген бөлүнүү бар экенин, депутаттардын позициялары кырдаалга жараша өзгөрүп жатканын четке каккан жок.

Алмазбек Атамбаев мамлекетти башкарып турганда “оң колум” деп сыпаттаган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков учурда ЖЭБдеги коррупцияга байланыштуу шектүү катары УКМКнын тергөө абагында отурат. Экс-президенттин дагы бир ишенимдүү кадры, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов да ушундай эле шек менен камакта. Эксперттердин айтымында, Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынан кызматта Албек Ибраимов эле калды. Ал дагы жакында УКМКга суракка чакырылганы белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG