Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Соттордун ишин көзөмөлдөө сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Укук коргоочу Чолпон Жакупова президентке ачык кат жазып, соттордун ишин жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алууга чакырды.

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазды. Анда соттордун ишине, мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жок болуп жатканын белгиледи. Укук коргоочу мыйзамсыз чечим чыгарган судьялардын жоопкерчилиги тууралуу да маселе козгоду.

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

- Конституциялык палата өзүнүн акыркы чечими менен бардык бийлик бутактарынын ишин координациялоого президент жооптуу экенин көрсөткөн, - дейт Жакупова. - Негизинен Конституцияда анын мындай ыйгарым укуктары жок, бирок Конституциялык палатада ушундай деп көрсөтүлгөндөн кийин ал мыйзам катары каралышы керек. Ошондуктан мен мамлекеттин башчысына бир иштин мисалында гана кайрылып, соттор бизге абдан кымбатка түшүп жатканын, соттук иштер жылдап созуларын жана ошондо да мыйзамда көрсөтүлгөн акыйкаттык табылбай турганын айткым келди. Эгер азыр соттун чечимине каршы арыз жазсаң, кайра эле биринчи инстанциядан каралат. Райондон шаарга өтүп, андан кийин Жогорку сотто жана Конституциялык палатада каралганын эске алсак, биздин иш боюнча эле 34 судья иштептир. Азыр жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан аракет кылыш керек. Бирок сот системасындагы ушундай уюштурулбаган иштерден улам биздин бюджетте дайыма акча жетишпейт. Анткени баягы эле иш, ондогон соттор карайт, анан акыйкат чечим чыкпаса, кайра башташ керек. Ушинтип жүрө бересиң.

Сөз 2017-жылы ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева Zanoza.kg сайтын сотко берип, президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын жана абийирин коргоо боюнча беш доо арыз жибергени, ага карата чыккан соттун чечимдери туурасында болуп жатат.

Октябрь райондук соту "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер: Нарын Айып 9 миллион, Дина Маслова 3 миллион, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул чечимди шаардык жана Жогорку сот күчүндө калтырган.

Бул иштер бардык соттук инстанциялардан каралып бүтүп, өкүм аткарыла баштаганда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жакупова менен Идиновдон өзүнүн материалдык доосун чакыртып алган.

Жакында Жогорку соттун Конституциялык палатасы "башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугу болмоюнча коргой албайт" деген чечим кабыл алган. "Анда тең укуктуулук принциби одоно бузулуп, айыпталып жаткан тараптар келтирген далилдерге юридикалык баа берилбей келген" деп эсептейт укук коргоочу Чолпон Жакупова.

Соттордун чечими мыйзамсыз болгонун ким аныктайт жана ал кантип далилденет? Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова сотторду саясий куралга айлантуунун жолдору бар экенин белгиледи:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- "Мыйзамдын одоно бузулушу" деген бир пункт бар. Ошого такап туруп эле бир топ соттор жоопко тартылып жатат. "Туура, мыйзамсыз чечим чыгаргандан кийин жооп бериш керек" деп колдоюн десең, ушул берене менен бүт баарын жазалай берсе болот. Ушундай коркунуч бар. Бул саясатчыларга курал болуп бере тургандай. Мисалы, чет өлкөлөрдө "мыйзамсыз чечим" деген түшүнүк жок. Анткени "ар бир судья соттук катага укуктуу" деген түшүнүк бар. Ошондуктан инстанция деген бар. "Биринчи жолу ката кетсе экинчиде, экинчиде ката кетсе үчүнчүдө оңдолуш керек" деп көрсөтүлүп турат. Соттордун катасын оңдош үчүн ошондой инстанциялар бар. Ал эми "соттун чечимин мыйзамсыз" деп жоопко тарткандай прокуратура ким эле? Анда соттун өз алдынчалыгын жокко чыгарып, прокуратурага көз каранды кылып коюп жатабыз да. Тартип комиссиясынын иши жакшы көзөмөлгө алынбай жатат. Ал 2017-жылга чейин жалаң соттордун өзүнөн турчу эле. Азыр президенттен, парламенттен, соттон туруп үч киши болуп калды. Ошентип өздөрү түзгөн соң көзөмөлгө алсын.

Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясы соттордун мыйзамсыз чечимдери Башкы прокуратура тарабынан текшерилип, анын корутундусу чыкканда гана чара көрө алат.

Сот департаментинин басма сөз катчысы Назира Садыгалиеванын айтымында, Тартип комиссиясынын сунушу менен быйыл бир катар судьялар ишинен мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

- Тартип комиссиясы иштеп жатат, - дейт департаменттин өкүлү. - Ал Башкы прокуратурадан келген сунушту карай алат, мыйзам бузулса Жогорку соттун төрайымы да Тартип комиссиясына кайырылып чара көрүүнү өтүнө алат. Ал эми Тартип комиссиясы соттун чечимине карата чара көрө албайт.

Анткен менен Тартип комиссиясынын ишин сындагандар да бар. Укук коргоочулар комиссия көп учурда эскертүү берүү менен чектелип жатканын белгилешет.

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликсти кызматтан бошоткон жарлыкка кол койду. Буга чейин Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы Марлес Феликсти кылмыш жоопкерчилигине тартууга башкы прокурорго макулдук берген. Ал эмненин негизинде айыпталганы азырынча белгисиз.

Быйыл август айынын башында президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Элвира Жаркееванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жарлыкка кол койгон. Буга аталган судьянын 2016-жылы 5-июлдагы ишти кароодо мүлктү тартып алып, менчик ээсин алмаштырууга өбөлгө түзгөн мыйзамсыз чечими негиз болгону айтылган.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов соттун бардык инстанцияларына президиумду кайра түзүү зарыл деп эсептейт.

- Президиум ошол Жогорку соттун коллегиялары чыгарган чечимди дагы оңдоп-түзөп, жокко чыгарып койсо болмок. Бакиевдин тушунда алардын бардыгын жокко чыгарып салган. Азыр эптеп биринчи инстанциядан Жогорку сотко жеткирип алса болду.

Коомчулукта эң көп нааразылык да сот тармагына айтылат. 18-октябрдагы сот жана укук тартибин коргоо органдарынын жетекчилери катышкан жыйында президент Сооронбай Жээнбеков “алдыга коюлган маселенин баарын чечмейинче тынч уктайм деп ойлобогула» деп билдирген. Эми коомчулук ушунун жыйынтыгын күтүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG