Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Жогорку Соттун төрайымы ызы-чуусуз шайланды


Жогорку Сот.
Жогорку Сот.

Жогорку Соттун төрайымы болуп судья Гүлбара Калиева шайланды. Аны менен кошо үч орун басар да алмашты. Соттор өздөрү жаңы жетекчилик кесипкөйлүгүнө карап тандалганын айтышууда. Ошол эле кезде өлкөнүн башкы соттук кызматына келген Калиеванын калыстыгынан шек санагандар да чыкты. Мындан сырткары мурдагы төрайымдын кайра орун басар болуп дайындалышы да сынга кабылды.

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын мөөнөтү бүтөрүнө аз калгандан бери анын ордун ким басары коомчулукта чоң кызыгуу жаратып келди. Бир катар талапкерлер айтылганы менен акыркы мүнөттөргө чейин интрига жаралды.

Бирок 22-сентябрга белгиленген Жогорку Соттун жетекчисин жана анын орун басарларын шайлоо көпкө созулган жок. Отурум бир саатка жетпей аяктады.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаева добуш берүүнүн жыйынтыгы менен дароо тааныштырды:

- Жогорку Соттун төрайымдыгына сунушталган жалгыз талапкер Калиева Гүлбара Үтүровананы 33 судья бир добуштан колдоду. Аны менен кошо үч орун басар да алмашты. Жазык иштер боюнча соттук коллегияга Жаныбек Бокоев, жарандык иштер боюнча соттук коллегияга Нургүл Асанова, административдик жана экономикалык соттук иштер боюнча соттук коллегияга Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева шайланды.

Жогорку Сотко жаңы төрайым шайланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:54 0:00

Калиева шайлангандан кийин маек берүүгө макул болгон жок, анын иш пландары менен Сюита Соурбаева тааныштырды:

- Жыйындын башында Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаеванын үч жылда жасаган иштери тууралуу тасма көрсөтүлдү. Анда бир катар жакшы иштер болгону баяндалган. Анын баары сот тутумунун өнүктүрүү, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу болгондуктан жаңы төрайым Гүлбара Калиева да ошол иштерди улантууну убада кылды. Мындан ары да өнүктүрүп, кошумча иштерди жасайм деген убадасын берди. Калган пландары менен менимче кийинчерээк өзү кенен тааныштырат болушу керек.

Ал эми Жогорку Соттун судьялары жаңы төрайымды жана анын орун басарларын кесипкөйлүгүнө жана адамгерчилигине карап тандашканын айтып жатышат.

- Шайлоо акыйкат, демократиялык жол менен өттү. Бизге эч ким, эч жактан басым кылган жок. Көрсөтмө болгон жок, судьялар өз тандоолору менен шайлады. Гүлбара Калиева буга чейин ушул жерде иштеген, төрайымдын орун басарлыгына чейин жеткен. Ал бул кызматка толук татыктуу, - деди судья Памирдин Жумагулов.

Ал эми судья Нургүл Бакирова шайлоо демократиялуу өткөнүнө токтолду:

- Шайлоо демократиялык принциптердин негизинде өттү. Төрайымды жана анын орун басарларын талаш-тартышы жок эле шайлап алдык. Буга чейин айтылгандай эч кандай интрига же башка маселелер болгон жок. Баары жакшы.

Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева мыйзамга ылайык, үч жылдык мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматынан 21-сентябрда кеткен. Ал 2015-жылдын 22-сентябрында шайланган.

Токбаева: Соттор көз карандысыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:18 0:00

Анын ордуна келе тургандардын катарында 2012-2015-жылы сот тармагын башкарган Феруза Жамашева, 2003-жылдан бери Жогорку Соттун судьясы, бир кезде Жамашеванын орун басары болгон Бактыгүл Аманалиева жана судья Жаныбек Бокоевдин аты аталып келген.

Ошол себептүү Гүлбара Калиеванын төрайымдыкка бекитилиши эксперттер арасында күтүлбөгөн жаңылык болду.

Көз карандысыз юрист Канатбек Азиз жаңы төрайымдын 100% менен шайланышында күмөндүү жагдайлар барын белгиледи:

- Ачыгын айтканда Калиева келерин эч ким уккан эмес, коомчулук үчүн белгисиз болчу. Мен ал айымды тааныйм, тажрыйбасы, кесипкөйлүгү жана компетенттүүлүгү жагынан жаман эмес. Бирок кандай иштерин тилекке каршы билбейм. Менимче, ал буга чейин саясий иштерге аралашпаганы үчүн тандалды окшойт. Бирок соттордун 100% добушун алып чыгышы да артында ар кандай түкшүмөлдөрдү жаратып турат. Соттук реформага келе турган болсок президент да бул жаатта чечкиндүү аракеттерин баштаган, бирок ага жардам берүүгө Гүлбара Калиеванын канчалык дарамети жетет аны байкап туралы. Анткени соттук реформа жүргүзүү биринчи кезекте соттордун өзүнөн көз каранды.

Гүлбара Калиева караган соттук иштер

Гүлбара Калиеванын буга чейин сот катары кандай иштерди караганы көп ачыкка чыккан эмес. Ачыкка чыккандарынын белгилүүсү катары журналист Кабай Карабеков менен азыркы президент, былтыр президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековдун талашын караганын айтсак болчудай.

2018-жылдын 22-февралында Гүлбара Калиева судьялар Гүлбар Кулматова, Нургүл Асанова менен чогуу соттук коллегияда Жээнбековдун журналист Кабай Карабековго койгон доосу боюнча ишти карап, Свердлов райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Натыйжада журналист мамлекет башчыга 5 млн. сом доого жыгылган. Кийин президент Сооронбай Жээнбеков Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тартып, маселе жөнгө салынган.

Кабай Карабеков
Кабай Карабеков

Бирок ошол учурда журналист Кабай Карабеков Жогорку Соттун чечимин мындайча баалаган эле:

- Коллегиялык соттун отуруму он мүнөткө да жеткен жок. Биздин жүйөлөрдү кыпындай да эске алышпады. Менин макаламда "бир тууган Жээнбековдор" деп жалпы жазылган, Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн аны өзүнө алып, арыз жазганы белгисиз. Мен "чындап ушундай" деп аныктама берген эмесмин. Ошого карабай 5 млн. сомго доого жыкканы бул соттун коррупциялашканын далилдеп турат. Жөнөкөй жаран менен президент соттошуп жатса, албетте, соттор президентти угуп, президент утат да, - деген Карабеков.

Калиеванын тажрыйбасында мындан башка коомчулукка белгилүү Бишкек шаарындагы жер маселелери боюнча соттук иш бар. Ага байланыштуу соттук процесс бир аз күн мурда, 20-сентябрда аяктаган.

“Биздин укук” кыймылынын өкүлү Светлана Антропова бул ишти Калиева акыйкатсыз караганын белгилеп, ошондон улам ал төрайым катары акыйкат иштей албайт деген оюн билдирди:

- Бишкектин “Чыгыш 5” кичирайонунун жашоочулары көп кабаттуу үйдүн алдындагы участокту менчикке берүү тууралуу атайын комиссиянын протоколун мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылышкан. Арыз райондор аралык сотто, Ленин райондук сотунда каралды. Шаардык сот "жер мыйзамсыз берилген" деп чечим чыгарган. Бирок иш Жогорку Сотко жеткенде Гүлбара Калиева төрайымдык кылган соттук коллегия чечимди жокко чыгарып, ишти токтотуп салды. Натыйжада жашоочулар үйүнүн алдындагы жерди алдырып жиберди. Биз сотторго “бети жоктор” деп кыйкырып кала бердик. Мен Калиеванын бир эле ишин мисал катары айтып жатам. Ушундай акыйкатсыз чечимдерди чыгарган киши Жогорку Соттун төрайымдыгына келгени кантип болсун? Жогорку Сотто мурдагыдай эле мыйзамсыздык өкүм сүрө берет, эч өзгөрүү болбойт. Соттук реформа дегенден эми үмүт кылбай эле койгула.

Жогорку Сотто төраганы, анын үч орун басарын кошкондо 35 судьялык орун бар. Учурда анын экөө бош турат. Төрага алардын арасынан үч жылдык мөөнөткө шайланат. Катары менен эки ирет шайланууга мыйзам жол бербейт.

Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева мурдараак жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүп, жакында эле жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык суралгандардын 73% сотторго ишенет деген жыйынтыкты көргөзгөнүн айткан. Бирок бул коомчулукта сын-пикир жаратып, сотторго ишенич аз экендигин белгилегендер болду.

Гүлбара Калиева 1981-жылы Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетин аяктаган. 2000-жылдарга чейин Чүйдүн жана Бишкектин райондук сотторунда, Бишкек шаардык сотунда эмгектенген. Жогорку Кеңеште жана өкмөттө эксперттик бөлүмдөрдү жетектеген.

2008-жылы Жогорку Сотко аппарат башчынын орун басары болуп келген. 2012-жылдан Жогорку Соттун судьялыгына дайындалып, төрайымдын орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн. 2015-жылы да кайра ушул эле жерге сот болуп шайланып, жарандык иштер боюнча соттук коллегияны жетектеп турган.

Жогорку Соттун судьясы Гүлбара Калиева катышкан "Азаттыктын" "Арай көз чарай" берүүсү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG