Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:24

Өкмөт ишкер ишенимин актай элек


Кыргызстандагы тигүү цехи

Кыргыз өкмөтү мамлекет менен жеке ишкерлер өнөктөштүгү ийгиликтүү иштебей жатканын моюнуна алды. Бийликтер бул багытта абалды жакшыртуу үчүн мыйзамдарды оңдоп, инвесторлорго жакшы шарт түзүүнү убада кылууда.

Премьер-министр Сапар Исаков мамлекет менен жеке ишканалардын биргелешкен долбоору ойдогудай ишке ашпай жатканын Бишкектеги жыйында билдирди. Премьердин айтымында, өкмөт бир канча жылдан бери бул багытта иш алып барганына карабай ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлор дээрлик жокко эсе:

- Мен билгенден бул багытта бир гана долбоор менен мактана алабыз. Ал - Гемодиализ клиникасынын ишке берилиши. Мындан башка ишке ашкан долбоор жок. Демек, бул жерде бир нерсе туура эмес болуп жатат. Маселе эмнеде экенин тереңирээк карашыбыз керек. Өкмөт бул институтту тирүү организмге айлантуу үчүн максималдуу аракет көрөт. Биз мамлекеттик - жеке өнөктөштүк тууралуу жакшы мыйзам, инвесторлорго жакшы шарттар түзүлмөйүнчө, Кыргызстанга инвестиция келбей турганын түшүнүп турабыз.

Сапар Исаковдун маалыматы боюнча, мамлекеттик - жеке өнөктөштүк боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

Кара-Кечеге кызыккан инвестор жок

Кара-Кечеге кызыккан инвестор жок

Кара-Кече көмүр кенине жылуулук электр борборун куруу долбоору тээ союздун тушунан бери эле көтөрүлүп келе жатканы белгилүү. Мурдагы президенттердин тушунда улам бир коомчулуктун назарына илинип, кайрадан коңулга калтырылып жүргөн бул долбоор өткөн жылы экс-премьер-министр Темир Сариев тарабынан кайра көтөрүлгөн.

Өкмөт өкүлдөрү жаңы иштелип чыккан мыйзам алкагында Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууну каалаган ишкерлерге шарттар жеңилдетилип жатканын белгилешүүдө.

Өкмөт алдындагы Инвестицияны илгерилетүү агенттигинин директору Эсенкул Момункулов мындай демилгелер абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт деп ишенет:

- Биз ар түрдүү моделдерди сунуштап жатабыз. Анда кайсы бир ишкананы ишкерлер салып, 50 жыл же андан ашык убакыт иштетип, мамлекетке өткөрүп берсе болот. Эми инвесторлор келеби же келбейби деген маселе биздин саясий эркке байланыштуу. Биз мындай эркти көрсөтүп, инвесторлор келерине ишенебиз. Мисалы, аэропортторго деле дүйнөдөгү эң чоң операторлорду алып келүүгө аракет көрүүдөбүз.

Кыргызстанда инвесторлорго жакшы шарттарды алгач жолу убада кылынган жок. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда өлкөнү инвесторлор үчүн "бейишке" айлантуу боюнча бир нече жолу ураан чакырган эле. Бирок өлкөдө ири долбоорлорго инвестиция табылбай келатканы маалым. Анын катарында “Мегаком” ишканасы, ГЭСтерди курууга, Кара-Кече кенин комплекстүү иштетүү үчүн темир жол салууга сыяктуу долбоорлор бар. Мындан сырткары өкмөт өлкөдөгү "Манас" аэропорту баш болгон айрым аба майдандарды убактылуу башкарууга берүү үчүн инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы белгилүү.

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

600 миң доллардан ашык акча сарптаган британиялык инвестор сотто утулган соң, Кыргызстанга акча салган чет элдик ишкерлердин капиталынын кепилдиги тууралу маселе көтөрүлүүдө.

Ишкерлер өлкөгө инвестиция келбей, мамлекет менен бирге долбоорлордун ишке ашпай жатышына бийликтеги туруксуздук, коррупция баш болгон бир маселелер себеп катары көрүшөт.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Ажыкуловдун айтымында, дал ушул себептер инвестицияны тартууга жолтоо болуп жатат:

- Ачык айтканда, туруктуулук жок, ишениш оор. Мисалы, бир ишкер 2-10 миллион долларга чейин кайсы бир социалдык же өнөр жай долбооруна акча салса, бир-эки айдан соң өкмөт алмашып кетип, башка талаптарды кое баштаса эмне болот деп чочулашат. Экинчи маселе - укук коргоо органдары. Мамлекет менен иш алпара баштасаң эле прокуратура, Эсеп палатасы жана башка органдар улам келип текшерип, жолтоо болушат. Ошондуктан, буга каражат салып, акыбетин албай калабызбы деп чочулагандар көп.

Ал эми мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатында Кыргызстанга тажрыйбасы менен бөлүшүп жүргөн Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлү Мартин Нигиленин айтымында, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда ачык-айкындык чоң мааниге ээ:

- Биз кыргыз өкмөтүнө мамлекет жана жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууга жардам берип келебиз. Башка айтканда, кайсы бир долбоор үчүн жеке ишкерлерди тандоого көмөктөшөбүз. Бул жерде ачык-айкындык абдан маанилүү. Эгер бул процесс ачык-айкын жүрүп, эч кандай кийлигишүү жок болсо инвестор да долбоорду сапаттуу ишке ашырууга кызыкдар болот.

Расмий маалымат боюнча, былтыр Кыргызстанга чет өлкөдөн 654,8 миллион доллар түз инвестиция келген. Быйылкы жылдын жети айында болсо инвестициясынын көлөмү 500 миллион долларды түзгөн.

Исаков: Инвестор үчүн шартты жакшыртуу зарыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG