Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Хоккейчилер президентке кайрылышты


Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы. Архивдик сүрөт.

Бишкекте өтө турган хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты башталарда Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын мурдагы айрым оюнчулары президентке жана коомчулукка кайрылышты.

Алар өлкөнүн Хоккей федерациясынын ишин сындап, улуттук курама командага чет өлкөлүк оюнчулар чакырылганына нааразы. Федерация өкүлдөрү бул дооматтарды четке кагышты.

Шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты 3-5-март күндөрү Бишкекте өтөт. Ага Малайзиянын, Кувейттин жана Филиппиндин курама командаларынын келиши күтүлүүдө.

«Арстан» хоккей командасынын оюнчусу Болот Жунушалиев нааразы болгондордун саны 50-60 кишидей экенин айтып, мындай деди:

Болот Жунушалиев.
Болот Жунушалиев.

«Президентке кайрылганыбыздын себеби - федерациянын ишине көп хоккейчилер нааразы болуп жатабыз. Себеби, улуттук курама командада жалаң Орусиядан келген оюнчулар ойноп жатат. Экинчиси - Кыргызстанда хоккей өнүкпөй, тескерисинче төмөндөп кетти. Жылдан жылга улуттук курама командада чет жактан келген оюнчулар азайбай эле, тескерисинче көбөйүп жатат. Эч ким хоккей ойногусу келбей калды. Быйыл Кыргызстандын чемпионатына үч эле команда катышты. Деңгээли аябай төмөн. Биринчиден калыстар жок. Экинчиден катыша турган ар бир командага 20 миң сомдон кирүү акысын кошкон. Айылдагы командалар анча акчаны кайдан табат? Анан жергиликтүү оюнчулар арасында тандоо жүргүзбөй эле, чет жактан оюнчуларды алып келип, аларга паспорт жасап ойнотуп жатканына өтө нааразыбыз. Азыркы боло турган дивизиондо ойноого биздин деле күчүбүз жетет. Бирок кыргыздар ойнобой жатпайбызбы. Алар келет, ойнойт да, акчасын алат, кетип калат».

Хоккей федерациясы билдиргендей, Кыргызстандын чемпионаты ушул жылдын 31-январынан 2-февралына чейин өтүп, ага үч команда катышкан. Улуттук курама командага оюнчуларды тандоо дал ушул үч команданын ичинде жүрүп жатат.

2011-2017-жылдар аралыгында улуттук курама командада ойноп, эл аралык мелдештерге катышып жүргөн Урмат Шейшеналиев командага оюнчуларды тандоо жеке адамдардын кызыкчылыгы менен гана жүргүзүлүп жатат деген пикирин ортого салды. Ал акыркы эки жылда курама командага такыр чакырылбай калган.

«2011-жылы Орусиядан келген 15 оюнчу жана жергиликтүүлөрдөн 5 оюнчу болуп Алматы менен Астанада өткөн кышкы Азия оюндарынын премьер-дивизионуна катышканбыз, - деди ал. - Алардын аты-жөнүн да билем. Ошондо биз жеңишке жеткенбиз. Бирок жеңип келгенден кийин бир эки жыл такыр ойнобой калдык. Сураштырсак, ошондо бизге башка командалар арыз жазып, бизди үч жылга оюндардан четтеткен экен. Былтыр да Абу-Даби шаарында өткөн мелдеште ошондой болду. Мейли, алышсын легионерлерди, эми аларды азайтыш керек да. Өзүбүздүн балдар деле өсүп чыкпадыбы».

Хоккей боюнча улуттук курама команданын менежери, Хоккей федерациясынын өкүлү Элзар Болотбеков курама командага Кыргызстанда жана чет элдик клубдарда ойногон кыргыз жарандыгы бар мыкты оюнчулар тандалып жатканын айтты:

Элзар Болотбеков.
Элзар Болотбеков.

«Ошол нааразы болгондор «Эл аралык хоккей федерациясынан Кыргызстандын Хоккей федерациясына санкция болду» деген жазуусу бар кагазды мага алып келишсинчи. Экинчиси – легионер деген бул клубдарда гана ойной алат. Эгер кыргыз барып Орусияда ойносо легионер болот. А кыргыз жараны болуп жатса, ал кантип легионер болот? Болгону анын улуту эле орус. Бизде командада орус, корей, дунган улутундагылар бар. Алар да Кыргыз Республикасынын жарандары. Анда эмне, командага жалаң кыргыздарды алып, аларды Орусияга же Кореяга жөнөтөлүбү? Ал хоккейди жакшы ойносо эмне себептен мен «Кыргызстанда кыргыздар эле ойношу керек» деп аларды командага албашым керек? Бизге мамлекет «уткула» деген тапшырма койгон. Ошон үчүн мен эң мыкты оюнчуларды гана тандап алам».

Элзар Болотбоков учурда курама командага оюнчуларды тандоо иштери жүрүп жатканын жана анын курамы 25-февралда жарыяланарын билдирди.

2019-жылдын апрель айында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын 3-дивизионуна тандоо оюндарында Кыргызстандын оюнчусу Александр Титов «орус жарандыгы бар» деген негизде мелдештен четтетилип, курама команданын жеңиштери жокко чыгарылган. Кийинчерээк Кыргызстандын Хоккей федерациясы чыр-чатак элдешүү жолу менен чечилгенин, Эл аралык хоккей федерациясы Кыргызстанда IV дивизиондогу дүйнө чемпионатын өткөрүүгө уруксат бергенин билдирген.

Спорт журналисти Кабыл Макешов өлкөнүн Хоккей федерациясы дал ушул окуядан сабак алышы керек деген ойдо. Ал Хоккей федерациясы ачык-айкын иш алып барбай жаткандыктан ич ара пикир келишпестиктер жаралып жатканын билдирди:

Кабыл Макешов.
Кабыл Макешов.

«Эл аралык хоккей федерациясы мындай кылганы үчүн Кыргызстанды көп жылдарга мелдештерден четтетип коюшу мүмкүн эле. Бирок ал эң жеңил жаза колдонуп, төртүнчү дивизиондо ойноого уруксат берди. Төртүнчү дивизион - деңгээли эң төмөн дивизион да. Башка өлкөлөрдө деле чет жактан келген оюнчуларды кошкон учурлар болот. Бирок ал аз санда болуп жатпайбы. Эгер курама команданын дээрлик жарымын чет жерден келген оюнчулар түзсө, ал хоккейдин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Акыркы убакта Хоккей федерациясы кандай иш алып бара жатканын маалымат каражаттарына кеңири чагылдырбай келет. Кыргызстандын хоккей боюнча чемпионаты кандай деңгээлде өтүп жатат? Канча команда катышып жатат? Мелдештерде регламенттер сакталып жатабы? Командалардын деңгээли кандай, алардын катарында легионерлер барбы? Ушунун баары айдан ачык болбой жатат. Ошол себептен мындай таарынычтар, ортодо түшүнбөстүктөр болуп жатат».

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик учурда Бишкекте өтө турган IV дивизиондогу дүйнө чемпионатына даярдык жүрүп жатканын жана федерациянын ички иштерине кийлигише албай тургандыгын билдирди.

Нурпери Садырбекова.
Нурпери Садырбекова.

«Бишкекте өтө турган дүйнө чемпионатына курама команданын курамын машыктыруучулар кеңеши бекитип, ал федерациясынын сунушу менен Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекцияга берилет. Машыктыруучулар кеңешинин ишине биз кийлигише албайбыз. Себеби машыктыруучулар оюнчулар менен түздөн-түз иштешет. Негизи эреже боюнча машыктыруучулар кеңеши тарабынан бекитилип берилген курама команда гана Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге катышат. Учурда бул мелдешти өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүп жатат», – деди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова.

Хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты 3-5-март күндөрү Бишкектеги шаардык муз аянтында өтөт. Мелдеште Кыргызстандын, Малайзиянын, Кувейттин жана Филиппиндин курама командалары күч сынашат. Командалар ич ара ойноп чыккандан кийин топтолгон упайлардын жыйынтыгы менен биринчи орун алган команда дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда ойноого мүмкүнчүлүк алат.

Кыргызстандын Хоккей федерациясы 2011-жылы Эл аралык хоккей федерациясына мүчө болуп кирген. Ушул эле жылы Астана жана Алматы шаарларында өткөн VII кышкы Азия оюндарында кыргыз хоккейчилери премьер-дивизиондун чемпиону болгон. Бул азырынча кыргыз хоккейчилеринин эң мыкты жетишкендиги болуп саналат.

2016-жылы Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Бишкекте өткөн «Азия чакырыгы» кубогун жеңген. 2017-жылы Жапониянын Саппоро шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы экинчи дивизиондо экинчи орунду ээлеген. Ушул эле жылы Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы (U-20) Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн Азия чакырыгынын кубогунда 2-орунду ээлеген. 2019-жылы Кыргызстандын улуттук курама командасы 2022-жылы Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо мелдештерине катышып, тайпада акыркы орунду ээледи.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG