Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:20

Мекендештердин жолдон уурдалган аманаты


Кореядагы мекендештер Кыргызстанга жөнөткөн товарлары жоголгон учурлар көбөйгөнүн айтып жатышат.

Кореяда жашаган кыргызстандыктар мекенине жөнөткөн товарлары өз дарегине жетпей, орто жолдо жоголгонун жазышты.

Алар дайыны чыкпай жаткан буюмдар бажы көзөмөлүндө жоголушу ыктымал деп шектенип жатышат. Кореядагы мекендештер мындай учур акыркы бир жылда көбөйгөнүн жана ал үчүн эч ким жооп бербегенин белгилешет.

Кореяда жашаган Азима Калый кызы Кыргызстанга маал-маалы менен корей косметикасын, кийим-кечектерди жөнөтүп турат. Мындан түшкөн акчага Кыргызстанда калган майып тууганына жер сатып бермек болгон. Бирок январь айында жөнөткөн товар, кийим-кечеси дарегине жетпей ортодо дайынсыз жок болууда.

Кийим-кече, косметика жоголгон. Болгондо да арасынан тандап-тандап алынган.

- Менин 600 долларлык товарым жоголуп жатат. Дагы 40 миң сомдук товар жете элек, эми ошол жетип калса экен деп тилеп отурам. Кийим-кече, косметика жоголгон. Болгондо да арасынан тандап-тандап алынган. Бул жерде ири органдар эмес, бажыда иштеген эле адамдар алып койгон деген жыйынтыкка келип жатам. Ал эми Бишкектеги кеңсенин өкүлдөрү алып коюшу мүмкүнбү - аны жакшылап изилдеш керек. Мен деле башкаларга окшоп унчукпай, "баштан-көздөн садага" деп койсом болот эле. Бирок ошол унчукпай отургандардын үнүн жеткирейин дедим. Бизде адамдар "бирөөнүн эмгегин жебейли" деп ойлонуп, өзгөрсө гана коом өзгөрөт.

Кореяда иштеген кыргызстандыктардын көбү авиа жана темир жол аркылуу жүк жөнөткөн он чакты жеке компаниянын кызматын пайдаланышат. Алар Кореядагы мекендештердин товарларын чогултуп, жүк ташуучу карго ишканаларына тапшырып берет. Бул жолу "Максат" аттуу жеке компанияга тапшырып, ошол аркылуу жөнөтүлгөн товарлардын дайыны чыкпай жатат. Муну ишкананын Кыргызстандагы өкүлү Талант Шаршеев да ырастады.

- Мунуку бир килограмм эле жетпей жатат (Азима Калый кызы - авт.). Буга чейин мындай болчу эмес, биринчи жолу эле жоголуп кетти. Эми биз чоң каргого суроону өзүбүз беребиз. Кандай кылып төлөп берет, кандай кылып чыгарып берет акчасын... 28 кишинин товары келген, 15 кишиники жетпей жатат.

Талант Шаршеев алыстан келген аманаттардын дарегине жетпей, жолдо жок болушунун болжолдуу себептерин айткан жок. Анын айтымында, 16-марттан кийин жоголгон товарлардын салмагы эсептелип, төлөнүп берилет.

Кыргызстанга товар жибергендер салмагына карап төлөп берүү туура эмес экенин белгилеп жатышат. Алардын айтымында, бир жүктү жеткирип берүү кызматы үчүн бир килосуна 6 доллар төлөшсө, бул салмакка баасы орто эсеп менен 2-3 миңдин тегерегиндеги 3-4 товар батырса болот, эгер косметика болсо андан да көп даана батышы мүмкүн.

Азима Калый кызы "Фейсбуктагы" баракчасына Кыргызстанга Кореяда окуп, иштеп, жашап жүргөн мекендештердин контейнер аркылуу жөнөткөн белек-бечкектери, сатууга даярдалган товарлары чек арадан ачылып, жоголуп жатканын жазган.

Бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов товарлардын бажы көзөмөлүндө жоголушу мүмкүн экенин четке кагууда.

- Бизде азыр жүк ташыган 13 чоң компания бар. Алар темир жол вокзалына түшөт. Анда бажы кызматкери жалгыз текшербейт, жүктү алып келген компаниянын, "Кыргыз почтасы" ишканасынын жана Бажы кызматынын өкүлү текшерет. Андан сырткары камералар турат. Ал жерден уурдап алат деген туура эмес. Аэропортто да жүк түшөт, бирок ал жактан бир да арыз түшкөн эмес. Бүт жерде камералар турат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул Кореядан жөнөтүлгөн товарлар жоголгон биринчи учур эмес. Муну учурда Кореяда жашаган Нурсултан Алтыбаев да ырастап, буга чейин эки-үч жолу ушундай абалга туш болуп, "сүткө оозу күйгөнүн" айтты.

- Мурдатан бери эле товарлар жоголуп келген. Акыркы жылдары бир, 1,5 жылда байма-бай катталып, ар бир жиберген сайын жоголгон учурлар болуп жатат. Бардык товарды квитанциясы менен далилдеп берүү да кыйынга турат, балким бир жыл мурда алынган буюм болушу ыктымал. Карго ишканалары өздөрү деле "Бишкекте жоголот" деп айтышат. Менде үч жолу ушундай болгондон кийин башка жөнөтпөй, өзүм барганда ала бара турган болгом. Үчөөндө тең арызданып жатып, квитанциялары барларынын жарым акчасын гана өндүрүп алганга мүмкүн болгон.

Кореядагы консул Нурзат Саякбек кызы бул тууралуу кийинки учурда кайрылуу болбогонун, арыз болсо териштирүүгө консулдук жардам берээрин "Азаттыкка" айтты.

- Өткөн жылдын декабрь айында корей улутундагы Кыргызстандын жараны "жөнөтмөмдү ала албай жатам" деп кайрылган болчу. "Кыргызстан" деген компания бар, ошого чалып териштирип көрдүк. Ошондон кийин жөнөтмөсүн алды. Андан кийин бизге эч бир кайрылуу болгон жок. Бизге кайрылуу болсо жок дегенде эмнеге кечигип, жоголуп кетип жаткан себептерин тактап бере алабыз.

Расмий маалымат боюнча Кореяда 3,5 миңден ашуун кыргызстандык жаран бар жана алардын миңге жакыны мыйзамсыз жүрөт. Андыктан товары жолдон жоголуп, дайыны чыкпай калгандар көп ызы-чуу чыгаргысы келбей тим болушат. Кореядагы кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү почта аркылуу белек-бечкек жөнөтүү кымбатка тургандыктан ушундай жеке ишканалардын кызматын пайдаланууга аргасыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG