Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

ӨКМ: прапорщикти батирсиз калтырган чечим


Аскер кызматкерлери үчүн курулган үй. Ош (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Аскер кызматкерлери үчүн курулган үй. Ош (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кызматкерлер үчүн салынган батирлер туура эмес бөлүштүрүлгөнү боюнча фактылар ачыкка чыга баштады.

Министрликтин өрткө каршы күрөшүү кызматынын прапорщиги Назим Муканбетов ага бир бөлмө батир берүүгө чечим чыгып, бирок ортодон ал эмес үйүн сатып жиберген башка кызматкер алганын айтып чыкты.

Министрликтин турак жай комиссиясынын төрайымы прапорщиктин айтканын жокко чыгарып, анын батир алуу кезеги жете электигин билдирди.

Ошол эле учурда Аскер прокуратурасы министрликте батир бөлүштүрүүдө мыйзамдын талаптары бузулган учурларды оңдоого эскертүү берилгени белгилүү болду.

Өрт өчүргүчкө деген батир эсепчиге кетти

2017-жылы 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 162 кызматкерине Бишкектин Туңгуч кичи районуна курулган үйлөрдөн батирлер бөлүнүп берилген.

Өрткө каршы күрөшүү кызматынын прапорщиги Назим Муканбетов ага бир бөлмөлүү батир берүү чечими чыгып, бирок кийин тизмени бекиткен буйрукка ал киргизилбей калганын билдирди. Анын айтымында, турак жай комиссиясы үйү же жер тилкеси бар экени ырасталган кызматкерлерди тизмеден чыгарып, бирок алардын айрымдары кийин буйрукка кирип калган.

2017-жылы 30-июнда экс-президент жаңы батирдин ачкычтарын тапшыруу аземине катышкан
2017-жылы 30-июнда экс-президент жаңы батирдин ачкычтарын тапшыруу аземине катышкан

Ошентип Назим Муканбетов ага бериле турган батир Чынара Нусупбаева аттуу башка бир кызматкерге берилип кеткенин белгиледи:

- Алгачкы тизмеде Чынара Нусупбаева менден алдыда болчу. Бирок анын Оштогу үйүн сатканы Мамкаттоодон чыгып калган. Мына ошондо ага батир берилбей турганы боюнча чечим чыккан. Ага мыйзам жол бербейт экен. Бирок кийин ага карабай эле батир берилип жатпайбы. Анан кийинки кезек боюнча мага батир алууга чечим чыккан. Бирок министрдин орун басары кийлигишип, буйрук чыкканга чейин эле чечимди Чынара Нусупбаеванын пайдасына алмаштырып жатышпайбы. Бул боюнча менин арызданбаган жерим калган жок. Бирок министрлик кайра мени жалганчы көрсөтүп, күнөөлөп жатат.

Чынара Нусупбаева башында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинде иштесе, кийин ал министрликтин борбордук аппаратына которулган. Текшерүүдө Чынара Нусупбаеванын Ошто турак жайы болгону, бирок аны кийин сатып жибергени белгилүү болгон.

Чынара Нусупбаева ал үйдү өз акчасына алып, бирок кийин сатып жибергенин жана учурда ал мамлекеттен батир алууга толук укугу бар экенин билдирди:

- Оштогу батирди мен өзүмдүн акчама сатып алгам. Аны мага өкмөт бекер берген эмес. Экинчиден, 2009-жылы мен бул жакка көчүп келип, батирди сатып жибергем. Бирок анын акчасын 2013-жылы алгандыктан, мына ошол жылы гана батирдин алды-саттысын жоболоштуруп, өткөрүп бергем. Ал бирок өкмөттөн берилген батир эмес болчу. Өкмөттөн биринчи жолу быйыл мына ушул батирди алып жатам. Менин жалпы эмгек стажым 24 жыл. Анын ичинен 14 жыл ӨКМ тутумунда иштедим. Күйөөм жок, жесирмин. Бойго жеткен бир балам бар. Турак жай комиссиясынын баштапкы чечиминде деле менин аты-жөнүм турат. Ал жигит керек болсо, тизмеде жок болчу.

"Чара көрүлөт, баары текшерилет"

Ошол эле кезде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин турак жай бөлүштүрүү комиссиясынын төрайымы Күлнар Ибраимова прапорщик Муканбетовдун койгон дооматы негизсиз экенин айтып, аны жалган жалаа катары баалады. Анын айтымында Назим Муканбетовдун батир алуу кезеги жете элек болчу:

- Назим деген жигит батирге 54-кезекте турат. Ал эми биз болсо мамлекеттик өрткө каршы күрөшүү кызматына болгону 44 батир бөлгөнбүз. Ал жигиттин астында турган 44 кызматкер батир алды. Анан калса, биз мына ошол квотаны бөлүп жатканда тизмеге 1996-жылдан 2013-жылдын биринчи жарымына чейин батир алууга кезекке туруп, арыз бергендерди киргизгенбиз. Ал эми Назим Муканбетов батир алууга муктаж экенин көрсөткөн арызын 2014-жылы 14-февралда жазган. Бүгүн аны министр өзү сүйлөшүү үчүн жолугушууга чакырды. "Министр керек болсо өзү келсин мага" деп айтты. Мына ошол дагы сөзбү? Бул адекваттуу эмес бала окшойт. Андай болсо, анда аны дарыгерге көргөзүүгө багыттама берүү керек.

Назим Муканбетов буга чейин министрге арызданганын, бул жолку жолугушууда деле анын пайдасына маселе чечилбестигин билгенден кийин ага барбаганын кошумчалады.

Анткен менен турак жай комиссиясынын төрайымы үйү бар болуп, бирок анысын кийин сатып жиберген кызматкер мамлекеттен батир алууга укуктуубу деген суроого жооп бере албады. Анткени Аскер прокуратурасы министрликтеги батир бөлүштүрүүдө мыйзамсыздыктар бар экенин таап чыккан. Алардын бир мисалы катары мурда үйүн сатып жиберген Чынара Нусупбаевага мамлекеттин эсебинен батир бөлүүдө мыйзамдын талаптары бузулганы эскертилген.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов аны оңдоого чара көрүлөрүн айтып, бирок жагдайдын талаштуу экенин белгиледи:

- Бул маселе боюнча биз өз чечимибизди чыгардык. Турак жай комиссиясы өзү иш алып барып, чечимин чыгарды. Ал боюнча азыр айтпай турайын. Бирок чара көрүлөт. Ал жерде талаштуу жагдайлар аябай көп. Бир жагынан карасаң ал аял батир алууга укуктуу. Экинчи жагынан ага аны бербеш керек деген маселе турат. Биз андан батирди алып койо турган болсок, анда ал кызматкер аял бизди сотко бериши дагы мүмкүн. Азыр бизге арызданып жаткан жанагы кызматкер жигит көп жагынан туура эмес. Батирди тигил аялдан алган учурда дагы анын ага тийишинде маселе бар. Себеби дегенде ага чейин ортодо 15 адам кезекте турат экен.

Прапорщик полковникти айыптады

Прапорщик Назим Муканбетов өзү аскер кызматкери болуп туруп, жетекчиликти сындап, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде батир бөлүштүрүүдөгү кыңыр иштерди ачыкка чыгарганы үчүн аны жаза күтүп турганынан күмөн санабайт. Назим Муканбетов бул мыйзамсыз иштердин артында министрдин орун басары, полковник Калыс Ахматов турат деп эсептейт:

- Мен ӨКМде аскер кызматкеримин. Азыр бардыгы мени жабыла күнөөлөп, куугунтукка алып жатышат. Булар мени эртедир-кечтир жок кылгысы бар. Анткени мен булардын болгон былыктарынын чекесин эле ачып жибердим. Ошол үчүн булар берене менен мага карата иш козготуп, жумуштан да айдатуудан кайра тартпашын билем. Бул иштердин артында министрдин орун басары Калыс Ахматов турат. Ал амалкөйлүк менен баарын басып жатат. Бирок баары бир бир күнү ал толугу менен ачыкка чыгат. Аскер прокуратурасы ӨКМге прокурордук акт жөнөткөн. Бирок ага жооп боло элек. Анткени ал андай нерсени тоготпойт, коркпойт. Себеби Калыс Ахматовду Иса Өмүркулов колдоп, калкалап турат. Мына ошондой калканчы бар жетекчи эмнеден коркмок эле... Калыс Ахматов Иса Өмүркуловдун жубайынын бөлөсү болуп кетет экен.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов Орусияда сапарда жүргөнүн айтып, кайтып келгенде батир бөлүштүрүүдөгү калпыстыктар боюнча суроолорго жооп берүүнү убада кылды.

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Аны калкалайт деп доомат коюлган КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов Калыс Ахматов менен тууганчылык байланышы жоктугун, бирок аны ишин билген адис катары тааный турганын айтты:

- Ал жерде илгертен бери отурган Боронов деген министр бар. Ал жерде министр жок бир дагы маселе чечилбейт. Орун басар маселе чечпейт да. Ал жигитти мен жакшы тааныйм. Себеби өзгөчө кырдаал болгон жерлердин баарында мына ошол жигит жүрөт. Мен аны мындай эле сыртынан жакшы билем. Жакшы бала. Орустай болгон, чыныгы аскер адамы. Ал өтө маданияттуу, бардык кызматтык тепкичтерди басып өткөн жигит. Аны менен менин эч кандай тууганчылыгым жок. Мен мэр болуп турганда андай нерселерге жол берген эмесмин. Ошондой эле бөлөк бирөөлөрдү дагы мына ошондой нерселерде эч качан колдобойм.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биринчи жолу Бишкекте көп кабат үй куруп бүткөрүп, быйыл 30-июнда батирлердин ачкычын тапшырган аземге экс-президент Алмазбек Атамбаев катышкан болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG