Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

Бишкектеги жыйын: саясий күчтөр биригеби?


Саясатчылар жана активисттер сот, укук коргоо органдарындагы паракорчулукту талкуулашты. 2-март, 2018-жыл
Саясатчылар жана активисттер сот, укук коргоо органдарындагы паракорчулукту талкуулашты. 2-март, 2018-жыл

Бишкекте жарандык активисттер, оппозициялык маанайдагы саясатчылар бир күчкө биригүүгө аракет кылууда.

Алар 2-мартта өткөн алгачкы жыйынында сот, укук коргоо органдарындагы паракорчулукту талкуулашты. Ошондой эле 5-мартта Жогорку соттун алдында соттордун таза иштешин талап кылган митинг өткөрүүнү пландап жатышат.

Жыйында сот системасы талкаланып, күн карама судьялардын айынан жыйырмадай саясатчы темир тор артында отурганы белгиленип, деги эле сотторго карата коомчулукта нааразылык, сын басымдуу экени айтылды. Чогулгандар Сотторду тандоо кеңешинин курамын түзүүдө ачыктык камсыз болбой жатат деген сын пикирлерин ортого салышты.

Мындан тышкары, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун сот реформасы жана коррупцияга каршы күрөш тууралуу билдирүүлөрүнүн аткарылышын талап кыла турган жарандык коом өкүлдөрүнөн, саясатчылардан турган демилгелүү топ түзүлөрү белгилүү болду.

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

- Азырынча Сооронбай Шариповичке элдин ишеними бар. Коопсуздук кеңешинде мыкты сүйлөдү. Биз чын жүрөгүбүздөн колдогубуз келип жатат. Бирок ал эски, өзүн өзү дискредитация кылган ​командасынан арылышы керек. Биз аны колдоп беребиз. Мен дайыма эле президентти колдойм деп айта бербейм. Азыркы учурда колдоп жатам, - деди укук коргоочу Чолпон Жакупова.

"Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш жүргүзүш үчүн конкреттүү чара көрүлүшү керек" деген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров азыркы бийликтин сот реформасынан, паракорчулукка каршы күрөшүнөн натыйжа чыгарына ишенбейт. Ал азыркы бийликке ишеним артып тургандарды куру кыялдан алыс болууга чакырды.

- Акаев, Бакиев, Атамбаев "жемкорлук менен күрөшпөйм" деди беле? Атамбаев тескерисинче "коррупция менен күрөшүп биз алдыга кеттик, коңшу мамлекеттер калып калды" дебеди беле? Биз артка кеткен экенбиз да! Ал эми бул киши "алдыда баратабыз" деп жанында жүргөндөрдүн бири. Андыктан анын сөздөрүнөн жыйынтык чыгат дегенине ишеним аябай төмөн. Өз алдынчалыгын көрсөтө албайт. Ал үчүн кишиде башка сапаттар да болушу керек.

Талкууда экс-президент Роза Отунбаева Кыргызстанда азыркы башкаруучу КСДП партиясына атаандаш боло турган саясий күчтү жаратуу зарылдыгы пайда болгонун белгиледи. Ал бүгүнкүдөй жыйын-талкуулар куру ураан менен гана чектелип калбай, келечекте реалдуу, күчтүү платформага айланышы керек деген оюн айтты.

- Саясий атаандаштык бүгүн жокко эсе. Саясий майданды бир партия ээлеп турат, билгенин кылып жатат. Биз бүгүн азыркы КСДП, анын клон-партиялары жасаган иштерди сынга алып жатабыз. 2020-жылга карата күчтүү саясий күч түзүлүшү керек. Аны жакшылап “бышыруу” зарыл. Бул үчүн сүйлөшүп, өз позициябызды тактап, бир ойго келишибиз абзел.

Отунбаева: Саясий күчтөр биригүүнү талкуулайлы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

​Бул идеяны колдогон коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев бийликтин иш-аракетине көз сала турган демилгелүү топтун түзүлүшү боюнча өзүнүн сунушун ортого салды.

- Жогорку Кеңештин, өкмөттүн алдына жалаң Бишкекте гана эмес, алыскы айыл-кыштактарда акция, жүрүш, кыймыл түзүү керек. Ошондо чыныгы, Жээнбеков айтып жаткандай, элге таянып улуттук кыймылга айлантышыбыз керек. Бирок бүгүн жыйында айрым паракорлор да отурат. Алар сүйлөп актанып жатышпайбы.

Талкууну укук коргоочу Динара Ошурахунова баштаган жарандык коом өкүлдөрү уюштурду. Алардын айтымында, жыйынга президенттик жана өкмөттүк аппараттан бийлик өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтүлгөн, бирок эч ким келген жок. Ошурахунова жакынкы күндөрү атайын демилгелүү топтун конкреттүү иштери белгилүү болорун айтты:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

- Бул оппозициялык кыймыл эмес. Бирок коомчулуктун улуттук деңгээлде президент менен сүйлөшө алган тобу болот. Эми президенттин кадамын күтөбүз. Эгер топ менен сүйлөшүүгө даяр болсо, иштешип кетет. Эгер иштешүүгө "жок" десе, бара-бара оппозицияга айланып кетиши мүмкүн.

Жарандык коомдун саясатчыларды бириктирүү аракетиндеги алгачкы жыйынга экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, экс-премьерлер Амангелди Муралиев, Темир Сариев, Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Жанар Акаев, Курманкул Зулушев, Исхак Масалиев ж.б катышты.

Жыйында соттордун таза иштөөсүн талап кылган митингди 5-мартта Жогорку соттун алдында өткөрүү чечими кабыл алынды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG