Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 00:39

Кыргызстанда шайлоо маалында добуштарды сатып алууга болуп көрбөгөндөй ыңгайлуу шарт түзүлүп жатканын Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов билдирди. "Азаттыкка" курган маегинде саясатчы өлкөдө жүрүп жаткан өзгөрүүлөр, жараяндар боюнча позициясы менен бөлүштү.

“Азаттык” Медеткан мырза, сиз жакында парламент кабыл алып, президент кол койгон “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга киргизилген талапкерлердин шайлоо фонду боюнча өзгөртүүлөргө тынчсызданууңузду билдирип жатасыз. Сиздин мындай камтама билдиришиңизге эмне себеп болду?

Шеримкулов: Быйылкы жыл Кыргыз Республикасы, кыргыз эли үчүн өтө маанилүү, жооптуу жыл болуп турат. Себеби биз быйыл президенттик шайлоону өткөрүп, ага кимдер чыгат, кандай президентти шайлайбыз деген маселе турат. Мына ошол саясий өнөктүк алдында Жогорку Кеңеш шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, президент кол койду.

Мына ушул мыйзамдын айрым пункттары боюнча өз оюмду айтайын деп жатам. Биринчиден, шайлоо мөөнөтүн ушул убакытка чейин, шайлоого төрт ай калганда белгилегенибиз биздин мүчүлүштүк болуп калды. Ал эми мени түйшөлтүп жаткан негизги маселе - мыйзамдагы шайлоо фонддору боюнча өзгөртүү. Мына ушуга келгенде саясий партиялардын шайлоо фонду 50 эсе көбөйүп жатат, ал эми жеке талапкердики 10 миң эсе көбөйүп, 50 миллион сомго чыгыптыр.

Мурдагы шайлоодо президенттин жалпы фонду 7 миллион сомдун тегерегинде болсо, бүгүн 165 миллион сомго чыгып жатат. Ошонун ичинен 50 миллион сомду талапкер өз кароосуна жараша эч кандай көзөмөлсүз жумшай алат экен. Биз эми ушул берилип жаткан тыйынды көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз барбы, элди сатып алууга, элдин психологиясын бузуп, ким көп акча берсе ошого добуш берем деген түшүнүктү жаратпайбы деген коркунуч турат. Мен ушуларга кооптонуп турам.

“Азаттык”: Сиздин пикириңизде, мына ушул жоболор эмне максатты көздөйт?

Шеримкулов: Эмне себептен антти, минтти дегенибиз табышмактын жандырмагын издегенге барабар болуп калат. Эң негизгиси, эмне себептен ушул жолго барганын биздин депутаттар эл арасында түшүндүрүп бериши керек. Президент буга кол коердо кандай аргументке таянды? Ушул чоң сумманы эл арасында мыйзамдын негизинде сиңиргенге даярбызбы? Ушул суроолор маанилүү.

“Азаттык”: Бул мыйзам кабыл алынды, президент кол койду. Эми сиз кооптонгонуңуз менен эмне өзгөрөт?

Шеримкулов: Эми эмне кылыш керек? Кабыл алынган мыйзамдын негизинде түшө турган, чогула турган каражатты талапкерлердин туура пайдаланышын көзөмөлдөп, элди сатып алууга, эл арасындагы мамилени бузууга жол бербеш керек.

“Азаттык”: Эмне себептен мыйзам кабыл алына элек учурда сиз өңдүү кадыр-барктуу ишмерлер ушундай коркунучтарды айтып чыккан жоксуңар? Эми мыйзам кабыл алынган соң айтпастан...

Шеримкулов: Бул эми тагдыр чечүүчү мыйзам. Муну кабыл алууда кеңири бир талкуу жүргүзүп, окумуштуулар, жөнөкөй эл менен кеңешкенде артык болмок эмес. Бирок андай болгон жок.

“Азаттык”: Медеткан мырза, маселенин баары сиз айтып жаткан интеллигенция өкүлдөрүнүн пассивдүүлүгүндө болуп жаткан жокпу?

Шеримкулов: Бизге ушундай бир жаман көрүнүш болуп жатат. Эгерде бийлик тарабынан Конституцияга өзгөртүү болобу же башка тагдыр чечүүчү маселе болобу, бийлик сунуштаса сөзсүз өтө турган болуп калды. Сунушталган мыйзамдын баары өткөн соң бийлик да ушуга көнүп баратат көрүнөт: эми башты оорутуп, көрүнгөндүн ой-пикирин уккандан эмне пайда, биздин айтканыбызды баары бир колдошот дегендей...

Бул эки нерсе менен коштолууда. Бийлик эмне сунуштаса макул болгон “дежур” адамдар көбөйүп жатат. Экинчиден, “бийлик койсо мага баары бир” деген кайдыгерликке көнүп жатабыз. Бул нерселер жакшы эмес. Тескерисинче, бүгүнкү президент, бийлик элге көбүрөөк кайрылып, элдин ой-пикирин угуп турса мындан эч кандай зыян болбойт. Кабыл алынып жаткан мыйзамдар, чечимдердин баары президент же депутат үчүн эмес, эл үчүн кабыл алынат.

“Азаттык”: Мындай тенденция улана берсе, кесепети кандай болушу мүмкүн?

Шеримкулов: Кесепети кайдыгерликке алып келет. Эл да ошого көнүп алат. Мен Совет убагында иштеген кишимин. Советтер союзунун урашынын негизги себеби да ошол элдин ой-пикирин терең укпагандыктан болгон. Бул дагы биз үчүн чоң тарых жана сабак болушу керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG