Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Апта: Сочи сапарынын сыры, Астанадагы жаңы макулдашуу


Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин, 14-сентябрь, 2017-жыл
Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин, 14-сентябрь, 2017-жыл

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

14-cентябрда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын лидери Владимир Путин менен Сочи шаарында жолугушту. Атамбаевди кабыл алып жатып Владимир Путин эки лидер үзгүлтүксүз жолугушуп жатканына токтолуп, “бизде сүйлөшчү иштерибиз арбын” деди. Кремлдин баасында Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан бери экономикалык байланыштар активдешип жатканы байкалганы менен, айрым маселелерди абдан дыкаттык менен карап чыгуу керек.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Орусиядан "ар дайым колдоо табарын” белгилеп, декабрь айына чейин дагы бир нече ирет орусиялык кесиптеши менен жолуга турганын билдирди.

Кыргызстанда үгүт өнөктүгү кызый баштаган маалда Атамбаевдин Сочи сапарында президенттик шайлоо тууралуу да сөз болгону айтылып жатат. Борбор Азия боюнча москвалык эксперт Аркадий Дубнов “Азаттык” радиосуна берген маегинде кыргыз президенти Москвага бийлик мураскерин табыштоо үчүн барды деген пикирин ортого салды.

- Атамбаевди тынчсыздандырган нерсе - Москва Сооронбай Жээнбековду башкаларынан көбүрөөк жакшы көрө албаганы жана Өмүрбек Бабановдон же Темир Сариевден көбүрөөк чочубаганы. Алардын баары эле Москва үчүн бирдей лоялдуу. Дал ушул себептен улам Атамбаев үчүн Бабанов менен Сариевге караганда, Жээнбеков Москвага жана анын саясатына көбүрөөк лоялдуу болорун Путинге түшүндүрүү абдан маанилүү болуп турат.

Дубновдун баамында, Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы бейформал лидер катары ролун сактап калууга кам көрүүдө.

Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун аналитикалык борборунун директору Андрей Казанцев орусиялык медиа каражаттарынын бирине берген комментарийинде Москва Атамбаевдин мураскери Сооронбай Жээнбековго колдоо көрсөтөрү “арсар” дейт. “Москва кайсы бир талапкерге эмес, Кыргызстандагы туруктуулукка, бийликтин тынч алмашуусуна кызыкдар. Талапкерлердин арасында Орусияга каршы көз караштагы эч ким жок, андыктан Кремлге баары бирдей” – деп айткан Казанцев.

Жергиликтүү саясий аналитик Марс Сариев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, “Москва Атамбаевдин мураскерин кабыл албай жатканын” мындайча түшүндүрөт.

- Москванын позициясы өзгөргөн жок. Атамбаев колдоо издеп барган. Бирок Москва нейтралдуу позицияны кармайбыз деп айтты. Бул Москва үчүн утуш позиция. Азыр Жээнбековду колдосо, анан шайлоодо Бабанов келип калса, кырдаал кандай болот? Москванын Жээнбековду колдобой четтеткени кыйыр түрүндө Бабановдун кызыкчылыгына иштеп, анын электоратын көбөйтөт.

Жергиликтүү басылмалардын бири Атамбаев Путин менен июнь айында жолукканда бийлик мураскери тууралуу өзүнчө сүйлөшкөнүн, бирок күтүлгөндөй колдоо таба албаганын жазды.

Сочидеги эки президенттин жолугушуусунан кийин президент Путин кыргызстандык журналистке берген маегинде Атамбаевдин бийликте тургандагы саясий мурасына токтолуп, эң оболу Кыргызстандагы туруктуулукту баса белгиледи:

- Кыргызстан Атамбаев келгенге чейинкиге караганда саясий жана экономикалык жактан бир топ туруктуу өлкөгө айланды. Бул абдан маанилүү. Эми ошол негизде дагы алдыга жылуу керек. Атамбаев түзгөн базис эффективдүү пайдаланылса, Кыргызстандын позитивдүү өнүгүүсү айныксыз.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин.
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт, 13 талапкер мамлекеттик эң жогорку кызмат үчүн ат салышып жатат.

Талаштуу китептин автору соттолду

12-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналист Зулпукаар Сапановду диний кастыкты козуткан деп таап, күчөтүлгөн тартипте төрт жылга абакка кести. “Кыдыр санжырасы” деп аталган китебинин айрым жерлеринде "диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерге барган" деп айыпталган журналист сот залынан камакка алынды.

Сапановдун эркинен ажыратылышын жарандык коом менен журналисттик кошуундар бийликтин аша чабуусу катары баалап жатат.

Бишкектеги “Сөз эркиндигин коргоо комитети” уюму Бишкек шаардык сотуна, бийликке, муфтиятка, жазуучулар биримдигине, журналисттер уюмдарына кайрылып, Сапановдун камалышы өлкөдөгү "диний мамилелерди ого бетер ырбатышы мүмкүн жана башкалар үчүн ал өтө терс, коркунучтуу үлгү болот" деп эскертет.

Кайрылууда соттун чечими Конституциянын биринчи беренесине шек келтирери да көрсөтүлөт. Бейөкмөт уюм муфтият менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны диний чөйрөдө агартуу иштерин жүргүзүүгө чакырды.

14-сентябрда эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" уюму атайын билдирүү таратып, кыргыз бийлигин журналистке тагылган кинелерди алып салууга чакырды.

“Зулпукаар Сапановдун эркинен ажыратылышы Кыргызстанда өз пикирин билдирүү эркиндигине кооптуу прецедент жаратууда. Биз анын камалышын айыптайбыз жана сотторду журналистти токтоосуз бошотууга чакырабыз” - деди "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы Иоганн Бих.

Соттун өкүмү диний ишмерлердин арызына гана негизделип, иш жүзүндө кызыл чеке талкуу жараткан китепке терең экспертиза жасалган жок деген пикир да басымдуу. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова “Кыргызстанда экстремизм же диний кастыкты күчөткөн жагдай барбы же жокпу деп туура чечмелеген деле эч ким жок” деп, негиздүү экспертиза жасалбай жатканына тынчсызданат.

Сапановдун “Кыдыр санжырасы” деп аталган китеби былтыр сентябрда жарык көргөндөн кийин дин чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрү “исламга шек туудурган тексттер бар деп” нааразылык билдирип чыгышкан.

Диний ишмер Дүйшөн Абдылдаев жетектеген “Акыл эс, ыйман” коомдук фонду "китеп диндер аралык кастыкты козутуп жатат" деген жүйө менен УКМКга кайрылган.

- Зулпукаар Сапанов китебинде “Кудай деген улуу зат Кыдыр атабыз экени, ал эми оттон жаралган Жахаба (Аллах) Шайтан экени көзүбүзгө кашкайып көрүнүп турат” деген. Бир жеринде “Биздин ата-бабалар мусулман болгон деген сөздү токтоткула. Кудай деп шайтанга сыйынып жатышат” деген. Минтип айткандары азыр менин колумда турган китеп менен гезиттерде бар. Пайгамбарыбыз Мухаммедге да акарат келтирген.

Арыз ээси китепте Тоорат, Инжил, Забур жана Куран сыяктуу ыйык китептер да туура эмес чечмеленген деген пикирде.

Сапанов китеп боюнча талаш-тартыш башталганда эле анын жазганында эч кандай бөлүп-жаруу же башка диндерге шек келтирүү жоктугун, бул боюнча диндарлар атайын эле талаш-тартышты козутуп жатканын айткан эле:

- Китептин эң негизги өзөгү - кыргызды бириктирүү. Кыргыздын санжырасындагы оң, сол, ичкилик деген бөлүнүүлөрүн бириктирүү максатында жазылган. Ошол жерде бизге Кыдыр атабыз өзөк болуп берерин айткам. Санжыраны сүрүштүрүп отурсак баарыбыз Кыдырдын балдары болуп чыгабыз. Кыргыз деген сөздүн өзү да “Кырк кызыр”, “Кырк кыз” деген сөздөн келип чыкканын мен илимий санжыранын негизинде жазып тактагам.

Зулпукаар Сапанов.
Зулпукаар Сапанов.

Журналист дүйнөлүк диндердин тарыхын изилдөө менен өз чындыгын издеп жатканын дагы коомчулукка билдирген.

“Кыдыр санжырасын” окуп чыккан саясат таануучу Чолпонбек Сыдыкбаев демократиялык баалуулуктарды туу туткан өлкөдө ар ким көз карашын айтып, пикирин билдирүүгө толук укуктуу экенин эске салды:

- Бул жигит университетте эле аспирант катары ушул теманы изилдеп жүргөн экен. Илимде “гипотеза” деген түшүнүк бар. Ар бир илимпоз өзүнүн темасын чагылдырып, диний доктриналар менен салыштырып, пикирин айтканга укугу бар. Эмне үчүн исламдын үгүтчүлөрү ар бирибиздин эшигибизди каккылап өз пикирин таңуулайт да, жаш окумуштуу катары Сапанов өз пикирин айтпашы керек?

Талаштуу китеп боюнча тергөөнү атайын кызмат жүргүзгөн. Басмаканадан чыккан китептер толугу менен жок кылынган.

Ошондон бери интернет айдыңында да талкуу кызып, талаштуу пикирлер жаралууда. Журналист Дайырбек Орунбеков “эки тарап тең радикалдашкан кырдаалга өтүп баратат, абал ырбап баратат. Эгер эл арасында түшүндүрүү, агартуу иштери жүргүзүлбөсө, кийин чоң көйгөйгө алып келе турган жагдай түзүлүшү мүмкүн” – деген пикирин “Азаттыктын” талкуусунда айткан.

Тажикстандын Мургаб районунда туулган Зулпукаар Сапанов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Кийин бул университетте окутуучу болуп эмгектенген. Кыргыз тилдүү бир катар гезиттерде кабарчы, редактор болуп иштегенден тышкары кыргыздын тарыхына байланышкан бир нече макала-баяндарды жарыялаган.

Астана сүйлөшүүсүндөгү макулдашуу

Астана шаарында өткөн Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдө согуш жүрүп жаткан аймактарда алты айлык мөөнөт менен төрт “де-эскалация” зонасын түзүү макулдашылды. Орусия, Иран, Түркия демөөрчү болгон сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасы 14-сентябрда башталган.

Биргелешкен билдирүүдө айтылгандай, “де-эскалация” зоналары баш калаа Дамасктын түндүгүндөгү Чыгыш Гоута аймагын, Идлиб, Хомс, Латакиа, Алеппо, Хама провинцияларын толук же жарым-жартылай камтыйт.

Казак тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов мындай коопсуздук зоналары алгач алты айлык мөөнөт менен түзүлүп, “кепилдик берген тараптардын консенсусунун негизинде” дароо узартылып турарын билдирди.

Астана, 15-сентябрь, 2017-жыл
Астана, 15-сентябрь, 2017-жыл

Ошондой эле “жаңжалдашкан жааттардын кагылышын жана согуш аракеттерин токтотуу максатында” тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчу мамлекеттер де-эскалация зоналарында ыкчам аракеттенчү атайын күчтөрдү жайгаштырат.

Түркиянын мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин маалыматына караганда, Москва, Тегеран жана Анкара Идлиб провинциясындагы төртүнчү “де-эскалация” зонасынын чек аралары боюнча бир пикирге келген соң, макулдашууга жетишилди.

Алдыда эми Түркия менен чектеш жана Идлиб провинциясынын козголоңчулар көзөмөлдөгөн бөлүктөрүндөгү мындай зоналарга кайсы күчтөр жайгашарын макулдашуу калды.

Астанага келген орусиялык делегациянын башчысы Александр Лаврентьев орустардын аскер полициясы бир катар де-эскалация зоналарында жайгашканын, эми Идлибге жибериле турганын сүйлөшүүлөр башталарда айткан.

Түркиянын президентинин атайын өкүлү Ибрагим Калындын “Идлиб үчүн абдан тынчсызданабыз. Анткени бул провинция биздин чек арага жакын жайгашкан” деп айтканын ТАСС агенттиги маалымдаган.

Орусия, Иран, Түркия Сирияда төрт “де-эскалация” зонасын түзүүнү караган меморандумга быйыл май айында эле кол койгон. Бирок төртүнчү зонанын чек арасы боюнча пикир келишпестиктен улам расмий макулдашууга кол коюлбай келген.

Сирияда алты жылдан ашуун убакытка созулган жарандык согуш башталгандан бери 330 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Орусия жана Иран бул согушта президент Башар Асаддын режимин, ал эми АКШ менен Түркия Асадга каршы козголоңчул топторду колдоп келүүдө.

Вашингтон Ирандын Сириядагы аракеттерине тынчсызданып, Тегеран президент Башар Асаддын режимин эч талашсыз колдогону бул жердеги куралдуу жаңжалды жана карапайым сириялыктардын азап-тозогун күчөткөнүн такай белгилейт.

Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинкиси октябрь айында өтөт. Анда тынчтык сүйлөшүүлөрүнө байкоо салган өлкөлөрдүн катарына Кытай, Бириккен Араб Эмирлиги, Египет, Ирак, Ливан, Казакстан кошулушу мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG