Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

«Апрелчи» Фарид Ниязовго каршы даттанды


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Башкы прокуратура «апрель баатыры» Максат Чегирткеевдин Фарид Ниязов тууралуу жазган арызын Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

Анда Чегирткеев президенттик аппараттын мурдагы башчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Ниязовго каршы «дарыланыш үчүн мамлекет бөлгөн акчаны бердиртпей койгон» деп даттанган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын өнөктөштөрүнүн бири Фарид Ниязов өзүнө каршы кылмыш ишинин ачылганын «саясий куугунтук» катары баалап жатат.

«Апрель баатыры» наамынын ээси, «Айкөл-Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөсү Максат Чегирткеев милицияга 20-мартта арыз жазган. ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун жабырлануучу Фарид Ниязовду акчага байланыштуу күнөөлөгөнүн билдирди:

«Ал жаран «2010-жылдын 6-7-апрелинде каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Фарид Ниязов кызмат абалынан пайдаланып мени Сочиге эс алганга жибербей койгон жана Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине мен үчүн которулган 200 миң сомду кайра кайтартып алган. Ошон үчүн мен өз убагында дарыланган жокмун, ден соолугум начарлады. Ага чара көрүп, юрдикалык баа бергиле» деген арыз менен кайрылган. Ал арызды биз ИИМдин маалыматтарды каттоо журналына киргизип, Башкы прокуратурага жибергенбиз».

Башкы прокуратура арызды ошол эле күнү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен каттаган жана ишти тергөөнү ИИМдин тергөө кызматына өткөрүп берген. ИИМдин басма сөз өкүлү Бакыт Сеитов тергөө тобу түзүлгөнүн ырастады:

«Кылмыш ишин тергөөдө материалдардын көптүгүнөн, архивдик материалдардын баарын карап чыкканга көп убакыт керек болгондуктан ыкчам тергөө тобу түзүлгөн. Топ ишин жаңы гана баштады. Азыр эми «бул материалдын саясий өңүтү бар» деген маселени айтып жатышат. Бизге кайрылган кандай жаран болсо да анын арызы каралат. Биз бул маселени саясий багытта караган жокпуз. Келип түшкөн арыздын негизинде тергөө, текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз».

Андан бир күн мурда Максат Чегирткеев жергиликтүү маалымат сайттардын биринде учкай маек курган жана анда «алты айда бир дарыгерлерге көрүнүп турушу керек экенин, бирок шартка байланыштуу толук көрүнө албай жатканын» айткан.

«Атамбаев тарабынан да жардам көрсөтүлгөн эмес, акчалай да жардам берилген эмес. Ошол бийликте турган кеңешчиси Фарид Ниязов кызмат абалынан кыянаттык кылып, дарыланууга деген акчаны майып баладан алып койгон. Бул окуядан кийин моралдык жактан жабыркадым», - деген Чегирткеев.

Фарид Ниязов кылмыш ишинин ачылганына байланыштуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге ачык кат жазды. Анда Чегирткеевдин арызын милиция өтө тездик менен тергеп-иликтей баштаганын «жогору» жактан берилген көрсөтмө, «саясий буюрутма» деп баалаган. Эмки айда өтө турган КСДПнын курултайын үзгүлтүккө учуратуу аракети катары да сыпаттаган. Ниязов апрель окуясында оор жарадар болгон Чегирткеевге убагында болгон жардамдын баары берилгенин, комиссия анын дарылануусу үчүн 4 миллион сом бөлгөнүн, Кытайда дарыланып келгенин айтып, дооматтарды четке каккан.

Андын сырткары Ниязов Максат Чегирткеевди «Убактылуу Өкмөттүн аппаратынын башчысы, саясатчы Эмилбек Каптагаевдин өкүл баласы болот» деп да жазган. Ниязов ушул тушта Каптагаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана аны менен байланышып жүргөндөргө каршы чыгып жатканын белгилеген жана Чегирткеевдин арызынын артында турат деп боолгологон. Ниязов министр Кашкар Жунушалиевди милицияга «саясий буйруктарды» аткаруу тууралуу тапшырма бербөөгө чакырган.

Министр Кашкар Жунушалиев азырынча комментарий бере элек. Эмилбек Каптагаев «Азаттык» радиосуна Фарид Ниязовдун сөзү негизсиз экенин билдирди:

«Фарид Ниязов жөнү жок эле дөөдүрөптүр. Айнып калганбы деп да ойлоп жатам. Анткени Максат Чегирткеев менин өкүл балам эмес, мага эч кандай тиешеси жок. Ал Түп районунан. 2010-жылы апрель окуясында бул жигиттин курсагына ок тийип, ичегисинин баарын эзип кеткен. Ажалдын эле оозуна барып аман калган. Фариддин «өкүл баласы, аны шыкактап жаздыртып жатат» деген болбогон сөз. Максат Чегирткеевди көрө элегиме эки жылдай болду окшойт. Фарид Ниязов экөөбүз мамлекеттик комиссияда теңтөрага болуп турганда документи туура эмес, катыштыгы жокторго деле «батир берем» деп чыккан. Мен каршы болуп кол койбой койгом. Ошондо Фарид Ниязов өзү кол коюп, акысы жок адамдарга квартира берген. Мына ушуну саясат деп айтса болот. Мен муну ачык айтып жатам. Ушул маселени териштириш керек».

Фарид Ниязов Каптагаевдин бул дооматына азырынча жооп кайтара элек.

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мурдагы төрагасы, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев Максат Чегирткеевдин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда эч кандай жардам албаганы тууралуу айткандарына комментарий берди:

Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

«Чегирткеев Кытайга эки жолу барып дарыланып келген. Менин билишимче, мамлекет ага 100 миң доллардай берген. Мени да өткөндө ушуга байланыштуу чакырган, бирок балам ооруканага жатып калып, аны карап бошобой жатам. Барып өз чындыгымды айтайын дегем. Мамлекеттик комиссия деген коллегиалдуу орган. Максат Чегирткеев бардык жардамдын баарын биринчи алып турган. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда да жардамды элден биринчи алчу. Минтип арыз жазганына биз да түшүнбөй калдык. Атамбаевди сатпагандарга бул бийлик ушундай мамиле кылып жатат».

Фарид Ниязов президенттик аппараттын жетекчиси кызматынан мындан туура бир жыл мурда бошотулган. Анда президент Сооронбай Жээнбеков бул Ниязовдун жеке чечими болгонун айткан:

«Фарид Ниязов - мамлекеттик башкаруудагы мыкты менежер. Ал тууралуу эч ким эч качан жаман нерсе жазган эмес. Фарид Абилезимовичтин чечимин сыйлайм. Бул анын укугу. «Кетем» деген кишини кармай албайм. Айланамда бул кызматка татыктуу кишилер бар».

Фарид Ниязов - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен тыгыз иштешкен аткаминерлердин бири болгон жана азыр да экс-президенттин жанында жүрөт. Атамбаев кызматтан кетип жатканда аны «Манас» ордени менен сыйлаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG