Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 22:41

Жарандык коом өкүлдөрү Сот тандоо кеңешин түзүүнүн укуктук негиздерин кайрадан карап чыгуу жөнүндө маселе көтөрө баштады.

Муну алар "Сот тандоо кеңеши өзүн актай албай калды, сотторду эркин тандоо укугун президенттик аппаратка, парламентке жана аткаруу бийлигине тарттырып жиберди" деп негиздеп жатат.

Сот тандоо кеңешинин жетекчилиги муну негизсиз каралоо катары баалап, сотторду кеңеш аркылуу иргеп алууну ачык-айкындыкты камсыз кылган демократиялык ыкма деп баалады.

Кыргызстанда 2010-жылдагы бийлик алмашууга алып келген элдик толкундоодон кийин сот тармагын реформалоо талабы коюлган.

Буга байланыштуу сотторду иргеп алуу үчүн Сот тандоо кеңеши түзүлгөн. Анын курамы 24 кишиден туруп, ага жарандык коом уюмдарынан, парламент фракцияларынан жана президент тарабынан талапкерлер көрсөтүлгөн. Мыйзам боюнча Сот тандоо кеңешин Жогорку Кеңеш бекитет.

Акталбаган үмүттөр

Бирок кийинки жылдары судьяларды Сот тандоо кеңеши тандабай эле, иш жүзүндө демилгени президенттик аппарат колуна алып алганы коомчулукта айтыла баштаган.

Укук коргоочу Рита Карасартова натыйжада президенттик бийликтин көзүн караган соттор кызматка келип, Сот тандоо кеңеши өз алдынчалыгын толук жоготконун белгиледи:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Бул институт өзүн актаган жок. Анткени бул жагдай президентке да ыңгайлуу болуп турат. Мурда соттордон маселе чыкса, жоопкерчиликти президентке оодарчу элек. Азыр айтсак, президент: "Ой, мен каяктан билейин? Сотторду мен эмес, Сот тандоо кеңеши тандаган", - деп кутулат да. Мына ошентип эки ортодо жоопкерчиликти эч ким албай калды. Бул жерде кеп ошол кынтыксыз сотторду тандай турган Сот тандоо кеңешинин мүчөлөрү өздөрү кандайча тандалып келгенинде болуп жатат.

Анткени парламентте жарандык коом өкүлдөрүн көрсөткөндө ар кайсы саясий күч өзүнүн жакын адамдарын көрсөтүп, алар болсо президенттик аппараттан кандай тизме келсе, ошону дүңүнөн эле колдоп, добуш берип келбедиби. Антип отурса, анан каяктагы калыстык болушу мүмкүн?

Жалпы элдик шайлоо жолу

Сот тармагын реформалоо алкагында киргизилген Сот тандоо кеңеши өзүн өзү актабай калганы тууралуу маселе жакында соттордун көз карандылыгын талкууга алган жарандык форумда көтөрүлдү.

Сот тандоо кеңеши аркылуу көз каранды эмес, бейтарап жана калыс шартта сотторду иргеп алуу идеясы ишке ашпай калганын айткан Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов жалпы элдик шайлоо аркылуу судьяларды тандап алууну сунуш кылды.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

- Бүгүнкү күндө сот тармагында калыстык калбай калды. Мунун баары сотторду тандап алуунун тартибине байланыштуу. Азыр эми "Ак үйдөн" "Манас деген көрсөтмө бериптир" деп айтып жатышат. Ошонун баары сотторду тандоонун жана соттор иштей баштаганда алардын көз каранды болуп калган абалын аныктап турат. Андыктан биз сотторду көз каранды эместигин камсыз кыла турган механизмдерди иштеп чыгышыбыз зарыл. Бул ыкма - азыр сот бийлиги өзүнчө бийлик болгондон кийин, сотторду жалпы элдик шайлоо аркылуу тандап алуу жолу. Ошондо гана соттор элге гана көз каранды болуп иш алып барат.

"Артка кайтууга аракет"

Бирок Сот тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев мындай дооматтарга макул эмес. Сот тандоо кеңеши аркылуу иргеп алуу ыкмасы ачык-айкындыкты камсыз кылган демократиялык ыкма экенин айткан Шамарал Майчиев бул уюмдун дарегине негизсиз жерден көө жабуу аракети жүрүп жатканын белгиледи.

Шамарал Майчиев учурда соттордун мурдагыдай дайындалып келишин кайрадан кайтаруу аракети жүрүп жатканына токтолду:

Шамарал Майчиев.
Шамарал Майчиев.

- Соттор кеңеши түзүлгөнгө чейин судьялар кандайча тандала турганын эч ким билчү эмес. Баары көмүскө чечилчү. Ошондуктан "Сотторго кандай талаптар коюлду?" жана "Сот болуш үчүн кимдер келе жатат?" деген суроолор дээрлик жок болчу. Азыр эми ачык-айкындык болгондуктан сот болуш үчүн коюлган талаптар жана талапкерлер тууралуу маалыматтар коомчулукка чыгып жатат. Азыр "Сот тандоо кеңеши эмес эле президенттик аппараттан чечим чыгып жатат" деген сыяктуу нерселерге ишенүүдөн алыс болууга чакырат элем. Эгерде сотторду тандоону алып сала турган болсо, анда мурдагыдай эле дайындоо жолу калат. Азыр ошого ыктаган тенденция башталып жаткандай. Бул эми эски ыкма. Ага биз кайтып барбашыбыз керек.

Буга чейин жарандык коом өкүлдөрү митингге чыгып, Сот тандоо кеңеши жемкордукка жана мыйзам бузууга барган судьяларды иргеп алып жатканын айтып, ал талапкерлерди бекитпөө чакырыгы менен президентке кайрылып келген. Жарандык активисттер андай иштер менен коомчулукка белгилүү болгон соттордун тизмесин түзүү демилгесин көтөрүшкөн. Жакында Жогорку соттун судьялыгына Сот тандоо кеңеши иргеп, президент сунуш кылган беш талапкердин үчөөнү парламент өткөрбөй койгон.

"Ыңгайсыз суроолор": Соттор канткенде эркин болот?

Соттор канткенде эркин болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:56 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG