Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:22

Капчыгы жукага мандат тийбейт


Бишкек шаардык кеңешине өткөн “Республика-Ата-Журт”, “Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын тизмеси өзгөрүлгөнү белгилүү болду. Азырынча тизмеден чийилген талапкерлер арыз жаза элек.

Шайлоочулар добуш берген тизме өзгөрүп, натыйжада башка эле адамдар депутат болуп жатканы көнүмүш болуп баратат.

"Добуш албасаң төмөн түш!"

“Республика-Ата-Журт” партиясы Бишкек шаар кеңешиндеги 12 депутаттык орунга баштапкы тизмеден болгону үч кишини киргизген, калгандары баары тизменин төмөн жагынан жогору чыгарылган.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы сегиз депутаттык орунга баштапкы тизмеден алты кишини кошуп, экөөнү өзгөрткөн. “Мекеним Кыргызстан” партиясы шаар кеңештеги жети орунга баштапкы тизмеден үч эле талапкерди алган.

Тизмелердин өзгөрүүсүн ар бир партия ар түрдүүчө түшүндүрүүдө. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын катчылыгынын өкүлү Алмаз Коңутаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, талапкерлер алган добушуна ылайык, ич ара макулдашуунун негизинде алмашты:

- Электораты, шайлоочулары бар адамдар алдыга чыкты. Талапкерлер өздөрү сүйлөшүп, макулдашты. Мында негизги орунда талапкерлердин алган добушу турат.

“Республика - Ата-Журт” партиясынын тизмеси да ушундай эле себеп менен өзгөргөнүн партиянын жаштар канатынын өкүлү Эрбол Кенжетаев Фейсбуктагы баракчасында түшүндүрдү.

Шаарларда кайсы партияга добуш беришти?

Шаарларда кайсы партияга добуш беришти?

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 22 шаарда болду. Ага жалпысынан 35 саясий партия катышты.

Анын сөзү боюнча, тизме ар бир талапкердин өзүнө бөлүнгөн жерде алган добуштарына карай өзгөртүлгөн. Кенжетаев бул партиянын ички тартибинин негизинде жүргөнүн бекемдеди.

“Республика-Ата-Журт” партиясы Бишкек шаардык кеңешинен 12 депутаттык орунга ээ болду. Партиянын баштапкы тизмесинде 8-орунда турган талапкер Эрмек Ниязов тиешелүү өлчөмдө добуш топтой албай, депутаттыкка өткөн эмес:

- Ар бир талапкердин өзүнө бекитилген участогу бар болчу. Алар ошол участоктон иштеп, тиешелүү добуш алууга милдеттендирилген. Мен өзүмдүн участогумда үйлөрдү кыдырып, үгүт жүргүздүм. Бирок алган добушум жетпегенине байланыштуу шаардык кеңешке өткөн жокмун.

Шаар кеңештерине депутаттыкка талапкерлер партиялык тизмеден өзү арыз жазып чыга алышат. Мындай жобону БШК 20-декабрдагы жыйынында бекиткен. Ага ылайык, тизмеден чыгууну каалаган талапкер ал тууралуу арызын жазып, аймактык шайлоо комиссиясына өз колу менен тапшыруусу керек. Эгер ал өзү келе албаса, анын ордуна ишенимдүү адамы тапшырса болот. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, азырынча тизмеден чыккан талапкерлерден арыз түшө элек.

Бирок партиялардын өзгөргөн тизмесин карасак, андан чыккан талапкерлер жок. Дээрлик бардык талапкерлер баштапкы тизмедеги алдыңкы орундарын бошотуп, өздөрү кийинки орундарга жылышкан. “Республика - Ата-Журт” партиясынын талапкери Эрмек Ниязов жаңы тизме боюнча 27-орунга өзүнүн макулдугу менен түшкөн:

- Мен тизмеден чыккан жокмун. 8-орундан 27-орунга түштүм. Мен тизмеде калып, партиянын кызматын кыла берем.

Адамдан акча артык коомдо жашайбызбы?

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөндөн кийин, партиялар тизмесин өзгөрткөнү демократиялык принциптерге туура келбестигин жарандык коом белгилөөдө.

“Жарандык көзөмөл” комитетинин мүчөсү Динара Ошурахунова буга жол берген мыйзамды саясий партиялар өздөрүнө ыңгайлуу кылып, кабыл алганын айтууда. Анын сөзү боюнча, эми партиялар бул жобону Жогорку Кеңешке шайлоодо да киргизүүнү каалап жатышат:

- Бизде депутаттарды шайлоо түз болбойт. Шайлоочулар депутаттарды эмес, партияларды тандашат. Партия кимге мандат беришти өзү билет.

Жергиликтүү кеңешке да, парламентке да жалаң акчасы бар, байлыгы бар адамдар келе баштады. Бул биздин мамлекетте олигархиялык бийлик орноду дегенди түшүндүрөт.
Равшан Жээнбеков

Саясий партиялардын мындай адаты барган сайын көнүмүшкө айланып жатканын оппозициячы саясатчы Равшан Жээнбеков да белгиледи:

- Тилекке каршы, биздин коомдо, биздин мамлекеттик бийликте акчанын, байлыктын ролу баалуулуктарга, адилеттүүлүккө, адамдын коомдогу туура ээлеген ордуна караганда аябагандай маанилүү болуп кетти. Муну акыркы убакта биздин бийлик, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк депутаттар жетекчиликке алды да, жергиликтүү кеңешке да, парламентке да жалаң акчасы бар, байлыгы бар адамдар келе баштады. Бул биздин мамлекетте олигархиялык бийлик орноду дегенди түшүндүрөт.

Жалпысынан болуп, 11-декабрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 35 саясий партия катышкан. Азырынча Бишкек шаар кеңешинен башка жактагы партиялардын тизмесин өзгөрткөнү тууралуу маалымат жок. Баткен шаар кеңешине шайлоодон өткөн “Жаңы доор” партиясы тизмесин өзгөртпөсүн партия лидери “Азаттыкка” билдирди.

Журабаева: Референдумдун жыйынтыгын тааныбайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG