Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Саясий технологдун кадыры шайлоодо билинет


Саясий өнөктүк учурларында саясий технологиянын орду кандай, кыргыз саясатчылары эмне үчүн чет элдик саясий технологдорго кайрылууну артык көрүшөт? Ушул жана башка суроолорду бүгүнкү “Арай көз чарай” берүүбүздө сөз кылабыз.

Талкууга саясий серепчилер Кубан Табалдиев жана Эдил Осмонбетов катышты.

"Азаттык": Кубан мырза, сөзүбүздүн башын акыркы жылдары Кыргызстандагы шайлоо процессинин бөлүнгүс атрибутуна айланган “саясий технология”, “саясий технолог” деген терминдерди түшүнүп алуудан баштасак. Ал эмне, алар кимдер? Алардын шайлоодо кандай орду бар?

Кубан Табалдиев: “Саясат таануучу” жана “Саясий технолог” деген терминдердин аталышы окшош болгону менен айырмасы бар. Саясат таануучу - коомдук процессти анализдеп, талдап, кайсы бир сунуштарды, божомолду айткан адис. Саясий технолог – бул кесип. Саясатта жасала турган ишти турмушка ашырууда ошол адамды: президентти, депутатты же мекемени канткенде элге жаккан деңгээлге чыгарабыз деген суроолордун жообун таап, анын жолдорун айтат, көрсөтүп берет. Саясий технологдор канткенде талапкердин артынан эл ээрчийт, ишенет, ушул суроолордун үстүнөн иштейт, аткарыла турган конкреттүү иштерди гана жасайт.

“Азаттык”: Эдил мырза, кыргыз саясатчыларынын шайлоо штабдарына барсаңыз алардын саясий чабарманы катары чет элдик саясий технологдор, пиар-адистер иштеп жүргөнүн көрөбүз. Мындай көрүнүштүн себебин сиздер эмнеден көрөсүздөр, кыргыздын саясий сүрөөнчүлөрүнө, ат кошчуларына (саясий технологдору) ишенич жокпу, өсүп жетиле элекпи?

Мунун эки себеби бар. Биринчиси - саясий технологдордун билими, тажрыйбасы болушу керек. Чет өлкөлөрдөгү саясий технологдор көп шайлоолорго катышып, көп тажрыйба топтоп калган.
Эдил Осмонбетов

Эдил Осмонбетов: Мунун эки себеби бар. Биринчиси - саясий технологдордун билими, тажрыйбасы болушу керек. Чет өлкөлөрдөгү саясий технологдор көп шайлоолорго катышып, көп тажрыйба топтоп калган. Алар ушул тармакта атайын билим алышкан. Биз эле эмес, Борбордук Азия мамлекеттеринде саясий технология жаатында билим бербейт, окутпайт. Бизде өзү окуп, үйрөнүп алгандар гана бар. Саясий технология - өзүнчө илим, иштөө ыкмасын билиш керек.

Ооба, 2010-жылдан баштап Кыргызстанда Орусиядан, Казакстандан келген саясий технологдорду пайдаланып жүрүшөт. Экинчи себеби, чет өлкөдөн келген адистер Кыргызстандагы болгон окуяларды башка көз менен карашат, алар ички саясий интригаларга аралашпайт, күрөштөргө катышпайт. Ошентсе да биздеги өзгөчөлүк - саясий технология жүз пайыз иштебейт, элибиз өзгөчө, руху эркин калк, макул деп коюп өзү каалаган адамга добуш берерин сырттан келген технологдор толук түшүнбөйт.

Кубан Табалдиев: Кыргызстанда саясий кырдаалды анализдеп, талдап жол көрсөтчү саясий технологдор саналуу эле. Буга чейинки аттуу-баштуулардын сунуш-пикирлери көпчүлүккө белгилүү болуп калды...

“Азаттык”: Кубан мырза, мындан жети жыл илгери 2010-жылы, айрым партиялар түзүлгөндөн алты айдан кийин эле парламенттик шайлоодо алдыңкы орундарды алганы эсибизде, аны да саясий технологиянын жардамы десек болобу?

Кубан Табалдиев: Мындай ийгиликтин эки себеби бар: Биринчиси - Кыргызстанда коомдук менталитеттин калыптана электиги, “акча берсең добуш берем” болуп калбадыбы. Ал шайлоого мен өзүм да катышкам. Көп шайлоочулар убадасына турбай, акча сунгандарга добуш берип коюшкан. Экинчиден, кыргыздар демократияга көптөн бери аралашып келаткандыктан “эмне кылса өзүм билем” деген жолго түшүп алгандыгы. Ошондой кырдаалды билип алган жергиликтүү саясатчылар ошол технологияны колдонуп кетишти, б.а. бул - “кыргыздардын технологиясы”. Ушундай ыкманы башканы кой Казакстанга колдончу, ал иштебейт. Башка өлкөлөрдө партия алты ай ичинде парламентке эч убакта келе албайт...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Талапкерлердин сүрөөнчүлөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:46 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG