Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

НТСтин мүлкү камакка алынды, Трамп "атаандаштарын" атады


Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

19-декабрдын кечинде Бишкектеги НТС телеканалынын имаратына сот аткаруучулар келип, эфирди токтотуп, имаратты жабууну талап кылышты. Алар көрсөткөн Бишкектин район аралык сотунун 19-декабрдагы аныктамасында "Grexton capital LTD" компаниясы "Аянт" жана "Трастмеди" деген ишканаларга доомат коюп, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап катары көрсөтүлгөн. НТС телеканалынын мүлкүнө жана техникасына бөгөт коюу боюнча чечим эмнеге негизделгени көрсөтүлгөн эмес.

"Grexton capital LTD" компаниясынын адвокаты Елена Дзимидович ал кызыкчылыгын коргогон тарап бир учурда НТСке тиешеси болгон "Аянт" жана "Трастмеди" мекемелерине салган 2 миллион 357 миң доллардан ашуун инвестициясын кайтарууну көздөрүн маалымат жыйында билдирди. Адвокат ал каражат НТСти өнүктүрүүгө жумшалган деп эсептейт.

"Баарыңыздар билгендей, 2010-жылы апрель айында өлкөдө массалык башаламандык болду. Буга байланыштуу андан айрым адамдар пайдаланып калышкан. Анын ичинде Өмүрбек Бабанов дагы бар" - деген Дзимидович "Grexton capital LTD" компаниясынын кожоюндары катары айтылып жүргөн мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев менен анын өнөктөшү Сергей Костыринди тааныбай турганын айтты.

НТС талашы: юристтердин пикири
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:59 0:00

Бабановдун шайлоо штабында иштеген медиа-эксперт Мирсулжан Намазалиев "Grexton capital LTD" Максим Бакиевге караштуу компаниялардын тобуна кирерин айтып чыкты.

"Сергей Костырин "25 кадр" ЖАКтын да жетекчиси болгон. Бул топ "Пирамида", анан "КООРТ" телеканалдарын, кийин 2008-жылы НТС телеканалын басып алуунун башында турган. Костырин Максим Бакиевдин ишенимдүү кишиси болгон" - деген Ниязалиев ошол маалда бир топ рейдерлик басып алуунун артында Сергей Костырин менен Максим Бакиев турганын билдирди.

Ал ортодо "Grexton capital LTD" компаниясынын кызыкчылыгын коргогон адвокат Дзимидовичке берилген ишеним кат Минск шаарынан берилип, ага Сергей Костыриндин колу коюлган документтин көчүрмөсү интернетке жайылды.

НТС каналына сот аткаруучулар барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

Дүйнөдөгү бир катар медиа каражаттары менен журналисттердин башын бириктирген "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоорунун электрондук базасында "Grexton Сapital Ltd" компаниясы тууралуу маалымат жок.

Бирок базадан "Grexton Trade Company" жоопкерчилиги чектелген коому 2006-жылдын октябрь айында Кыргызстанда каттоодон өткөнүн, аны түзүүчүлөрү Костырин Сергей Александрович жана "Grexton Investment Group" аттуу ишкана экенин табууга болот. ​

Британиядагы олигархтардын мүлкүн ашкерелеген "Global Witness" уюму 2012-жылы жарыялаган "Өтө жашыруун" деп аталган баяндамада Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүндө катталган "Grexton Capital Ltd." Кыргызстандан шектүү акча которууга аралашкан компаниялардын бири экенин көрсөткөн.

Өмүрбек Бабанов, 16-октябрь, 2017-жыл
Өмүрбек Бабанов, 16-октябрь, 2017-жыл

Ушул тапта өлкөнүн сыртында жүргөн саясатчы, НТС телеканалынын ээси Өмүрбек Бабанов “Кыргызстандык соттор Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат - көз карандысыз, жеке телеканалды жаап салуубу же тартып алуубу? - деп Фейсбук баракчасынан кайрылды.

НТС телеканалына байланыштуу жагдай боюнча коомчулукта талаш кызыды. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мындай иштер "саясатта чечим кабыл ала турган таасирдүү күчтөрдүн уруксаты менен жасалышы мүмкүн" деген пикирин "Азаттык" радиосунун талкуусунда айтты.

"Үч нерсе өтө орой колдонулуп жатат. Биринчиден, арыз жазган адамдарды кайдан-жайдан таап алышат. Ал адамдарды өздөрү издеп жүрүп таап келди, өздөрү кепилдик берди деп ойлойм. Анан маалыматтык кампанияны жүргүзүшөт. Бийликтер сотторду пайдаланат" - дейт эл өкүлү. "Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду 600 миңдей шайлоочу колдогон, башкача айтканда 34% добуш алган саясатчынын мүлкүн талап-тоноо жакшы жол эмес" деп сындады.

Ал эми юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев болсо учурдагы саясий кырдаал НТС боюнча доосу бар тараптардын сотко арыздануусуна оңтойлуу жагдай жаратып жатканына көңүл бурат. "Азыр кырдаал 180 градуска өзгөрдү. Арыз берүүчүлөр ошол кырдаалдан эле пайдаланып жатат деп ойлойм" деген юрист бул талашта эч кандай саясий жүйө көрбөйт.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков бул жерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бардыгын белгилеп, бирок НТСке байланыштуу талаштуу суроо мурдатан эле бар экенине токтолду.

"Ачыгын айтканда НТС телеканалы башында эле талаш болчу. Эң башында Хон деген ишкер уюштурган ВОССТ деген телеканал болчу, 2006-2007-жылдары Максим Бакиевдин карамагына өткөн. Анан кандайча кайра Бабановго өткөнү мурунтадан эле суроо болчу". Депутат Момбеков белгилегендей, 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин телеканал эмне үчүн улутташтырылбай калган деген да маселеге чыкты.

Жайнак Үсөн уулу
Жайнак Үсөн уулу

20-декабрда телеканалдын мүлкү катталып, камакка алынды. Телеканалдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу компаниянын банк эсептерине чектөө коюлбаганын жана кызматкерлер кадимки тартипте иштеп жатышканын билдирди.

Сот департаменти телеканалдын мүлкү гана каттоого алынып жатканын жана ал басып алуу эмес деп түшүндүрөт.

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Алтынай Өмүрбекова телеканалдын имаратына жана анын мүлкүнө бир нече кожоюн ээлик кылагандыктан, укуктук жактан аларга бөгөт коюуга мүмкүн эмес экенин эскертти.

НТС телеканалына байланыштуу эл аралык уюмдар дагы тынчсыздануусун билдирди. "Хьюман Райтс Вотч" уюму «Демократиялык коомдо маалымат каражатын жөн эле жаап салуу болбошу керек, ага жол жок» десе, "Фридом Хаус" уюму телеканалдын мүлкүн камакка алганы үчүн кыргыз бийлигин сындады.

Сот: Шыкмаматовго 5 млн сом айып, Самаковго 10 жыл

19-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду 5 млн. сом айыпка жыкты. Судья Айбек Эрнис уулу жаза чегерүүдө депутаттын мурда соттолбогонун, туруктуу жумушу жана жашаган жери бардыгын эске алып, эркинен ажыратпай турган чечим чыгарды.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан Эсеп палатасынын мурдагы кызматкери Жусуп Иманалиев 10 жылга эркинен ажыратты. Эскерте кетсек Иманалиев 2013-жылдан бери абакта отурат.

Анын адвокаты Медет Талиевдин айтымында буга чейин абакта отурганы дагы эсепке алынып, Иманалиев болжол менен жарым жылдан кийин эркиндикке чыгып калышы керек.

“Барат-Юкс” компаниясынын жетекчиси, Германиянын жараны Али Юкселдин кылмыш мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, аны менен кошо үй-мүлкү конфискациядан чыгарылды.

Алмамбет Шыкмаматовго өкүм чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

Алмамбет Шыкмаматов соттун чечимине макул эместигин, доо арыз менен шаардык сотко кайрыларын айтты. "Тергөөнүн уятын чыгарбаш үчүн, башкы прокурор Индира Жолдубаеванын туура эмес иш козгогонун жокко чыгарбаш үчүн сот алардын абийирин жаап, жымсалдап мени күнөөлүү деп койду. Эгерде чындык орносо менин эч кандай күнөөм да жок. Менин ишимде кылмыштын курамы эмес, заты да жок" - деди депутат сот залынан чыгып баратып.

Шыкмаматовдун жактоочусу Чынара Жакупбекова эгерде Бишкек шаардык соту депутатты актабаса, “Ата Мекен” фракциясынын лидери мандатынан ажырай турганын белгиледи. "​Себеби Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамда соттуулугу бар адамга депутат болууга тыюу салынган" -деп чечмелейт адвокат.

Мамлекеттик айыптоочулар Алмамбет Шыкмаматов менен Али Юкселди сегиз, Жусуп Иманалиевди тогуз жылга эркинен ажыратууну, үчөөнүн тең үй мүлкүн конфискациялоону суранган.

Бир жыл мурун Башкы прокуратура Алмамбет Шыкмаматовго менен “Барат-Юкс” компаниясынын жетекчи Али Юкселге жана 2011-жылы Эсеп палатасынын кызматкери Жусуп Иманалиевге Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгогон. Аларга "2011-жылы өз ара сүйлөшүп алып, Эсеп палатасына кызматтык автоунаа сатып алыш үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган.

Прокуратура алты жыл мурун Эсеп палатасына алынган машинелердин арасында Шыкмаматовдун аялына таандык "Мерседес-Бенц" автоунаасы базар баасынан кымбат сатылганын жүйө келтирген. Бирок Шыкмаматов бул айыптарды четке кагып, ишти "саясий куугунтук" деп баалап келет. ​

Шейшембиде Жогорку Кеңештин 5-чакырылышындагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Карганбек Самаковду Бишкектин Октябрь райондук соту 10 жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алынды.

Ишкер баштаган бир нече адамга 2008-жылы Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган деген айып тагылган.

Сот Дамирбек Назаров жаза чегерүүдө Самаковдун 2015-жылдан бери үй камагында жатканын эске алды. Үй камагындагы эки күн абактагы бир күндүк жазага тете деп эсептелет. Ошондой эле 2010-2011-жылкы мунапыстарга ылайык Карганбек Самаковдун абак мөөнөтүн үч жылга чейин кыскартты.

Самаков менен кошо анын уулу Кубанычбек Самаков, кошо айыпталган Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев да сегиз жылдан кесилишти.

Адвокат Бахыт Асамудиновдун эсебинде Карганбек Самаковдун абак мөөнөтү үч жылдай, калган беш айыпталуучу эки жылдан жаза өтөшөт. Учурда алардын бардыгы Бишкектин СИЗО-1де кармалып турат.

Сот бул иш боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарды.

Бул кылмышка тиешеси бар деп айыпталган параменттеги "Бир бол" фракциясынын мүчөсү, экс-премьер-министр Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин ар бирине 5 миллион сомдон айып салынды.

Айыпталуучулар соттун чечимин жогорку инстанцияга арзыданарын билдиришти.

2016-жылдын май айынан бери тергелип келаткан ишти “саясий буюртма” деп баалагандардын бири Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эсенгул Исаков "өкүмдөрдүн баары мыйзамсыз чыгарылды. Артында ким турарын билбейм, бирок ачык эле саясий буюртма болду" - деди "Азаттыкка" берген комментарийинде.

Исаков, тескерисинче, ошол маалда жогорку кызматтарды ээлеген Игорь Чудинов менен Искендербек Айдаралиев жазадан оңой кутулду деп соттун чечимин сындады.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Кылмыш-жаза кодексинде “коррупция” деген берене так жазылбаганына көңүл бурат. Юристтин белгилешинче кагаз жүзүндө баары мыйзамга туураланып калгандан кийин анын коррупция экенин далилдөө оор болот.

Бишкек шаарынын тегерегиндеги жер тилкелери боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиев узак мөөнөткө соттолгон. Ал Самаковдордун ишин жабууга убада берип, алардан 100 миң доллар пара талап кылган деп айыпталган.

АКШнын улуттук коопсуздук стратегиясы

Улуттук коопсуздук боюнча стратегия - Кошмо Штаттарда Рональд Рейгандын тушунан берки президенттер адатта төрт жыл сайын иштеп чыгып, жарыялап келаткан расмий документ.

18-декабрда президент Дональд Трамп жаңы стратегияны жарыялоого арналган жарым сааттык сөзүндө мурдагы администрациялар менен президенттердин контртерроризм, Иран, Түндүк Корея боюнча саясатын сынга алды.

68 барактан турган жаңы документтин мазмунун чечмелеген Трамп анын стратегиясы “реализм принцибине" негизделерине токтолду.

"Биз Кошмо Штаттарды жана анын өнөктөштөрүн коркуткан шылуун режимдерге туш келип жаткан кезибиз. Биз террористтик уюмдарга, трансулуттук криминалдык топторго, дүйнөдө кыянатчылык менен карасанатайлыкты жайылткандарга туш болуп жатабыз. Биз ошондой эле атаандаш державаларга - Орусия менен Кытайга кабылдык" -деп сүйлөдү.

Азимовдордун атасы Путинге кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:53 0:00

Трамп Орусиянын Санкт-Петербург шаарында мерчемделген, “балким миңдеген адамдын” өмүрү кыйылышы мүмкүн болгон теракт АКШнын атайын кызматтарынын жардамы менен алдын алынганын кызматташтыктын “мыкты” үлгүсү катары мүнөздөдү. Бул үчүн орус президенти Путин Трампка 15-декабрдагы телефон сүйлөшүүсүндө ыраазычылык билдиргенин Кремл да, Ак үй да маалымдаган.

Президент Трамп АКШнын стратегиясы биринчи ирет экономикалык коопсуздукту да улуттук коопсуздук катары таанып жатканын баса белгиледи.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

"Стратегия адилеттик жана эки тараптуулук принцибине негизделген соодага чакырат" деген Трамп адатта биринчи кезекте өз өлкөсүнүн Кытай менен соодасын эске алып жүрөт.

Дүйнөнүн биринчи жана экинчи ири экономикасы болгон АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү былтыр 578 миллиард долларды түзүп, андан Бээжин 309 миллиард доллар пайда тапкан.

АКШнын жаңы стратегиясында “Кытай менен Орусия Американын кубатына, таасирине, кызыкчылыктарына чакырык таштап, анын коопсуздугуна жана бакубаттыгына шек келтирүүгө аракеттенет", - деп эскертилген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун эл аралык баяндамачысы Мерхат Шарипжан "атаандаш" аталган эки өлкө Америкага реалдуу коркунуч жаратпай турганын белгилеп, оболу бул жерде геосаясий кызыкчылыктар турганына басым жасайт.

- Трамптын шайлоо алдындагы айткан сөздөрүнө карасак, Кытайды биздин башкы каршылаш, бизге "жоо" деп жарыялаган. Кытайга барып, анын жетекчиси Цзинпин менен сүйлөшкөндө такыр башка сөздөр айтылды. Орусияны каршылаш деп жарыялады, бирок ЦРУнун көмөгү менен Орусияда террордук аракеттердин алдын алынды деп жарыялады. Вашингтон Америка Кошмо Штаттарынын мүдөөлөрүнө каршы аракет көрүп жатат деп айыптаганы менен Орусия менен карым-катнаш түзүүгө даярбыз деген сөз айтылды.

Эмил Жураев
Эмил Жураев

Вашингтондун жаңы документинде ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү менен терроризмге каршы аракеттерге колдоого алыш үчүн, аймакта иштөөгө кепилдик алуу максатында кызматташабыз деп айтылат. Саясат таануу илимдеринин доктору Эмил Жураевдин көз карашында Ооганстан менен Пакистандагы экстремисттик жана террориcттик топторго каршы күрөштө Вашингтон Борбор Азиянын көмөгүнө таянат.

Апта башында жарыяланган АКШнын улуттук коопсуздук боюнча жаңы стратегиясында Кытай менен Орусия Кошмо Штаттар үчүн “атаандаш державалар” деп аталды.

Бээжин Вашингтондун жаңы стратегиясын “ачууга алдырган жалааны” камтыган “кансыз согуш маанайында” жазылган документ деп сындады. Өлкөнүн тышкы иштер мекемеси Кытай эч качан бирөөнүн эсебинен өнүкпөгөнүн, бирок эч качан өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарынан баш тартпай турганын билдирди.

Өз кезегинде Москва Вашингтондун жаңы стратегиясынын “империялык мүнөзүнө” басым жасады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШ Орусияны өз коопсуздугуна коркунуч катары көргөнүн Москва кабыл албастыгын белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG