Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Кызы тарткан сүрөт үчүн камалган ата


 Согушка каршы акциялардын биринин катышуучусун кармоо учуру. Москва. Март, 2022-жыл
Согушка каршы акциялардын биринин катышуучусун кармоо учуру. Москва. Март, 2022-жыл

"Болочок президент" 21 жашында үйлөндү

Eurasianet 2-мартта Түркмөнстанга арналган апталык бюллетенинде өткөн дем алыштарда президенттин 21 жаштагы уулу үйлөнгөнүн жазып, Керимгулы Бердымухамедов тууралуу коомчулук эмне билерин тизмектеп чыкты. Маалыматка караганда, мамлекеттик медиа тойду кеңири чагылдырбаганы менен бийлик аны жашырууга да аракет кылган жок. Үлпөт болгон күнү башкалаадагы кан жолдор жабылып, жер-жерлерде милиция кызматкерлери нөөмөттө турду. Жаңы кудалардын кошуналарына ал күнү үйлөрүнөн убактылуу кетүү көрсөтмөсү берилген экен. Келиндин ата-энесине шаардын четиндеги конушта жаңы турак жай белекке тартууланды.

Керимгулы Бердымухамедов 12 жашта. Архивдик сүрөт
Керимгулы Бердымухамедов 12 жашта. Архивдик сүрөт

Басылма Керим кичине кезинен бери чоң атасын ээрчип жүргөнүн, экс-президенттин туулган күнүндө америкалык жылдыз Женнифер Лопес катышкан концертте байкалганын, 2015-жылы Кулүк күнүнө арналган жарышта биринчи орунду алганын жазат. 2016-жылы мамлекеттик телеканал Гурбангулы Бердымухамедов Керим жана дагы бир небереси менен жаңы ыр жазып атканы жөнүндө репортаж тартуулаган. Андан кийин музыкага шыгы бар делген өспүрүм чоң атасы менен аткарган далай ыр жаздырылып, көргөзүлгөн.

Амстердамда жайгашкан Turkmen.news басылмасы Керим Бердымухамедов эки бир тууганы менен Женевадагы Эл аралык менчик мектепте билим алганын кабарлаган. Ал жерде бир жылдык окуунун акысы 36 миң доллар турат.

Eurasianet кабарлагандай, Түркмөнстандагы бийликтин атадан уулга өтүү өнөкөтүн эске алганда 21 жаштагы кенже Бердымухамедовдун бир күнү президент болуп калышы ажеп эмес, Аркадаг атыккан экс-президент сыягы уулу Сердарга караганда небересин жакшы көрөт деп жазат.

Кызы тарткан сүрөт үчүн жазаланган ата

Узап бараткан аптада согушка каршы сүрөт тарткан орусиялык окуучу кыздын окуясы бир нече маалымат каражаттарында чагылдырылды. Deutsche Welle жазганына караганда, 13 жаштагы Маша Москалеванын атасы Алексей үч жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал азыр 27-мартка чейин үй камагына чыгарылды. Мындай маалыматты “ОВД-Инфо” сайты таратты. Маша өзү реабилитациялык борборго жөнөтүлдү.

Алексей Москалев.
Алексей Москалев.

Окуянын чоо-жайына токтолсок, былтыр апрелде Тула облусунун Ефремов шаарынын окуучуларына Украинадагы орус аскерлерин колдогон сүрөт тартуу тапшырмасы берилгенде Маша Москалева орус жана украин желектерин тартып, ага “Согушка – жок!” деп жазган. Дагы бир сүрөттө өспүрүм “Украинага даңк!” деп жазган экен.

Маалыматка ылайык, мектеп директорун дароо полиция чакырып, кызды атасы менен кошо ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен, Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) алар менен түшүндүрүү ишин жүргүзгөн.

Алексей Москалевго социалдык тармактарда согушка каршы комментарий жазган деген кине тагылып, “орус армиясына көлөккө түшүрүү” беренеси менен протокол түзүлгөн. Жыл этегинде жалгыз бой ата кызы менен шаардан көчүп кеткенде ага издөө жарыяланган. 1-мартта адвокаты Алексей бөгөт чарасы каралгыча кармалганын билдирди. Ал күнөөсүн моюнга алуудан баш тартты.

Маалымат каражаты Орусияда былтыр мартта согушка каршы позициясы үчүн кылмыш жообуна тартуу каралган беренелер кабыл алынганын эске салат. “Агора” укук коргоочу уюмунун адвокаты Павел Чиков августка чейин соттор “армияны дискредитациялоо” боюнча 3 жарым миң ишти караганын айтты.

“ОВД-Инфо” маалымдагандай, 2022-жылдын 19-декабрына карай согушка каршы позициясы үчүн сот жообуна тартылып жаткандардын арасында жашы жете элек кеминде жети бала бар болчу.

Ашыкча салмактан жапа чеккендер эмнеге көбөйүп жатат?

2035-жылга чейин дүйнө калкынын жарымынан көбү ашыкча салмактан жапа чегет деген божомолун World Obesity Federation уюму жарыялады. Баяндаманын авторлору андай терс көрүнөштөн балдар менен өспүрүмдөр эң көп жапа чегерин болжолдошот. Бул жагынан кооптуу аймактар деп Азия менен Африканын жакыр өлкөлөрү эсептелет. Мунун негизги себеби деп адистер арзан, ар кандай кошулмалар бар, кайра иштетилген азыктарды аташат.

Алсак, эттин ордуна анча кымбат эмес колбаса өңдүү тамак көп керектелет. Андан тышкары сөз болгон өлкөлөрдө калктын ашыкча салмак тууралуу маалыматы аз, тамак-ашты көзөмөлдөгөн мекемелер жок. Адистер мамлекеттер саламаттык сактоо, социалдык жана экономикалык долбоорлорго көбүрөөк каражат жумшоого тийиш деген кеңеш беришет.

Ал арада америкалык тез тамактануучу Макдоналдс компаниясы Францияда 7-марттан тарта куурулган картошканын ордуна куурулган сабиз, кызылча, башка жашылчаны сунуш кылмакчы.

Le Figaro Франциядагы 1 жарым миңдей ресторанга бул үчүн миңдеген тонна жашылча жеткирилгенин жазды. Картошканы алмаштыруу өнөктүгү убактылуу болмокчу.

3-4 жуманын ичинде кардарларга саамалык канчалык жагары байкалат. Бул эксперимент элдин тамактануусун ар түрдүү кылуу, ден соолукка пайда алып келген жашылчаны рационго киргизүүнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG